– Сендейди тотугуш дейт.
– Эмнеге тотугуш экемин?! – эски коммунист чычалады.
– А менчи?
– Сен да шеригиңден өткөн тотугушсуң.
– Эч кандай тотугуш эмесмин! – молдо чычалады.
– Биз эмнеге тотугуш экенбиз?! – молдо менен коммунист жарыша узатты суроону.
– Себеби экөөңөр менен диалог куруу мүмкүн эмес.
– Диалог куруп эле сүйлөшүп отурабыз го.
– Жо-жо... Үчөөбүз сүйлөшүп отурганыбыз жок. Муну диалог дебейт. Мээңерге эмнени куюп койсо, жаттаганыңарды быдылбап отурасыңар силер.
– Эмне деп? – коммунист туталанды.
– Эмне деп быдылдаптырбыз сага? – молдо кызаңдады.
– Бириңди шариаттагы кыргызга жат түшүнүк менен жашаганың үчүн тотугуш дейм. А бириңди коммунисттердин пропагандасы менен жашаган үчүн тотугуш дейм.
– Шариат деген шариат! – сабырсыз молдо чаңырды.
– Коммунизм улуу идея! – эски коммунист чамынды.
– Шариатта жазылган боюнча бир туугандын балдары үйлөнсө боло берет, – молдо баягысын дагы баштады.
– Кыргызда эзелтен бир туугандардын уул-кыздары эч качан үйлөнгөн эмес! – кыргыз урпагы өзүнүкүн бербеди.
– 23-февраль – Коммунисттик туунун алдындагы Кызыл Армиянын күнү! – эски коммунист баягысын дагы улады.
– А менин Эгемен өлкөмдүн майрамы башка күнү, – кыргыз урпагы өз жолуна түштү да күбүрөнүп баратты: «Буларга эмне... Тотугуш деген тотугуш да. Диалог курат бекен булар... Жаман сөздү да, жакшы сөздү да жаттатып кой. Ылгайбы? Сайрап жүрө беришет...»