Учурунда эң калыс баасын берген кадырлуу адабиятчы, сынчы Кадыркул Даутов кыргыз адабиятында Табылды Мукановдун жандүйнөсүн ачып берген баш сөзүн окуган сайын каңырыгым түтөйт, кээде тамгалар көрүнбөй көзүмө жаш каканактап, бирөөгө үнүмдү чыгарып окуп берсем, ээгим титиреп кеткен учурлар болду.
Мындай рухий “гигиенадан” өткөн учурларым дайыма боло бербейт, өзгөчө Т.Мукановдун “Жан дүйнө” ыр жыйнагын барактап калган кездерде бир келет.
Көпчүлүгүбүз поэтикалык ойду асмандан, жылдыздардан издейбиз, ал эми Табылды Муканов аны турмуштагы кенедей нерселерден издеп, издегенин тапкан.
Сен кадап берген топчу,
жаркырайт атаар
таңдын чолпонундай
карыга-жашка күлө.
Ылайым үзүлбөсүн
такыр аның,
ылайым кадабасын
башка бирөө.
Ушул ырына негедир сайсөөгүм сыздап кетет. Тагдыр экен, бир эмес эки үй-бүлө курду. Эки жерде тең күлү додо болбоду! Топчу жөнүндө жазган ырындагы аруу тилекти биринчи алганы да, экинчи алганы да түшүнгөн жок. Талант дегениң так ушул Табылдыдай түшүнүксүз калк экен. Чыгармасын окуганда андан акылдуу киши жоктой туюлат. Маяковский, Блок, Цветаева, Есенин, Акутагаваны акылсыз деп ким айтат? Бирок алар өз жандарын өздөрү кыйган, өздөрү жанынан кечкен. Табылды да китеби жарыкка чыгып, достору менен жууп-майлап дуулдаган күндөрүнүн биринде өз өмүрүнөн кечип, өз жанын кыйган пенде.
“Акынча жашап, акынча жаңылган... – деп К.Даутов: – Поэтикалык асманыбыздын жаркырап ачык жанган жылдызына айланчу оригиналдуу таланттан ажырап калдык" деп белгилегендей, кыргыз адабиятында өзгөчө бир күлүк чыкма кулунду убагында айгыр жал замандаштары жерибесе дүйнөлүк адабий масштабга чейинки тепкичтерди басып өтөр деңгээлге жеткен акындын асынып өлгөнү деле: чыныгы ыза, эмоция болсо керек.
Ошондо эле колтугунда көтөрүп жүргөн бир чоң жыйнакка даяр толтура ырлары менен думанача көчөлөп калган акындын же иштээр кызматы жок, же биринчи жары Клара, кийинкиси Тамарадан да мээрим тийбесе, Кыргызстан Жазуучулар союзунун эл катары мүчөсү болбогону эле мүмкүн кырсыкка түрткөн чыгар...
Турмуш фактылары көрсөткөндой Кларасына жазган каттарында ("Асаба”. 2000-ж. №47(9813) - №51(9816) сандарында) оңду-солдуга урунуп жүргөнү кандайдыр оңдоо-түзөө менен бирөөнүн калем учунан күчөтмөлөнүп жазылса керек деген шегим туура эмес экен. Чынында эле гезитке эң кейиштүү дагы көптөгөн каттары жарыкка чыкпаптыр. Болгон күчүн кат, ыр, көз жаштан чыгарып, күткөндө да какшап күткөнүчү:
Таңдар атып жалгыздыкта,
жалгыздыкта кеч кирип,
күттүм сени үстүмдөгү көйнөгүм
дал-далынан бөлүнгүчө эскирип.
Күттүм сени өтүгүмдүн таманы
он жыртылып жез мыктарга толгуча,
күттүм сени чымкый кара плащым
бопбоз болуп оңгуча.
Күттүм, күттүм
калгычакты кылдарсыз
боор комузум эрмегим,
тоодой, тоодой таш көмүрлөр,
отундар түгөнгүчө келбедиң.
...Мен үчүн сен – дүйнөдөн
жаш өткөндөй
жыйылбай эч чачпагы...
Аттиң сени так ушинтип күткүчө
так ушинтип сүйсөм эмне башканы!
Неси болсо да Табылдынын чыгармачылыкка жасаган мамилеси өтө шыр болуптур. Ырларынын туулган күндөрүн белгилей жүргөнүнөн улам бир күндө үч-төрттөн ыр жаратчу экен, демек, баары бир шилтемдер болушу мүмкүн. Себеби, атайы отуруп, жаны тынып иштээр бир бурчта иш үстөлү болбогон акын жазган ырларынын кемчиликтерин кайдан оңдоп-түзөдү дейсиз, көпчүлүк турмушун көпкөк асман алдында шаарыбыздын баш калкалаар көрүнгөн жертөлөлөрүн издеп, көчөлөп жүрүп өткөрсө!
Башына келген поэтикалык табылгаларды туш келди жерден чөнтөк дептерине жаза салган Табылдыдай сергек акын жаратылышта өтө сейрек кездешет. Эгерде кыргыз адабиятында мыкты акындар саналуу десек, алардын бири сөзсүз Муканов. Шурудай тандаган метафоралык көркөм салыштыруулары биринен-бири кооз, поэтикалык ойду кыйытма маанисинде жеткирген назик, кылдат Мукановдун чеберчилиги көпчүлүк калем кармап жүргөндөрүбүз үчүн туурап, ээрчип, үйрөнөр сапат. Ал көркөм поэзиянын чыныгы үлгүсүн көрсөтчү акындардын бири боло аларына ишенем. Катардагы чыгармаларынан “Ак аяз” аттуу ырын толук келтирсем деле болот эле, бирок кеп анда эмес, мында:
Аяз, сага рахмат,
уят качкан жүздөрдү
уят сүртүп кызарттың.
Поэтикалык мындай туюндурмалар Мукановдун ар бир экинчи ырынан баамга урунат. Анын поэзиясы кудум биздин тээ бала кездеги жашынмак оюнга окшоп, поэтикалык ойлору тигинден-мындан жалт берип чыга берет. Окуган сайын ойгонгон ой башка ойлорду ойготот, сезимиңди кытыгылайт. Ойлонууга аргасыз кылган поэтикалык табылгалары ого эле арбын.
Булуттар эмчек сүтү
диркиреген бээлердей...
кулундардай тыбырашкан желеде.
Шаркыратма саба жарып
сапырылган бал кымыз.
Капчыгайлар - казан асчу кемеге...
Дүйнө - боз үй, а Күн - алтын түндүгү,
тоолор куду жыйыла элек жууркандай,
шырдак салган төрлөр - жердин мейкиндиги, түздүгү!
Адамдарчы? Ошол залкар кооз үйгө
таңдай келип, кечтей кетчү
жылдыз өмүр меймандар...
Ал дүйнөнү минтип жогорудагыдай апыртып-көбүрткөн салыштыруулар менен кабыл алган. Ашкере сүрөтчүлүгүнөн калем эмес боёкко өзү кошо малынып кеткен жерлери бар, албетте, акын антип аша чаппаса да акынбы.
Алыкул Ысык-Көл ажарын ырдаса, Табылдынын тоолор жөнүндө жазган ырлары көп учурайт, тоолор жөнүндө ырлары өзгөчө орундуу, өзгөчө дүйнө. Тоолорду элинин, өзүнүн тагдырына салыштырып, диолог формасында:
– Саптары ырларыңдын
жылмакай эмес неге адыр-кидир?
– Анткени Мекенимдин келбети
так ошондой,
бу жыргал турмуш үчүн
тартышкан калкы менен
жабырды бир!
Өзүмдүн тагдырым да тарткандай эмес зымга. - деп өйдө-ылдый тагдырын ырга жууруйт.
Бирде:
Дүйнөгө кароол кылып ат кулагын
тоолорум түгөнгүчө чапкыладым. – деп укмуштуудай фантазёр акындык касиети көкүрөгүңдү тыбыратып жиберет. Мындай жандуу поэзия жаныңды жай коёбу, ордуңан серпип, муздак суудай денеңди сергитип, көзүңдү умачтай ачат. Ырларынын көбү поэтикалык кызматын аткарып берет. Табылдынын ырларын окуганга короткон убактың өзүн актайт.
Ачуусуңар, таттуусуңар сулуулар,
Бизди опоңой алдайсыңар кургурлар.
Канча болсо сенин жибек көйнөгүң,
Дал ошончо жүрөгүңдө сүйүү бар, – деп, Алыкул жеткен акыйкатка Табылды да жетсе керек.
Сен сулуу, таксидейсиң:
бир көргөн адамыңа
шарт ачып кучагыңды “айда" дейсиң.
“Кайда?"
“Каалаган жайга!” - дейсиң.
Тилегим тилегиңе бир да коошпойт:
Таксиге кимдер түшпөйт,
Таксини кимдер тоспойт.
Кызганыч, көңүл калуу сезимдери толгон мындай ырлары куру дегенде шапалактай болсо да китеп болуп жарыкка чыгып турса - акын жүрөгү сооронуп, баш көтөрүп жашай берет беле? Эң кейиштүүсү: КТРдеги “Дил кайрык” адабий көрсөтүүмдү адеп баштаганымда тирүүлөрдөн мурда өлгөн акындардан баштайын деп Т.Муканов тууралуу иликтеп, изилдеп көрсөм, көзү барындагы тагдырынан да көзү өткөндөн кийинки тагдыры өзөк өрттөдү.
Сценарийде пландагандай; көрсөтүүнүн жыйынтыгында мүрзөсүнө гүл коюу менен аяктайбыз деп чечтим эле, бирок шаарыбыздын четинде жайгашкан Көк-Жардагы мүрзөлөрдүн арасынан Табылдынын кабырын билген жан жок болуп чыкты. Эстелик эмес, эч кандай белги коюлбаганын айтышты. Табылдынын сөөгү кара жер алдына жашырылгандан кийин бир ирет көрүстөндөрдү өрт аралап кетип, кай жерде кимдин мүрзөсү бар экенин так билген жанды табарды билбей, мүрзөсүнө гүл коё албай келдим!
Чынында эле бир кезде Даутов айтмакчы; “Табылды Мукановдун тагдыры тууралуу арман-асиретсиз кеп салалбас болуп калдык окшойт”.
Шарт-шарт этип мезгилиң
кагыраган сөөккө айлантат акынды –
жүрөктөрдөн, көңүлдөрдөн өчүрүп,
"алакандай ташка чегип атыңды...
жетим калган ырларыңдын оозу ачылып араандай,
ырларыңдын колдору күндү көздөй созулуп,
жансоогалайт жаш төгүлүп карандай.
Минтип өзүнүн ыр менен калтырган эстелигинен башка мүрзөсү дайынсыз Табылды тууралуу кеп оролу дагы алдыда, азиз окурман!
Олжобай ШАКИР
“Кыргызстан маданияты” гезити.
№1(1499) 2002. 10-май.
Ыраазычылык
“Кыргызстан маданияты” гезити чыкпай калып кайра чыккан учуру көп болду. Каржы табыла калса чыкчу. Бир курдай аталган гезит редактору, таланттуу акын Нуралы Капаров “Кыргызстан маданияты” гезитин чыгарууга тыйын табылганын сүйүнчүлөп, атыңдан айланайын “КМ”, карааныңдан кагылайын “КМ” гезитин чыгарууга чыгармачыл топ түзүп, чакырып калды.
Ыраматылык Салижан аке Жигитов, Самсак Станалиев, Нуракем болуп, төртөөбүз күжүлдөйбүз. Атка жеңил, тайга чагы мен. “Кичүү болгуча иттин күчүгү бол” дешип, мени жумшап алышат ар ишке. Тызылдап жөнөйм. Ошондогу эң биринчи номуруна жогорудагы макалам жарыяланган. Гезит өтө аз тираж менен чыккан. Чөнтөккө жараша иш да бул дагы.
Көптөн бери “КМ” гезитин сагынып калгандар туш-туштан талап кетишкен. Эң кокую; китепканаларга жетпей калса керек. Кокуйлаган себебим, кийин өзүмдө болгону бир гезит калса, аны да колумдан тарттырып ийгемин. Илимдер академиясында иштеген бир окумуштуу сөрөй келди. Табылды Муканов жөнүндө чоң эмгек жазып жүрдүм эле, ушул гезитиңди берип турчу, китепканаларда жок экен дегенинен кармата бергемин... Андан да кокую; Алым Токтомушев менен Табылды Мукановдун бири-бирине жазган каттарын кошо алып кеткеничи!!! Себеби ал экөө эң жакын достордон болгондуктан, Алым байкенин түрмөдөн жазган каттары, Табылды экөөнүн адабий талаш-тартыштары бар болчу ал каттарда...
Кийин анан, мына таап ал. Баягы окумуштууну иштеген жерине далай издеп бардым. Сагаалап УИА тарапка барсам эле баягы окумуштууну сураштырам. Дайын-дарексиз жоголду. Аны менен кошо гезитте жарыяланган макалам жоголду. Алыкемден сурап алган баалуу каттар кошо жоголду! Ошондогудай жоопкерчиликсиз окумуштууну өмүрүмдө көрө элекмин...
Гезит редакциясындагы архивден да таппай калгамын. Анан эле жакында таланттуу калемдешим, чыгармачылыктагы үзөңгүлөшүм Айсулуу Көкөева так ушул макаланы кеп кылып калса болобу. Көрсө, Айсулуу досум качанкы гезиттерди сактап жүргөн экен. Текстттин да өзү терип кайра жөнөтүптүр “РухЭш” окурмандарына деп. Алкыш сага, Айсулуу! Качанкы жоголоткон чакан эмгегимди таап бергениңе терең ыраазычылык менден!