Бул токойдун аты – Калатыстан токою. Адатта арстан токойдун тубаса кожоюну болсо, бул токойдо эрежелер, тең салмактар бир аз башкачараак... Калатыстандын бир катар эрежери менен таанышып өтөлү. Калганын мезгили келгенде дагы кеп кылып жатарбыз.
Токой калкынын 95 пайызы кумурскалардан турат. Жада калса Калатыстанда бардык бөбөктөр кумурска болуп туулат. Кийинчерээк жашоо шартка карап ийнеликке, бүркүткө, түлкүгө, арстанга, жада калса ажыдаарга айланат... Адатта бул эволюция токойдо мартабасы жогорулаган учурда тездик менен ишке ашарын илимпоздор айтып келет. Айтмакчы, убагында ажыдаарга айланып, кайрадан кумурска болуп калгандар деле жок эмес.
Калатыстанда тең салмактар башкачараак демекчи, бир канча фигура менен таанышып алалы. Андан соң арстандын шайлоого аттанган икаясын айтып берип кебимди жыйынтыктайын.
Кумурска
Мээси менен башынын көлөмүнүн катышын эске алганда, айбандар дүйнөсүндө эң чоң мээге ээ жаныбар экен. Эмгекчилдиги баарыбызга маалым. Өзүнөн кырк эсе оор жүктү көтөрө алары айтылат. Демек кара күчкө да ээ. Топ-топ болуп жашашат жана бирөөгө гана баш ийишет. Башка бир топ жаныбарлардан айырмаланып кумурска, бир кыйла бийиктиктен түшүп кетсе деле жараат албайт, дароо туруп тиричилигин улап кете берет.
Арстан
Сөөлөтү, үнү айбаттуу, бирок өзү оор басырыктуу жаныбар. Курсагы ачпаса же кыжырына тийбесе, эч кимге кол салбайт. Болбосо аябай күчтүү болгондуктан, куйругу менен эле чапканда адамды жыга коёр күчкө ээ. Үнү аябай айбаттуу болгондуктан кээде бир бакырып эле койгону токойдогу бейтартип бир топ жаныбарларды тартипке салып койгонго жетет. Өтө аз жарыктык менен деле бир топ узакты көрө алат, жыт сезүү мүмкүнчүлүгү да жогору. Өзү ээлик кылган аймактын чек арасын заарасы менен белгилеп, анын жыты менен контролдоп турат. Бул аймакка башка арстан кирсе анын сазайын берет. Олжосун бөлүшүп жегенди билет, олжо үчүн бири-бири менен (арстандар) урушпайт. Бир жеген олжосун ашып калган күндө да кайра келип жебейт.
Түлкү
Муну куу же таланттуу жаныбар десе болот. Адатта кечинде ууга чыгат, олжосуна аркасынан барып кол салат. Тез чуркай алат.
Маймыл
Маймыл - токойдун эң таланттуу жаныбары. Жаңы нерсени оңой үйрөнөт, мээси бир топ жаныбарга караганда жакшы иштейт, кылыктан кылыкка кире алат. Анан да кол булчуңдары күчтүү болгондуктан ар нерсеге асылып алып түшпөстөн жүрө берет... Маймылдардан көптөгөн кесиптин ээлери чыгат. Мисалы, токойдун так ортосунда орун алган кара тактайга маалымат жазууну аябай жакшы өздөштүрүшкөн экен: калың катмардын багытын каалагандай өзгөртө ала турган күчтү, мына ушундайча багынткан экен.
Арстан - ошол токойдо жетилип өскөн жаныбарлардын бири. Токойдун шартын, көйгөйлөрүн, жаныбарлардын кылык-жоруктарын жакшы билет. Каалаган учурда каалаганын баса калып кекиртектегенге күчү жеткендиктен, жегени астында жебегени аркасында болчу... Кыскасы, токой башы болом деген деле ою жок жерден түлкү тарабынан шайлоого аттандырылат. Албетте, бул үчүн арстан болуш гана жетиштүү эмес, белгилүү бир команда менен иштешүүсү кажет болчу. Арстан өзүнө жакындарын топтоп караса боло турган эмес. Анан айла жок өзүнө жакпаган жаныбарларды да командасына алат. Ошентип карышкырдан тартып, балыкка чейин ар бир түрдөн өкүлдөр арстан үчүн жапа тырмак иштей башташат.
Ар күнү бир жерге чогулуп, иттин чоң табакка толтуруп алып келген тамагын былчылдата жеп, абалды сүйлөшүп кайрадан жаңы тапшырмалар менен кайра тарап иштей башташат. Арстандын ою жакшы, түз эле болуп билекти түрөт. Кантсе да ошол токойдун баласы, көптөгөн бугулардын көз жашын, эмнеге ыйлагандарын көрүп, билип чоңойгон да.
Командасы үгүттөө иштерине каражат жетпей жатканын даттанып бир күнү ишке чыкпай коюшат. Буга таң калган арстан түлкүгө барып, абалды түшүндүрөт. Түлкү «Менин тилимди алып шайлоого аттандың эле, мен сага жардам берейин деп» үйүнө кирип кетип, «Мени билесиң досум, анча-мынча тоок кекиртектемей адатым бар. Ошолордун этин сатып катып койдум эле. Сага шайлоодо ишке жарап берсе жаман болбос. Бирок бул жетпейт, калганын тиги келемиштен алып берейин, жүрү» деп арстанды ээрчитип, жымыңдап жолго түшөт түлкү. Арстанды бир-эки тооктун акчасы менен алдаганына сүйүнүп түлкү келатат. Аркасында арстан ойго батып, «Эй мен өзү ошол карапайым кумурскалардын тагдырын оңдоюн деп кетип жатсам, бул кылыгым кандай болду ия?» деп келатат. Келемиштин үйүнө жетейин деп калганда арстан өзүнө келип «Келемиштен деле акча ала берейин, шайлоодон утуп чыгып, токой башы болуп алган соң булардын сазайын берем» деп ниеттенип оңолуп калат.
Келемишке абалды түшүндүргөн соң ары ойлонуп, бери ойлонуп, «Сизге эми көбүрөк керек ко дейм» деп ары кирип кетип, алтындан, күмүштөн жасалган сөйкө, шакек, кашык өңдүү буюмдарды шагыратып көтөрүп чыгат. Оозу ачылган арстан таң калып түлкүнү караса, түлкү көзүн кысып арстанды тынчтандырып абалды жөнгө салып кетет.
Келемиштен алгандары менен штабды да ыраазы кылып, бир алтын шакекке бир тонна буудай алып, аны менен жүз миңдеген кумурсканы ыраазы кылып жыргаган арстандын ташы жогору карап тоголоно баштайт... Кантсе да адатта токойдун кампасына кире турган дандын сапырындысын, элекке илешпей түшүп калганын сынык-сунугун, шамалга учуп кеткен бүчүлөрүн, анча-мынча чачылып кеткенин же чирий баштаганда ыргытылгандарын сүйүнүп, ташып кетип жеп жан багып, кыштан чыккан кумурскалар үчүн бул чоң белек болчу... Андыктан көпчүлүк арстанга добуш берсек кыйратат окшойт деп ойлой баштаган эле.
Аны көргөн бир топ жаныбар колдон келген колдоосун акы сурабай эле кошо баштайт. Жигердүү иш-аракеттерди көрүп кубанган арстан, бир күн токой башы болуп шайланып калса, ал жердегилерди да куруу койбосун айтып үмүттөндүрүп, дагы да күжүрмөндөтүп коёт. Сырттан алынып келинген дандар менен кумурскалардын канышасын ыраазы кылуу керектигин токойдо баары эле билет. Анткени канышанын сөзү, анын колониясындагы ар бир кумурска үчүн мыйзам экендиги маалым эмеспи. Өзү туулуп өскөн аймактын Канышай ары «Өзүбүздүн бала экен. Бизден барып арстанга айланыптыр» деп эле үгүттөп койчу экен. Албетте, муну токой башчылыкка аттанган башка жаныбарлар да колдонушкан...
Шайлоодо арстан жеңип чыгат. Аябай кубанып, бир сыйра креслону жууп, эми кумурскалардын камына түшөт. Түлкү менен келемиштин ишине кыжырданып калган арстан, биринчи эле ууруларды кармайм деп, кумурскаларга сөз берип жолго чыгат.
Адегенде түлкүнү аңдып, токойдун тоокканаларынан, бак-дарактарда түнөгөн куштарды мойнунан тиштеп, сүйрөп бараткан жеринен кармап, аны суракка тартмакчы болот. Анда түлкү: «Мен сага шайлоодо колдоо көрсөтпөдүм беле. Меникин тек эле койсоң болот да. Мен айлакерлигим менен эмес, таланттуулугум менен нан таап жатпайымбы! Айтчы, асманда калкып учканга жөндөмдүү кушту кармап жеш канчасынын колунан келет экен, мен тездигим, ыкчамдыгым менен ошолорду кармап жеп жан багып жатпайымбы? Ушундайча оңой кармалган жаныбарларды башкаларга коюп берип жатам, элди ойлоп жатам мен деле. А сен ууру издеп жатсаң аюуга бар. Биз экспорттой турган балды уурдап жеп жыргап жашап жүрөт» деп бир айласын таап, арстанды жолго салат.
«Адилетти аюудан баштайын анда» деп аюуну кармап опуза кылып баштаса; «Эми мен деле шайлоодо иштеп бердим эле. Меникин тек эле койсоң болмок. Ансыз деле бул балдарды токойдо менден башка эч ким жебейт. Адамстанга экспорттоп ордуна буудай алчубуз мурда. Азыр аларга деле сата албай калдык. Анткени, карышкыр келесоо алардын короосуна барып кол салып, алар менен болгон мамилени бузду. Токойдун, кумурсканын душманы менен күрөшөм десең ошого бар да» деп аюу да кутулуп кетиптир.
Карышкыр: «За то мен сырттан жеп келип жатам. Ошого шүгүр дегиле да. Мен токойдон жей турган болсом укмуш көп жеп коём, сиз токой башы катары мени эт менен камсыздай аласызбы?» деп суроону кабыргасынан коюп, «Сырттан уурдагандан эмес, ичкериден уурдаганды кармаш керек. Тиги келемиш жылдар бою кампага кирип чыккан каптарды теше калып, канча нерсе уурдады» деп арстанды келемишке жөнөтөт.
«Келемиш токойдун бюджетине эң көп түлкү зыян бергенин айтып арстандын оюн бурганы аракет кылат. Бирок эч эле ийгиликтүү боло албай коёт. Чындыгында келемиш буудай, жүгөрү, күрүч сыяктуу дандардан тартып алтын-күмүшкө чейин казынадан тартып келип жыргаган экен. Айласы кеткен келемиш түлкүдөн жардам сурап: «Сен ортого түшкөн арстан эми келип мени жоопко тарткан жатат. Кандай кылалы?» дейт. Мылтыктын учу кайра эле айланып келип өзүнө кезенип калганын аңдаган түлкү, арстан менен болгон мамилесинин өңүтүн өзгөртүп катуу сүйлөп кирет. «Келемишке тийбе. Анткени бул ташып келген кара кирешенин жарымы мага тиешелүү. Токойдо келемиш эле эмес бары мага «доля» төлөйт. Мен таланттуу болгондугум үчүн башты иштетип, барынын кыңыр ишин камерага тартып материал топтоп койгом. Бирөө да кыңк этпей иштешет. Айтмакчы, шайлоого чачкан акчаңды келемиштен алганыңды да тартып койгом... Түшүнүктүү болдубу?» деп арстандын кыжырын кайнатат. Ошол жерде түлкү менен келемиштин дароо белин үзө чабаарын айтып арстан коркутуп кирет.
Аңгыча түлкү эшикте аңдып турган маймылга ымдап, арстанды карап «Көрөбүз!» дегендей кылып күлүп коёт. Бир маалда заматта токойдун ортосунда калың катмар кумурскалардын нааразылык үнү угула баштаганын сезет. Көрсө түлкүнүн буюртмасы менен маймыл «Шайлоодон мурда ууру келемиш менен арстан жолукканбы?» деп кара тактайга жаза койгон экен... «Келемиш сага белек тартуулаганы тууралуу кара тактайга чыгышын кааласам, эшикти карап бир башымды ийкеп коюшум жетиштүү экенин көрдүң да» деп арстандын шагын сындырган экен. Кара тактайдын күчү ушул жерде белгилүү болгон тура. «...жолукканбы?» деген эле сөз үчүн борборго чогулган миллиондогон кумурскаларды арстан өзү барып сүйлөп, маймылды бир жактан бурап: «Токой башы болгондо сени кустурам» деп жолуккан деп улам жаздырып, кара тактайдын жанынан кетпей жатып араң таркаткан экен.
«Маселенин учун чыгарымыш болгондо кумурскалардан келген жаңырык ушунча боло турган болсо, даана жазып койсо өлөт тура» деп жакшы тилек, катуу ой-пландар менен келген арстан быжыраган кумурсканын курсагын тойгозуп койгонго да жарабай, ызаланып олтурп калган экен...