МӨЛТ ЭТЕМ
Акак шаардан айылыма мөлт дей түшүп көз жаштай,
көктөйм, көктөйм,
добул менен тирешкен
чынардын бир бутагындай шуулдап,
көктөйм, көктөйм,
баланын башы сындуу
күнүн боорго кыса тартып акырын.
Көңүлүмө коно албай
шакылыктайт кара чымчык, ак чымчык,
канаттары өйкөп кара көзүмдү,
канаттары уйпалап көө чачымды.
Колдорумдун сагынычын таркатам
чакмак ойноп, алма үзүп...
Бадачы абам бак-бак этет
күндү ийинине кондуруп,
чагылгандай тарс-тарс этип камчысы.
Чарт жарылган жүрөктөрдөй
туяктары уйлардын!
... Айылымдан мөлмөл шаарга мөлт этем.
* * *
Келем жашыл айылыма
боржоктогон кызуу ой менен кыйырсыз,
кемпирлерге сунгум келет өзүмдү
эки сабак гүл кылып,
алар мага назар салбайт
өзү менен өзү алек...
Чалдар менин жаштыгымды кызганат,
анткени мен алардын
күркүрөгөн курагын
тартып алгам талашпай!
Аларга — алоо жаштыгым —
эриндеги насыбайдай бир атым
жана дагы көк жалтаң муз,
арман ыр...
Алар мага — келе жаткан топон суу!
Алар мага — ачыла элек шум дүйнө!
* * *
Дүйнөгө кароол кылып ат кулагын
тоолорум түгөнгүчө чапкыладым,
сезбепмин сүйгөнүмдүн үрөйү учуп,
чүрпөмдүн кирпигинен жаш куларын.
Дүрмөттөп чоң атамдын эски кегин,
Дүргүтүп зоонун жапан эчкилерин,
сезбепмин жаштыгымдын күнү батып,
өзүмдүн өмүрүмө кеч кирерин.
БЕЛЕСТЕР
Кабыргамдай саналып,
карк жамынган белестер,
как жылдызга учайын,
каралдыңа кеңеш бер?
Жазгы суудай торолдум,
жаанын сезбей бороондун,
жамгырлардан жалт коюп,
жалбырагын орондум.
Кубулжуган ыр ырдап,
курбу кылган арчаңды.
Өңү тунук сууларың,
өмүрүмдөй чайпалды,
шагы беттен шагырап,
шаркыратмаң жаңырат.
Кочушуңдан куюлган
кооз уларың жамырап...
Салааланып жолдорго
саймаланган белестер,
саясында жылдыздын,
салкындайын, кеңеш бер!
Тамыр жайып өзүңдөн,
таштарыңдан көрүнгөн,
Балалыгым учурбай,
байлап алган көбүргөн.
Топ качырып жонуңдан
тоголонгон болсулдап.
Ыйманы ысык өскөмүн
ышкыныңдай солкулдап.
Чебеленип кулунчаң —
чекеден тер чубуртам.
Коом жаңыртчу кылымдын
колдоруна урунсам!..
Сезимиме сугатчы —
сенден алып кубатты,
Эргип учам жылдызга,
эжекемдей узатчы?
* * *
Толтомдо канча күн жатат!
Мен аларды учурам
карайлатчу дүйнөгө,
мен алардан жалбырттаган гүл жасап,
махабаттар балладасын тутантам.
Ала чөгүп океандар түбүнө
Сууну айлантам чалкып жаткан алтынга.
Өчсөм мейли күлүм көккө бүркүлүп,
буркулдаган КҮНДӨР калат артымда!..
БИЗДИН СҮЙҮҮ
Щвейцарка эшик ачпай
сыртта калдык экөөбүз,
(шаардан чыгып кеттик эле кечээ биз).
Тосуп алды чекирейген жылдыздар,
кекирейген дарактар.
Төө көзүндөй салтты карап
сен чыйрыга баштадың,
жүрөгүмө кыса тартып өзүңдү,
ачып салдым «шарап толгон вазадай»
сырга мелт-калт жүрөгүмдүн капкагын,
ачып салдым...
Бара жаттык ширелип,
жылдыздардын бири элжиреп, бири эрип.
Эриндерим жүзүңө
учуп-конгон калдыркан.
Көздөрүңдө жаш айланып — билерик.
Ай кесилген алтын баштай
салып бизди мүшкүлгө
сыйгаланып бара жатты
көк жалтаң «муз» үстүндө...
Самап майдын жаш таңын,
сен кайрадан кылч-кылч эте баштадың,
жүрөгүңдү кыса тартып, аймалап,
жалынымды алоолонттум толтодон...
Четте жатты ак шалың.
Жыбырады сендеги
эжигейдей эки эрин:
– Үйүбүз жок үстүдө,
мүлкүбүз жок ортодо,—
билесиңби, биз жашаган
үй да жылуу, төшөк да,
кооз кийим да, китеп да
башканыкы экенин?..
Шыбыр какты сендеги
эжигейдей эки эрин:
– Билесиңби, ушул шартта баш кошуу
кандай орой экенин!
Билесиңби, ушул саатта,
ушул кирпик ирмемде
ажырашуу кандай оңой экенин?
Ай култ этти батышта,
Чоң Жетиген окшоп «чоюн кашыкка».
Ак төшүндө мен сүзүлүп бараттым:
– Сүйүү болсо жүрөгүңдө
ошол — үй да!
Ошол — мүлк!
абийир болсо жүрөгүңдө
Ошол — кийим!
Ошол — Күн!..
Сүйүү аркылуу көз жардыңбы баркырап
бул дүйнөгө,
сүйрөңдөбөй мени менен кошо өлгүн!
Сүйүүң өлүп жашап жүрбө дүйнөдө!
...Швейцарка эшик ачпай
тышта калдык экөөбүз,
шаардан бекер чыкканбыз го
кечээ биз!
27. 05. 1968.
* * *
Кыялымдын сапсалкын саясында
санаалары топурап,
уулум сайрап-отурат
боло элек түйүлдүк,
Кыялымдын жапжашыл
өктөмүндө күн үйрүп,
баш кошо элек аялым
нурдай сууга шапынат,
айлантып ак чардакка
махаббаттын чаянын
баш кошо элек аялым...
Кыял — дүйнө кармалбаган колго түк.
28. 05. 1968.
* * *
Шарт-шарт этип мезгилиң
кагыраган сөөккө айлантат акынды —
жүрөктөрдөн, көңүлдөрдөн өчүрүп,
алакандай ташка чегип атыңды...
Жетим калган
ырларыңдын оозу ачылып араандай,
ырларыңдын колдору
күндү көздөй сунулуп,
жансоогалайт жаш төгүлүп карандай.
Сакалдарын жайкалтып
миң жаштагы ырлар калат.
Тык-тык этип таягы,
алкымдары буулуп араң долдурап:
«Аттиң, өлүп жаткан тура баягы...»
Күн бетинде кал жайнап,
кочушунда ырлар ойноп ымыркай,
а ансайын чымыркантат мезгилдер.
28. 05. 1968.
* * *
Табийгатты салбай туруп мүшкүлгө
Эх, кишилер, өтпөйт тура ишиңер:
Күнгө жеткен анын шаңдуу колдорун —
дарактарды
отойсуңар аралап же балталап,
булгап тунук көздөрүн...
Эмчектерин көзөп...
Жулуп чачтарын...
Курасыңар көөдөнүндө салганат.
Бирок анын жашоосу
өжөр биздин жашоодон:
канча төксөк, бөксөрбөйт,
жылдыздары өчсө, өлбөйт.
Неге адам кыйып өзүн жашоодон
кетет тараптарга баш оогон?
Неге адам тез күйүгөт жүрүш алса катуураак?
Неге сүрбөйт өмүрдү
табийгаттай күжүлдөп,
табийгаттай чатырап?!
... Жүзгө чыкты жүрөктөр
жексен болуп канча оору.
Табийгаттай тездик менен
даң салса бул ааламда
адам сезбей чарчоону,
адам сезбей чарчоону.
... билбей мылтык октоону,
... билбей уран топтоону...
29. 05. 1968.
* * *
К. Ш.га
Сен життиң акылдай,
сүйүүдөй,
кайрылбас жаштыктай.
Жашагам көздөрүмдөн жаш чыкпай,
айландым капкара нөшөргө
сагынычтар дүркүрөп аштыктай.
Айланды өмүр да толкунга
көөдөндөн шуулдап үшкүрүк.
Күттүрүп, күттүрүп, күттүрүп,
жүрөктү туйлатып балыктай.
Сен мени көргөнсүп биринчи
ойкуган-кайкыган чардагым,
сен мага шапшынчы, киринчи!
Тынчыңды албайбы, тынчыңды,
табийгат чыгарган корутунду:
толкунсуз чардактар чардакпы,
чардаксыз толкундар толкунбу?!
12. 06. 1968.