Бир чакан өлкөнүн Бача деген падышасы болуптур. Ал падыша катары анча бай болбосо дагы колу ачык экен. Элди чогултуп тамак бергенди жакшы көргөн ал бир күнү мамлекетинин четиндеги ачык талаага чоң сый тамак уюштуруп, карамагындагы элин бүт чакырат.
Эки күн эл каалашынча жеп-ичкен соң сый аяктайт. Элден калган тамак таштандысын ушул талааны байырлаган кумурскалар уясына ташып кирет. Дагы эки күн өткөндөн кийин бул жерге күчтүү куралданган абдан көп аскерин баштаган падыша келип өргүйт. Ал айланасындагы өлкөлөрдүн баарын караткан кудуреттүү өкүмдар болчу. Эми алыс аттанып, Бача падышаны багындырганы келаткан эле. Бирок узак жол басканга абдан чарчап, аскерлер турмак падышанын да курсагы ачкан болчу. Муну көргөн кумурскалар уюкка катылган тамак калдыктарын алып чыгып падышага берет. Бул аш бүткүл аскердин курсагын тойгузууга жетет.
Ошондо таң калган падыша кумурскалардан сурайт:
- Кумурскалар, мынча көп бышкан тамакты кайдан алгансыңар?
- Падышам, мындан аркы жерди Бача аттуу падыша башкарат. Эки күн мурда ал мында келип, көп эл чакырып той берген. Биз ошолордун колунан түшкөн тамак күкүмдөрүн чогултканбыз, сизге буюрган экен алып чыгып сыйлап отурабыз, - дейт кумурскалар. Муну уккан баскынчы падыша абдан таң калат, сестене да түшөт.
- Тамагынын күкүмү эле ушунча болсо, бул падышанын өлкөсү зор, аскери сан жеткис болсо керек. Кебетеси, биз аны жеңе албайт окшойбуз. Андан көрө ушунчабызда артка тарталы, - деп өкүмдар аскерин артка буруп, келген жагына кайтып кетет.
Жоомарттыктын арты кайрымдуу болот деген мына ушу.
Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ