Жапон эл жомогу: Бир көздүүлөр өлкөсүндө

  • 14.12.2023
  • 4222

Бир киши мээнет кылуудан тажап, жеңил оокаттын жолун издей баштайт. Бир жумуш өтө машакат көрүнсө, экинчиси – аз кирешелүү. Бир күнү ага бир досу анын чоң атасы тээ жаш кезинде алыскы Күн чыгыш тарапта кемеде чоң аралды жээктеп сүзүп баратып, ал жерден жалгыз көздүү адамдардын тобун көрүшкөнүн айтат.

«Ошол бир көздүү адамдардан бирди кармап келип, акчага көргөзмө уюштурсам кантет? Ар бир көрүүчүдөн жез тыйындан алып турсам, тез эле байып кетем го. Маймылды көрсөткөндөн көрө, бир көздүү адамды көрсөтсөм эл да көп келет беле!» - деп ойлонот.

Кайыкка олтуруп, бир көздүү адамдар жашаган аралды издеп жөнөйт.

Көптөгөн жерлерди сүзүп өтөт, жолдо ар кандай кызыктуу окуяларга туш болуп, акыры бир чоң аралга кез келет. Жээкте эрбеңдеп бир нерсе менен алек болуп жүргөн адам сыягындагы жандыкты көрөт. Акырын барып байкаса, жалгыз көздүү адам отун терип жүрүптүр. Сүйүнүп кетет. Артынан аңдып барат да, шарт буттан алып, кайыкты көздөй сүйрөйт. Бир көздүү адам эки көздүү адамды көргөндө бир топко таң калуудан өзүнө келе албай, анан кыйкырып жиберет:

- Достор! Достор! Бул жакка келгиле! Таң калыштуу адам экен: эки көзү бар!

Ары жакта бир көздүү дагы үч адам жүргөн экен, алар  чурулдап кыйкырып  калышат:

- Ыя, эки көздүү дейсиңби?!

- Эки көздүү?!

- Чуркадык!

Ызы-чуу түшүп, жалгыз көздүү үч адам чуркап келатышат. Тиги алардан кутула албасына көзү жетип, бутунан сүйрөп бараткан жалгыз көзүн таштай салып, бадал аралап качып жөнөйт. Бирок баары бир тигилер артынан кубалап олтурушуп, акырында буктурмага такап, кармап алышат. Мойнунан жипке байлап алышып, эки көздүү адамды көпкө таңыркап тиктешет. Анан жалгыз көздүүлөрдүн өлкөсүндөгү шаарларды кыдырып, акчага көргөзмө уюштурушат. Эки көздүү адам тууралуу шумдуктуу кабар өлкөгө желдей тарап кеткендиктен, аны көргөнү бир көздүү адамдар ар кайсы жерлерден агылып келишет. Ошентип тигилер бир топ алтын жана күмүш теңгелерге иштеп алышкан экен.

Которгон Кубантай ЭРНАЗАРОВ, Москва шаары

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз