Терең суудагы кыймылсыз ажыдаар сөзсүз крабга жем болот.
♦ ♦ ♦
Дүйнөдө идеалдуу эки адам бар: биринчиси – өлгөн адам, экинчиси – али төрөлө элек.
♦ ♦ ♦
Ким күчтүү болсо, анын эрки бар. Алсыз болсо – ал кыялкеч.
♦ ♦ ♦
Бардыгы бир эле чокуну көрөт. Бирок ага чыккандан кийин ар кимиси айланага ар кандай карайт.
♦ ♦ ♦
Мүмкүн башыңарга келген кайгыны келтирбей коё албассыңар, бирок ал башыңарды уялап алышына жол бербегиле.
♦ ♦ ♦
Тоо томкоргусу келген киши, адегенде кичинекей таштарды оодаруудан баштайт.
♦ ♦ ♦
Эң ишенимдүү кулпу – бул бекитпей койсо боло турган кулпу.
♦ ♦ ♦
Иш баштаган оңой, аны ийгиликтүү аякташ кыйын.
♦ ♦ ♦
Дарак канчалык чоң болсо да, жалбырагы түшпөй койбойт.
♦ ♦ ♦
Үй-бүлө куруу – кулпуланган үй сыяктуу: сырттагылар киргиси келет, ичиндегилер сыртка чыккысы келет.
♦ ♦ ♦
Караңгы деп тилдеп олтура бербей, шам жакканга аракет кыл.
♦ ♦ ♦
Гезиттеги калп – чычкандын корголу сыяктуу, аны шорпого түшсө байкабай калуу мүмкүн эмес.
Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ