Кара карга, ак карга жөнүндө икая

  • 28.01.2021
  • 5311

... Кадимки Кара Карга ресторанга кирип бурчтагы үстөлдө жалгыз олтурган Ак Карганы көрөт. Ал тейлөөчү кызды чакырды да, капчыгынан акча алып сунуп элге угуза мындай деп кыйкырды:

«Официант! Менин эсебимден залда олтургандардын Ак Каргадан башкаларына менин эсебимден тамак бер!»

Официант акчаны алып Ак Каргадан башкаларына тамак алып келип берди.

Бирок Ак Карга ызалангандын ордуна Кара Каргага карап жылмайып койду да, ага карап: “Рахмат!” деп кыйкырды. Кара Карганын жини келди буга.

Ал кайрадан акчасын төлөп берип элге угуза катуу кыйкырды:

«Официант! Бул жолу Ак Каргадан башкасына вино алып кел!»

Бул жолу да официант анын айтканын айткандай аткарды.

Ак Карга дагы эле таарынган жок, бул жолу да ал кыйкырып Ырахматын айтты.

Ачуусу келген Кара Карга официанттан сурады:

«Бул Ак Карга соо эмес ко я? Мен андан башкалардын бардыгына тамак, вино алып бердим. Ал ызалангандын ордуна кайра Рахмат дейт. Ал эмне жиндиби?»

Официант мыйыгынан жылмайып мындай деп жооп бериптир: «Жок, ал жинди эмес... ал ушул ресторандын ээси».

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз