Айтматовдун философиясы – адамдан адамды, адамкерчиликти издөө философиясы. Анткени, өзү жазгандай: «Баарынан эң кыйыны – күн сайын адам болуу». Бул формула Батыштагы эң таасирлүү философиялык агымдардын бири – экзистенциялык философияга үндөш. Аны «адамдын жашоо» философиясы деп аташат. Ал философия боюнча адамдын жашоосун: өмүр, үмүт, сүйүү, ишеним, үй-бүлө, боорукерлик жана башка экзистенциалдык баалуулуктарсыз (экзистенцияларсыз) элестетүү мүмкүн эмес.
Классикалык, рационалдуу философия аларга көңүл бурбаганы менен, адам өзү экзистенцияларды илимдин да, коомдук өнүгүштүн да эң сонун жетишкендиктеринен бийик коёт. Ырас, үмүт дайыма эле актала бербейт, сүйүү жүрөктү эзип жоопсуз калат, ишенген досуң сатып кетет, басып өткөн өмүр жолуң көп учурда күйүттүү, армандуу. Бирок ошого карабастан, ушул экзистенциаларсыз, ушул асыл дөөлөттөрсүз адам жашай албайт.
Мисалы, Айтматовдун «Саманчынын жолу» повестиндеги Толгонайдын көп азаптуу, шордуу тагдыры металл аппак болгуча кызарса, так ошондой абалга капталат. Толгонайдын күйөөсү, үч уулу согуштан кайтпай калат, колундагы келини да өзгөдөн боюна бүтүп, төрөттөн өлөт. Ал жүрөгүндөгү акыркы сүйүүсүн (бүт) ошол ымыркайга арнайт. Бир күнү бала ооруп калса, кыштын түнүндө суу кечип, аны ооруканага алпарат.
- Ой жарыктык, кыштын күнү суу кечүүгө сизге ким руксат берди? Мунун ата-энеси кайда? – деп сурайт доктор.
- Анын атасы да, энеси да менмин. Баланы өлүмдөн сактап кал. Бул өлсө, мен да жашабайм, - дейт Толгонай. Эртеси өзү да өпкөсүнөн кан түкүрүп катуу ооруп калат. Бир күнү доктор келип:
- Өзүңүздү бек кармаңыз, энеке. Небереңиз күлүп-ойноп, айыгып калды, десе, Толгонай; - андай болсо, мен да айыгам, жашайм, - дейт.
Ар бир адам үчүн өмүрдөн кымбат, жашоодон кымбат эмне бар? А Толгонай болсо жанагы чын-чынында өгөй бала үчүн жанын кыйып жатпайбы. Бул эрдиктин эрдиги да. Толгонайдын образы аркылуу Айтматов кыргыз аялынын үлгүсүн, эненин идеалын көрсөткөн.
Экзистенциалдык метод философиянын, искусствонун, диндин, адабияттын өзүнчө бир кубаттуу синтези болуп саналат. Ошондуктан дүйнөлүк философ-экзистенцилистердин арасында атактуу жазуучулар Ж.П.Сартр, А.Камю, Ф.Кафка, Г.Марсель ж.б. бар экендиги кокусунан эмес.
Айтматовдун кайсы чыгармаларын албайлы, баарысы окуучуну таң калдырган мифтерге, символдорго, архетиптерге, легендаларга шөкөттөлгөн. Мисалы, анын «Жаныбарым Гулсарысындагы» Танабай Бакасовдун трагедиясын жөн гана көнүмүш жолдор менен чагылдырыш мүмкүн эмес эле. Танабай Бакасов өзүн өзү эркинмин деп сезет, бирок эрксиздиктин дүйнөсүндө жашап жатканын кээде билсе, кээде билбейт. Ошондуктан, ал дайым кырсыктуу бир-эки анжылыктын, эки ачалыктын туткунуна капталып турат. Бир жагынан алганда, ал өз кадыр-баркын, насил-наркын, ар-намысын бийик туткан, эркинмин деп жүргөн адам, экинчи жагынан – тоталитардык мамлекеттин, коомдун талаптарына, заңдарына кыңк этпей моюн сунат. Адамдын ички дүйнөсүндөгү бул күйүттүү эки ачалыкты жөн эле социалисттик реализмдин көнүмүш методдору менен чагылдыруу мүмкүн эмес. Ошондуктан, жазуучу экзистенциалдык методду колдонуп Танабайдын ички дүйнөсүнүн эки ачалыгын эң сонун ачкан. Биринчи, сөзүнүн «жаны», өзү, экинчиси – теңдешсиз жорго Гүлсары. Гүлсары өзүнүн эркиндиги үчүн азап-тозоктун баарына да, ысыкка да, суукка да, жан чыдагыс кыйноолорго да бара турган дулдул тулпар.
Атканага камап салганда, үч жолу жайлоого Танабайга качып келет. Төртүнчү жолу буттарына темир кишен салышат, ошондо да качып келет, кайран жаныбар! Акыры бул Гүлсарыны бычып салып тынышат. Ошентип символ Гүлсары аркылуу Айтматов Танабайдын ички рухий трагедиясын ачып берди. Кийинчирек, Танабайдын өзү да (биринчи «жаны»), аны дайыма эрксиздикке кириптер кылып турган тышкы абийирсиз шарттарга, жана социалдык туткундукка чыдабайт, бунт көтөрөт, прокурор Сегизбаевди короодон кууп чыгат. Натыйжада, партиядан чыгарышат, сүйгөн аялынан, укмуштай жоргосу Гүлсарыдан ажырайт. Бирок Танабай өз кадыр-баркын, ар-намысын, өз алдынчалыгын жоготкон жок. Танабай кыргыз элинин эркиндикчил, эркиндикти сүйгөн улуттук мүнөзүн күбөлөгөн жаркын образ болуп жүрөгүбүздөн түнөк алган.
Айтматов бара-бара социалисттик реализмден алыстап, экзистенциализмдин фантастикалык, магиялык методдорун ийликтүү колдоно баштайт. Кадимки эле көнүмүш социалдык проблемалар: жумушсуздук, жакырчылык, социалдык теңсиздик жана башкалар. Айтматовдук фантастикалык метафоралары аркылуу эсиңди эңгиреткен көрүнүшкө айланат.
Айтматов: «Турмушубузду эми Кызыл дөңгөлөктүн ордуна Сары дөңгөлөк тебелеп келе жатат. Кайсынысы коркунучтуурак болор экен, азыр белгисиз» - деп пайгамбардай сөз айткан. Сары дөңгөлөк – азыркы ааламды кара тумандай каптап турган глобализация, анын пайдасынан да кесепети көп натыйжалары.
Эзели болуп көрбөгөндөй адилетсиздик, таңсиздик азыр бүткүл адамзатты бейпайга салып турган кези. Мисалы, Америкадагы калктын бештен бир гана бөлүгү улуттук байлыктын 80% (пайызына) ээ болсо, Россияда 110 олигарх 35% пайыз байлыкты ээлеп алган. Мындай теңсиздик жаңыдан өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө эч бир акылга сыйбайт. Нигерияда, мисалы 10% эң бай үй-бүлөлөрдүн байлыгы 10% жардылардыкынан 80 эсеге көп?! Ал эми биздин өлкөбүздө бул өңүттө ахыбал кандай, өзүңөр ойлонуп, эсептеп көргүлө. Ачарчылыктан, оорудан, караңгычылыктан, жакырчылыктан миллиондогон адамдар азап чегип жатат.
Демек, реалдуу турмуш, реалдуу чындык фантастикадан да коркунучтуу болуп жаптайбы. Айтматовдун «Кассандранын эн тамгасы» романындагы боюнда бар аялдардын чекесинде пайда болго так, жарык дүйнөгө туулгусу келбеген балдардын эмбрионунун сигналы, а бирок азыр жер жүзүндө 1,5 миллиард жаш балдар ачарчылыктан ооруп же кырылып жатат. Ушул чындык Айтматовдун фантастикасына караганда алда канча коркунучтуу эмеспи. Киттердин океандын жээгине өздөрүн өзү ыргытып өлтүрүшү адамзатка али түшүнүксүз чындык. Бирок Айтматовдун фантастикасы боюнча, киттер адам баласынын, чектен чыгып бараткан наадандыгына, түркөйлүгүнө, моралдык майыптыгына чыдабай өздөрүн жээкке ыргытат экен. Чынында эле адамдын насил-наркынын, адеп-аххалкатынын бузулушу, маданияттын деградациясы чектен чыгып кетти го.
… Ушундай жагдайга, киттер эмес, кудайдын өзү да чыдабайт ко, эртедир-кечтир адамзат бир балээге дуушар болор бекен...
Чыңгыз Төрөкуловичтин дүйнөдөн кайтканына аз гана мезгил өттү. Бирок ушул адамзат үчүн бир көз ирмемге татыбаган мезгилде, тарых өз апогей точкасын, эволюциялык догосун айланып өтүп, анын дөңгөлөктөрү артка айлана баштады. Азыр «кансыз согуш» кайра келди, фашизм, расизм кайра тирилди. Тарыхты тескери бурмалап, эстеликтер талкаланып, китептер өрттөлүп жатат.
Кыскасы, адамзат тарыхы, сааттын маятнигине окшоп термелип туруп, 12 деген цифрага келгенде, тик туруп токтоп калган сыяктуу. Бир көз ирмемде ал оң жакка же сол жакка кулайт, бирок кайда кулары эч кимге белгисиз. Мындай жагдай физикада аныксыздык принциби деп аталат. Ошентип биз азыр аныксыздыктын ааламында жашап жатабыз.
Айтматов жеке бир адамдын тагдыры аркылуу көп азаптуу, тарыхый жолунда миң жолу өлүп, миң жолу тирилген өз элинин көп күйүттүү тагдырын теңдешсиз күч менен көрсөтө алган. Айтматовдун кайсы романын же повестин албагын, баарысы трагедия.
Өзү Япон жазуучусу Икэда менен аңгемелешкенде айтып жатпайбы: «Адамын чыныгы адамдык касиеттери трагедиялуу, кайгы-касиеттүү шарттарда гана ачылат. Трагедия – бакыттын кайгылуу жандоочусу... Чынын айтсак, азыр биздин коомубуз да, ар бир жараныбыз да трагедия жанрында жашап жатканы төгүнбү. Дегеле бүткүл адамзат трагедиялуу доорду башынан өткөзүп жатат» дейт Айтматов. Анын зор талантынын булактары көп. Бирок анын дүйнөгө көз карашындагы трагедия жанрына айрыкча басымы анын жеке тагдырына да байланыштуу болсо керек.
Ал өмүрүнүн алгачкы бала кезинде, атасы репрессияга учураганда, жүрөгүнө оор жаракат алган. Ошол дайыма кансырап, айыкпаган жүрөк кийин дүйнөнү дүңгүрөткөн залкар таланттын булагы болуп калышы толук мүмкүн. Москвада атасы менен акыркы коштошуусу жөнүндө жазганы сай-сөөгүңдү сыздатат: «...Поезд акырындап жүрө баштады, атам адегенде бир аз басып келип, анан биздин вагонго жанаша, демигип-күйүгүп, көпкө чейин жүгүрүп келди... Негедир билбейм, айтоор сезип турдум, мындан ары атам менен эч качан кездешпейм. Ак жака көйнөкчөн атам үй-бүлөсүн түбөлүккө алып кетип бараткан поездди кубалап, кээде мүдүрүлүп, жүгүрүп келе жатты. Мен жаздыкка башымды катып алып буркурап ыйлап жаттым... Небак түн кирген, поезддин дөңгөлөктөрү гана тыкылдайт, а менин көз жашым такыр тыйылбайт, көкүрөгүмө бир кесек нерсе тыгылгансып, жанымды жай алдырбайт. Ошол купенин үстүнкү тактасында ыйлап жатып, мен бейпил балалык менен коштоштум жана үй-бүлөбүздөгү балдардын улуусу катары энем, бир тууган иним, кепкенедей карындаштарым үчүн мындан ары жоопкер экенимди түшүндүм.
Биз өтө адилетсиз, өтө коркунучтуу доордо жашап жатабыз. Бирок биз Чыңгыз Айтматовдун улуу осуяттарын аткарып, өз жашообузду жакшынакай, калыс, бейпил турмушка айландырууга аракет кылышыбыз керек.
Коомдук ишмер, саясат илимдеринин доктору Жумагул СААДАНБЕКОВ