О`Шакир: Катыным бузулду эй

  • 13.11.2021
  • 5006

АҢГЕМЕ

Карантинге чейин жайдары мүнөз катыным бар эле, бузулду. Чак түшкө чейин уктайт. Түн жарымынан оогончо интернеттен ар балээни көрөт. Дүйнөдө канча адам коронавирустан өлгөнүнө кейип атып кеч уктайт.

Карантинге чейин менден мурда ойгонуп, жыпар жыттуу чайын, кофесин демдеп берчү. Азыр кайдан. Тырайып жатат...

Бүгүн өзүм эрте турдум. Бети-башымды жуугандан кийин негедир заңкылдап ырдагым келди. Үнүм да аваздуу угулду өзүмө. Уккан эле киши болсо, аттиң... Кээде-кээде үнүм ушинтип ачылып калмайы бар. Мени уккан аудитория гана жок, ата-а! Күзгүгө каранып, оозумду чоюп, боюмду түзөнүп, жакшы маанайым менен заңкылдап ырдап баштадым эле, жаздыктан башын көтөрбөгөн катыным кагып койду:

– Эй сен элди уктатасыңбы? Өзүң уктап алсаң эле... Болду, уктат элди.

– Оппа! – дедим. – А сен качантан бери элди бетиңе карманып калгансың, саясатчы болуп кетпең?.. Элди уктат деп тимеле муну... Эл уктап алат ыр угуп жатып деле. Өзүң уктагың келсе эле элди шылтоо кылба! – дедим күйбөгөн жерим күл болуп.

Ошону менен ырым өчтү. Отуруп калдым. А катыным таттуу уйкусунда...

Мени күйгүзгөнү – элди бетине карманганы болду. Адатта депутаттар трибунадан кыйкырат эмеспи: "Көчөдөгү элдин убалын ойлогулачы, элдин жашоосун карагылачы!" - деп. Бирок бул сөздүн артында өзүнүн эле кызыкчылыгы жатат. Анын сыңарындай менин катыным да элди бетине карманып уктагысы келгенинде кеп...

Апрель, 2020-ж

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз