Оптимист болуу жана ар кандай абалдардан жакшы нерселерди көрө билүү – бул биздин кымгуут заманыбызда жинди болуп кетпөөнүн жападан жалгыз жолу десек жаңылбайбыз.
Биз дайыма коркунучтарга кабылып турабыз. Албетте, коркуу – бул ар бир акыл-эстүү адамда боло берчү сезим.
Адам коркунучтарды көрөт, андан сактанып, боло турган кооптуу жагдайларга кабылбоонун жолдорун издейт. Бирок эстеп көрсөңөр, эң жаман нерселер айттырбай келет. Камданууга, сактанууга үлгүрбөй каласың. Тескерисинче, болбосо экен деп корккон нерсеңе көбүрөк кабыласың.
Ошол боло элек коркунучтардан сактанабыз деп канча энергиябызды коротобуз, ошонун ордуна жашоонун ыракатын сезип, өзүбүз үчүн жакшы иштерди жасасак болот да.
Бүгүн ушул маселе боюнча кытай икаясын окуп, жыйынтык чыгарып алыңыздар.
Бир улгайып калган аял жашаптыр. Анын эки кызы болот. Алар жакыр жашачу. Ал кыздарын күйөөгө бере албай калам деп коркчу. Аял муну ойлоп, көп ыйлай турган. Бирок кыздары сулуу, ак көңүл жана эмгекчил болуп өсүштү.
Апасы бекер эле ыйлап жүрүптүр, эки кызы тең турмушка чыгышты. Улуу кызынын күйөөсү плащ сатчу, анын өзүнүн дүкөнү боло турган. Шаардын жарымы анын дүкөнүнөн плащ алабыз деп келишчү. Аялы күйөөсүнө бардык жагынан жардам берчү.
Кичүү кызынын күйөөсү чай менен соода кылчу. Ал чайдын жалбырактарын сатып алып, күнгө кургатып, татынакай кооз кутучаларга салып сатыкка койчу. Эжеси сыяктуу эле сиңдиси да күйөөсүнө колуна кол, бутуна бут болуп жардам кылар эле.
Аялдын жыргап жашай турган учуру келгенсиди. Кыздары жакшы, бардар жерден орун алышты. Энесине дайыма каралашып, аны эч нерседен кем кылышкан жок. Бирок аял дагы эле ыйлай берчү. Күн ачылып жаркырап тийсе да ыйлачу, күн бүркөлүп жамгыр төгүп келсе да көз жашын көлдөтө турган.
Бир жолу үйүнүн жанынан акылман өтүп баратып, анын ыйлап олтурганын көрдү.
– Сен эмнеге ыйлап олтурасың, бирөө капа кылдыбы? – деп сурады аялдан.
– Жок, мени эч ким капаланткан жок. Менин улуу кызым күйөөсү экөө плащ сатып оокат кылышат. Күн ушинтип ачык турса, алардын соодасы жүрбөй, акчалары түгөнөт. Мен ошого капамын.
Акылман унчуккан жок.
Эртеси жамгыр жаады. Акылман кечээ барган жеринен кайтып келаткан. Аял чатырдын алдында дагы эле ыйлап олтуруптур.
– А бүгүн эмнеге ыйлап отурасың?
– Кичүү кызымдын күйөөсү чай кургатып сатат. Жаанда чайы кургабай, акча таба алышпай кыйналышат деп ойлоп, ыйлап жатам.
Акылман жанына келип олтурду.
– Түшүнсөң, сен ыйлап, аба ырайын өзгөртө албайсың. Бирок сен оюңду башка жакка бура аласың. Жакшы нерсени ойлосоң – кубануу менен жашайсың. Күн жаап жатканда – улуу кызың жөнүндө ойлон. Ал күнү анын күйөөсү көп плащын сатат да, көп акча табат. Күн ачылып чайыттай болуп турганда – кичүү кызың тууралуу ойло. Ошол күнү ал чайды көп кургатып, көп акча табат....
Акылмандын кеңеши сизге жактыбы?
Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ