АҢГЕМЕ
Көл жээгинде дагы башка кайык турат. Эки индеец эркек аларды күтүп турушуптур.
Ник менен атасы кайыкка олтурар замат, индейлер кайыкты жээктен түртүп барышып, бирөөсү калак менен кайыкты айдап жөнөдү. Жорж байке алар алдын келген кайыктын арт жагынан орун алды. Жаш индеец алдыдагы кайыкты түртүп барып, андан соң Жорш байкенин жанына олтуруп, калак шилтегенге өттү. Эки кайык караңгыда шашылыш сүзүп баратышат. Ник коюу туманда алдыда бараткан кайыктын калак шилтеген үнүн гана угуп жатты. Индейлердин калак шилтеп баратышы эмнегедир арттан жоо куугандай шашылыш. Ник артка бурулуп, атасын кучактай кетти. Суу муздак экени дайын. Индеец калакты канчалык жан үрөп шилтебесин, алдыда бараткан кайык аларга жеткирбей зуулдап барат.
- Ата, биз кайда баратабыз? ̶ Ник башын өйдө көтөрүп, атасынан сурады.
- Индей айылына. Индеец аял катуу ооруп жаткан имиш.
- Ммм.
Куйманын аркы башында алар жээкте турган дагы бир кайыкка кез келишти. Жорж байке караңгыда тамеки тартып кирди. Жаш индеец кайыкты жээкке дейре сүйрөп келди. Жээктен чыгар замат Жорж байке эки индеецке тамеки сунду. Жээктен алар алдыда чырак кармап, жол баштап бараткан индеецти ээрчий шүүдүрүм чабындыны аралай жөнөштү. Токойго киргенде жалгыз аяк жол менен жүрүп олтурушуп, тээ адырларды көздөй кеткен чоң жолго түшүштү. Чоң жолдун эки тарабындагы дарактар кыйылып салынган, ошого бул жерге келишкенде жол жарый түшкөнсүдү. Жаш индеец токтой калып, чыракты үйлөп өчүрдү да, сапарын андан ары улады.
Бурулушка келгенде аларды бир ит утурлай үрүп чыкты. Алды жактан оттор бүлбүлдөп, кабакчы индейлер жашаган алачыктар көрүнөт. Эки индеец аларды алачыкты көздөй ээрчитип жөнөштү. Жол боюнда турган өжүрөнүн терезеси жарып турган. Ирегеде колуна чырак кармап бир кемпир олтурат.
Төрдө жыгачтан каланып жасалган керебетте жаш индеец аял жатыптыр. Эки күндөн бери толгоо тартып, бечара түзүк эле азап чеккендей. Ошондон бери өжүрөдөн кемпир аттуунун аягы суюла элек. Айыл эркектери жолдон ыраак жерде төрөтү келбей, таш жара кыйкырып жаткан аялдын үнүнө кулак түрө тамеки тартышып, өз ара кобур-собур. Ник атасы менен Жорж байкени артынай ээрчий өжүрөгө кирер замат, толгоо тартып жаткан аял жаналакетке түшүп кыйкырды. Аял алдыңкы керебетте үстүнө чоң жууркан жамынып, башы капталга бурулган. Үстүнкү керебетте тамеки тартып анын күйөөсү жатат. Үч күн алдын отун алып жүрүп, анысы балта менен өз бутун жара чаап алганы. Бөлмө ичи сасык жыттанат.
Никтин атасы очокко суу ысытууну буюруп, ал арада Ник менен сүйлөшө кетти:
- Бул аял азыр бөбөк төрөйт, уулум.
- Билем, ̶ деди Ник.
- Билбейсиң, балам, ̶ атасы сөздү улады, ̶ Угуп тур мени. Жаралуу үчүн күрөш жүрүп жатат десек болот. Бала төрөлгүсү келип, эне кургур жаналакетке түшүп, бар күчүн төрөөгө жумшайт. Бала туулуш үчүн бүткүл денеси, болгон күчү менен аракет көрүүдө. Кыйкырып жатканы да ошондон.
- Ммм. Түшүндүм, ата.
Атасы сөзүн айтып бүтөр замат аял дагы кыйкырып баштады.
- Ата, бирдеме берип, аялды кыйкырбай турган кылсаңчы? – деди Ник.
- Каап, түгөнгүр. Ооруну басар дарыны да албай келгенимди кара, ̶ деди атасы бушайман. – Кыйкырса кыйкырып турсун. Ал эчтеке эмес. Эптеп баланы аман-эсен төрөтүп алыш керек. Ошол керек бизге.
Үстүнкү керебетте жаткан күйөөсү жүзүн тескери буруп жата кетти. Очок жактан бир аял суу кайнады деп кыйкырды эле, Никтин атасы очок жакка барып, чоң чөгүндө кайнап жаткан суунун жарымын тепшиге куюп, оромолдон бирдемелерди алып, чөгүндөгү сууга салды.
- Бул кайнап турсун, ̶ дей салып, тепшидеги ысык сууга жанына ала келген самын менен колдорун чыканактан ылдый жышып жууду. Ник колдорун самындап, абдан жышып жууп жаткан атасын карады. Колдорун жууп жатып да баласына бирдемелерди айтуу менен алек:
- Бала сыртка баш тарабы менен чыгат, Ник. Кээде тескери жагы менен келип калат. Мына ушул тескери жагы менен келип калганы азап, түгөттүн. Андайда курсакты жарып төрөтүшкө туура келет. Азыр көрөлү, эгер болбосо анда…
Колдорун чыканактан ылдый дыкат жууп бүткөн соң, Никтин атасы ишке киришти.
- Жорж, жуурканды алып салчы ары, ̶ жанындагы Жорж байкеге кайрылды, ̶ Тоскоол болуп жатат.
Аялды бир сыйра карап чыккан соң, Никтин атасы башын чайкап, операцияга киришти. Операция башталганда Жорж байке менен үч индеец эркек аялдын колдорун бекем ныгырып кармап, жанталпастап кыйкырган аял Жорж байкенин колун тиштеп алганда, ал кыйкырып жиберди:
- Охх-иий, энеңдурайын!
Муну угуп калган бая Жорж байкени кайык менен алып келген жаш индеец ооздорун ыржайта күлүп калды. Этекте атасынын жанында тепшини кармап Ник турат. Операция бир топко созулду.
Никтин атасы курсактан алынган бөбөктү өйдө көтөрүп, думугуп калбасын деген тейде акырын денесин чапкылап, анан жанында турган кемпирге сунду.
- Сүйүнчү! Уул төрөлдү, Ник, ̶ атасы Никке карады, ̶ Эми мындан ары менин жардамчым болосуңбу?
- Жарайт, ̶ деди Ник атасы кылып жаткан ишти карагысы келбей, жүзүн капталга буруп.
- Бүттү буюрса, - деди да, атасы тепшиге бирдемелерди таштап жиберди. Ник андан да жүзүн буруп, тепшини тиктегиси жок.
- Эми кесилген жерлерди тигип чыгыш калды, ̶ атасы сөзүн улады, ̶ Көрөсүңбү, Ник, же жокпу? Мен азыр кесилген жерлерди тигип чыгам.
Ник жүзүн бурган калыбында үндөгөн жок. Кызыл жаян кан болгон атасынын колун, атасынын алдында канга чыланып жаткан аялдын кесилген денесин көргөндө, бул иштен көңүлү аябай сууду. Атасы иштин аягына чыгып, өйдө турганда, Жорж байке менен үч индеец эркек да ордуларынан өйдө козголушту. Ник тепшини көтөргөн бойдон очок жакка бет алды.
Жорж байке колдорун карап калганда, жаш индеец башын шылкыйтып баягыны эстеп, өзүнчө жылмайып калды.
- Азыр перекись менен чайкап берем, Жорж, ̶ деди доктур аны байкаар замат.
Доктур жерде керебетте жаткан индеец аялга эңкейип карады. Керебетте өңү купкуу аял көздөрүн жумуп, тырп этпей жатат. Бечара төрөтү бүткөн-бүтпөгөнү, баланы аман-эсен көз жарганы менен деле иши жоктой керебетте шалдайып араң жан.
- Мен эртең кайра келем, ̶ деди доктур ордунан козголуп, ̶ Медайым эртең Сент-Игнестен түшкө маал келип калат ко. Керектүүнүн баарын ошол ала келет.
Доктурдун маанайы футболдон жеңип алган футболист сымал көтөрүңкү, өзүн шайдоот сезип алган.
- Мындан медициналык журналга бир макала берсе болот, Жорж, ̶ доктур Жорж байкеге жылмайды. – Кесарево кадимки бычак менен жасалып, тигиштер тогуздук кайыш жип менен тигилди.
Дубалга жөлөнүп турган Жорж байке колдорун бир карап алып, андан соң:
- Эми сендей адамдын бул дүйнөдө табылышы кыйын да.
- О, кой. Мен эмне турам мында, ̶ деди доктур бир нерсе эми эсине түшкөндөй, ̶ Тиги байкуш күйөөсү кантти? Мындайда булардын эркектери да кошулуп азап чегет. Баары жакшы, ийгиликтүү өттү деп, кургандын көңүлүн жайгарып койбосом болбос.
Үстүңкү керебетте жаткан күйөөсүнө жетип барар замат доктур анын бетинен жуурканды сыйрып алганда, колу эмнегедир нымдалыша түштү. Астыңкы керебеттин кырына келип, чыракты колуна алып, эркектин жүзүнө үңүлдү. Күйөөсү жүзүн тескери буруп жатат. Шылынып кесилген башы моюнда араң кармалып туруптур. Жаткан жери көлчүк канга чыланып, сол колу кесилген башты кармаган бойдон. Жууркан арасынан ачылган бойдон калган курч миздүү устара бычак көзгө урунду.
- Тууй ата... Жорж, Никти киргизбе бул жакка! – доктур кыйкырып жиберди, ̶ Чочуп калбасын бекер.
Ник ичкери кирбеген күндө деле болгон ишти көргөнгө үлгүрдү. Ичкерини бир караса, колуна чырак кармаган атасы кекиртектен шылына кесилген башты түздөп жаткан экен.
Алар токой аралай кеткен чоң жол менен көлгө кайтып баратышканда таң агара баштады.
- Каап, сени кайдан жаныма алдым десең, ̶ көз алдында болуп өткөн иштен эми бир аз өзүнө келген атасы Никке кейиштүү карады. – Өтө жаман иш болуп кетти.
- Ата, аялдар бизди ушинтип кыйналып төрөшөбү? – Ник да атасына карады.
- Ананчы, балам. Бул бечаранын төрөтү өтө оор болду.
- Кыйналбай эле төрөшсө болбойбу?
- Жок, балам.
- Эмнеге?
- Жаралуу оор нерсе. Жаралганды дүйнөгө алып келиш андан да оор.
- Ата, тиги күйөөсү эмнеге өзүн өлтүрүп салды? – Ник атасына дагы суроо узатты.
- Ой, ким билет, атаңгөрү. Аялынын акыбалын көргөндө, ушуну көрүп күйгөнчө, көрбөй күйгөнүм оң деди окшойт.
- Ата, көп эркектер өздөрүн өлтүрүп салышабы?
- Жок.
- Аялдарчы? Алар да өздөрүн өлтүрүшөбү?
- Жок.
- Эч качан өлтүрүшпөйбү?
- Болсо да өтө сейрек.
- Ата?
- Ии.
- Жорж байке кайда кетти?
- Жорж байкең кайра келет, балам.
- Ата?
- Ов, кубатым?
- Өлүш өтө кыйынбы? – Ник балалык баёо сезиминде атасынан ушинтип сурады.
- Жок, кайдан. Ичер суу түгөнгөндө өлүп калыш деле бир паста.
Эми алар кайыкка олтурушту. Ник арт жакка олтуруп, атасы калак менен кайыкты айдап жөнөдү. Күн чыгып, адырдын баштары жарыктан агарып көрүнөт. Кайыкта бараткан Ник сууга колун салса, сааркы ызгаарда суу жыпжылуу сезилди. Эрте менен ата-бала кайыкта баратышат. Атасы утуру калак шилеп, кайык артында бараткан кичинекей Ник атасынын жанында өзүн бейкапар сезип, эч качан өлбөчүдөй компоёт.
Англис тилинен которгон Кубантай ЭРНАЗАРОВ, Москва шаары.
Котормочудан аңгеме тууралуу: Алгач бул аңгеме кол жазма түрүндө 29 беттен туруп, кийинчерек жазуучу кол жазма түрүндө 7 бетке чейин кыскарткан. 1924-жылы Париждеги «The Transatlantic Review» журналына басылып чыгып, 1925-жылы Нью-Йорктогу «Boni & Liveright» журналына кайрадан басылган. Аңгеме 1938-жылы Хемингуэйдин «Бешинчи колонна жана алгачкы 49 аңгеме» аталыштагы чыгармалар жыйнагына да кирген.
Аңгемедеги сюжетке таянсак, жаш Ник ошол чөлкөмдөгү жалгыз көзгө басар доктур атасы менен бирге кулак угуп, көз көрбөгөн жерде жайгашкан индей айылына барып, ал жерде төрөттөн кыйналып жаткан аялдын төрөтүнө күбө болот. Аңгеме өзүнүн чакандыгына карабастан, окурманды терең ойго жетелейт: төрөлүү бар жерде өлүм бар. Сюжетте бир эле жерде төрөлүү да, өлүм да көрсөтүлөт. Ар бир күндө жер шарында бир нече жүздөгөн миң наристе ыңаалап ыйлап жарык дүйнөгө келет. Ошол эле учурда дээрлик ошондой эле сандагы адам бул дүйнө менен суз кош айтышып, эртеңки аткан таңды көрбөйт. «Өмүр-Өлүм» – бул философиялык «карама-каршылыктардын биримдиги жана күрөшү» жана «кокустук жана зарылдык» категорияларынын негизинде жаткан болмуш. Ал эми пенде жаш, күчкө толуп турган кезинде дүнүйөгө жетеленип жүрүп, өлүмгө анча маани бербейт. Же башка келер өлүм тууралуу унутуп да калат.
Аңгемеде тирүүлүктү улап кетер аялдардын табиятынан күчтүү, кайраттуу жаралып, башына канчалык кыйынчылык күн түшпөсүн, ошого кайыл болуп тирүүлүктү жарык дүйнөгө алып келип, баласы бутуна туруп кеткенге чейин бардык азаптарга чыдап жашап кетер эрктүү жан. Аңгемеде белгиленип кеткендей “күчтүү” деп саналган эркектер аял тарткан азапты көзү менен да, көкүрөгү менен да туюп-сезген кезде отун сымал чорт “сынып” калышы турган иш. Үстүнкү керебетте буту жарадар жаткан индеец эркек аялы тарткан азапты, ага жасалган оор операцияны көргөндө өзүн кекиртектен мууздап салганы да ошондон. Бул сюжет аял менен эркектин эркин, кайратын салыштыруу иретинде атайын кошулган.
Дүйнөдөгү бүткүл АЯЛЗАТЫНА ар дайым бакыт, ден-соолук, узак өмүр жана кубанычтарга жык толгон эркин жашоо каалайм!