Шүкүр Холмирзаев: Бейтааныш адам

  • 17.02.2021
  • 3736

АҢГЕМЕ

Ууга бараткан кезде аба ырайы бузулду. «Жаз мезгили эмеспи, бир себелеп өтөр» деп кете бердим. Бирок бир аз өтпөй жамгыр ушундай нөшөрлөп төгүп жиберди, заматта үстү-башым суу болуп, кийимдерим денеме чапташып  калды. Ошол кезде турган жеримден тай чабым  арыда жардан жарга түшө бериште аңчылар, жолоочулар конуп өтөh чакан үңкүр бар экени эсиме түштү. Жарга жакындап барганымда шыбак жыты аралаш түтүн мурдумду өрдөп баштады. Үңкүргө кирдим. Ортодо отун алоолоп күйүп, четирээкте бозгуч чапан кийген, орто бойлуу киши эшегинин басмайылын бошотуп жатат.

- Салам алейкум.

Бейтааныш адам мага карады да, үстү-башыма көз жүгүрттү. Бул жашы кырктан ашкан, каштары коюу, бакыбат киши эле.

- Аалейкум.

От башына олтура кеттим. Этегимди сууруп, алдын отко каратып койдум. Пиджакты чечип, тиземе жайдым. Бейтааныш адам оттун боюна келип, бир боо шыбакты алдына коюп, ал да олтура кетти.

- Ко-ош, жол болсун, жигит? – деди. Мага анын тиктеши мени сынап жаткандай туюлду.

- Ууга, кыштактан чыктым, - кыска жооп бердим.

- Аңчымын дебейсизби? – деп быкылдап күлүп жиберди да, отко отун калап баштады.

«Аңчымын! Анын эмнеси күлкүлүү?!» деп жибере жаздап, кайра тынчып калдым.

- Жамгырда калыптырсыз? – деп сурады жылмайганынан жазбай.

- Калдым да.

- Жамгыр жаашын билбедиңизби?

- Ии.

- Жаныңызды жейсиз, көрбөй калыпмын эле десеңиз.

- Об-боо, менде… мени менен ишиңиз канча, байкеси?

Бейтааныш адам мага жай гана назар таштап алды.

- Керектүү нерсени алдын ала сезе билишиңизди айтам, тууган. Көргөн болсоңуз: булут тоодон эмес, чөл тараптан сүрүлүп келди. Көрүнүп турбайбы, бул булут төккөн жамгыр анча-мынча маалда басылбайт. Эгер булут тоо тараптан келсе, анын жоругу башка эле. Ушуну көрө билгениңизде, өзүңүздү алдыныраак паанага тартат элеңиз, чылкый суу болуп, мынтип салбырап олтурбас элеңиз.  

Мен тилими тишиме катып, жым калдым.

Жамгыр төгүп жатты. Үңкүрдүн кире беришиндеги таштуу астанасына шарылдап, кызгылт, ылайлуу суу агып жатты. Нымдуу шыбак жыты аңкыйт. Бейтааныш адам ордунан турду.

- Капа болбоңуз, жигит.

Чепкенинин жакасын көтөрүп, башын чүмкөдү да, үңкүрдөн чыкты.

Бир аз өтпөй жарым-жартылай күйгөн бир кучак отунду көтөрүп кирди. Аны үңкүрдүн төр жагына ыргыта салып, мага карабай, «ысына бериңиз» дей салып, дагы чыгып кетти.

«Ысына бериңиз? От жакканын мага милдет кылып жатабы бул?!». Пиджакты кийип ордумдан турдум. Үңкүрдөн чыгарым менен бейтааныш адамды көрдүм. Тээ төмөндө, сайдын жакасында жүгүрүп-жортуп, дарыя ташкыны таштардын алдына тыгып салган куу отундарды терип жүрөт. «Бышык адам. Бул отундарды үйүнө алып кетет азыр. Эшеги да даяр». Бейтааныш адам отун үчүн үңкүр менен сай арасында үч-төрт мерте каттап, суу кийимдерин сыгып, жайына келип олтурду. Мага көз кырын салып, өчүп бараткан отундарды одурайган бармагы менен тыткылады.

- Тамаша кылыңыз, жамгырдын жаашында көңүлдү көтөрөр бир касиет болот, - деди бир аздан соң. – Жакшы нерселер эске түшөт. Айрыкча от боюнда олтуруп, нөшөрлөп жааган жамгырды карап олтуруу кандай сонун. Келиңиз, жигит, олтуруңуз. Мен өзүм да билбейм, эмнегедир көңүлүм көтөрүлүп калды.

Белиндеги курун чечип, ортого жайды. Эшектеги куржундан бир патыр нан менен беш койдун курутун алып, ортого койду.

- Дасторконго караңыз.

- Ыракмат. Кардым ток.

- Ыракматты жегенден соң айтасыз.

Мен бир курут алып, шимий баштадым.

Экөөбүз тең үн-сөзү жок, жымжырт тышкарыда шоолдоп жаап жаткан жамгырга карап олтурабыз. Сайдагы дарыяга көгөргөн туман сойлоп кирди. Дарыянын сол жээги буудайы күйүп кеткен аңыздай карайып көрүнөт. Анын үстүнө булуттардан тарам-тарам көгүш сызыктар асылып калган. Бара-бара ал сызыктар агарды, карайып көрүнүп жаткан жерлер жарый баштады. Айланабыз даана байкалып, мейкиндик кенен ачыла түштү. Күн чыкты. Биз да үңкүрдөн чыктык.

- Жакшы калыңыз жигит, аңчылык жолдуу болсун, - деди. – Менин сөздөрүмө капа болбоңуз.

Ал эшегине минди. Менин оюма ал терип келип таштаган отундар келди.

- Отунду унутуп калдыңыз, байке.

- Жок, жигит, унутканым жок, - деди күлүмсүрөп, - Сиз аны үйүнө алып кетет деп ойлодуңуз беле? Үйдө отунум бар. Жакында жаанчыл күндөр башталат. Сиз экөөбүзгө окшоп, бирөө-жарым бул үңкүргө кирип, жаандан корголоп калса, суукка карышып олтурбастан, даяр отунду жагып ысынат. Ошолор үчүн тердим.

Ал кетти. Мен үңкүрдүн оозунда, андан көз албай караган бойдон калдым.

1960-жыл.

Өзбек тилинен которгон: Кубантай ЭРНАЗАРОВ, Москва шаары

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз