Жулия Дональдсон: Акын коён

  • 25.12.2020
  • 4262

Акын коён өз уялаштары менен көк жашыл майсаңда жайылып оттоп жатышты. Бардык коёндор ширелүү чүйгүн чөпкө курсак тойгузгандын аракетинде жүрүшсө, жалгыз акын коён ыр чыгаруу менен убара:

Тегерегим көк шибер,
Сеңселип желге чайпалат.
Түсү жашыл, жыты бал,
Бурдасаң курсак кампайат.

 “Ырыңды токтот! Курсакты кампайт!” - деп кыйкырып коюшат тегерегиндеги коёндор маал-маал жабыла.

 Күүгүм кире баштаган кезде бир коён кулактарын камыштай тикчийтип, сопоюп тура калып, кыйкырып жиберди: “Түлкү!”

 Бул үндү угар замат бардык коёндор йинди көздөй дыркырашты. Жалгыз гана акын коён калды. Ал көздөрүн жумуп алып, түлкүгө арнап ыр чыгара салды:

Шумпай түлкү, кызыл жүнү кулпурган,
Дүкүлдөтөт жүрөктөрүн коёндун.
Бизди көрсө баса калар тынчы жок
Желип жортуп, шимшип жүргөн оён бул.
Ааламда жок арамзасың куу түлкү
Коён тутсаң тойлоп – ошол тоёр күн.

Ач түлкүнүн түмөн, түрдүү амалы,
Эми кууса караандатпай калалы.

“Ырыңды токтот, кач!”- деп чуулдашты ийиндеги коёндор. Акын коён эки көзүн ачып, түлкүнү көрүп, төрт аягы жерге тийбей качып жөнөдү. Ал ийинге киргенге араң үлгүрдү. Түн да кирип, коёндор бир бирине башын жаздап, уктаганга камданып жатышты. Акын коён алардын маңдайына отуруп алып, кайра ырын созолонтту:

Кучакташып, жумгула көзүңөрдү,
Уктагыла, коёндор, уктагыла. 
Бешик ырын уккула дем чыгарбай,
Бир-бириңе коёндор, ыктагыла.  

Түшүңөрдө коёндор, тилегиле,
Аңыздарда толо-толо айдаган,
Керем-сабиз, шалгам жана бадыраң,
Түшүңөрдө тилегиле жайнаган.
“Ырыңды токтотуп, жатып укта!” - дешти коёндор чурулдашып. Акын коёндун маанайы чөгүп, жалгызсырады. Башка коёндор коңурук тартып уктап жатышты, акын коён канча аракет кылса да уктай албады. Акын коён бир кезде: “Булар эч нерсе кылбайт, бирок күңкүлдөшөт. Зериктим, маалкатпай өз жолумду табайын,” - деп ийиндин бир капшытын тырмагы менен таарып каза баштады. Ал тез эле бир кыйла жерди казып салды дагы өзүн шыктандыруу үчүн эки сап ыр чыгарды:

Каз, каз! Тез, тез!
Тырма, тырма! Турба, турба!

Бирде өйдө көздөй, бирде ылдый көздөй ийин казып бараткан акын коёнго бир бурулушта сөөлжан жолукту. Акын коён ишин токтото коюп, оюна келген жаңы ырды төктү:

Сулуу сөөлжан, жер астында падыша, 
Ийрелеңдеп, соймоңдойсуң эмнеге?
Кай тарапка, канткенде жол казасың?
Канткенде эч кир жугузбай денеге?
Бирде узун, кыска, ичке, бирде жоон,
А азыгың – топурак,
мунун таппай жообуна –
башым катып отурат.

Сөөлжан үн кайтарбады. Себеби кулагы жок болгондуктан ырды эшиткен жок. Кийинки бир бурулушта Акын коёндун алдынан көрчычкан чыкты. Көрчычкандын көздөрү топчунун көзүндөй кичине болгондуктан начар көрчү, бирок кулагы жакшы укчу. Балким ал поэзияны сүйөр деп ойлогон Акын коён тура калып, сөздөрдү уйкаштырып, чуурутту: 

Кибиреп бою көрчычкан, шүйү кара көмүрдөй,
А муруну шиштийип, манжалары күрөктөй.
Жер астында бышылдап, кыртылдатып чарчабай, 
элес-булас көргөнүң, ага эч жок жүрөк көй. 
Көрчычканды эр деймин, эрежеси бекем бир!
Кыйналбастан угат ал, жазбай үндү эчен миң.

“Оозуңду жап! - деди көрчычкан жактырбай.- Мен сөөлжан издеп жүрөм.”

Акын коёндун маанайы түшүп, жылгызсырады. Бирок өзүнө жол казганды уланта берди, уланта берди. Кырк муунду жолуктуруп гана жол казганды токтотту. Ошо замат эң мыкты деген арноо ырын чыгарды ал:

О, береним, кырк аяк,
Кырк жумуртка чубуртсаң –
Кырк балаң болот эмеспи.
Алар эсен чоңойсо,
Кырк аягы чар тарап,
Баары ошондо канча аяк? 

О, кырк аяк, эреним,
Кырк тукум тууса кырк кызың,
Кырктан басып жумуртка, 
Кырктан чыгат балапан!
Небере, балдар ошондо
Баарысы канча? Санасаң!

“Оозуңду жап! Мен сандарды кошконду жек көрөм,”- деди кырк аяк буттарын тыбырчылатып.

Акын коёндун көңүлү чөгүп, мурдакыдан бетер жалгызсырады. Курсагы да ачканын сезди. Жер астындагы жолун өйдө көздөй казып, таза абага чыкса, ал кырдын чокусунда туруптур. Айланасы жашыл тулаң. Чөптүн даамын айтпа. Акын коён курсагы томпоюп, көзү тойгондо чөп жегенди токтотту. Анан түнкү асманга суктана карап, жаңы ырын шатыратып окуду:

Түн ортосу, көк асман
Көлдөй чалкып. 
Жымыңдашат жылдыздар,
Ай да каалгый жаркып.
Нур жебеси жебедей жерге тартып.

Акын коён “сүзөт” деген сөзгө уйкаш сөз таба албай, башын кашып туруп калды. “... сайылат де!” деди бирөөнүн үнү жымжырттыкты бөлүп. Акын коён жалт бурулуп, артында турган ак кочкорду көрдү. “Ыракмат, Кочкор. Мага уйкаш сөз табып бердиң”, - деди Акын коён. “Уйкаш ыр ойлоп табуу менин эрмегим”, - деп жооп кайрыды кочкор.

Бул да акын турбайбы!? Акын коён таң калып, кочкорго кадалды. Ал рифманы ойлоп, жооп бергенче, кочкор ырын баштап жиберди:

Асылым, коён аманбы,
Айтамын ысык саламды.
Кызыл тилди сайратып, 
Ак жаандай төксөк казалды.

Акын коён өзүн аябай бактылуу сезип, шайыр кочкорго бир ыр арнады:

Периштедей капылеттен жолугуп, 
Авазыңа аалам сугун бөлчү сен. 
Аркар мүйүз, бото көз, ак кымкаптуу тону бар,
Чолпон-Ата – кой пири, бийик тоонун көркү сен.

“Ой, баракелде!”  Ырга денеси балкыган кочкор толкундаганын жашыра албай  зоо жаңырта маарап да жиберди. Анан Акын коёнго жылмая карап: “Мен да сага ыр арнайынбы?” деди. “Ооба! Сени Шайыр Кочкор дейин! Мага арнап, өз ырыңды төгүп жиберчи?!”- деди Акын коён жалдырап.

 Шайыр Кочкор бир жөткүрүп алды да үнүн созолонтту:

Коёндун баарысы эле ийин казат, 
Коёндун баарысы эле издейт жемин.
Коёндун арасында кыйынсынган
Акындар табылабы сендей дегин.

Коёндун баарысы эле күлүк болот,
Ийинге кирсе, бакыт – уктаганы.
Ыр менен коёндордун черин жазар
Акындар сенден бөлөк чыкпады ээ!

Акын коёндун көздөрү моймолжуп, терисине батпай жыргады.

Таң атты. Күн жер бетин чайды. Акын коён менен шайыр кочкор күн бою жылбай отурушуп, бирде күнгө, бирде гүлдөргө, бирде бак-дарактарга арнап ыр чыгарышты. Күн уясына жакындап, дарактардын көлөкөсү өздөрүнөн узун болгон учурда Акын коён ийиндеги бир туугандарын эстеп, шайыр койго айтып тургандагысы:

“Мени келбеди деп, кыжаалат болушту го...  Асыл досум, аман бол. Мен үйгө барайын”.

Досунун сөзүн угуп, кой аябай кайгырып:  “Сен кетесиңби? Кетпечи! Эми кантем!” деди. Акын коён: “Мен эртең кайта келем”, - деп дыр койду.

Англисчеден которгон Амирбек АЗАМ уулу
Кыргызча ыргакка салган О
`ШАКИР

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз