О`Шакир: Шылкыйган баштар

  • 04.10.2021
  • 4283

АҢГЕМЕ

Өзөк курулдап, өлгөндөй ачка болчубуз дейт. Биринчи курста окушчу экен анда. Эне-атадан алыстаган студенттик турмушта курсак күнүгө эле тойбойт да. Элет көздөн учат, эне-атага эркелеп өскөн жаныбыз, шаарга келгенде мусапыр кейпин кийет эмеспизби. Чукулаганыбыз эле чөнтөк, аны да тешип бүттүк дейт.

Акыл деген досу азгырыптыр анан:

– Кубат, жүрбөйсүңбү... Чынара деген классташым бар. Туулган күнү бүгүн.

– Колубузду мурдубузга тыгып бармак белек. Белек-бечкеги жок кантип... – дейт Кубат. Ыймандуу да ал.

– Курсак тойгузуп келсек болду да, – дейт Акыл.

– Эй, кызыксың! Куру кол жетип барганыбыз кандай? Кой уят, – тартынып болбой коёт Кубат.

– Жолдо баратып бир айласын табабыз. Жүрсөң, – тиги илээшкири азгырат.

– Кантип айласын тапмак элек? Же карызга акча ала турган кишиң барбы?

– Карыз-парызы жок эле айласын табабыз, – Акыл шымаланып баштайт.

Шүдүңдөп анан жолго түшүптүр экөө. Жөө. Же троллейбуска түшкүдөй тыйыныбыз жок дейт.

Сыртта кычыраган суук экен. Бурганактап кар жаап, шаар аппак дейт. Ушундай суукта шүдүңдөп Акылды ээрчигенден көрө жатаканада эле жылуу-жумшак отура бербегенине кейийт. Суукка кайыккандан көрө, жатаканада ачка отура берсе эмне. Бороон жортуп, кымтылансам болбой коюн-колтуктан сойлойт дейт. Бирок ач курсактын азгырыгы Акылды ээрчитип койсо эмне кылсын.

– Деги каякка барабыз?

– Баса берсең! Көрөсүң да, – дугдуңдап алдыга түшкөн Акыл шаардын чок ортосундагы түбөлүк от жанган эстеликке жеткенде ууру түлкүдөй эки жагын каранат. – Милийсалар көрүнбөйбү? – деп сурайт.

Экөө эки жакты каранат. Көз байланган күүгүмдө тегеректе киши көрүнбөйт.

– Дагы эмненин ичинен чыкканы турасың? Койсоңчу! – Кубат бир балээден шектенет. Чочулайт.

Элеңдеп эки жакка көз салып, тиги эмненин ичинен чыгарын түшүнбөйм дейт. Бир убакта эле Улуу Атамекендик согушта курман болгондордун эстелиги турган түбөлүк оттун тегерегиндеги жаңы жааган карды кол менен шилеген Акыл, кучак толо гүлдөрдүн бирин мага сунуп, бирин өзү кучактаганда түшүндүм дейт ишти. Кардын астында дөмпөйгөн гүлдөрдүн арасынан чоктой кызыл розаларды тандап алыптыр.

– Кеттик! Минтип оокат кылбасак болобу? Ачка кесерип отургандан көрө, кыздардын көңүлүн албай жаныбыз жокпу? – кудуңдаган Акылдын амалы мага ошондо жетти дейт.

Экөө ээрчишип жөнөйт. Чынардын туулган күнүн куттуктап келген меймандардын үстүнөн кирип барышат. Эрге тийе элек эжесинин үйү экен ал жер. Шаракташып жалаң кыздар отурган экен дейт. Таанышуу болот тез эле. Кече көңүлдүү боло түштү дейт биз кирип барганда. Шампандар атылат. Чөйчөктөр кагышат. Үй ичи ысык дейт.

Шорулдатып ысык чай ичери менен сырттан суукка кайыгып келген Кубат булоолоп тердейт. Моюн орогучу менен жылуу жемпирин чечип, отургучунун жөлөнгүчүнө илип коймок болот. Артыма кылчая бергенде эле – көзүм жамандыкты көрбөсүн дейт. Биз көтөрүп келген кызыл чоктой гүлдөр терезе жакта баштары шылкыйып жер тиктегенин көргөндө, Акылды үстөлдүн алдынан бутка тепкилеп тыбырчылап атам дейт. Баягы койкойгон розалардын бири жок. Суукта койкоюп тоңуп, гүлдөрдүн өзөгү муз болуп калса керек да, анан ысык бөлмөгө кирери менен шылкыйып соолуганын көргөндө Кубаттын башы да жерге кирип кетейин дептир...

Чын элеби, жокпу – көргөн көзүнө ишенбейт. Жакшылап карайт. Йе соолугурлар! Соолуган гүлдөрдүн барсайган чанактары Кубат тиктеген убакта – кылыч кескен баштай биринин артынан бири күбүлүп атат дейт жерге!

Эмне кыларын билбеген Кубат ушунчабызда кетип калалы деп Акылды улам-улам бутка тепкилейт. Шаштырмак болот. Же анысы карап койбойт. Көрсө Акылдын эмес, Чынаранын курбу кыздарынын бирин бутка тепкилей бериптир.

– Сиз эмне болуп атасыз? – дейт анысы. – Мени бийге чакыргыңыз келсе, колумдан эле жетелеп ортого чыгарбайсызбы...

Муну укканда өлдүм дейт. Агер ордумдан туруп, ортого бийге чыгар болсом, менин далдаамдагы шылкыйган гүлдөр көрүнүп калбайбы... Эмне кыларды билбей отурам дейт. Ысык бөлмөгө келери менен соолуй баштаган гүлдөрдү калкалап отура бергенден бөлөк аргам бар беле дейт. Мындайда уяттуу кишинин кекиртегинен да тамак өтөбү. А Акыл болсо кыздар менен шаракташып, үстөлдө жайнаган тамактарды апылдатып сугунат дейт улам. Кубат болсо кекиртегинен тамак өтпөй жер карап отура берет.

– Ананыра-ак бийлейли э?.. – Кубат сөздүн кыябын таппай буйдалат.

Тиги шайыр мүнөз кыз экен, тартынчаак жигитке чапкенедей жармашат:

– Туруңуз, бийлейбиз. Баятан бутка тепкилеп тийишсеңиз кыйынсыз деле. Эми кайра...

Айласы жок жигит кантсин. Туруп, вальс бийлейт кыз менен. Көз кыйыгына салып, байкатпай терезе жакты карап коём дейт улам. Шылкыйган гүлдөрдү көрүп, мен да шылкыям дейт. Эч болбосо шылкыйып эле турушса кана. Куру дегенде Акыл экөөбүз жөнөп кеткенче жер карап турушса эмне; гүлдөрдүн чанактары кылыч кескен баштай күбүлүп түшүп калыптыр дейт бир карасам.

– Өйдө карап бийлесеңиз, – тиги шок кыз ансайын шыңкылдайт. – Эмне эле терезе жактан көзүңүздү алалбай?.. Мени тиктеп бийлесеңиз...

Атанын түгөт ай-е. Моймолжуган тиги кыз айласын курутат. Шөлбүрөгөн Кубат башы шылкыйып, көздөрү терезе жактагы гүлдө. Гүл да анын намысына тийгенсип, соолуп турса да гүл мени минтип тилдеп аткансып туюлду дейт: “Жигит болбой кара жерге кир. Жер тиктебей, маңдайыңда бийлеген кыздын көзүнө тик кара! Мен жер карасам да, сен караба! Бийлей бер!”

Каяктан бийлесин. Жигиттик намысымды соолуп турган гүлдөр соолутуп, диңкемди суутса болобу. Өлбөгөн эле төрт шыйрагым калды дейин десем, буттарым кыймылдасачы... Жөн эле сөлөкөт кейиптенип кыймылга келгеним болбосо, тиги шок кыздын көзүнө тиктей албай өлбөдүмбү дейт.

Бул окуя те илгери болгон. Студентпиз анда. Курсташым Кубат айтып берген. Унутуп да койгомун. Бул окуяны өткөндө мектепти жаңы эле бүткөн уулум эсиме салды. Колоктоп бош жүргөн кези азыр. Бойдок. Бир жакка шымаланып чыгып бараткан экен. Колунда гүл. Алдынан чыга калган мени көрүп, башы шылк эте түшүп, күлүп ийди. Мен да күлдүм.

Уулумдун колундагы гүл кайдан экени баарыбызга белгилүү. Коллежди жаңыдан бүткөн улуу кызыма жакында бирөө гүл көтөрүп келиптир болчу...

Менден да, апасынан да гүлгө акса сурагандан уялса керек ко уулум. Анан эмне кылсын. Айласын тапты да...

Октябрь, 2021.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз