- Келесоолор менен жиндилерден жол талашпа.
- Эгер аял кааласа – асканы тешип өтөт.
- Кетем дегенге жармашпа, келгенди кубалаба.
- Ылдам – бул жай, бирок токтоосуз кыймыл.
- Жаман адамдын досу болгуча, жакшы адамдын касы бол.
- Карапайым адамдарсыз улуу адамдар болбойт.
- Ким өйдө чыккысы келсе, ал шатыны ойлоп табат.
- Эрди-катын кол менен көз сыяктуу болуш керек: колуң ооруса көздөн жаш чыгат, а көздөн жаш чыкса, кол сүртүп кургатат.
- Күн жакшыны да жылытат, жаманды да жылытат. Ал атайын бирөөнү жылытам деп нурун чачпайт. Өзүн тапкан адам күн сыяктуу.
- Деңиз майда дарыяларды чанбаган үчүн улуу.
- Алыска сапар да жакындан башталат.
- Кылыч өмүрүндө бир эле жолу керек болсо да, аны дайыма тагынып жүрүү керек.
- Кооз гүлдөр мөмө бербейт.
- Төшөктө жаткан адам, чалынып жыгылбайт.
- Бир жылуу сөз, кыштын үч айын жылыта алат.
- Чечиле турган көйгөйгө тынчсыздануунун кереги жок, чечилбей турган көйгөйгө тынсыздангандан пайда жок.
- Бутактын сүрөтүн тартам десең, шамалдын демин уга бил.
- Болгон аракетиңди жаса, калганын тагдырыңа кой.
- Ашынган чынчылдык келесоолук менен чектеш.
- Күлкү чыккан үйгө, бакыт конот.
- Жеңиш, атаандашынан жарым саат ашык чыдай алган адамдыкы.
- Жалбырак чөгүп, таш аккан учурлар болот.
- Муздак чай менен муздак күрүчтү ичип-жесең болот, бирок суук көз караш менен муздак мамилеге чыдоо мүмкүн эмес.
- Ойлонуп туруп чеч, чечим кабыл алган соң ойлонбо.
- Сураган – бир мүнөттүк уят, билбестик – өмүр бою уят.
- Ойлонуп туруп чеч, чечкенден кийин ойлонбо.
- Терең дайра тынч агат.
Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ