Рюноскэ Акутагава: Расёмон дарбазасы

  • 28.11.2023
  • 843

АҢГЕМЕ

Бул окуя бир жолу кечке маал болгон. Бир малай жаандын токтошун күтүп, Расёмон дарбазасынын алдында корголоп олтурду.

Кенен дарбаза астында бир жан жок, малай өзү жападан жалгыз. Жоон тегерек мамынын кызыл боёгу сыйрылган жеринде чегиртке конуп турду. Расёмон дарбазасы Судзаку көчөсүндөгү тогуз жолдун тоомунан орун алып, демейде нөшөрлөгөн жаанда бул жерден башына тор чүмбөт салынган келин-кесек, малакай кийген жаш кишилерди көрүүгө болор эле. Азыр эми малайдан башка эч ким көрүнбөйт.

Эки-үч жылдан бери Киото шаары кырсыктан башы арылбады – бир туруп катуу жер титирөө же бороондуу шамал түгөл кыйратып, ал аз келгенсип бат-баттан күчөгөн өрт баарын жалмап, мындан улам ачарчылыктан кырылган эл. Шаар ичи жылан жалмап кеткендей аңгырап бош. Эски жазма китептерде айтылгандай, ачарчылыктан адамдар ачынган жырткычка айланып, жан багыштын амалында будданын айкелдерин жана ыйык жайлардагы эмеректерди талкалап, жана да жол жээгиндеги алтын түс менен сырдалган жыгач тосмолорду бузуп, бүтүндөй баарын отун ордуна сатып жиберишкен.

Шаар ичи каракчы тийгендей тонолуп, мындан улам Расёмон дарбазасын ойлогон жан жок. Жер ээн болсо, доңуз дөбөгө чыгат. Бул жай аңгырай түшкөндө, эми бул жайды түлкү, чөө, кашкулак сыяктуу майда жандыктар байырлачу болгон. Кийин Кудайдан жөө качкандардын утурумдук баш калкалаган жайына айланды. Шаарда ачарчылыктан эл кырыла баштаганда, айрым тек-жайсыз адамдардын көмүлбөй калган өлүктөрүн да ушул жайга жүктөп келип таштап салышты. Ошондон улам кечки иңирде бул жай көзгө ушунчалык коркунучтуу, сүрдүү көрүнүп, тирүү жан даап жакын басып келе алчу эмес.

Анткен менен бул жай күндүз дарбазанын үстүн тегерене учкан каркылдаган карга менен кузгунга толуп кетти. Күн батып, батыш тараптагы асмандын кызыл ыраңы кайта баштаган кезде, кузгундар дарбазанын үстүнө каз катар тизилип конушат. Кузгундар албетте, дарбазанын үстүнкү кабатында жайнап жаткан өлүктөргө учуп келишкени маалым. Анын үстүнө бул сапар, кеч күүгүмдө бул жайда кыбыр эткен жан көрүнбөйт. Болгону талкалана баштап, жаракаларга чөп өсүп кеткен таш тепкичтердин үстүндө кузгундардын тезеги ар жерде агарып көрүнөт. Үстүндө түлөгөн кийимчен малай оң жаагына чыккан чыйканды утур-утур сылап коюп, мурдун чукулаганча нөшөрлөп жааган жаанды заардуу тиктеп олтурду.

Малай жаандан корголоп олтурат десек да анча туура болбой ко. Жаан токтогон күндө деле малайдын бара турган жери жок. Мурункудай кез болгондо, ал азыр кожоюндун үйүнөн табылмак. Бирок кожоюну малайды бир нече күн мурун бошотуп жиберген. Жогоруда баса белгилеп кеткендей, Киото ал кезде жылан жалмагандай аңгырап баштаган. Ошол кезде кожоюн бул малайды көп жылдар бою оту менен кирип, күлү менен кошо чыгып кызмат кылганына карабастан себепсиз бошотуп жиберди. Демек, сөздүн туурасы, жумушунан куулган малай барар жери жок, жаандан корголоп, дарбазанын астында мурдун чукулап олтурат десек жарашат. Сыртта нөшөрлөп жааган жаанды тиктеп, маанайы суз. Түштөн кийин башталган жаандын токтой турган түрү жок. Кандай жол менен болбосун эртеңки күнгө жетиштин айласын таппай малайдын башы катты, кулагына Судзаку көчөсүндө шатырап жааган жаандын гана үнү угулбаса, башына андан башка түзүк бирдеңке кирбеди.

Жамгыр дарбазаны кучагына алып, токтоосуз дыбырап, алыстан жаап келди. Кечки иңир улам жерге ылдыйлап, дарбазанын төбөсү үстүдөн караганда капкара булутка капкактай жабылып тургандай.

Малай жанатан бери эми кантип оокат кылыштын жолун таппай башы маң.  Тээ аң-сезимдин түпкүрүнөн болгон айласы – дарбаза ичинде же көчөдө тырайып өлүп калуу деген ой мээсин кашайта ургулап жатты. Анан сенин өлүгүңдү бул жерге сүйрөп келишет да, иттин өлүгүн сайга ыргыткандай, дарбазанын үстүнкү кабатына ыргытышат. А эгер андай болбосочу… Малай ал тарабынан да, бул тарабынан да, аңтар-теңтер ойлоп көрдү. Бирок каран калгыр ойлор чубалып-чырмалып олтуруп, акыр-аягы бир жерге келип такалып калат. «Эгерде» деп баштаган ою айланып-тегеренип олтуруп кайра эле «эгердеге» сайылат. Акырында малайдын ою бир гана нерсеге токтолду – эми уурулук кылыш керек. Бирок буга абийири жол бербегендей, чечкинсиздин чечими курусун болуп, эркектик кайраты жетишпей, башы маң болуп олтура берди.

Малай катуу чүчкүрүп алып, шалпайып ордунан турду. Киоттодо кечки суук сөөктөн өтөт. Дарбазанын мамыларын аралап уңулдап суук шамал башталды. Кызылга сырдалган мамыда жанатан конуп олтурган чегиртке бир жакка учуп жоголгондой.

Моюнун түзөп, далысын күйшөй салып, айлана-тегерекке көз жүгүрттү: эгерде бул жайдан көздөн далдоо, жаан тийбеген орун табылса, саарга дейре ушул жерде калганы оң. Бактыга жараша, анын көзүнө дарбазанын үстүнкү кабатын көздөй кеткен, кызылга боёлгон жыгач тепкич урунду. Үстүдө өлүктөрдөн башка эч жан жок экени айтпаса да түшүнүктүү. Белине байланган кылычын кындан суурулуп кетпес үчүн бир колу менен астейдил кармап, самандан токулган сандал кийген буттарын акырын таштап тепкич менен жогору жөнөдү.

Бир нече мүнөт убакыт өттү. Тепкич менен жогору мышыктай жойлоп бараткан малай орто жолго жеткенде демин басып, жогору жакты карады. Үстүнкү кабаттагы мунарадан түшкөн күңүрт жарык анын ириңдүү безеткиден кызарган оң жак бетин жарытып турду. Ал жакта үйүлүп жаткан адам өлүктөрүнөн башка эчтеке жок деп ойлогону менен, бирок  үстүдө жарык күйгүзүп бирөө жүргөндөй, жарык ары-бери жылып жаткандай. Күңүрт жарык шыпты бойлой жылып, ал жердеги жөргөмүштүн торун жарытып өттү. Мындай жамгырлуу түндө Расёмон дарбазасынын мунарасында жарык күйүп турса, демек бул бир шойкомдун белгиси.

Андан ары малай тепкич менен акырын үн чыгарбай мышыктай сойлоп олтуруп жогоруга жетти. Тепкичке боортоктой жата калып, акырын моюнун созуп, мунаранын ичин шыкаалады.

Эл айткандай эле мунаранын ичи адам өлүгүнө шыкалып калыптыр. Күңүрт жарык түшкөн жайдан эле бир үймөк өлүк көзгө чалынса, ары жакта дагы канча үймөк өлүк жатат – белгисиз. Күңүрт жарыктан көрүнгөн өлүктөрдүн кээси кийимчен, кай бири жарым жылаңач да, кай бирлери дырдай жылаңач, ооздору ачылып, маңдай тиштери аркайып, кабыргасы каркайып ар жерде куурчактай сулап жаткан өлүктөрдү көргөндө, алар бир кездери тирүү болгонуна ишенбейсиң.

Өлүктөрдөн чыккан сасыган, ачуу жыт мурунга уруп, малай айласыздан жеңи менен мурдун чумкуду. Сасыган жыт мурунду өрдөп, бара-бара малайдын мурду жыт сезбей да калды.

Дал ошол маалда өлүктөрдүн арасында чөгөлөй олтуруп, бир нерсе менен алек болуп олтурган бирөөнүн карааны көзүнө урунду. Байкап караса, үстүнө күрөң түстө кимоно кийген, бою пекене, өзү куркуйуп арык, чачы куудай аппак, маймылга окшогон кемпир күдүңдөп бир нерсе менен алек. Оң колуна бүлбүл жанган шакмагын кармаган кемпир өлүктүн жүзүнө үңүлүп карап олтурат. Жайылган узун кара чачына караганда жерде жаткан аялдын өлүгү сыяктуу.

Муну көргөндө малай турган жеринде селейип катты. Илгеркилер айтмакчы «оозуна келме кирбей» нес болуп, төбө чачы көтөрүлө түшкөнү өзүнө кадимкидей сезилди. Аңгыча кемпир колуна кармаган шакмагын жыгач тактайлардын арасына кыстара салды да, баятан карап турган өлүктүн чачын кудум баласынын башынан бит издеп жаткан маймылдай уйпалай кармап, анан аткып-аткып жула баштады. Чачтар жулунган баштын орду кадимкидей тасырайып көрүндү.

Кемпир өзүнчө күдүңдөп чачты тутамдап кармап, аткый жулуп жатканда малай коркунучтан бир аз өзүнө келгендей болду да, тиги кемпирди ушунчалык жек көрүү сезими менен жеп салчудай карады. Кемпир деп айтканга да ооз барбайт буга окшогон жексурду! Мындай мыкаачылыкты көргөндө малайдын жек көрүү сезими уламдан-улам оргуштады. Эгер азыр бирөө-жарым малайдан абирийиңди сактап ачкадан өлөсүңбү же өлбөстүн айласында уурулук кыласыңбы десе, шыр эле ушундан көрө ачкадан өлгөнүм артык демек. Көз алдында болуп жаткан таш боордук менен мыкаачылыктан малайдын ичинде кайнап жаткан жек көрүү сезими май куйгандай дагы жалбырттап тутанды.

Малай кемпир өлүктүн узун кара чачын тасырайта аткып жулуп жаткан кылыгына такыр түшүнө албай карап турду. Муну жыргагандан улам кылып жатабы же куурагандан уламбы, ушуга акылы жетпей айран-таң. Жаандуу түндө Расёмон дарбазасындагы мунара ичинде өлүктүн чачын жулуп олтурат деген не шумдук. Кепиниңди жегир! Буларды ойлоп олтуруп малай азыр эле өзү өлбөстүн амалында кандай жаман ишке болсун барам деп жатканын унутуп да калды.

Малай буттарын тепкичке бекем таканчыктай туруп, бир секирик менен ичкериге мышыктай атып кирди да, белиндеги кылычын кармай, чоң-чоң аттап кемпирге жетип барды. Кемпир коркуп кеттиби же жокпу – белгисиз.

Малайды көрөр замат кемпир ордунан бирөө салмоор менен ыргыта ургандай атып турду.

– Токто! Кайда качасың! – деди үтүрөңдөгөн малай кемпирдин жолун тороп, карайлаган кемпир өлүктөрдүн үстүнөн чуркап баратып, чалынып жыгылганда. Ага карабай кемпир малайды түртө салып, качып кеткиси бар. Малай аны коё бербестен, артка сүйрөдү. Экөө үн-сөзсүз өлүктөрдү тебелеп, бир топко дейре алышты. Бирок ким багынат, ким жеңет башынан эле белгилүү эле. Акыр аягында малай кемпирдин колун кайрып, жерге ныгырды. Малайдын колуна кемпирдин арык, тооктун бутундай болгон катуу, тарамыш колдору урунду.

– Эмне кылып олтурасың, айт! Эгер айтпасаң өзүңдөн көр!

Кемпирди жыга түртүп, белинен кылычын жалт-жулт сууруп алды да, кемпирдин көзүнө такады. Кемпир үндөгөн жок. Колдору калчылдап, деми кысылып, көздөрүн чанагынан чыгып кетчүдөй тостойтуп, дудук немедей үн-сөзсүз. Кемпирдин тагдыры эми анын колунда экенине көзү жеткенде гана, малайдын азыр эле ичинде кайнап жаткан заары суу сепкендей сээлдей түштү. Өз ишине корстон боло түшкөн малай жаачыдай мыкчыйып, бир аз жеңилдеп калды.

– Эй, какшаал. Сөздү тегеретпей, чыныңды айт, - деди малай анын үстү-башына көз жүгүртө. – Мен шаардык күзөтчү эмесмин. Болгону дарбазанын жанынан өтүп бараткам. Мени кармап кетип, камап салат деп ойлобо. Чыныңды айтчы мага, сен бул жерде эмне кылып олтурдуң азыр?

Кемпирдин чанагынан чыгып кетчүдөй кызарган көзү андан бетер тостоюп, малайды чекирейип тике карады. Жырткыч куштун көзүндөй чекирейген, заардуу көздөр малайды теше тиктеди. Андан соң бир нерсени чайнап жаткансып, каат-каат бырыш баскан эрдин илең-салаң кыймылдаткандай болду. Илмийген арык моюнундагы кокосу коркоюп көрүнөт. Кемпир күнөөкөр баладай башын шылкыйтып, үзүл-кесил үнү менен, кудум кузгундай куркулдап:

– Мен жөн эле… чач жулуп жаткам… кийме чач үчүн… чачын жулуп.

Муну укканда малайдын оозу ачылды. Ошону менен катар баятан ичинде катылып жаткан жек көрүү сезими андан бетер жаалдап, мындай жексурду кылыч менен бөлө чапкысы келди. Кемпир муну байкады окшойт, колунда кармаган бир тутам узун чачты тияк-биякка акырын чапкылап, күңкүлдөп баштады:

– Өлүктүн чачын жулуш Кудайга деле жакпаган иш. Өлүкпү же тирикпи, баары бир инсанбыз. Мен чачын жулуп жаткан аял жыландарды кармап келип, бөлүктөп туурап, майга кууруп, куурулган балык эти деп базардагы күзөтчүлөргө сатчу… Ошентип жанын багар эле. Эгер кара тумоодон өлбөгөндө, дале ошентип жанын багып жүрмөк. Даамдуу деп, базардагы күзөтчүлөр дайыма андан соода кыла турган. Түшүнөм, бечара ачкадан өлбөш үчүн ошондой ишке барган. Азыр мен да ачкадан өлбөш үчүн ушул ишке барып, ошол аялдын чачын жулуп олтурам. Аргасыздан ошондой ишке барган кургур менин да муну аргасыз кылып жатканымды түшүнүп, кийин акыретте кезигип калсак мени кечирер.

Кашайгыр кемпир оозу-мурду кыйшайбай ушуну айтса болобу!

Малай кылычын кынына салып, оң колу менен кылычын даяр кармап, сол колу менен жаагына кызара чыккан чыйканды ушалай, кемпирдин айтканын суз гана угуп турду. Кемпир муну айтып жатканда баягы чечкинсиз мүнөзү таркап, ичинде эркектик чечкиндүүлүгү ашынып баратты. Азыр эми кандай ишке болсун ойлонбостон даяр эле. Ачкадан өлөйүнбү же өлбөстүн амалында уурулук кылсам деле болобу – баятан мээсин жеген ушул ойлор эми чындап жоголуп, ачкадан өлгөндөн көрө арам-адалын ылгабай, колуңдан келгендин баарын жаса деген бир гана ой акылын бийлеп алды.

– Ой, атаңдын көрү!... Тиричилигиң көтүңдө калгыр! – деп келекелей сүйлөндү, кемпир сөзүн айтып бүткөндө. Андан соң кемпирге бир аттап жетти да, иттей ыркырап: – Демек заманың бөрү болсо бөрү, түлкү болсо түлкү бол экен да. Мен да ачкадан өлгүм келбейт.

Малай анын үстүндөгү кимоносун сыйрып алды да, этегине эрмеше калган кемпирди түртө салып, узун-туурасынан чачылып жаткан өлүктөрдүн үстүнө томолото тепти. Тепкичке чейин беш кадам аттап жетип, кемпирдин үстүнөн сыйрып алган кимонону колтугуна кыскан бойдон тепкичтен көз ирмем убакытта төмөн түшүп, сырткы караңгылыкка житип жок болду.

Дырдай жылаңач кемпир өлүктөрдүн үстүндө бир топко эси ооп жатты. Бир аздан кийин эсине келип, же ыйлап, же күңкүлдөп жатканы билинбей, дале күйүп турган шакмактын жарыгында өлүктөрдүн үстү менен оозго чейин боортоктоп сойлоп келди. Эшиктен башын чыгарып, саксайган, куудай аппак чачы маңдайын жаап калганга дейре ийилип, төмөн жакты карады. Сыртта дарбазанын айланасы көзгө сайса көрүнгүс караңгы.

Малай ошондон кийин ал жерден дайынсыз жоголду.

1915-жыл.

Которгон Кубантай ЭРНАЗАРОВ, Москва шаары.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз