ЭЛЕГИЯ
Ушул бүгүн сууган күнү тулпардын,
Учуп бийик тынган күнү шумкардын.
Жер Энеден токой-төшкө аттанган,
«Гүлсараттын» ээсин кантип унтаармын.
Туяк калып Төрөкулдай жалгыздан,
Туу көтөрүп, турмуш отун жандырган.
Дегинкиси кайыктагы бир үмүт,
Деңиз бойлой жүгүрүптүр сай-кырдан.
«Ала дөбөт», «Эмирайн жылдызы»,
Асыреттүү тирүүлүктүн Чындыгы.
Анархайда, Моюнкумда, Долондо,
Али ырдалуу «Айым балык» муздугу.
Бороондунун талаасында кара нар,
Боздоп-сыздайт боз табытка карап ал.
Өлүм алсыз өчпөс рух алдында,
Өңөртсө да баатыр сөөгүн бабалар.
Айтор, андан кут түшүптүр кыргызга,
Айкөл эпос күч кошуптур Чыңгызга.
«Адамзаттын Айтматову» аталып,
Аз кыргызды бир чыгарды жылдызга!
Тоосун ашып, суусун кечип Таластын,
Томго кайрап тил кылычын Манастын.
«Чоң казаттан» кайтып келип Айтматов,
Чорт жыгылды тагдырындай сары аттын.
Жерге сыйын, элге сырын атаган,
Жемирилген улуу тоого жаш алам.
Жер кучактайт Жамийланын кайниси,
Жетим калып жаткан өңдүү атадан.
Күзүндөгү «Кызыл алма» бактагы,
Күйүт отун жүрөктөргө жакканы.
Бото көзүн шоролонткон булактай,
Болуп калды Жер Эненин асманы.
Бийик асман, жарык жылдыз чүмкөлдү,
Пирин таппай түрк-кыргызың түйшөлдү.
Бир эл тургай бүт тирүүлүк азалуу,
«Биринчи устаз» жерге берип Дүйшөндү.
Ээн жаткан көзү ачылып булактын,
Эрме чөлгө суусу жеткен сугаттын.
Эгин салып Султанмурат сыяктуу,
«Эрте келген турналарды» узаттым.
Узун түндөр Жамийланы качырып,
Улуу тоодон Даниярды ашырып.
Улутунуп кала бердик баладай,
Унутулгус бир кылымды жашырып.
Унутулбас улуу обон дагы бар,
Уксун, айтсын... уландырсын жаңылар.
Узак сапар – келечектин куну үчүн,
Узап кеткен Гүлсарыдай жаныбар.
«Кызыл жоолук - кырчын талым» делбирди,
Кыргыз түгүл кыйырдагы эл билди.
Ыраймалы Бегимай деп, «Аселим» деп Ильяс,
Ыйлатыптыр Ысык-Көлдү... Теңирди.
Каза күнү маңкурт гана ыйлабайт,
Кадыр-баркты Момун чалдай сыйлабайт.
Акбарасын Ташчайнардай сүйбөсө,
Адам уулу адам болуп жыргабайт.
Эдигейди, Танабайды, Момунду,
Элестетип уламышты... сонунду,
Кара нардай жүк көтөргөн Ч.Айтмат,
Казангаптай жерлигине коюлду.
Жадыңдабы, Толгонайдын арманы?
Жан жолдошун, уулун күтүп калганы...
Жаабарс деп, Авдий, Кенжеш, Дүйшөн деп,
Жарым түшөт жан дүйнөмдүн байрагы!
Билим чексиз – ачкан дүйнө эшигин,
Билүү зарыл ачуу-таттуу кешигин.
Бугу эне матап берген арчадан,
Бул тоолуктун коңгуроолуу бешигин.
Иисус, Умай, «Кассандра тамгасы»
Изги тилек – Эмбирён жалгашы,
Теңир менен сыр бөлүшкөн «Бетме-бет»
Терең ойлуу Айтматовдун жазмасы.
Ушул бүгүн улуу руху тирилип,
Улут, диндер аралашып-биригип...
Умай Эне, лавр өрдөк, илбирис,
Улуулукка алып келген бир үмүт.
Кырда туруп өтмүш, бүгүн, келечек,
Кырдаал, тагдыр, өмүр менен кеңешет.
Кылган ар бир куй-пейлине жараша,
«Кыяматка» адам өзүн ченетет.
Чыңгыз – Кыргыз, Чыңгыз – жылдыз чубактуу,
Чыр айланган «Дөнөнбай куш» – бир аккуу.
Чындык издеп кайып болду дүйнөдөн,
«Чыңгызхандын ак булуту» сыяктуу.
Жер уюкту табамын деп жууктан,
Желмаясын калем кылып сууткан.
Адабият кадыр түнүн өткөрүп,
Академик көз жумуптур сууктан.
Токой кесип Орозкулдар оолукту,
Тоо куласа – «түбөлүктүү колукту».
Бала кыял «Ак кеменин» Чыңгызы,
Балык болуп атасына жолукту...
Чыда Кыргыз! Түбөлүктүү тирүүлүк,
Чыгат жылдыз! Туман кетсе түрүлүп.
Чыгармачыл инсандардын боюнда,
Чыңгыз жатат түйүлдүктөй түйүлүп...