Абдыкерим Муратов: Зилзала

  • 17.02.2021
  • 3589

АҢГЕМЕ

Эмгек өргүүсүнө чыккан орус генералы Бишкекке келе жатканын кокус угуп калган кыргыз аскер чиновниктери ителги тийген таандардай эле бытырап калды. Бири Ак-Сай жакка – чек арачыларга чалып, кийиктерге аңчылыкка барышыбыз мүмкүн, даяр тургула десе, бири уят кылбагыдай тик учак жайын өз көзү менен көрүп келгени аскер аба базасын кыдырып кетти, дагы бири нанүштөнү кайда кылат, түштөндүрүү кайда болот деп тамактын кайгайын тартты, Сары-Жазга, Алайкуга, Чоң-Алайга – бүт чек ара заставаларына Москвадан чоң конок барып калышы мүмкүндүгү кулак какты кылынды. Ысык-Көлдөгү көп өлкөлөрдүн президенттери гана жаткан эң мыкты эс алуу жайы улуу даражалуу генералга бир паста саздалды.

- Жок, - деди генерал кыргыз тарап көрсөткөн маршруттардын картасын ары түртүп, - Сары-Камыш гана! Сары-Камыш!

Кыргыз генералдары алапайын таппай калды: бири-биринен сүрүштүрүп атып, ал четки бир кичине айыл экенин, ал жерде көрө турган эч нерсе жок экенин, аңырайган туш тарабы ачык айылга күзөт коюунун кыйындыгын айтып, баш чайкашканы менен, ичинен «ал жакта эмне жоготту экен» деп күмөнсүрөгөнү менен конок деген – конок, болгондо да даражасы улук конок – айтканын аткартат.

Тик учак Ысык-Көлдүн үстүндө күрүлдөп барат. Сыйлуу да, сырдуу да мейман көкмөк сууну тигиле карап мелтиреп үн катпайт, жанына ар кыл тамактарды, чүйгүн даамдарды улам-улам алып келген кыргыз аскерлеринин полковнигине улам эле кол шилтеп коёт.

Караколго конгондо ордунан шарт туруп, жерге бир аттап тез түшкөн генерал арчалуу, карагайлуу тоолорду жана алардын тебетейи сымал баса кийген аппак зоолорду карап бир топ тургандай болду. Анан күтүлбөгөндөй:

- Кеттик, ашлямфуга! – дегенде булар менен кошо келген да, бул жерде тосуп турган да аскер адамдары биринен бири өтүп буту күйгөн тооктой шашкалактап калды.

Коргоо министрлигинин чоң чиновниги эми өзүң жооп бер дегендей Каракол аскер бөлүгүнүн начальнигине алдырттан карады эле, жергилик пагончондор шыбыраша түшүп элиталык ресторандардын эч бири ашлямфу сатпашын сүрүштүргөн соң, жүрөгү жарылып кете тургандай начальник оозуна келмеси келбей турганда, тунжуроону кайра москвалык генерал өзү бузду:

- Көчөдөн жейбиз! Дунгандардын колунан алып жейбиз! – Бул «сары» ашлямфуну кайдан билет, дунгандарды кайдан билет деп таң калып бүтө электе ал, - кеттик, по машинам, - деп жиберди.

Аскер машиналары бири-бирин улай Караколдун көчөлөрүн кыдырып баратты.

- Мурда бул шаар Пржевальск деп аталчу. Азыр Каракол болуп калыптыр! – Москвалык конок кыргыз коргоо министрлигинин генералына кайрылды.

Шаардын аты алмашып калганга бир өзү айтыптуудай, эми ошол айыбы үчүн дарга асылардай коркуп кеткен кыргыз генералы өңү бозоруп:

- Бул жерде Каракол деген чоң суу агат. Ошонун атынан бул жер Каракол аталган. Кийин улуу орус саякатчысынын ысымы берилген, а азыр бардык жерде илгерки аттарга кайтып атышпайбы, - деп андан ары сөз таппай мукактанды.

- Мына дунган мечити, - деп москвалык конок сүйүнүп кетти бир убакта мечит жанынан өтүп баратып, - бир да мык кагылбай курулган экен. Силер сыймыктана турган жер.

- Ооба. Бул шаарда орус чиркөөсү бар, ага эл көп кирет. – Шаар аскер бөлүгүнүн начальниги командирине рапорт берип аткандай мактана сүйлөдү.

- Ошонун жанында базар боло турган, ошол жерден ашлямфу жейли! – Конок бул шаарды ушулардай эле биле тургандай буйра сүйлөдү.

Москвалыктар ачуусу аябай салынган дунган ашлямфусунан төрт табактан салдырып, ошол эле жердеги орус кемпирлерден самогон алдыртып келип, ачык асман алдында бакылдап-шакылдып турганда, канча жерге тамак даярдатып, тай, мамалак, кийик, кой, улар эттерин былкылдата бышырып казан астырып койгон жерлерге барбай, ушундан эле ушундай түштөндүрүп атканга уялган караколдуктар бишкектиктердин алдында жерге кирип кете тургандай кызарып не кыларын билбей атты...

*     *     *

Караколдон ээрчип алган аскер машиналарынын кортежин артка кайтарып, орус генералы бир гана машина менен Сары-Камышка жөнөдү. Жол катар асманга эми эле жетип алчудай болгон каргалардын уясын кармап турган мырза теректерди карап баратып генерал бир кезде ушул жол менен өткөн күндөрүн эстеди...

*     *     *

Ленинграддан учкан самолёт Пржевальск шаарына келип конуп, студенттерди эки эшиктүү сары автобустарга салып ушул жол менен теректерди жирегендей шашылып катуу жөнөгөндө эле ыр башталды. Бир-экөө «Будь это гром, будь это тихий танец, нас уголочки всей земли зовут» деп баштаганда эле кайырмасына даярданып тургандар «Постой, постой, ты комсомолец? Да! Давай не расставаться никогда!» деп тоо жаңырта кыйкырып кыргыз айылдарын шаңга бөлөп, жол четине чыга калып кол булгалап жаткан адамдарга булар да кол булгалап барат.

Сары-Камышка жеткенде көргөн көздөрүнө ишенбеди: кыйраган үйлөр; жарылган жерлер; омокорулуп түшкөн дарактар; бир жактан агып келген баткактар; бүжүрөп корккон адамдар; тынымы жок улуган иттер, кишинеген аттар; мөөрөгөнү менен боздогону окшошуп кеткен уйлар; үрөйү учкан балдар...

Студенттердин ыры оозунан ыргып, көздөрүнө жаш тегеретип, чемодандарын аста сүйрөп солдаттар тигип аткан палаткаларга баштарын ийип он-ондон болуп тартип боюнча кирип атты.

*     *     *

Студенттик отряддын командири менен жергиликтүү прораб курулушка келген жигиттерге кулаган, кулайын деп турган, дубалдарынан жарака кеткен үйлөрдү бөлүштүрүп жүрдү. Ленинград мамлекеттик университетинин филология факультетинин студенттери Андрей, Виктор, Алексей, Сергей деген төрт жигитке бир үй тийди. Чатыры кыйшайып, оодарылып тамдын ичине түшкөн, саман дубалдарынын үч жагы кулап, бир эле жагы кармап калган.

- Ичине кирбегиле, кулап түшөт, - деди прораб төрт баланы калтырып, калгандарды кийинки үйлөргө ээрчитип бара жатып. – Бул үйдү такыр бузуш керек. Бузуп, жерин таза кылып, материалдарын тамаркага ташып, тизип коёсуңар. Буга төрт күн берилет. Анан бир айда элди киргизесиңер!

Эртеси таң эрте ишти баштады төртөө. Адегенде ураган дубалдардын түркүктөрүн чыгарып алып, аларды ташыды, анан дубалдын кесектерин замбилге салып, буларды алып барды үйдөн алыс.

Дал ошол учурда алардын жанында бир кыз пайда болду. Кайдан келгенин эч кими билбей да калды. Чыптама кийген, чачтары майдалап өрүлгөн кызыл бет кыргыз кыз. Көздөрүнөн от чачып, бир нерсе дей тургандай  ооздору кыймылдамыш этет. Жигиттерге салам да айтпайт, балдар салам айтса ага да жооп бербейт. Бизге орусча сүйлөй албай атат го дешти адегенде балдар. Ар демелерди айтып сүйлөп көрүштү. Эч жооп болбогон соң дудук го деп ойлошту. Чамасы, он төрт-он беш жаштарда болсо керек. Кечке жүрдү да, күн отурар менен көздөн кайым болду.

Эртеси дагы келди. Же үн катпайт, же отурбайт, кудай урган кыргыз кыз. Котормочулуктун окуусуна жаңы эле кирген Андрейдин адистик кызыгуусубу же өз тарбиясы ушундайбы – ишин таштап, ары жактан бирөөлөр менен сүйлөшүп, кыргызча сөздөрдү билип келиптир.

- Ат ким? Ата ат ким? – деди Андрей.

Жигиттер күлүп калды. Кыз мелтирип үн катпайт.

- Менин атым Андрей десең, колуңду сунуп. - Виктор Андрей досун шылдыңга алды.

- Менин атым Андрей. Сенин ат? – Андрей кайра кызга тигилди. Кыз унчукпады. Жазуу үчүн кагаз, калем сурагандай болду. Андрейдин чөнтөгүндө калем бар экен, кагаз таппай кайсалактап калды. Чаңдын арасынан дубалга илинип турчу, күн сайын бирден барагын жыртып коёр календарь таап алды. Анын бетки – үзүлбөй калган барагында «1970. 5-июнь» деген жазуу туруптур. Кыз ошол баракты көрүп, көзүн басып ыйлап жиберди да, жинди болгон немедей баштарын ургулап туйлап-туйлап жатып калды.

Жигиттер замбилге салып, колу-бутун бышык таңып кызды курулуш отрядынан фельдшерине алып барды.

- Силер ишиңерден калбай бара бергиле, мен азыр бир ийне саямын, өзүнө келип калат, - деди булар менен санчаста иштөөгө келген медициналык институттун 5-курсунун студенти.  

*     *     *

Жумуштан кайтары менен Андрей санчастга келсе, кызды атасы издеп жүргөн экен, алып кетти деди ал жердегилер.

*     *     *

Андрей түшүнөн үч жолу чочуп ойгонду. Үчөөндө тең мелтиреп үн катпай турган кыргыз кызды көрдү. Таң атардагысында кыз түшүндө эмес эле өңүндө – жанынан көргөндөй болду. Чатырдын ичинен азыр эле чыгып кеткен сыяктанды. Артынан чуркап чыкты. Таң агарып келе жатыптыр. Айыл жактан короздордун кыйкырыгы гана угулат. Палаткадагы студенттер оор жумуштан кийин кызуу уйкуда.

*     *     *

Кийинки күнү дагы келди кыз. Күндөгүдөй эмес, бир аз кечигип келди.

Бир жагы жерге тийип, бир жагы көчпөй калган дубалды минип турган чатырды түшүрмөк болуп аткан жигиттер. Андрейдин колундагы ломду кармап калды кыз.

- Эмне, бузбайлыбы? – деди Андрей өзүн жалжал тиктеп жалооруган кызга суроолуу.

Кыз эч бир жооп айткан жок. Андрейдин ломуна кошо колун кармап тура берди. Кыздын колунан жылуулук өтүп атканга жигит эмне кыларын билбей ломду жерге таштады да анын көздөрүн карады. Көздөрүндө карагайлуу төш, көкмөк асман сүрөт болуп турган.

Дал ошол учурда Виктор, Алексей, Сергей – үчөө бирдей «раз, два, три» деп кыйкырып, дубалга илешип турган чатырды оодарып ийишти эле, үйдүн акыркы дубалы да күп этип кулап, чатыр жерге талп этип түшүп, чаң чыгып жатып калды. Чатыр кулары менен кыз да кулап түштү. Анын колунда бир барак кагаз бар экен. Бекем мыжыгып алганга карабай анысы колунан жылмышып түшүп калды. Андрей кыздын башын өйдө жөлөп атып, кагаздагы шурудай тизилген жазууларга көзү түштү: «Это мой дом! Я Күнай!» деп жазылыптыр анда.

Андрейдин жүрөгү болк этти. Кыздын башын аста түшүрүп жерге акырын жаткырды. Балдар чуркап келди. Кайрадан санчастга алып барышты. Өзүнө келгенче Андрей жанынан кетпей турду. Оо кыйлада кыз өзүнө келип, ал жак-бул жакты таңдана карап, Андрейге бир жылмайды да, үйү кулагандарга тигилген палаткалар жакка – жаңы убактылуу айылга акырын жылып кетти.

*     *     *

Андрей алма бактын ичине кирип кыздын бир барак кагазына кайра-кайра баалуу нерседей үңүлүп, жанагы бузулуп аткан үй ушулардыкы экенин, кыздын аты Күнай болорун боолголоду. Сөздүктөрдү карап «Күн» бул – «Солнце», «Ай» бул – «Луна» деп тапты да, кыздын атын  «Солнцелуна» деп орусчага которуп алды.

Бул тууралуу берки балдарга айтты эле, алар каткырып күлүп алышты да, «Солнцелуна», «Солнцелуна», «Солнцелуна» деп кайра-кайра шылдыңдай Андрейди келекелей баштады.

*     *     *

Бир убак катуу үн чыккандай, тоо жактанбы, көл жактанбы, же жер астынанбы катуу доош айыл жакка жылып келаткандай болду да, иттер улуп-уңшуп узак үрүп, жылкылар кошкуруп кишинеп, уйлар бир кызыктай аянычтуу мөөрөп, эшик-терезелерди бирөө таш менен ургандай күүлүп түштү, шыпта илинип турган лампочкалар ары-бери чайпалып барып, жарык лып өчтү. Анан үй ичиндеги буюмдар туш келди кулап, тамдын үстү кыйчылдап, дубалдар жарылып, турган адамдар «кудайлап» отура калып жатты. Дал ошол учурда үрөйү учкан Күнай энесине ынтыла берди эле, экөөнүн ортосун үйдүн төбөсүнөн урап түшкөн жоон карагай торсун бөлүп калды.

- Зилзала, оо кудай, өзүң сакта! Кач, Күн! Кач! – деди көптөн бери төшөк тартып, сүйлөй албай жаткан чоң энеси акыркы сөзүн айтууга үлгүрүп калды.

Ошол учурда Күнай болушунча үнү менен чыңырып ийди да, ордунан жылайын деп барып, кулап түштү.

Канча жатканын ким билет, атасы да, эжелери да, апасы да апийимде эле.

*     *     *

- «Солнцелунаң» келатат, кара! – деди Виктор иштеп аткан Андрейге арт жагын көрсөтүп.

Андрей шарт бурулуп карай берди. Келатат. Күнай келатат. Алдынан тосуп чыкты. Тосуп чыкты да, аны үнсүз-сөзсүз ээрчитип келип, тазаланган үй жанына жаңы үйдүн жерпайын түптөп жатканын көрсөттү. Буларды көрдү да, кыз билинер-билинбес жылмайып койгонсуду. Жылмайганы дале билинбеди. Жигиттер жылмайды деп ойлоду...

*     *     *

Дагы бир күн Күнай тыным албай иштеп аткан жигиттерге түйүн көтөрүп келди да, Андрейге сунду. Андрей ал түйүндү ача салса – бал, курут, айран, жарма чыкты. Ыраазы болгондой кызга башын ийкеди эле, кыз да башын ийкегендей болду. Төртөө жармадан жутуп, түбүндө калганын Андрей кызга сунду, кыз болсо жигитке жалжал карап суусап турганбы – жарманы шыпкап ичти.

- Ырахмат! – деди Андрей кыргызча.

Кыз билинер-билинбес таазим кылды. Жигиттер буларга күндө тамак-аш, суусундук алып келген аксакалдарды туурап, жүзүнө бата тартып койду. Кыз күлгөндөй болду.

*     *     *

Ал күнү Күнай негедир келбей атты. Саратандын аптабы куйкалап, жарма ичкиси келип, студенттер иштөөгө көңүлдөрү жар бербеди. Улам көлөкөгө качып, кайра-кайра суу ичип, дубал кылып коюп аткан кирпичтери да арбыбай койду.

Бир убакта Андрей адам боюндай урулуп калган кирпич дубалдын үстүнөн секирип түштү.

- Келетат!  «Солнцелуна» келатат! – деп ээлигип алган.

Жигиттер биринин сөзүн бири улап:

- Ай эмне болду!

- Отур эй!

- Деги сүйүп калгандан соосуңбу? – деп Андрейди шылдыңга алышты.

- Келетат!  «Солнцелуна» келатат! – деди таным албай Андрей.

Кыз келип эле дасторконун ачты. Кечиккенге уялгандай, айыптуу болгондой өзүн ыңгайсыз сезип турду.

Күнай адегенде колун жууду. Анан бир нечеге бөлүп алган тамактарын  тарелкаларга куюштура баштады, эң түбүнө камыр салды, андан соң аппак крахмалдарды койду, анан дагы бир нерселерди салып, үстүнө бир кашыктан ачуу  куюп, жигиттерге сунду. Өмүрүндө мындай тамакты жеп көрбөгөн жигиттер коомайсып, жесекпи, жебесекпи деп отуруп, тарелкаларын түгөтө жеди да, ачырканып, ачышкан эриндерин жаланып туруп калды. Кыз баарын бөлүп куюп берди.

*     *     *

Ошондон кийин Күнай бир жума тынбай ошондой тамак алып келип  атты.

- Это что?

- Что за еда? – деп жигиттер Күнайга тигилип такып сурап туруп алды.Скажи, Солнцелуна? – Андрей кыздын көзүнө көзүн такап ушунча жакын келип сурады.

- Кыздын жүзү аябай кызарып, туталанып, не кыларын билбей турду да, оозун ачты. Оозунан сөз чыкты: «А-а-ш...» – деди. Анан «лям» деди. Анан «фу» деди.

- Аш-лям-фу! Аш-лям-фу! – дешти жигиттер бир ооздон...

*     *     *

Студенттерди Ысык-Көлгө эс алдырып келмек үчүн комсомолдун Түп райондук комитети демилге көтөргөн экен. Бүт студенттик лагерь көлгө кетти. Ысык-Көл деген жыргал экен. Ары сүзүп, бери сүзүп, тоолорду тиктеп, чарчагандарын унутуп түшкө чейин жүрүштү. Андрей кумга оонап, карала-торала болуп жаткан. Сары денеси бир паста күнгө күйүп ачыштырат. Өздөрү келген Сары-Камыш кайсыл тоонун тушунда болду экен деп, ак карлуу чокуларды карап аткан. Оюна Күнай түштү. Ушул убакта түшкү тамак алып келчү. «Аш-лям-фу» дегенди айтып үйрөндү. Тили калыбына келет. Сүйлөй баштайт. Күндө аны бирден сөз айтууга көнүктүрөт эми Андрей буйруса.

- Келетат!  «Солнцелуна» келатат! Андрей карачы! – деди анын жанын койбой түрткүлөп Сергей.

Келатат. Чын эле келатат. Аппак көйнөк кийип алыптыр. Колунда дайымкыдай дасторкон оролгон түйүн. Жээкти далай кыдырып буларды таппай кыйналганбы, тердегенден аппак эти көйнөгүнө жабышып, бүт денеси ак көйнөктүн ичинен билинип калыптыр. Көкүрөктөрү бөрсөйүп өзгөчө.

- Ан-др-ей-ей! – Кыз келип эле Андрейге түйүнүн карматты.

- Ырахмат! «Солнцелуна», ырахмат!

Жигиттер кыздын түйүнүн заматта ачып ийип, анын ичиндеги жармасын дем албай жутту. Бул жолу жарма Күнайга гана эмес, Андрейге да ашкан жок.

- Жүр, көлгө түшөбүз? – Андрей кызга карады.

Кыз баш чайкады.

- Жылуу экен. Сонун экен. Көлүңөр укмуш экен!

Андрей кызды суу жакка жүр дегендей ишарат кылды эле, кыз унчукпай артынан жөнөдү. Күнай да жылаңаяктанып, тизеге чейин шымын көтөрүп суу кечти. Анын аппак бутун карап Андрей өзүн ушунчалык ошол буттун алдында алсыз сезди. Аппак бутту кызыл ашыкка чейин кумдар менен тунук суу чайпала сылап жатканга ошолордон кызганып кетти жигит бир замат.

- Ба-лык! – деп ийди кыз бир убак кыйкырып.

Андрей кыздын сүйлөп ийгенине таң кала да, ыраазы боло да жакын келди. Күнайдын буттарына оролошуп биринен бири сулуу балыктар ойкуп-кайкып ойноп жүрүптүр.

- Ак чар-дак! – Кыз капыс эле жанынан аба жарып өтө берген канаттууга кол сермеп калды. – Ак чар-дак! Ан-дрей!

Күнайдын бетин күлкү тээп, жүзү тымылжып, маңдайы албырып, чачтары көлдүн шапатасына сеңселип, акак тиштери улам көрүнө калып бир башкача болуп атты.

Андрей Күнай менен суу чачышып ойногусу келип, бирок аны коркутуп албайын деп өзүн араң кармап турду...

*     *     *

Студенттик отряд катуу иштеди. Бир айда жаңы тамдарды бүтүрүп адамдар өз-өз үйлөрүнө көчүп келе баштады.

Ошол күндөрдө жергилик эл ленинграддык студенттерди конок кылабыз деп Түргөнгө – карагайлуу капчыгай ичине, дарыя боюна чакырып, өздөрү жегенге бир чети түлөө болсун деп ак боз бээ сойдуруп, меймандарга казан-казан койдун этин астырып, ат чабыш, кыз куумай, күрөш, оодарыш кылып, жамандыктын арты жакшылык болсун деп той берип жиберди.

Майда өрүлгөн чачтарын бастыра кызыл тебетейин кийип кызыл кемселин өңүнө жараштырып, атасынын карегер атын минип Күнай жүрдү. Анын карааны алыстан эле Андрейге бир башкача көрүндү.

Кыз ээрдин кашына кол чанач байлап алган экен Андрейлерди таап, аларга бир бадоводдон кымыз сунду. Сунган кымызын алып атып Андрей кыздын манжаларын кошо кармап, ошондон денесине бир жылуулук аралагандай кызык болуп кетти.

- Ырахмат! – деди кымызын бир шимирип жутуп коюп кызга тигиле жылмайып.

- Ат! – Күнай атынан түшүп тизгинди Андрейге карматты.

Кыздын жигитке атты мин дегенин жигиттер да, жергиликтүү адамдар да түшүндү. Өмүрү ат минип ээрге отуруп көрбөгөн Андрей үчүн бул күтүүсүз сунуш болду. Баш тартууга болбойт эле. Достору жардам берип, эптеп минип, камчыны колго алганда эле, көнбөгөн адам мингенгеби, ат мөңкүп коё берди, анан таскактап жөнөдү. Андрей бутун үзөңгүгө да сала албай, тизгинди да тарта албай ат үстүндө көйнөгүн желберетип барат. Желбиреген көйнөктөн үрккөн ат андан бетер мөңкүп, токтор түрү жок. Эмне болуп кеткенине түшүнбөй калган Күнай ары жакта оттоп аткан жайдак атка ыргып барып минди да атынын артынан түштү.

Өң-алеттен кетип, жүрөгү жарылчудай корккон Андрейдин атына Күнай кыйла жерге чаап барып анан жетти. Жетти да, карагерге кыйкырып ийгенде капысынан үнү чыгып кетти:

- Так! Токто! Токто! Так! – Кыздын үнүн угуп аты тык токтоду. Күнай не кыларын билбей, жайдак аттын үстүнөн Андрейге учкашып калды. Жүрөгү түрсүл соккон жигит же сөгүнө албай, же сүйүнө албай турганда кыз анын белинен эки колун өткөрүп, тизгинде алды да: - Түш! – деди.

Андрейдин буттары калтырап аттан түшө албай турганда Күнай өзү ыргып түшүп, жигитти колтуктап түшүрүп, сууну карап отуруп калды. Башка жерде таштан ташка тийип, кууш капчыгайларды жарып чыгып, өжөрлөнө аккан суу бул жерде жанын бирөө сууруп алгандай жай гана жайылып агып калат экен.

- Ти-хая во-да! – деди кыз бул жердин атын жигитке түшүндүрүп.

- Красивая! – Андрей кызды айттыбы, сууну айттыбы – өзү да түшүнбөй калды. Чамасы бул сөз экөөнө тең тиешелүү болду окшойт.

*     *     *

Пржевальск аэропортунда узаттуу көпкө созулган жок. Студенттер самолётторго чыга баштады. Траптан да, иллюминатордон да ленинграддыктар сары-камыштыктарга кол булгалап атышты. А сары-камыштыктар да баталарын берип, алкоо сөздөрүн айтып турду, алардын арасында көзүнө жаш алган, азыр-азыр өзүн «Ан-дрей! Ан-дрей!, Андрей!» деп чуркап кетүүдөн араң-араң карманып турган Күнай да бар эле...

*     *     *

Орусиянын атактуу генералы Сары-Камышка барары менен өзү курган үйдү кыйла тигилип карап турду. Анын оюн эч ким буза албады. Ушунча жыл ушул айылга бир жолу да кат жазып койбогону үчүн, бир жолу да басып келбегени үчүн өзүн-өзү жектеди.

Машина шарт бурулуп артка тартты...

2020-жыл, октябрь-ноябрь

Фото: http://www.foto.kg/galereya/2143-odin-iz-ugolkov-sela-sary-kamysh-posle-zemletryaseniya.html

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз