Рюноскэ  Акутагава: Байдын кызы Рокуномия эрке

  • 20.08.2024
  • 4991

АҢГЕМЕ

1

Рокуномия эркенин атасы илгертен берки тектүү тукумдан чыккан киши. Ата-бабасынан кылымдардан бери укумдан-тукумга өтүп келе жаткан эсепсиз байлыкка ээ болгону менен, кызмат абалында хебунодаидзюю чининен өйдө көтөрүлө алган жок. Эрке кыз ата-энеси менен бирге Рокуномиядан анча алыс эмес жердеги анча чоң эмес үйдө тургандыктан, ошол жердин аталышынан аны Рокуномия эрке деп аташа турган.

Ата-энеси көзүн карап, эркелетип бакты. Байдын кызы Баймакты, жебейт элем каймакты  деп бөпөлөгөн турмушта бой жетип чоңойду. Бирок эски салт боюнча ач көздөн сактап эч кимге көрсөтпөй багышты. Ата-энесинде бирөө-жарым куда түшүп келип, бул да өз бактысын тапса дегенде эки көзү төрт эмес сегиз. Төрө  кызы төрайым да ата-энесинин жакшы тарбиясынан эч жакка чыкпай, жалжактабай, адептүү кыз болуп күн кечирди. Турмуштун ачуусун деле сезбеди, таттуусун деле сезбеди. Жашоодо эч нерсени көрбөгөн неме мунун жаман-жакшысын деле сезбеди да, туйбады. «Ата-энем бар бактым бар»  деп  таянганы, ишенгени эле анын көзүн караган ата-энеси.

Көлмөгө таяна өскөн алча жыл өткөн сайын бирин-серин гүлдөчү болду. Эрке кыз ошентип бойго да жетип калды. Таянычы – атасы карыган кезде сакэ[1] ичкенди адат кылып алып, бир күнү аны көп ичкенден турбай калды. Андан жарым жыл өтпөй байынын өлгөнүнө кайгырып жүрүп, күйүттөн энеси да оо дүйнөгө кете берди. Эрке буга кайгырган деле жок, өкүнгөн деле жок.

Эрке талтаңдын ошентип бул жарыкта бакмачы аялдан башка эч кимиси калбады.

Бакмачы аял дагы деле эркенин «оту менен кирип, күлү менен кошо чыгып» жүрдү. Бирок үйдө укумдан-тукумга өтүп сакталып келген седеп үкөктөр жана күмүштөн ысырык идиштер биринин артынан бири жоголуп жатты. Ошол эле маалда малайлар менен күңдөр да кезеги менен кетип жатышты. Эрке  да турмуштун бир аз түйшүгүн сезгендей болду. Ээнсиреген тынчтыкта мурдагы эле төгүл-чачыл жашоосунда жүргөнсүп, дале болсо баягы кылып жүргөн ишин жасап – кото[2] чертип, беш сап ыр токуп жүрө берди.

Бир күнү күздөгү күүгүм кечте бакмачы аял эркеге жакын келди да, шашпастан сөзүн таптап сүйлөп, мындай деди:

- Менин бир кечил-тууганым кулак-мээмди жеп жатат: Тамба аймагынын мурдагы башкаруучусу, мартабалуу бир киши сени менен жолуксам деп жатканын, бир айтып бир койбойт, эки айтып эки койбойт. Өзү да тектүү жерден чыккан, колу ачык, жакшы адам имиш. Бир жолугуп көрсөң кантет? Мынтип жашап күн көргөндөн көрө…

Муну укканда эркенин көз жашы кургабайт болуп, турган жеринде бышыктап ыйлап кирди. Иий ботом, эрге тийди деген – жокчулуктун айынан, ачка калганда денесин сатты деген эле сөз да, кокуй! Бул нерсе бир эле анда эмес, баарында эле болуп келген иш. Бирок мындай иш өз башына түшкөнүн сезгенде, күйбөгөнү күл болду.  Анан бакмачынын маңдайына олтуруп, беденин жалбырактарын сылай, уңулдап соккон шамалда жеңи менен бетин басып алып, унчукпастан көпкө ыйлап олтура берди…

2

Кийин анан ар түнү баягы мырза менен жолугуп жүрдү. Бакмачы айткандай эле, жолуккан мырзасы сылык-сыпаа киши экен. Келишимдүү турпаты менен сүйкүмдүү жүзү эл айтканчалык эле бар. Андан сырткары, эл ойлогондой эле мырза жигит эрке кыздын сулуулугуна азгырылып, эстен тана сүйүп калды. Эрке да жигиттин гүлүнүн көңүлүн эч ооруткан жок. Убакыттын өтүшү менен ага бара-бара көнүшүп да калды. Мырза жигит менен түнкүсүн тосмо парданы гүлдөр курчап, көпөлөктөр айланчыктаган жайдагы керебетте жатып жүрдү, бирок мунун бир ыракатын сезип өлсөчү.

Ошол кезден тарта үй ичи бир аз шаңга бөлөнө түшкөнсүдү. Лактап сырдалган кара текчелер коюлуп, бамбук пардалар тартылып, үй кызматын кылганга малайлар да жалданды. Бакмачысы баягыдай эле алдуу-күчтүү, кылганы иши тың. Буга карабай эркенин маанайы чөккөнү чөккөн.

Бир жолу жамгырлуу кечте, мырза жигит менен эрке кыз сакэден ичип олтурушканда, мырза жигит Тамба аймагында болгон бир ишти айтып калды: Борбор калаадан Идзумодзиге жол тарткан жолоочулар жолдо баратып, Оэяма тоосунун этегенде бир үйгө түнөп калышат. Койчунун кызы кой короого келгенде  болуп кожоюндун аялы дал ошол маалда толгоосу кармап, кыз төрөйт. Ошол маалда жолоочулар аял толготкон бөлмөдөн эч ким тааныбаган, бир бейтааныш эркек: «Арадан сегиз жыл өткөн соң…. Өзүнө өзү кол салаар ….» - деп күбүрөнө сыртка чыгып кеткенин көрүшөт. Ал бейтааныш эркек ошондон ары житип жок болот. Сегиз жылдан кийин ошол эле жолоочулар Киотого жол тартып баратып, дагы ошол үйгө түнөп калышат. Анан? Ошол кыз сегиз жашка толгондо таң калыштуу жагдайда көз жумат. Дарактан кулап түшүп, жерде жаткан орок кекиртегине кадалып калыптыр. Мырза жигит мына ушуну кобурап берди.

Биздин эрке кыз муну укканда пенденин калабалуу жашоосунан үрөйү учуп баштады. Тиги маркум кыздын тагдырына салыштырмалуу – жанында мырзасы турганда дале болсо бактылуу да, таалайлуу эмеспи. “Башка түшкөндү көрө жатарбыз...” – деп муну ойлогондо кылыктана жылмайды.

Үстүнө үйүлгөн кардан карагайдын бутактары ийилгенден ийилип, төмөнгө карай ныгырылды. Эрке кыз мурунку эле төгүл-чачыл жашоосунда жашап жүргөнсүп, эчтекеден капарсыз, котонун кылдарын чертип, сугорокуда[3] ойноп, түнкүсүн мырзасы менен бир керебетте жатып, көлмөгө конуп жаткан өрдөктөрдүн сайраганын тыңшап жашап жүрө берди. Ал күндөр сонун кез эле, сонундук бүтөр тез эле болуп, жашоосу кубанычтуу болбосо да, кайгыдан оолак күндөр чубап өтүп жатты. Эркеге бирок ушунусу да шүгүр эле.

Бирок бул күндөр да акыр аягында бүттү. Бир жолу эрте жаздын кечинде мырзасы жалгыз олтуруп, кыңырылып жатып мындай деди:

- Ошентип сени менен да бүгүн акыркы түнүм, берекем...

Анын атасы Муцу аймагына башкаруучусу кызматына дайындалып, мырза жигит да  ак карлуу жайга атасы менен кетип бараткан. Эрке кыз менен коштошуу өтө кыйынга турду. Ага жашыруун үйлөнүп алганы үчүн, атасына муну батынып айта алмак эмес да. Муну ага ыйлап-сыктап жатып көпкө түшүндүрдү.

- Беш жылдан кийин кызмат мөөнөтүм аягына чыгат. Мени күт, каралдым.

Эрке кыз көмкөрөсүнөн жатып алып көпкө ыйлады. Мырза жигитке эч кандай сүйдүм-күйдүм сезими жок болсо да, жашоодогу таянычы кетип жатканы ага өтө оорго турду. Мырза жигит аны жонунан сылап, көңүлүн жайгарууга аракет кылып, бирок сүйлөп жатканда көзүнөн жаш тамып кетип жатты.

Ошол маалда эчтеке менен иши жок бакмачы аял дагы бир жаш кызматчы кыздын коштоосунда кумурага сакэ куюп келди. Алып келери менен эски көлмөгө таянып өскөн алча тамырын чырмап турган борпоң жер көчүп түшкөнүн эбиреп-жебиреп айтып берди.

3

Ай алмашып, жыл тогошуп, беш жыл да өттү. Жадырап-жайнап жаз келди. Түндүк тарапка кеткен мырзасы Киоттого кайрылып келген жок. Бул аралыкта малайлары менен чогуу жашаган үйү бир күнү бороондон урап түштү. Айласы кеткенде бакмачы аял менен чогуу үйдүн бир ныптасындагы малайлар жашаган өжүрөгө көчүп кирди. Өжүрө деген аты эле болбосо, үстүнөн жаан өтпөгөн эптемей алачык десе жарашчудай. Өжүрөдөгү жашоону көргөндө бакмачынын көзүнөн жаш тамып, экөөнүн тең сиркеси суу көтөрбөй калды.

Албетте, иттей оор жашоо башка түштү. Сандык, текче дегенден эчтеме калбай, анткен менен жегенге күрүч менен жашылча азырынча бар. Эркенин үстүнө кийген кийиминен башка бир да кийими калбады. Жагарга отун калбай калганда бакмачы кыйшайган үйдүн тактайларын сууруп жага баштады. Эрке кыз болсо дагы деле баягы кездеги төгүл-чачыл жашоосунда күн кечирип жүргөнсүп, кото чертип, беш сап ыр токуп, мырзасын күтүп жүрө берди.

Анан ошол жылы күздүн айлуу кечинде бакмачы эрке кызга жакын келип, адатынча жай гана  тапталанып сүйлөп алып, мындай деди:

- Эми аның кайрылып келбейт ко, жарыктык. Аны эсиңден чыгар, жакшысы. Айтмакчы дагы бир мекеменин башкармасы сага жолуктур деп, жанымды койбой жатат, не деп коёюн?...

Бул сөздү укканда эрке алты жыл мурда эмне болгонун эстеди. Алты жыл мурун ыйлабайын десең да ыйлатар көңүлсүз жашоосун эстеди. Азыр эми эчтекеге ал-күчү калбагандай. «Эптеп тынч-аман карысам болду…» - дегенден башка нерсе башына кирбеди. Бакмачы сөзүн бүткөндө, өңдөн азган жүзүн айдын жарыгына тосуп, башын чайкай мындай деди:

- Эми мага эчтекенин кереги жок. Тирүү жүрсөк күн өтөр, өлсөк Кудайдын айтканы.

*      *      *

Дал ушул саатта Хитати аймагында мырза жигит жаңы үйлөнгөн жубайы менен чогуу сакэ ичип олтурган. Жубайды атасы өзү куда түшүп, бүт каада-салтын кылып, калың берип үйлөнткөн. Ал бул аймактын башкаруучусунун кызы эле.

- Эмне бул, уктуңбу? - деп сурады мырза жигит башын көтөрүп, айдын нуру тегиз тийип турган үйдүн чатырына карап. Бул мүнөттө эмнегедир анын көз алдына эрке кыздын элеси тартыла түштү.

- Каштан кулап түштү бейм, - деп жооп берди мырза жигиттин ныксыраган жубайы кумурадан идишке сакэ куюп жатып.

4

Мырза жигит Киоттого тогуз жылдан кийин кеч күздө кайтып келди. Жолдо келатып Авадзуда ырым боюнча жакшы эмес күн өтүп кеткенче сапарын токтотуп, аялы жана анын туугандары менен бир азга кармалды. Киоттого көпчүлүккө көрүнгүсү келбей атайын кеч күүгүмдө келишкен шекилдүү. Тээ түндүктөгү ак карлуу жайда жашап жүргөндө Киоттодо калган эркетайына эки-үч жолу кат жөнөткөн. Бирок биринде чабарман артка кайтпай калса, экинчисинде чабарман эркени таппай, ошентип мырза жигит бир да жолу жооп ала алган эмес. Ошого Киоттого келгенде аны көрсөм дегенде жүрөгү дегдегенин айт. Келери менен аялын атасынын кан сарайына жайгаштырып, үстүндөгү кийимин чечпестен Рокуномияга жол тартты.

Рокуномияга келгенде төрт мамыдан турган дарбаза, хиноки[4] дарагынын кабыгынан жабылган үй, эркетайы жатчу бөлмө – баарысы түп орду менен жоголуп, урандынын үймөгү гана калыптыр. Мырза жигит чөгөлөй калып, качанкы бир кездеги бактын ордун тегерете тиктеп, каңырыгы түтөп турду. Жарым-жартылай кургай баштаган көлмөгө өскөн өлөң чөп шамалга ыргалып турду.

Үйдүн ордунан анча алыс эмес жерден кыйшайып кулайын деп калган эски үйдү көрдү. Ага жакындап келгенде бирөөнүн көлөкөсү кыймылдап кеткенсиди. Караңгы жайга үңүлө карап, ал акырын үнү менен чакырды. Ошондо айдын жарыгында эмнегедир көзүнө жылуу учураган карыган кечил аял эрбеңдеп чыга келди.

Качан мырза жигит өзүн тааныштырганда кечил кемпир эчтеке айтпастан көпкө ыйлады. Анан каргылданган үнү менен эрке кыз тууралуу айтып кирди:

- Сиз мени унутуп калгандайсыз, улуу урматтуум. Мен сиздин ханыша айымыңыздын колунда кызмат кылган кызматчы кыздын энеси болом. Сиз Киоттодон кеткенден кийин менин кызым ага дагы беш жылдай кызматын кылып жүрдү. Ал жерде кызым күйөөсү менен Тадзимага жөнөмөк болгондо, мен кызыма кошуп мени да бошотуусун сурандым. Мындан бир аз мурун төрайымды ойлогондо көөнүм чыдабай Киоттого жалгыз жөнөдүм. Ал жерге барсам, ишенесизби, үй да жок, төрайымдын өзү да жок. Төрайым азыр кай жерде, эмне күндү көрүп жүрөт, менин кабарым жок, улуу урматтуум. Менин кызым төрайымдын кызматын кылып жүргөндө, төрайым кандай жаман күндө калганы тууралуу кабарыңыз жок окшойт, улуу урматтуум…

Муну укканда мырза жигит бир кийимин чечип, алдында турган бүкүр кемпирге карматты. Андан соң башын шылкыйтып, унчукпастан бул жайдан узап кетти.

5

Андан кийинки күнү  эртеден кечке дейре бут калааны кыдырып эркетайын издеди. Бирок эркетайы тууралуу эч кандай илинчек таба албай кайтып келди.

Ошондон бир нече күн өткөндөн кийин мырза жигит Судзакумон дарбазасынын маңдайындагы Батыш галареясында жаандан корголоп турган. Анын жанында жаандан корголоп, дагы бир кембагалга окшогон кечил турган. Жаан дарбазанын  жылчыктарынан себелеп жаап жатты. Кечилди көз кыйыгынан карап коюп, мырза жигит өзүн алаксытыш үчүн таш плиталар менен ары-бери басып турган. Бир маалда тосмонун артындагы галерея ичиндеги күңүрт  жайдан бирөөнүн үнү чыкканын кулагы чалды да, ал тарапты көңүл  кош карады.

Ал жерде кечил аял жыртылган шалчаны түздөп, оорукчан аялга көз салып олтуруптур. Аялдын жүдөгөн жүзү ал тургай күңүрт жарыкта байкалып турду. Бир карап эле эркетайы жатканын жазбай тааныды. Мырза жигит бир нерсе айтайын деп барып, бирок эркетайынын бул абалын көргөндө үнү каргылданып туруп калды. Эркетайы мырзасы жанында турганын билбей, жыртылган шалчага кейип, анан да өлө албай жатып өлөң айтат болуп, кайгылуу беш сап ырын токуп жибергенин кантесиң. Анын үнүн укканда мырза жигит эркетайын атынан айтып кыйкырып жибергенин өзү байкабай калды. Эрке кыз башын көтөрдү да, мырза жигитин араң дегенде таанып, кыйкырарга алы жок шалчага көмкөрөсүнөн кулап түшкөндө, аны жандап жүрчү кечил – бакмачы аял менен мырза жигит коркуп кетишти да, аны көздөй жүткүнө жөнөштү. Качан алар аны далысынан кармап өйдө көтөрүшкөндө, анын ыраңын көрүп, жүрөктөрү түштү.

Бакмачы аял эмне кылышын билбей башы карайлап, бери жакта элейип караган дубана кечилге дуба окуп жиберишин безилдеп жиберди. Дубана кечил макул болду да, эрке кыздын башына келип, түздөнө олтурду.  Анан жан чыгып жатканда окулган дубаны окуштун ордуна ага кайрылып, мындай деди:

- Өмүр менен ажал адамдын эркине баш ийбейт, кызым. Болгон күчүң менен Амида буддасын чакыр.

Мырза жигитине боюн таяп олтурган эрке кыз бирдеме деп будданы атынан чакыргандай болду. Анан эле көзүн алайта чочуп, шыпты караган калыбында:

- Кудай ай, оттуу дөңгөлөк көрүнүп жатат!

- Коркпо, кызым! Буддага сыйын, ал сага ырайым сурайт.

Кечил үнүн акырын көтөрүп сүйлөдү. Бир аз туруп эрке кыз өңүмбү же түшүмбү дегендей түрдө:

- Алтын суугалдак көрүп жатам. Эбегейсиз чоң, кол чатырга окшоп кеткен, ыйык суугалдак гүлү.

Дубана кечил бир нерсе айтам деп барып, бирок үлгүрбөй калды. Эрке кыз үзүл-кесил сөздөрдү сүйлөй берди:

- Суугалдак көрүнбөй калды. Эми караңгылык каптады. Караңгыда шамал улуп баштады.

- Жан-дилиң менен будданы чакыра бер. Эмнеге будданы чакырбай жатасың, кызым?! – деди кечил буга бир аз ачуулана.

Бирок эрке кыз баягы эле сөзүн кайталады:

- Эчтеке… эчтеке көрүнбөйт. Капкараңгы… Шамалдан башка… Капкараңгы жайда муздак шамал гана уңулдап согуп жатат.

Мырза жигит мене бакмачы аял көз жашын көлдөтө төгүшүп, Амида буддасынан маркумга ырайым кылышын тиленип, дуба окуп жатышты. Дубана кечил колдорун такыба куушуруп, эрке кызга дубаларды окуп турууга жардам берип жатты. Ошентип шатырата жааган жамгыр үнү окулуп жаткан дубаларга тоскоол болгон жайда, жыртык шалчанын үстүндө жаткан калыбында эрке кыз тиги оо дүйнөгө кете берди…

6

Бир нече күн өткөн соң айлуу түндө баягы эрке кызды дуба окуп туруусун суранган кечил үстүндөгү самтыраган кийими менен тизелей олтуруп, колдорун тизесине койгон калыбында Судзакумон дарбазасынын маңдайындагы Батыш галареясында сүкүт тартып олтурду. Айдын жарыгында жол менен эчтекеден капарсыз, өзүнчө бир нерселерди кыңылдап ырдап бир самурай келатты. Дубана кечилди көрө  салды да, көңүл кош гана:

- Дарбаза жанынан жакындан бери бир аялдын уңулдап ыйлаганы угулабы? – деп сурады.

Таш плитанын үстүндө олтурган кечил ордунан козголбостон бир ооз гана:

- Тыңда жакшылап.

Самурай кулагын түрө тыңдап калды. Бирок кара чегирткелердин чырылдаган алсыз үнүнөн башка эчтеме угулбады. Түнкү аба карагайдын чайыры жыттанып турду. Самурай бирдеме демекчи болду эле, бирок ошол маалда кайсы бир тараптан аялдын илең-салаң онтоп ыйлаган үнү угулуп баштады.

Самурай коркуп кетип, дароо белине тагылган кылычына кол сунду. Бирок үн элес-булас чыгып барып, анан кайра эле житип жок болду.

- Буддагы сыйын! - деди кечил жүзүн айга тосуп. – Бул бейиш да, тозок да буюрбаган, эч жакка кереги жок аялдын арбагы. Буддага сыйын, турбай!

Бирок самурай эчтеке дебестен кечилдин жүзүнө тигилип карар замат чочуп кетип, ага жетип барды да, кечилди колдон алды.

- Улуу карыядар Найки – бул Сизби? Бул жерде эмне олтурасыз ботом…

«Улуу карыядар Найки» атка конгон бул азыркы дубана кейпиндеги адам өтө такыба будда кечили эле, ал тургай улуу карыядар Куйдун шакирттеринин арасында да бийик кадыр-баркы бар ыраматылык  Ёсисигэ Ясутанэ аттуу адам болгон.

Июнь, 1922-жыл.

Которгон  Кубантай ЭРНАЗАРОВ, Москва шаары.

[1] Сакэ – күрүчтөн ачытып жасаган бозо сыяктуу суусундук.

[2] Кото – жапондордун он үч кылдуу, чертме музыкалык аспабы.

[3] Сугороку – жапондордун тогуз коргоол, нарда сыяктуу улуттук оюну.

[4] Хиноки – ийне жалбырактуу, арча сыяктуу дарак өсүмдүгү.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз