ДАУТОВ Кадыркул: КАДЫРКУЛ ДАУТОВ: АҢГЕМЕНИН ЧЕБЕРИ

Жазуучу Аман Саспаевдин алгач чыгармаларын 1963-64-жылдары окуганымда, алар кандайдыр, бир өзүнүн жагымдуу, жаңы белгилери менен көңүлүмдү буруп, авторго карата менде окурмандык симпатия пайда болгон эле. Бирок анын аңгемелерине мындай өң-түс берип жаткан кайсы сапаттар экендигин ачык-айкын аңдап-билип белгилей алган да эмесмин. Ошол бойдон автордун башка чыгармаларын көпкө чейин окуй албай калгам. Арадан он-он беш жыл өттү, канча бир китептерди окудум, канча бир классиктер менен кездештим, адабият жөнүндегү көз караш, түшүнүктөрүм өзгөрүп жатты. А.Саспаев жөнүндө болсо, баягы биринчи кездешкенде калтырган таасири, ошондогу пикирим менен жүрө бергем.

Кийинки кезде анын чыгармаларына кайрадан кайрылып, туруктуу пикиримди тактап алайын деп бар жазгандарын дээрлик окуп чыгууга туура келди. Ошол биринчи аңгемелерин окуганда ал тууралуу калган жакшы ойлорум кокус өзгөрүп кетип, көңүл калды болбогой элем деген тынчсыздануу сезими менен жазуучунун китептерин барактай баштадым. Канткен менен А.Саспаевдин алгач чыгармаларын окуган кезимде азыраак болсо да классикалык чыгармалардын айрым үлгүлөрү менен таанышып калганымдын пайдасы тийген экен, автордун көркөм тажрыйбасы менен экинчи жолу кездешкенимде анча деле көп айырмалар боло койбоду. Жалпысынан алганда, А.Саспаевдин аңгемелери тууралуу мурдагы пикирлерим сакталып калды, көпчүлүк чыгармаларын азыр гана эмес, мындан бир нече жыл кийин окусам деле ушундай эле кабыл алынаарына ишеничим артты.

Бул жолку окуганымдагы бир айырмачылык – жазуучунун жалпы чыгармачылык мүмкүнчүлүгү, күчтүү жана чектелген жактары, талант-шыгы айрыкча эмнеге жөндөмдүү экени, кайсы жанрда кандай артыкчылыгы бар экендиги мага мурдагыдан айкыныраак, даанараак боло түшкөнсүдү.

А.Саспаевдин аңгемелерине ушундай жагым берип, окурманда ишеним жаратып турган кайсы сапаттык белгилер, деги анын көркөм тажрыйбасы кыргыз адабиятында эмне деген көрүнүш, кайсы адабий салттардан чыгып, кайсы салттарды улантат, адабиятка кантип келди эле, кийин кайсы багытта бара жатат, бир сөз менен айтканда, бул жазуучунун адабий тагдыры кандай?

А.Саспаевдин кыргыз окурмандары менен болгон биринчи жолугушуусу адаттагыдан бир аз башкачараак өттү: ал адабият горизонтунан көрүнгөнден эле үйрөнчүк мезгилин архивге калтырып, эч кимге жөлөтүп, таятпай, сүрөөнгө алдырбай, өзүнчө жол таап, кошулган топтун ичинде өзүн кадыресе таанытып, көпчүлүктүн көңүлүн буруп, сөзгө алынып, талаш-тартышка түшүп, ошол учурдагы (60-жылдардын биринчи жарымында) адабий климатка кайсы бир даражада жандануу киргизип келди. Туңгуч китеби чыгып-чыкпай жатып эле кыргыз прозасындагы активдеги күчтөрдүн бирине айлана баштады. Бирок А.Саспаев айрым каламдаштары сыяктуу олчойгон роман, повесть дегендерди үстөккө-босток жазып, биринин артынан экинчисин чыгарып деле отурбады (ошол учурда дал ушинтип иштеп, арадан он жыл өтпөй коюу чаңга аралашып билинбей калгандар канча, жалаң гана чыгарманын көлөмү менен саны үчүн күрөштүн аягы ушинтип бүтөт). Ал нукура алтын, күмүштөн майда, бирок кымбат буюмдар жасаган чебер зергерче чакан аңгемелерди жаратып, артынан өзүнчө бир ичке сызык түшүрүп, көркөм процесс менен аралашып, мезгил менен кошо жыла берди.

Анын адабияттагы карааны Ч.Айтматов, Т.Сыдыкбеков, Т.Касымбеков сыяктуу түрдүү бийиктиктерди түзгөн прозачылардын чоң фигураларына тосулуп, башкаларга көрүнбөй да калган жок. Анын кыйкырык-чуусу жок, назик лиризм менен билинер-билинбес юморлуу чынчыл үнү эч бир каламдашын туурабай өзүнчө угулуп турду, азыр да ошондойчо уланып жатат, мындан ары бөлөктөрдөн айырмаланып узай бериш керек…

Эмне үчүн буларды бек ишеним менен айтып жатабыз? Биринчиден, ал өзүнүн адабиятка туруктуу көз карашын иштеп чыккан, ички даярдыгы, өз позициясы бар, көркөм чыгарма деген эмне экенин жеткилең түшүнүп алып, көркөм чыгарма жаратыш үчүн иштеп келаткан жазуучу. Экинчиден, А.Саспаевди аңгеме жанрынын өсүп-өнүгүш закон ченеминдеги бир адабий зарылдык алып келген, аны аңгеме жанры өзү тапкан, ал болсо өзүн жазуучу катары аңгеме жанрынан тапкан авторлордун бири. Аңгеме анын табийгый стихиясы, көркөм ойлоо формасы, бир сөз менен айтканда, ал аңгеме үчүн гана жаралган нагыз художниктик сапаты бар автор. Кыргыз прозасында көп эле аңгемечилер болгон менен нукура аңгеме катары чыныгы өз формасына, жанрдын эстетикалык табиятына саналуу гана авторлордун саналуу гана чыгармаларында жетише алды.

30-жылдардагы адабиятыбызга нукура профессионалдык деңгээлде жазылган көркөм аңгеменин алгачкы үлгүлөрүн М. Элебаев калтырган. Жанрдын кийинки өсүп-өнүгүшү Т.Сыдыкбековдун, Ч.Айтматовдун, К.Каимовдун чыгармаларынан айкын көрүндү. 60-жылдардын келишинен бул жанрдын өзүнчө бир жаңы доору башталды, ал дагы бир баскычка көтөрүлдү. Аңгеме өзүнчө бир келки, системалуу өнүгүшкө өттү. Муну баарыдан мурда аңгемечилердин (тийип-качты болуп жазып жүргөн эмес) ошол жанр менен келип, ошол жанр менен жашаган жаңы типтеги аңгемечилердин болушу аркылуу түшүндүрүү керек. Мындай көрүнүш баарыдан мурда А.Саспаев менен М.Гапаровдун көркөм тажрыйбаларынан ачык-айкын баамдалды. Мисалы, М.Гапаровдун ондогон аңгемелери менен А.Саспаевдин «Татым туз»«Ширеңке»«Сарала ит», «Айылдык акындын бир күнү», «Мүрзөгө чейинки жолдо», «Кошо жашай берет экен», «Улгайгандар», «Шейшеп», «Кайрылуу» ж.б. чыгармаларын кыргыз адабиятындагы аңгеме жанрынын өсүп-өнүгүү жолунда ушундай урунттуу учурларга, сапаттык жылыштарга күбө болчу көрүнүштөрден деп тартынбай эле айта берсе болот. Ал гана эмес бул эки автордун мыкты деген чыгармалары көп улуттуу совет адабиятында жаралып жаткан жакшы аңгемелердин катарына коюп кароого да кадимкидей туруштук бере алышат.

А.Саспаевдин аңгемелериндеги айрыкча көңүл бурдуруп турган сапаттардын бири – автордун чыгарманы мындан бөлөкчө болуп башталып, бөлөкчө болуп бүтпөй тургандай ушунчалык өз ченеми, өз формасы менен бүтүрө билүү искусствосу; окуянын сюжеттик-композициялык өнүгүшү менен идеянын логикасын кылдат жүргүзө жана башкара билүү өлчөмүн так кармай алышы, сезим таразачылдыгы. Анын көпчүлүк аңгемелери дал ушундай логикалык тактыгы, көркөм чечилишин толук өз орду менен аякташы аркылуу нукура көркөм чыгарма катары өзгөчө таасир калтырат.

Жазуучунун бир гана чыгармасынан бир гана мисал келтирейин. А.Саспаевдин «Татым туз» аттуу эң сонун психологиялык аңгемесинде бир жагынан, эл-жеринен ажыраган адамдын трагедиясы, экинчи жагынан, ошол эч кимге белгисиз карапайым кыргыздын Мекен, эл жөнүндө кандай бийик жана таза сезимдерди алдейлеп, кандай улуу сагыныч, сөз жеткис кусалык менен жашап өткөнү тууралуу баяндалат. Ушулардын бардыгы психологиялык чыйралуу менен ичкертен ачып көрсөтүлөт. Ошол тагдырдын аякташын эки мааниде, эки түрдүүчө окуп көрөлү. «Ушинтип, Келгинбай кирпик какпады, даам татпады. Арадан үч күн өтпөй эле чалда куру гана сөөк калды. Бир күнү эртең менен Келгинбай төшөгүндө жансыз жатканы билинди. Узак жылдар кайгы менен касирет, сагынуу менен кусалык мүлжүп бүткөн мусапыр чал азаптуу өмүрү менен түбөлүккө кош айтты». Чыгарма мына ушинтип бүтсө да болот эле. Саспаевден башка жазуучу болсо, балким ушинтип кана аяктамак. Бирок анда аңгемеде окурмандын психологиясына тийип, эл-жерден ажыроо, сүйүү деген эмне экенин жеткире сездирип, катуу ойго сала турган таасири болбойт эле, таза сентименталдык алкактан чыгалбайт эле, бардык окуяларды бириктирип, аларды окуянын деңгээлинен өйдө көтөрүп, искусство даражасына чыгарып турган жалпылоочу күч келип калат болучу.

Эми ушуга бир чакан сүйлөмдү кошуп окуйлучу: «Кармаган соопкерлердин айтымына караганда, чалдын оозунда өз жеринин татым тузу бар экен!»

Бул сүйлөм чыгарманын таасирин канчага көтөрө койду. Ойдун логикалык өнүгүшү да, көркөм чечилиши да бирден бир автордун болжогон точкасына жетип бүттү. Мындан ары аңгемеге бир сүйлөм кошууга да, кайра ушул акыркы сүйлөмдү алып таштоого да мүмкүн змес. Мунун өзү сейрек табылга, сейрек ачылыш. Дал ушундай чеберчилик менен бүтүрүү А.Саспаевдин көпчүлүк аңгемелерине толук мүнөздүү. Жазуучудагы мындай сапаттык белгилер өзүнчө кең-кесири сөз кылууга татыктуу. Биз бул жерде автордун көркөм тажрибасын айырмалап турган айрым урунттуу жактарын гана жалпы жонунан мүнөздөп өтүп, ошол белгилерге окурмандын көңүлүн бура кетүүнү гана максат кылып жатабыз.

А.Саспаевдин аңгемелерине өзгөчө көрк, өзгөчө калорит берип, аны бардык каламдаш замандаштарынан айырмалап (сөз кыргыз жазуучулары тууралуу баратат) турган дагы бир сапаттык белгиси тууралуу айтпай кетүүгө тийиш эмеспиз. А.Саспаев биринчи жарыяланган аңгемелеринен тартып эле чыгыш классикалык адабият мектебинен нускалуу салттарынан өтүп келип, анан орус классикасы менен кыргыз адабиятын өздөштүрө баштаган жазуучу катары көрүнгөн. Анын чыгармаларында чыгыш классикасын элестеткен стилдик белгилердин үстөм келиши менен өзгөчө калориттин болушу ушул жагдайлар менен шартталат, албетте, бул жазуучунун турмуштук биографиясы, жекече чыгармачылык тагдыры себепчи болуп отурат. Ушул жерде атайылап эскерте кетчү бир маселе бар: ошол бир жазуучунун чыгармачылык тажрыйбасынан түрдүү адабий мектептердин салттарынын сезилиши бири-бири менен жуурулушпай түртүшүп турган стилдик өйдө-ылдыйлыкты, мозаикалык көрүнүштү жаратпайт. Тескерисинче, алар автордун жекече жазуучулук стилине ар кайсы тоодо, ар түрдүү шарттарда өскөн түркүн түс, түркүн жыт гүлдөрдөн жасалган дарыдай бир эсе сонун жагымдуулук берип, палитрасын бойокко байытып, үнүн бир обондуу тажатма кылбай кубулжума сапат киргизип, көркүн ашырып турат. Мындай өзгөчөлүк кыргыз прозасында жалгыз гана А.Саспаевдин аңгемелеринен учурайт жана бул анын биздин адабиятка алып келген бир жаңылыгы, артына түшүрүп жаткан оргиналдуу изи.

А.Саспаевдин жазуучулук тажрибасында дагы бир айта кете турган жагы бар. Ал – автордун аңгемелеринин салмагын арттырып, тереңдик берип, ишеним жаратып турган сапат – психологизм. А.Саспаев – адамдын психологиясы менен иштеген художник. Адамды натурасынан сүрөткө түшүрүүгө кызыкпайт, жактаган каарманын кооз, бийик сөздөр менен мактабайт, сынга алган кишисин кыйкырып жемелебейт, окуянын жүрүшүн анти-минтти деп информациялап отурбайт, адамдын ички дүйнөсүндө, психологиясында жүрүп жаткан процесстерди, ошолордун баарына себепчи болуп жаткан факторлорду ичкертен ачып көрсөтүүгө умтулат. Адам кайсы бир шартка кантип түшүп калганын гана эмес, ошондо ал кандай абалда болорун да айтууга тырышат. Ушул багытта алганда, жазуучу «Мүрзөгө чейинки жолдо», «Улгайгандар», «Сарала ит» , «Татым туз» ж.б. аңгемелеринде зор ийгиликке жетише алган.

А.Саспаевдин аңгемелерин элге жакын кылып, ар кандай билим деңгээли бар окурмандардын бардыгына бирдей жеткиликтүү кылып турган дагы бир сапат – анын чыгармалары нагыз турмуш чындыгынан алынып жазылганы. Алар турмуштун өзүндөй жөнөкөй да, татаал да, дайыма турмуш жыттанып турушат. Дегинкиси А.Саспаев бирөөлөрдүн чыгармаларынан чыгарма, китептеринен китеп жазган жазуучулардан эмес. Мейли кичинекей мааниге ээ болгон, кичинекей масштабдагы нерсе болсун, турмуштан өзү көрүп билген, өзү жыйынтык чыгарып айтайын дегендерин гана окурмандарга тартуулайт.

Жазуучунун улам кийинки жаралган чыгармаларына көз салган окурман А.Саспаевдин тематикасы да кеңип, философиялык тереңдик алып баратканын баамдабай койбойт. Томдукдагы «Прометей жана Зевс», «Гефест» аттуу көлөмдүү аңгемелеринде кыргыз адабиятында биринчи жолу кыргыз жазуучусунун байыркы гректердин мифологиясына жасаган мамилеси, аны өзүнчө иштеп чыгып, ага кандайдыр кыргызча өң-түс, маани берүүгө кылган аракети жатат.

Албетте, биз буларды айтуу менен А.Саспаевдин жазгандарынын бары эле бир кылка мыкты аңгемелерден турат деп жаткан жерибиз жок. Анын чебер каламынан деле кээде ортозаар, бир окулуп ошол бойдон кала бере турган аңгемелер жаралып калары болот экен. Бирок жазуучунун чыгармачылык тагдыры андай чыгармалар менен чечилбейт да, чектелбейт да. Анын кыргыз адабиятындагы ордун көрсөтө турган чыгармалары – жакшы аңгемелери. Башкысы бирди жарымдап кокустук катары көрүнчү чыгармалардын жазылып калышында эмес, эң негизгиси А.Саспаевдин нукура художниктик талант менен нагыз көркөм чыгармаларды жаратууга толук дарамети бар экендигинде. Көркөм сөз өнөрүнө аралашкан адамдын тагдыры да, бактысы да ушунда болот.

А.Саспаевдин жазуучулук бактысы да, чектелген жагы да аңгеме жанрында. Чыныгы көркөм чыгарма эмне экенин түшүнгөн адам үчүн атына гана кызыгып, айтканга жакшы дегендей түшүнүктөн чыгып сөзсүз көлөмдүү, чоң чыгарма жазышты максат кылып өзүңдөн өзүң алысташтын кереги жок. Улуу аңгемечи, улуу Чехов бир да роман жазган эмес, гениалдуу лирик Фет эч качан поэма менен алек болбоптур. Мен жогоруда атайылап эскертип, белгилеп өткөндөй, А.Саспаевдин бүткүл жазуучулук тагдырын да, азыркы кыргыз прозасынан ала турган ордун да, келечегин да, жалгыз гана аңгеме жанрынан көрөм. Буга жазуучунун чыгармачылык тажрибасы толук ишендирип салды. Аны адабиятка ушул жанр алып келген, ал чыныгы чебер аңгемечи.

А.Саспаевдин «Татым туз» китебине жазылган баш сөздөн