ЖАПИЕВ Жылкычы: ЖЫЛКЫЧЫ ЖАПИЕВ: БЕЙИШ ТОО

АҢГЕМЕ

Кемпир сопсоо жүрүп, эмнеден кеселдегенин билбей калды. Табышмак. Ал буга чейин мынчалык ооруп көрбөгөн. Жаны жер тартып, башы айланып, тамакка табити жок, өзүн кыйнап ичкен тамагын сиңире албай, көзү чарасына кирип чүңүрөйүп, бетине бырыштыр толуп кетти.
Жашы сексенден ашып, оозунда тиши калган эмес, карыганда эти качып, билек сөөктөрү жооноюп кеткендей сезилет. Ал өзүнүн чын жашын жашырып, дайым кем айтат. Мурда антчү эмес, жашы улгайган сайын санагы артка жылып, он, он беш жашка жашарып алат. Кемпирдин корккону кесел болучу, ал карылык менен дартты бир түгөй катары санай турган, карылыкка кошулуп, оору келет деп ойлоп, ооруну адаштырыш үчүн жашын азайтып айтат. Дарт акыры кемпирдин чын жашын билип алган окшойт.
Ал эринен ажыраганына отуз жылга чукулдуп калды. Абышкасынан он жылдан кийин жалгыз уулу кар көчкүдө калып, кырсыктан көз жумган болучу. Азыр небересинин колунда.
Ооруга чалдыкканы кайратынан кайта түштү. Ага чейин небересин, небере келинин, атүгүл эгиз чөбөрөсүн оюндагысын оттотпой башкара турган. Ал катаал эмес болучу, бирок тартипти катуу кармачу. Өзүнүн келини – небересинин энеси азыр элүүдөн ооп, ал деле кемпир болуп калды, ушул күнгө чейин кайненесине өйдө карап “сен” дебеген.
Кемпир менен бөлүшө албагандай булардын талашы жок, өзү эркек менен аялдын жумуштарын бирдей бүтүрүп салчу. Бүлөнүн бири да ага каршы сөз айтпаган, кемпир өзү жөн жерден бөлөктөргө күнөө такпаган, ал эми үнү катуу чыкты дегиче бардыгы коёндой бөгүп кала турган. Кайраты менен акыйкаты эриш-аркак болгондон улам аброю калың эле.
Кесел ошол кайратынын мизин майтарып салды. Ал эң оболу небересинен коркту. Небереси отузга чыгып, күчкө толгон курагы. Ата-бабасынын салтын жолдогонду айныгыс милдети катары көрөт.
Чоң эне ошентип төшөк тартып калды. Жакшы болуп кетем менен бир апта өттү, өзү бери эмес, ары багыттанып калганын сезди. Ордунан туруп кетейин дейт, алы жок, кулап кете турган. Далай ирет тиштенип көрдү, маңдай тиштери болгондо эрди канап чыкмак, кызыл ээк бүйлөсү күч бербеди. Эми чоң эне небереси менен кыш чыккыча коё тур деп сүйлөшмөй болду. Кыш болсо жаңы түшкөн, жаз келмек оо, али көп, андан калса быйылкы кыш оор болчудай; кийиз аязында темир тоңуп атат, темир аязынан кудай сактасын! Ал эми тоодогу суук мындан бешбетер катуу.
Небере бүгүн кечке жыгач жарып, отун даярдады. Кышкы отуну жетишерлик болчу, аны жай, күздө ирээттеп койгон. Чоң энеси ооруп калгандан кийин тоодон жыгач сүйрөп келип, эртелеп жарып, даярдап коёюн деп чечти. Айыгып кетсе андан жакшы, отуну талаага кетпей, үйүндө калат. Бул жерде отун ашык болбойт, кыштыр-жайдыр керек.
Эртеден бери карсылдатып жыгач жарып атканын уккан кемпир оор балта жыгачка тийген сайын жүрөгү эзилип, ого бетер чочулап, отуну белен болгондон кийин дароо эле Бейиш Тоого жөнөп кетчүдөй көрүндү. Балтанын үнү кемпирдин сөөктөрүн чагып жаткандай сезилди, аны уккусу келген жок, чүмкөнүп жатып көрдү, болбойт экен, жаздыгынын астынан жер жарылып кетчүдөй дүпүлдөп, тынчтык бербеди. Небереси бул отунду эмне үчүн жарып жатканын мурда эле билген, көргөзбөй, ары, бөлөк жерге жарса болбойт беле. Кудайдын жери түгөнүп калгансып, жылас болгурду атайылап эшиктин алдына жарып жатканын карачы! Ал уулунун жесиринен, небересинен, небере келининен, эгиз чөбөрөлөрүнөн айрылгысы келген жок.
Небере үйгө киргенде кемпир төшөктүн үстүндө олтуруптур.
— Ырас болбодубу келгениң,- деди ал.
— Жакшы болуп баратасыңбы?- деп сурады небере.
— Алынча,- деп кемпир чынын айтты. Айтып, небересинин көзүн карап калды. Ал чоң энесине бирдеме айта тургандай түрү бар. Кемпирге ошондой көрүндү. Небереден мурда чоң эне озунуп деди:
— Тоонун суугу тоңдуруп салат ко…
— Аябай суук болуу керек,- деди небере.
— Ошо жаз чыгып, күн жылыгыча коё тур мени.- Үнү жалынычтуу чыкты. Небере мынчалык жалыныч үнүн мурда укканы эсинде жок. Ал чоң энесин карап калды.
— Ошент, жаз чыккыча үйдө болуп турайын, жазда өзүм барам.- Кемпир козголгон жок, жалдырап олтура берди.
Небере дагы унчукпады.
Кемпир суукта тоңуп калгандан коркту.
— Тоонун суугуна отунуң деле күч бербейт ко,- деди кемпир.
— Булар катуу жыгач, табы күчтүү.- Небере жарган отунун мактады.
— Ошондо деле,- деп койду чоң эне.- Эмнеси болсо да жазга чейин коё тур, бөлөк суранычым болбойт.
— Көрөлү. Балким суук кайтып калар,- деди небере. Ал чоң энесин карабай айтты.
— Күн жылыгыча чыда, башка өтүнүчүм жок.- Чоң эне үшкүрүп алды.- Айыгып кетермин…
— Анда жакшы болот эле, айыгып кетсең,- деди небере. Бу жолу чоң энесин карап айтты.
— Ошо, илгери анда сен жоксуң, сен кайда-а, атаң төрөлө элек кез, мен жаш болчумун, атам катуу ооруп калды төшөк тартып, ошондо кыш мезгили, анан кеңешип отуруп жазды күткөнбүз, ага чейин атам айыгып кетти. Ошо жылы кыш катуу болуп, Бейиш Тоого алып баргандардын бардыгы суукка тоңуп калыптыр, денелери таштай катып, кийин күн жылыганда барып эриген…
— Ага чейин жата бериптирби?- деп сурады небере.
— Таштай катуу болсо жата берет да таш менен таш болуп… –Чоң эне эки алаканын жайып койду булар менин эркимен тыш нерсе деген кыяста.
— Анан аны жазында алып барыштыбы?
— Атамдыбы? Жок, анда айыгып кеткен, сегиз жылдан кийин мен он экиге чыгып, эс кирип калганымда кайра ооруп, анда жайдын күнү болучу, Бейиш Тоого жеткиришкен. Ошол эле күнү бейишке чыгып кетти дешкен. Эми Бейиш Тоого кезек мага келсе керек…- Кемпир терең үшкүрүп алды.
Небере унчукпады. Ал чоң эненин оюн дароо билген. Бирок жаз келип, күн жылыгыча коё тургун дегени небереге жаккан жок, ырас, чоң энесин аяйт, денесиндеги кандын канча бир бөлүгү чоң энесине таандык, таалим-тарбиясын берген, буту баскандан кийин деле аркасына мингизип алып, көтөрүп баккан. Ойноп жүрүп жыгылып кеткенде жетип барып, жерден ала коюп, өйдө көтөрүп, ооруган жерин өпкүлөп соороткону эсинде. Бала чыргоолоп калганда, кийин чоңоюп, эр жеткенде деле тумоолоп калса жыттуу чөптөрдү күйгүзүп, аластап, көзгө көрүнбөгөн ар балээлерден коргоп жүрөт. Муну небере чоң эненин милдети катары көрөт, себеби, эс тарткандан бери мындай камкордукка көнүп калган, сөздүн туурасында чоң эне өзү көндүрүп койгон.
Бейиш Тоо булар турган жайдан жөө адамга бир күнгө жетпеген жайда. Таң эрте жылдыз өчкөндө чыккан киши кеч бешимде барып калат. Бул касиеттүү тоого оорулууларын качырга, эшекке таңып алып жолдо бир нече түнөп келгендер бар. Кээ бирөөлөр эки-үч суу кечип жетишет. Кесел аба ырайынын оңолушу менен такыр иши болбойт, кыш, жаз, күз деген бар. Ал эми томолок жердин бөлөк тарабындагы адамдардын буерге али изи түшпөгөн бул чөлкөмдүн жаз-күз кара жамгырында Бейиш Тоого жетиш кыйын болуп калат, сокмо жолдорду кыян жеп кетет, сел алып, кеселдүүгө кошулуп, аны узатып келатышкандар качыр-пачыр, эшек-пешектери менен ара жолдо жок болуп кетишет. Улуу вазипа менен сапарда баратып өлгөндөрдү же дайын-оту билинбей калгандарды бейишке чыкты деп эсептешет. Мындай окуялар буерде кемде-кем өтүп турат.
Суу кирген маалда өзөндөрдөн кечип кетүү татаал иш, аскалардын түбү жерге бекем орноп, тоонун тоодой зор салмагы такат берип турбаса, күрүлдөп-шарылдаган добушу алда кайда жаңырып, өңү киргил ажыдаар кейптенип, туш келгенин жалмап салчудай аңтарылып-теңтерилип түрү жаман болуп агат. Аны жакындан карап тургандын өзү коркунучтуу, жылан баканы арбагандай адамды арбап жутуп алчудай, бир паста башың айланып, көзүң күүгүмдөнүп кетет. Бейиш Тоого алыстан келгендер жанын оозуна тиштеп, жолду ката ит азабын тартып араң жетет. Келбей коюуга да болбойт, анда кудайдын бейишине шек кетип, бу уруу каргышка калып, акыры кыяматка чейин, андан кийин да тозоктон башы чыкпайт. Жараткандын андай өкүмүнө кириптер болгондор бул жалган дүйнө менен тиги чыныгы дүйнөдө жарыбайт. Андыктан, ата-бабадан бери келаткан ишенимди аткаруу ар биринин айныгыс милдети. Тирүүлөрдө мындан ашкан милдет жок, ал өмүрүндөгү эң барктуу учур болуп эсептелет. Уруу ичиндеги жазылбаган майзам ушундай.
Өзөндөрдөгү суу тартылып, кечүү бергиче күн эмес, ай өтөт, Бейиш Тоого алпараткан кесел адам ага чейин чыдышы бир кудайдын колунда. Адатта коштоп баратышкандар суунун тартылышын күтөт. Ага чейин дарттан айыгып кетип, кайра эсен-соо кайтып келгендер эч кимдин эсинде жок, ал туурасында болумуш айтылбайт, ал эми коштоп бараткандардын ичинен кеселдеп калып, ошол жактан бейишке чыккандар көп кездешет.
Кеселман тил-ооздон калып, Бейиш Тоого жетпей, кылдын учунда салаңдап турган жаны үзүлөрү анык болгондо бул ыйык вазипаны коштоп келаткан шаман барабанын каккылап, шалдырактарын калдыратып-шалдыратып бирде көктү, бирде күпүлдөп аккан киргил сууну карап :
Жер үстүндө жалгыз жол бар Бейиш Тоого бараткан,
Адаштырба ал жолуңдан пендеңерди, Жараткан, охо-хоой.
Алыс жолдо арып келдик күнү-түнү тынбай биз,
Тоодо, ташта, эрме чөлдө, кумда калды изибиз охо-хоой.
Шамал минип, булут минип, Күндүн, Айдын нурларын,
Камчыланып бейиш көздөп келди ушерге кулдарың охо-хоой.
О, Жараткан, киргил дайраң кечүү бербей койду шыр,
Бизди күтүп Бейиш Тоонун көзү талып тургандыр ох-хоой.
О, Жараткан, кечүү бер деп жалындык биз дайрадан,
Кечүү бербей күчөп акты суранычка кайрадан ох-хоой.
Менин атым Бейиш Дайра, барган жерим Бейиш Төр,
Деди бизге мени менен бейиш жайга барып көр ох-хоой.
О, Жараткан, Жер сеники, Жер үстүндө бардыгы,
Тоо-таш, дайра, талаа, адыр, кыбыраган жандыгы ох-хоой.
Бейиш Дайра, мен айтамын, бир тынымга кулак сал,
Ара жолго таштап салба, Бейиш Төргө алып бар ох-хоой.
Бейиш Дайра, теппе кайра, сага ушул аманат,
Көрсөтпөгүн шайтандарга, коюнуңа бекем кат ох-хоой.
Бейиш Дайра, токтобогун,бейиш жолдо бара бер,
О, Жараткан, бул пендеңе бейишиңен орун бер ох-хоой,
О, Жараткан, баарыбызга бейишиңен орун бер ох-хоой!
Ох-хоой, ох-хоой, ох-хоой!
Шаман кудурети күчтүү Жараткан менен күңгүрөгөн коркунучтуу добуш чыгарып агып жаткан дайрага айтып болуп, эс-учунан танып, тилден калган кеселман абышканы пенде даап карап тура албаган аңтарылып-теңтерилип көбүк чачып, күргүштөп агып аткан киргил дайранын жээгине алып келип, үстүндөгү кийимдери чечилип калбасын деп белинен жип менен бекем бууп, киргил иримге таштап, анын артынан кеселманга арнап апкелатышкан азыктарын ыргытышат.
Кеселман аңтарылып бууракандаган киргил суудан кылак этип көрүнүп, кайра аны суу жутуп алып, бир аздан соң ың-жыңы билинбей калат. Ошондо эми аны дайра бейишке алып кетти дешип, жээктегилер артка кайтышат. Үйлөрүндө жол карап көпкө күтүп калышкан тууган-туушкандарына келгенде буларды бейиштин ээлериндей урмат-сыйга бөлөп, шаманды эки дүйнөнүн элчиси катары ыйык көрүшөт. Кеселманды узатып баргандардын баардыгы тең аман-эсен кайтып келгендерине ичтеринен кубанып турушса да, аны эч ким ачык айтпайт, анда эле бейиш жайына шек кетет деген ишенич бар.
Чоң эне ушул чөлкөмдө туулуп, ушердин суусун ичип өскөн, айлана-тегерек бир топ өзгөрүп кетти; секелек курагындагы кээ бир сокмо кыя жолдорду кийин чөп басып, жол башка жагынан чыкты, бир нече булактардын көзү бүтөлүп, жаңы булактар пайда болду, кичинесинде куушуп ойногон бөксө адырлар кийин жапыс көрүнүп калды, бир гана Бейиш Тоо заңкайып, турушунан жаскан жок. Ал ыйык тоону бала күндөрүндө сөөмөйү менен сайып көрсөткөн чоң күнөө болот, анткендер көп узабай дартка чалдыгат, таарынып калган тоо кийин картайып ооруп калганыңда үңкүрүнө кабыл албай сыртка тээп салат, ал киши тиги дүйнөдө тозокко түшөт дешчү. Жаш кездеринде уккан Бейиш Тоонун сыйкыры күнү бүгүнгө чейин жанган жок, ортодо далай окуялар өттү, алардын бардыгына ушул тоо күбө. Ал тоо сыйкырдуу да, сырдуу.
Небере чоңоюп калганда сырдуу тоого адеп барганы күнү бүгүндөй эсинде. Ал жакка балдардан жалгыз-жарым эч ким басчу эмес, корко турган. Бала тестиер куракка жеткенде тууганчылыгы бар чоң адамдар ээрчитип барышчу, ал балага ошондон кийин ишенич артылып, анын баскан-турганына, сүйлөгөн сөздөрүнө маани берилет.
… Ошондо күн чыга карыган оорулуу абышканы качырга таңып, Бейиш Тоого алып жөнөштү. Ал качырды улуу баласы жетелеп, дагы бир качырга кийимдерин, азык, отун артып, аны кичүү уулу жетелеп, дагы төрт качырга учкашып-чиркешкендер, алардын артынан жөөлөр баратышты. Баарынын алдында башына кийген кызыл-тазыл тебетейине ар түркүн куштардын кооз канаттарын сайып, арстан, жолборс, бөрүнүн, дагы белгисиз жырткычтар менен желмогуздардын жыгачка оюлган кейптерин шалдыратып мойнуна илип, узун кайыш тагылган кызыл, кара, көккө боёлгон чакан барабан асынып, анысын узундугу карыш келген мултук баш таякча менен кез-кезде уруп, урган сайын асманды карап ачуу үн чыгарып шаман баратты. Ал минген качырдын үстү-башы таргыл-ала боёлуптур.
Мындай салтанат менен Бейиш Тоого узатуу уруу башчылары же уруу ичинде аброю бийик адамдарга уюушулат. Жөн-жай адамдарды үй-бүлөсү, жакын адамдары узатып, кээ учурда жашыраак шамандардын бири коштоп барат.
Бүгүнкү салтанаттуу узатуу кербенин алдуу-күчтүү жаш адамдар жөө ээрчип баратышты, алардын арасында бул вазипага анча маани бербеген, али оюну канып бүтө элек жаш балдар бар. Ал балдар мындай салтанат жүрүшүнө катышууга мындан ары укук алып, алардын бой тартып жетилгендиги тастыкталган көрүнүш эле, себеби, Бейиш Тоого чыгууга он үч жаштан өткөн эркектерге гана уруксат этилет, аялзатына тыюу салынган.
Бейиш Тоого бараткандар тартип сактап, ар бири өз-өз орду менен жүрүү жазылбаган мыйзам, ал мыйзамды бузууга эч кимге укук берилбеген. Бейиш Тоодон кайра кайтканда андай тартип сакталбайт, аралаш жүрө беришет, шаман болсо эл катары жөн-жай кайтып келе берет.
Бейиш Тоонун атайын чеги жок, чокусун ак кар, көк муз басып, көк тиреген кара, кызыл аскалардан тартып, этектеги көк айдыңга чейин Бейиш Тоо аталат. Кара, кызыл аскалардын түбүндө көп үңкүрлөр бар. Ал үңкүрдөрдүн кээ биринин узундугу канча экени белгисиз, ары жагы караңгы, алардын ченин билген киши жок, айрымдары кере кулачтан узун, бирлери очоктун ордундай. Булардын бардыгы: аскалуу тоо, көк айдың, шылдыраган суулары, үңкүрлөр кудайдын теңдешсиз кудурети менен пенделерине бейиштин жайы үчүн атайын жасалган деп айтылат. Бул жайга оорулуу кары адамдарды алып келишип, өздөрүнө ылайыктуу үңкүрлөргө калтырып, отун, бир нече күнгө жете турган азыктарын таштап кетишет да бир аптадан кийин балдары же кыйбас жакын адамдары кабар алганы келишет. Бул мезгил аралыгында алар бейишке чыгып кеткен болот. Айрымдарынын сөлөкөт сөөктөрү гана калбаса, денеси жаны менен кошо бейишке кетип калат. Андан көп өтпөй кагыраган сөөктөр да жаны менен денеси жүргөн бейиш жайына барат.
Бул уруунан атамзамандан бери келаткан салты ушундай: карыган оорулуу адамды жаны чыга электе Бейиш Тоого жеткирип салышат, кеселманды канчалык эрте алып барышса, анын жаны буерге келген куштардын канатына минип, бейишке ошончолук тез чыгат, өлгөн адамдардын жаны куштарга жетпей, ара жолдо калып, маркум тиги дүйнөдө кыйналып, бейишке чыгышы кыйын болуп калат. Акыры кыяматка чейин тартпаган азабы калбайт. Атүгүл акыры кыяматтын сурагында байыр алган жайы жок жүргөн немени суракка албай койгондо бейиш куштары күбө өтөт имиш биз жеткиче булардын жаны денесинен бөлүнүп кетип, аны бул жакка алып келе албай калдык, убагында жетип бара албаган күнөө бизде да бар деп. Куштар күнөөнү моюндарына алышкан менен оорулууну Бейиш Тоого жаны менен жеткирбей, өлгөн денесин сүйрөп алпарышкан тууган-туушкандары кыямат сурагына алынат. Ошолор жоопкерчиликти тартат, ал эми кыямат сурагы канчалык катаал болгону менен ошончолук адилет.
Бейиш Тоого алып баргандардын ичинен кеселинен айыгып, көп мезгилден кийин үйүнө кайтып келген бир адам болуптур, ал ким жана качан экени белгисиз. Ошол адам кийин жүз жаштан ашык жашап, оорубай, сыктабай, жаш балдардай тың жүргөн жеринен бир күнү асмандан калдайган чоң куш келип, үстүнө мингизип алып кеткен имиш, кайра кайрылып келбептир. Андан бөлөк Бейиш Тоодон кайтып келген эч ким болбоптур. Чоң эне кичинекей кезинде бул окуя илгери болуптур деп айтышчу, азыр деле ошол илгеркини айтып жүрүшөт.

Бейиш Тоонун үңкүрлөрүнө жеткенде салтанаттуу кербен токтоп, шаман улам бир үнкүргө барып, барабанын ургулап, асманды карап ачуу кыйкырык салып, шайтан-шабырларды кууп жүрдү. Бир кезде узун-туурасы кенен үңкүргө кирип, ары-бери секирип, темирден жасалган жука көп төңгөлүк тагылган таяган шалдыратып, дубанын күчү менен кара жиндерди үңкүрдөн кууп чыгарып, алар жалама асканын боорундагы кычыктарга жашынып калганда сыйкыр таяк аерден төмөн кулатып, жерге түшкөндөрүн шаман буту менен таптап өлтүрүп жатты. Үңкүрдү чай кайнам убакыт тазалап бүткүчө буерге келгендердин бардыгы айтегерек тарта шамандан көздөрүн албай, былк этпей карап турушту. Шаман дубасын бүткөндө качырдын үстүндөгү оорулуу чалды жерге түшүрүшүп,үңкүрдүн оозуна алып келишти. Шаман эми үңкүргө узунунан жатып алып, таягын өйдө-төмөн шилтеп, үңкүр ичи кара жиндерден тазаланганына көзү жеткен соң өзү туруп кетип, орунду оорулууга бошотту.
Абышканын жакындары ала келген төшөктү жерге салып, бышык, чийки азыктарды баш жагына коюп, жанына жыгач отунду таштады. Анан оорулууну көтөрүп келип, төшөккө жаткырышты. Чал тилден калган болучу, чарасына чүңүрөйүп кирип кеткен көздөрү суюк тумандай киргил тартып, жашы куюла берип, шоросу чыгып, кычыктарын чылпак басып калыптыр. Абышканын уулу эңкейип, атасынын чылпактарын аарчып койду. Атасы бирдеме айтмакчы болду, эрдин кыбыратканга кубаты келбеди, боз чалган киргил көзүн бир ирмеп шүк болду. Анан шаман үңкүрдүн оозуна кайра келип чөгөлөгөндө калган кары-жашы дебей бардыгы турган жеринде жапырт олтуруп калышты. Шаман бирде көктү карап, бирде аппак сакал-муруту сапсайып иретсиз өсүп, чекесинде, эки бетинде миң-миң бырышы бар, моюн териси кагырап куурап калган картаң талдын кабыгындай болгон бечел баладай жалдыраган чалды карап, Бейиш Тоого аманат айтты:
Бейиш Тоосуң, Бейиш Тоо, Бейиш Тоо сен,
Бейиш жолу бир сенде эзелтеден.
Бейиш Тоосуң, Бейиш Тоо, Бейиш Тоо сен,
Бейиш төрү бир сенде эзелтеден.
Бейиш Тоосуң, Бейиш Тоо, Бейиш Тоо сен,
Бейиш эңсеп канча адам сага келген.
Бейиш Тоосуң, Бейиш Тоо, Бейиш Тоо сен,
Арзып келдик өзүңө алыс жерден.
Бейиш Тоосуң, Бейиш Тоо, Бейиш Тоо сен,
Бейишиңдин эшигин ачып кой кең.
Бейиш Тоосуң, Бейиш Тоо, Бейиш Тоо сен,
Бейишиңен орун бер деп айтам мен,
Бир өзүңө келербиз баарыбыз тең…
Шаман аманатты айтып бүтүп, кылайган булуту жок көк асманга ачуу үнү менен үч ирет айкырык салып, менин милдетим тамам болду дегендей шалдырактарын жыйып, жолго камынды. Аны менен кошо барган адамдардын бардыгы артка кайтып баратты. Элдин алды көк жайыкка жете жаздап калганда күн батыш тараптан калдайган чоң канаттуулар көрүндү. Алар бири биринен ашып, жарышып келаткандай түрлөрү бар. Бул куштар кеселман чалды үңкүргө калтырган адамдар тарап кеткиче Бейиш Тоонун кара, кызыл, көк аскаларынын учтарында тумшуктарын ташка бүлөп күтүп олтурушат. Эл үңкүрдөн узаган кезде бул куштар калдактап учуп, адамдар аларга таштап кеткен жемине келет. Булардын саргыч шиш тумшуктары катуу, жоон жыландай узун ийри мойнундагы жүндөрү сейрек, денеси дөбөт иттердей болгон кузгундар.
Бул тоону мекендеген бөлөк куштар да толтура, алар тирүү жаткан адамга кол салбайт, табияты ошондой. Үңкүрдө калган оорулуу карыны адеп балта жутар кузгундар үзүп-жулкуп талап жеп, узун моюндары кан-жинге аралашып, бир паста кашкайган аппак сөөктөрү калат. Тарамышы үзүлүп, бөлүнүп калган сөөктөрдү бүкүлү жутуп жиберишет. Балта жутар кузгундар кеткиче көлөмү алардын кичирээк дагы бир топ куштар аскалардын башында төмөн жактан көздөрүн албай алар да күтүп олтурушат. Булар тумшуктары кайчыдай курч сөөк жегичтер. Сөөктөр бири бирине жармашып турган тарамыштарды курч тумшуктарына салып кыркып, анан кашкайган жиликти тиштеп алып асманга учуп чыгып, урчуктуу ташка далдап туруп капкайдан таштап жибергенде сөөктөр быркырап майдаланып калат, бул куштар ошол сөөктөрдү жейт. Алар баш сөөктүн морт экенин билишет, адеп биринчи келгени баш сөөктү илип кетет, араларындагы күчтүүлөрү жетип барып тартып алат. Баш тийген куш алыстап качканга аракеттенет. Ошентип, Бейиш Тоодогу адамдын денесинен бүкүлү эч нерсе калбайт. Кээ бир тыңыраак оорулуу карылар үнкүрүнө от жакканга жетсе, анда кузгундар ысык отко даай албай, эки-үч күнгө алыстабай локуюп аңдып олтуруп калышат, карып, арып, алдан тайган кеселман канчага чыдамы жетмек, апта толбой жаны, денеси, сөөктөрү биринен соң бири бейишке өтө берет. Бардыгы кузгун менен сөөк жутарларга байланыштуу, алар өз милдеттерин канчалык ылдам аткарса, эл арасында ал адам бейишке ошончолук тез чыккан болот. Бул уруунун атамзамандан бери келаткан ишеним салты ушундай. Карып, алдан-күчтөн тайып кеселге чалдыккан адамдар үйдө жатып калса, аттуу-баштуулары бул бечераны кыйнабай Бейиш Тоого эртерээк алып чыккыла деп кеңеш беришет. Кары адамдар дартка чалдыгып калды дегиче күнү-түнү ойлоно берип, мээсине доо кеткендер болот; адетте ошол айнып калгандар Бейиш Тоого барып, андан ары бейишке чыккысы келет. Андайлардын өтүнүчү үй-бүлөсү, туугандары тарабынан тез аткарылат, аларга ата-баба салтын улоочу үлгү катары мактоо айтылат. Бул кабар алда кайда желдей тез тарап, уккандардын көбү ыраазы болот. Аягында кеселманды коштоп барган шамандын аброюна жараша баа берилет. Ал эми шамандардын жасаган ырым-жырымы үчүн атайын баа бычылбайт, ким канча, эмне берсе ошого ыраазы, оорулуунун бейишке тез жетиши эсеп.
Бул эл бир жаш келин жөнүндө кеп айтышат, айрымдары аны уламыш катары кабыл алышса, көбү болгон окуя дешет. Элдин салтына жараша ал окуяны уламыш десе болот, чындыкка да жакын. Окуя качан болгону айтылбайт, дүйнө элдери сыяктуу эле илгери, илгери деп башталат.
Ошол илгери-илгери бул элдин падышасы болуптур. Ал бир нече аял алат, бирок бала көрбөптүр. Буга букаралары да капа болот. Анан падыша алтымыш ашып калганда сарай кызматкерлери тукумсуз калбасын деп кулак угуп, көз көргөн элди кыдырып, кыз-келиндерди тандап, алар жактырганды падыша жактырбай, акыры ылайыктуу кыз таап, падышаны дагы үйлөнтүшөт. Көп өтпөй жаш келинчектин боюна бүтөт. Көзү ачыктар, эмчи-домчулар, жайчылар, бүбү-бакшылардын бардыгы эркек бала экен деп кабарлашат. Падыша бул жаңылыкка сүйүнөт, эли ого бетер сүйүнүп, акыры падыша мураскерлүү болуп, биз да падышасыз калбайт экенбиз дешет. Бардыгы баланын аман-эсен төрөлөрүн күтүп, жаш келинчекке ден соолук тилешет. Ошентип падыша менен элинин санаасы тынып, тынч тиричилигин уланта беришет. Төрөрүнө аз убакыт калды дегенде келинчек күтпөгөн жерден төшөк тартып жатып калат. Табыптан табыпка түшөт, эч дабаа таба алышпайт. Жасалбаган ырым-жырымы калбайт, келиндин акыбалы төмөндөгөндөн төмөндөйт берет. Эмчи-домчу, көзү ачыктар, бүбү-бакшылар дартын билишгпейт, падыша бөлөк элдин мыктыларынын мыктысы деген табыптарын алдырып келет, алардан да эч ылаажы болбойт. Күн өткөн сайын келинчектин абалы оордой берди. Элдин айласы кетти.
Ошол кезде бөлөк бир элден шаман келип, жыгачтан келиндин кебин жасап, ошону бейиш тоого алып барсаңар кесел адашып калып, падышаңардын көрөр көзү куландан соо айыгып кетет деди. Мыкты усталар келинге окшоштуруп жыгачтан бат эле кеп жасашып, алиги шаман өзү баш болуп, азан-казан эл чогулуп, Бейиш Тоого алып жөнөштү. Бардык салт, ырым-жырымы менен жыгач кепти жайына коюп, эл кайра кайтты. Араларынан аксакал-көксакалдарын оорулуунун акыбалын билүүгө падышанын сарайына жиберишти. Жиберген өкүлдөр тез эле келип, келиндин оңолбогонун, акыбалы мурдагыдай эле оор экенин, падышанын кабагы ачылбай отурганын айтып келишти. Жакшылыкка үмүттөнгөн элдин деми сууй түштү. Алиги шаман бир кезде элдин арасынан көрүнбөй калды, алда кандай болот деп качып кетсе керек.
Эл ары кетип-бери кетип, акыры падышанын акылмандары менен кеңешип, келинди Бейиш Тоого алып баруу керектигин айтышты. Тирүү кезинде жайына жеткирбесек, анда анын жаны эч жерден жай таппай, жеке өзү эмес, өзүбүздү, падышаны да кудайдын каарына калтырабыз дешти. Кудайдын жазасынан чочулашты.
Бул сунушту падыша да аргасыздан жактырды. Ошо менен келинди замбилге салып, эл түп көтөрө Бейиш Тоого жөнөп беришти. Көч башында бир топ шамандар жолдугата шайтан-шабырларды кууп, акыры оорулуунун жайын кара жиндерден тазалап, келинди бейиштин үйүнө калтырып, артка кайтышты.
Салт боюнча бир нече күнгө жетерлик тамак-аш, отун-суу калтырышты. Эл бута атым өткөндөн кийин артына бурулса, зоокалардын үстүндөгү жорулар орундарынан жылбай, олтурган калыбы бузулбаптыр. Буга эч ким көңүл бурбады. Анан тумшукту айланып кетишкенде Бейиш Тоо көрүнбөй калды.
Эртеси үч тырмактай балдары менен жесир калган аял таң атпай Бейиш Тоого жөнөдү. Кечээ эл көтөрүп келген кеселман тирүү болсо аны көрөр, жок, бейиш куштары жанын бейишке алып кетишкен болсо, анда калган азыктарын балдарына алып келмек.
Аялдын көзүнө адегенде үңкүрдүн ооз жагында кылайган эти жок, таптаза мүлжүнгөн , аппак болгон эки шыйрак, жото жилик менен каржиликтин сөөктөрү чалдыкты. Бечера, жакшы жан экен дароо бейишке чыккан деп ойлоду ичинен. Анан үңкүрдүн ичине башбакты. Башбагып… кайра артка секирди. Үңкүрдө жомоктогу алпкаракуш сыяктуу болгон эби-сыны жок чоң куш жатыптыр. Аялдын көзү менен куштун тептегерек, кыпкызыл тостойгон коркунучтуу көздөрү чагылыша түштү. Куш аны сугунуп жиберчүдөй мойнун бир созуп, кайра жыйрып алды. Аялга куш шилекейин жуткандай сезилди.
Аял өз денесин сезбей, эбелектей жеңил болуп, төрт-беш секирик жасагыча, алиги куш үңкүрдөн чыгып, эки ирет канатын күүлөп, учуп кетти. Заматта тоону ашып, көрүнбөй калды. Бул жолу зооканын үстүндөгү урчук-бурчуктарда олтурган куштар көрүнбөдү.
Аялдын денеси коркуп калыптыр, буттары калтырап, денеси калчылдап тура берди.
Бир кезде үңкүр тараптан үн чыккандай болду. Аял артка кетенчиктеди. Үн кайра чыкты, аял тыңшап калды. Бу жолу үн аялдын денесиндеги коркунучту таратып жиберди. Энелик сезим үңкүрдөгү үндү баланыкына окшотту. Ал эмелеки коркунучун унутуп салды. Үн дагы чыкканда баланыкы экени даана болду. Аял эчтемени карабай, аттап-буттап үңкүргө кирди. Кирип, ымыркайды көрдү. Андан башка нерсе көрүнбөдү. Денесине куштун мамык, боор жүндөрү жабышып калыптыр. Куш баланы бооруна кысып жатса керек. Бала эркек экен. Аял жетип барып, ымыркайды этегине ороп, артка тартты.
Аял балана көтөргөн бойдон падышага алып келип, болгон окуяны айтат. Падыша ошол аялга нике кыйдырып, аялдыкка алып, баланы энеси катары бактырат. Кийин бала атасынын ордун басып, падыша болот экен. Аялдын мурдагы үч баласы да падышанын сарайында кызмат өтөшөт.
Аял карып, көрөр күнү, ичер суусу түгөнүп баратканда Бейиш Тоого алып келишип, жайына тапшырышат. Анын жаны ошол күнү эле бейишке чыгып кеткен болот.
Бейиш Тоодо ичине кирүүгө мүмкүн болбогон оозун үйдөй таш тосуп калган эки үңкүр бар. Бул эки үңкүр падыша менен алиги аялыныкы дешет, ичине башкалар коюлбасын деп таш тосушуптур. Кээ бирөөлөр антпей эле зоокадан кулап түшкөн таш дешет.
Бул уламышты бир элдин улуу-кичүүсүнөн бери билет. Небереге чоң энеси айтып бергенде алпкаракуш наристени жеп койбогонуна сүйүнгөн. Жеп койсо анда эл падышасыз калса жаман болмок турбайбы деп ойлогон. Бирок ал кандай жаман экенин түшүнбөгөн. Кийин, эс тартканда деле ал эмне болгон жаман экенин ажырата алган эмес. Азыр балалуу-чакалуу болуп, башынан далай турмуш өткөндөн кийин падышанын орду эч качан бош калбасын билип, бир кездеги өзүнүн баёлугун эстегенде жылмайып коёт. Өйдө-ылдый турмуш өтө берерин, бүгүнкүнү эртең, быйылкыны эмдиги келер жыл алмаштыра берерин билди. Эми чоң энесин Бейиш Тоого жеткирип алса өзүн, үй-бүлөсүн, баарынан мурун чоң энени күнөөдөн арылткан болот. Чоң эненин жанын бейиш куштары бейиштин төрүнө алып барарына ишенет.
Чоң эненин акылы тунук. Жазга чейин айыгып кетермин деген ою бар. Ошого ишенич артат. Ал башынан эле кеселдеп жатып калбай мүрт кетсем деп тилейт. Куштар аны тирүүлөй тытып жеп кетишин каалабайт. Өлгөндөн кийин маркумга эч нерсенин кереги жок, ал мактоону, сый-урматты, ушакты, кошоматчылыкты, көрө албастыкты, жалган менен чындыкты сезбейт, өлгөндөргө багышталган түйшүктөр тирүүлөр үчүн, тирүүлөргө керек. Тирүүлөрдүн бири тутунган диндин жоболорун аткарат, бири салтын карманат, үчүнчүсү намыс үчүн башкаларга көрүнгүсү келет. Өлүк менен тириктин аралыгы ушул үч нерсе, буларды бириктирип турган, бөлүп да турган ушул үчөө. Кемпир муну илгертен көкүрөгү менен туят, бирок бул түшүнүгүн ушунча болуп эч кимге оозунан чыгарган эмес, адашкан, жалган түшүнүк болуп, күнөөгө баткандан чочуйт.
Катуу ооруга тушуккандар бейиш куштарына жем болорун башынан эле билет, бирок көпчүлүк пенделердей түбөлүктүү оо дүйнөнүн тозогуна эмес, бейишине туш болгусу келет. Абада, кургакта, сууда миң сан түркүн жаныбарлары бар, ошончо жаныбарлардын бардыгына дооматын артпай багып келаткан кудайдын кудурети менен жасалган ушул Жер бетинде бейишке жеткире турган бу дүйнөдө жалгыз жол бар, ал – Бейиш Тоо. Бөлөк жол жок.
Небере да кудай алдында өзү күнөөгө баткысы калбейт, оорулуу чоң энесин бейиштеги ордуна өз убагында алып барбай, аерди башкалар ээлеп калса, кемпир тиги дүйнөдө өз ордун таппай убара тартат, атүгүл ошол бойдон кыямат кайымга чейин көрүнгөн жакта урунду болуп жүрүп калат.Эртели-кеч жараткандын алдында небере өзү да сурак берери дайын, ошондогу жообун элестетип болбос.
— Жазга чейин көп бар го,- деди небере бир кезде.
Кемпирдин жүрөгү шуу этип, үңкүрдүн ичинде тоңуп жаткан денеси көз алдына тартыла түштү. Жалгыз экен, үңкүрлөр бош жатат. Күн жылыгыча буерге эч кимди алып келишпептир. Бейиш куштарынан дайын жок, алар деле темир тоңдурган бул суукка чыдабайт окшойт, учуп келишкен менен үңкүрдөгү таш менен таш болуп тоңгон денеден майнап чыкпас. Кемпир үңкүрлөрдү, куштарды элден укканы боюнча элестеди, мурдуна өлүм жыттанып кетти. Терең дем алып, аны өлүмдүн жыты экен деп ойлоп койду. Эки кулагы шуулдап, өлүмдүн үнүн укту. Ал өлүмдөн чындап коркту. Анан оюна бейиш куштары үңкүрдө жаткан оорулуунун адегенде эки көзүн оюп жейт деген келе калды. Кемпирдин денеси жыйрылып кетти. Анан үнкүрдөн өзүнүн эки көзүн оюп аткан куш элестеди. Куш кемпирдин эки көзүн учтуу, катуу, курч тумшугу менен эки чокуп сугунуп салды. Кемпир төшөктүн үстүндө олтурган калыбында оюнда көзүн куштан ала качып, башын ары-бери чайкап жиберди.
— Эмне болду?- деди небере чоң энесин карап.
— Бейиш куштан качып… –Кемпир шуу үшкүрүп алды.- Көзүмдү чокуганы…
Небереге чоң энеси акылынан айнып калса керек деген ой кетти. Анын ушул кейпи аянычтуу сезилди. Анан небере өзү карып, каруу-күчтөн тайып, чүкөдөй абышка болуп, мунун үстүнө айыкпас ооруга чалдыгып турган кези көз алдына келе калды. Өзүнүн небереси бар экен, ал сыртта тарсылдатып отун жарып атыптыр, үйгө кирсе оозунан эмне сөз чыгат деп чал жалдырап төшөктө жатат. Сыртта кыш, бороон улуп, түкүрүк жерге түшпөй тоңот. Суукка карабай кечээ жакын жерден карыган оорулуу энесин баласы качырга таңып, Бейиш Тоого жеткирип салган. Куштар сууктан келе албаптыр.
Небере жыгачын жарып бүтүп, үйгө киргенде чал:
— Сыртта суук катуубу?- деп сурады небересин жалдырай тиктеп. Чоң атасынын боз чалган көздөрүндө жалыныч турду.
— Катуу,- деди небере.
— Кечээ Бейиш Тоого алып барган кемпир байкуш тоңуп калды го… – Абышка өзүн айта алган жок.
— Билбейм,- деди небере кайдыгер.
Абышка кайра сөз салбады.
… Небере өзүнө эч кереги жок ушу жаман элестен башын чулгуп жиберип кутулуп кетти. Денеси жеңилдене түштү. Карып, кеселдеп калган курагынын элеси маанайын чөктүрүп жиберген.
Төшөктүн үстүндө олтурган чоң эне далысын күүшөп, денесин жыйрып ичиркенип, жуурканды жамынып, бир ууч болуп бүрүшүп жатып алды. Ал көзүн жумбаска аракеттенди, уйку болсо башын кеңгиретип, алды-үстү кирпиктерин чапташтырып, өз бийлигин бергиси келбейт. Кемпир ансайын жылтыраган көздөрүн бардап ачып, ирмеп, уйкудан кутулуунун амалын жасайт.Көзү жумулса эле кара-күрөң түстөгү мойну жыландай соймоңдогон сары тумшук тартайган куш келип, эки көзүн оюп алчудай сезилет. Көзү ачык жатса үй ичиндеги небересин, небере келинин, эгиз чөбөрөлөрүн, неберенин энесин көрүп, көңүлү тынчып калат. Ошентип, чоң эне уйку менен алышат; кирпиктери бири бирине желимдей жабышат, кемпир күчкө салып, көзүн чоң ачууга аракеттенет, мунусун үйдөгүлөрдүн эч бири сезген жок, көзүн ачкан сайын күч келип, кемпирдин ээги кемшеңдей түшөт. Анан тынчы кетип ооналактап, уйкуну жолотпоонун амалын жасады. Бир маалда кемпир тынчып калды, уйку мемиретип салды. Үйдөгүлөр этибарга алышпады, көңүл бурушкан жок. Ошо бойдон ал көпкө мемиреп жата берди, үйдөгүлөр аны тынч уктасын деп, демдерин ичине тартып, буттарынын учу менен басып жүрүштү. Кемпир бир кезде кыйкылдап-чыйкылдап, деми чыгып-чыкпай, булдуруктап, үзүл-кесил сүйлөгөндөй болду. Аны адегенде небере менен энеси байкады. Аларга кемпир уйкудан ойгоно албай, албарсты басып жатса керек деген ой келди. Небере эңкейип караса, чоң эненин кабагы бүркөө, өзү уйкуда экен.
— Чоң эне, чоң эне… – Небере жууркандын четин тарткылады. Кемпир ойгонуп кетип, төшөктүн үстүнө чөгөлөй олтуруп, тиштери жок кызыл ээк оозун ачып эстеп, жан-жагын элеңдеп карап алды. Куудай чачтары саксайып, кебетеси тоо-таштарда, калың токойдо, ээн талаа-эрме чөлдө адамдарга көрүнбөй жашаган жезкемпирге окшоп турду. Тааныбыган бирөөлөр ушул турушун көрсө, аны жезкемпир экен демек. Кемпирдин көздөрү төбөсүнө айланып, бир паста бузулуп калыптыр, бул түрүнөн небере менен энеси экөө чочуп кетти. Кемпирге экөө тең кузгун болуп көрүндү.
— Кет! Кеткиле ары!- деп кемпир колу менен тап берип кууду. Кыйкырган үнүн угуп, ары жактан алакташып, небере келини менен эгиз чөбөрөсү жетип келди. Эми тигилерге дагы үч кузгун кошулуп, бешөө болуп көрүндү кемпирге.
— Кеткиле! Жоголгула!- Кемпир эки колу менен абаны апчыгылап, жанына эч кимди жакын жолотпой, жин тийгендей кыйкырып-өкүрдү.
— Чоң эне, эмне болду?- деди небере азыр эле көшүлүп уктап жаткан кемпирдин бул кылыгына түшүнбөй.
Кемпир колу менен небереге тап берип:
— О, жараткан, буларыңды ары алып кетчи, эмкилердин кузгундары да сүйлөйт,- деп күбүрөндү.
Кемпирге азыр беш кузгун кол салып, эки көзүн оюп, анан денесин тытып жеп койчудай туюлду. Алардын ар бир кыймылын аңдып калды, оюнда көз ирмем тынчый түшсө эле кузгундар бир паста талап кетчүдөй, жалаң кемпирдин айбатынан батынбай тургансыды.
Эгиз небере ооздорун ачып, эмне болуп атканына түшүнбөй, чоң энеден көздөрүн албай кыймылсыз.
— Бир, эки, үч, төрт, беш,- деди кемпир калтырбай бардыгын санап.- Үч чоң, экөө балапан…
— Чоң эне, бул бизбиз, мен небереңмин…- Небере алдыны көздөй бир кадам таштады.
— Кет! Кет!- Кемпир муштумун түйүп тап берди эле, эти качканда териси сөөгүндө шалбырап, көк тамыры көрүнүп турган арык, морт билеги ары-бери сорок-сорок этип, бул көрүнүшү чоң эненин болгон-бүткөн күчүн жыйнаган айбаты экени сезилип турду. Башы тынбай калчылдап, калчылдаган сайын көзү да төбөсүндө айлана берди токтобой.
Небере кайра артка кадам таштады. Бардыгы тымтырс, кемпирден көз албай, үн чыгарган эч ким жок. Эгиз балдардан башкалары чоң энени жин даарып кетиптир деп ойлошту.
Небере муну ойлоп, бала кезиндеги үзүл-кесил эсинде калганды эстеди. Анда да кыш болучу, кар калың жааган. Өтө карый элек бир киши адегенде ооруп төшөк тартып калып, анан көп өтпөй эле аны жинди болуп кетиптир дешкен. Жанына эч ким жолобой, жандуулардын бардыгы көзүнө желмогуз көрүнүп, туш келгенин тиштеп, тытып киргенде колу-бутун таңып, Бейиш Тоого алпарып салышты деп уккан. Жин даарыган ал киши неберенин эсинде элес-булас бар. Качырга таңып алып баратышканда кыйкырып-өкүрүп, туйлап жатканы, сууктан адамдардын, качырлардын мурун-ооздорунан буу чыкканы, түз айдыңдарды, дарактарды, таштарды, тоонун бийик аскаларынын жалама боорунан бөлөк жерлердин бардыгын кар басып жатканы эсинде. Небере ошондо жиндеген кишиден сөгүнгөн сөздөрдү биринчи жолу уккан, бирок анын маанисине түшүнгөн эмес, аны келип апасынан сураган, апасы андай сөздү ошондой жиндилер айтат, ал жиндилердин сөзү, соо адамдар айтпайт деп койгон. Бирок ал сөздөр эсинде сакталып калган.
Неберенин энеси кайненесин көзүнүн үстү менен кээде карап койгону болбосо, дудук адамдай жалдырап үнсүз-сөзсүз олтуруп калды. Бул кезде анан ою сыртта кар тозоңун уйгу-туйгу кубалаган бороон сымал чакчелекей түшүп, бир жерге токтоло албай койду. Үй ичинде салаңдаган оор тымтырстык ого бетер ныгырып, кыйнап жиберди. Ал өзү азыр ооруга чалдыга элек болсо да, карып баратканын, ал эми карыган адамды кесел кайдан болбосун таап алары оюна келди. Бир мезгилде өзү кайненесиндей азыркы абалга келерин сезгенде бүткөн боюн коркунуч каптап калды. Коркунуч адегенде көөдөнүнөн томолок нерсе болуп башталып, анан тулку боюн жыйрып барып, денесине жайылып кетти. Бирок кеселдеп калаар ал мезгилди бир кудайдан бөлөк эч ким билбес. Ошол мезгил келгенде уулунанбы, же азыр эчтеме менен иши жок сөөмөйүн оозуна салып соруп турган небереденби, айтор бирөөдөн коркуп, корккондон жандуулар көзүнө желмогуз болуп көрүнөрүн ойлоду. Коркунуч денесин дагы ичиркентип жиберди. Көзүмө желмогуз көрүнбөсө экен деп тиледи.
— Чоң энеңе Бейиш Тоого жаз келип, күн жылыганда баралы деп айтчы,- деди уулуна шыбырап.
— Кудай алдында күнөөгө батабыз, жакканга отуну даяр,- деди уулу да энесине шыбырап.
Энеси уулунун айтканын уккан жок.
— Ошентчи, жазда баралы дечи.- Эне уулунан жалынып сурады.
— Эмне үчүн?- деди уулу.
— Тынч алсын. Ошентсең тынчып калат.
— Тынчыгандан кийин алып барамбы?
— Жок, жаз чыгып, күн жылыганда.
Уулу апасын карап калды. Энесинин бетине толо бырыштар түшүп, карып калыптыр деп койду оюнда.
— Атаң болгондо жазды күтмөк,- деди апасы.
Уулу унчукпай калды. Бир аздан соң:
— Кол салсачы?- деди чоң энени жин даарып кеткенин эскерткендей.
— Жин даарыган бөлөк болот,- деди апасы.
— Баарыбыз желмогуз көрүнүп атпайбызбы…
— Корккондон ошентип атат,- деди эне. –Жаз чыгып, күн жылыганда алып барайын десең тынчып калат.
Небере чоң энесин карап, оозун таптап барып туруп калды. Кемпир эч нерсе менен иши болбой, өмүрүндө түйшүк дегенди билбегендей сол колунун алаканын күзгү сыяктуу маңдайына коюп ачып-жумуп, каршы-терши бырыштырынын үстүнөн оң колунун сөөмөйүн жүгүртүп, үн-сөзү жок көзүн сүзүп олтурду. Ал аябай чарчап, алсырап калган болучу.
— Чоң эне… — деди небере жакын келбей.
Кемпир чочуп, колу түшүп кетти. Көзүн бардап-бардап алды.
— Жаз келгенде баралы тоого, макулбу?..
Үйдөгүлөрдүн бардыгы чоң энени карап калышты.
Кемпир үйдүн ичине айланта көз жүгүртүп алып, тиштери жок кызыл ээк оозун ачып эстеп:
— Анда уктай берейин, жылуу жаап койгулачы,- деп жуурканын чүмкөнүп алды.
Үйдөгүлөр терең, эркин дем алып, эс ала түштү. Небере бала курагындагы жин даарып кеткен алиги кишини эстеди. Аны кыш чилдеде сүйрөбөй, жазга калтырып коюшса болмок экен деп ойлоду. «Апам туура айтыптыр» деген көкүрөгүнө келип, кемпирдин үстүнө дагы бир жууркан таштады.
Чоң эне ойгонбой уктады. Апасы уулу экөө түндүн бир оокумунда кемпирди тыңшап көрсө, ал бир калыпта дем алып, кызуу уктап жаткан экен.
Октябрь, 2014-ж.