Табылды Муканов: Ырлар ыйык — соккуларга чыдоочу!
- 07.08.2024
- 4080
* * *
Желбиребей турса эгер менин туум
желбиретпе сен жел болуп,
желбиретсин табийгат,
мезгил ыргап сайсын бийик чокуга!
Туум жыртылса күн нурунан тез оңуп,
мезгил жыксын,
мезгил жыксын, зар ыйлап...
Мен келемин ырдан бүткөн туулардын
көлөкөсү чыйрыктырып сезимди,
сүрдөтмөксүң жылдызды да, күндү да
туумдан тапсаң өрттөн алоо кезимди.
Бопбоз болуп оңсо эгер менин туум
жүрөк жарып боёбогун кызылга,
тилектерим жашай берет жалп этпей
башка акындын балбылдаган ырында.
Мен тиккен туу көпкөк да эмес, ак да эмес,
сапсары эмес, башка элес!
Уккум келбейт балдан таттуу сөздөрдү!
Нелер таттуу? Нелер ыйык?
Таттуу — күндүн нурлары.
Таттуу абдан — мезгилдердин сыноосу!
Туулар ыйык — жыртылбаган ызгаарда!
Ырлар ыйык — соккуларга чыдоочу!
12. 06. 1968.
* * *
Жүрөктөрдүн чаңдатып ай-талаасын
даң саламын куюндай,
жылдызданып! Суюлбай!
Мени туудай ыргасак деп
аңдыйт канча сүйүүлөр
жарга, ташка жашынып,
канжар болуп катылып...
Мезгил мага чүчкүрөт
«Желексиң!» деп.
Коңгуроодой шаңгыратып,
кайдан билет
өрткө айлантып өтөрүмдү
жалбырттап!
Жүрөктөгү мөңгүлөрдү чатыр-чутур жарам да,
сел жүргүзүп каректен,
сейил берем адамга.
Мезгил мага карылык аттуу, ооруу аттуу
чабышка ылдам желдеттерин жиберет,
мен аларга жалынымды уурдатып,
жансоогалап жалбарбайм эч тизелеп:
жанча берем,
жанча берем желдеттерин коңуздай,
кайнай берем окшоп өчпөс шакарга,
оо жарыктык — карыбас күн күбө бол,
мезгил жүзүн бастырбасам сакалга!
12. 06. 1968.
СОККУ
«Өмүр — поезд рельсадан чыгып кетет бир күнү,
калдыр-күлдүр, күрсө-тарс
жаңырыгы булкуп дүйнө жүрөгүн,
чаңга айланып быркырап —
быркырап тарткан алтын, күмүшү!
Жесир калган балканактай ак жылдыз
башка өмүрдүн алпешинде чачактап...»
— деп машинист бурк эттирди канжасын.
Күн ууртуна жаба берип ак жарык,
шукшурулат чоң состав
кара кылды как жарып.
Рельсалар талтайып
чалкасынан түшүшкөн, күн кулагын тундурат
буу ышкырып түтүктөн.
Тер тызылдайт маңдайда,
суу буркулдап, май ысып;
тоо жалп этет, талаанын
кабыргасы кайышып.
«Көңүл — дөңгөлөк, күндө кызыл өмүрдү
шаттык аттуу, кайгы аттуу разъезддерге жеткирген;
ал эч сезбейт шарактап
оо бир жерден рельсалар үзүлүп,
рельсалар ажырап,
кырчын сапар бүтөрүн» —
деп машинист бурк эттирди канжасын.
— Стакан жок! Оозуң менен жуткун!—деп,
суусун сундум бир шише:
түшүп кетти канжасы,
Талкаланды тайраңдаган ойлору,
кекиртеги ийрең этти бака жуткан жыланча,
а тиштери чакмак канттай жарк эте,
жүздөрүндө калбай калды бырыштар...
12. 07. 1968.
* * *
Жерден кайра чагылышат нур күнгө,
чагылышкан нур менен
эрегишип өстүм мен:
ал нур мени бүкүрөйтпөй, бүркөлтпөй
кере тартып өзүндөй түз өстүрдү.
Бирок менин жолум жана тагдырым
түз эмес эле ал нурдай —
бүкүрөйдүм,
бүркөлдүм,
кайра менден чагылышып ал нурлар
жердей чымыр денемден
өздөрүндөй түптүз жана тайманбас,
өздөрүндөй азиз жана күлүк көз
балдар өсүп,
чаң ызгытып жашоодо...
14. 07. 1968.
* * *
Куурчактай жалдырайсың,
каректериң жансыз, чийки... буурчакпы ай?
Жүрөгүмдү жүрөгүңө жууруп,
саамайыңды толкундай бир сапырсам!
Турмуш сага витрина сыяктуу;
канча тыйын, канча сом
сен дегенде өмүрлөрүн кыят бу.
Көзү үргүлөп кичиненин, чоңдун да,
тагы түшүп ууз денеңе эриндердин, колдун да,
манчыркаган махабатың айланган
абдан каардуу жолбунга,—
жүрөктөрдү жипке тизип шурудай
олтурасың желаргынын ордунда.
Ыраа көрүп күлкүңдү —
чанагыңдан чарт жарылып
жайнап калчы колумда,
(көңүлүм жетим калды сирень да оңуп),
мен сага сунулайын күн нурундай,
мен сага төшөлөйүн килем болуп.
...Мен сага болуп барам калдырканың,
а эртең чыкпас үчүн шалдырканың...
04. 11. 1968.
* * *
Кош бол, байкуш мондалиним,
таштап кеттим күн нурундай кылдарыңды чарт үзүп,
Көөдөнүңдү тарс жарып...
Калдың чоочун адамдардын арасында
рак менен ооруган аял сындуу
колго алынбай.
Аман калган жалгыз кылың желаргыга зар какшайт
үйгө кирген кумурсканын зыркыратып сайсөөгүн,
кран суусу ээ-жаа бербей шолоктоп...
...Мен таш боормун,
мупмуздак таш жолдомун!
Тайгалак таш кечүүлөрдү шарт аттап:
бийиктен таштар кулайт мени көздөй —
мен таш боормун андыктан,
мондалиним—дүйнөдө жок периштем
ыраазы бол — мыкчып ичке мойнуңдай
чаппаганга ошол катаал таштарга.
Сен неликтен таштан бүткөн бооруңду
балкылдатып эритпедиң,
айлантпадың элжиреген жемишке?..
...Издеймин мондалинди
Сенденчи кубулжуган миң бир эсе!
12. 11. 1968.
МҮНӨЗДӨМӨ
Билип ал.
Ал, жерден сыпаа,
тили бал.
Шүк!
Кабак чытпайт түк.
Муш түйбөйт түк.
Арак ичпейт.
Чылым чекпейт.
Кыз сүйбөйт түк.
Шүк.
Түшүндө гана чуркайт кыздарга:
Ээн,
караңгы жерден
Алардын кыжырына тиет —
чымчып иет,
чыңыртып иет,
кытыгылап иет,
кыйкыртып иет,
аткып иет,
айкыртып иет,
чапчып иет,
чаңыртып иет.
— Апакебай! — деп анан жыртат көздү,
таң аткыча элестеп туруп алат
жоон сан,
жото жилик.
— Тиги жибектей созулган ким ыя?
Ошо жигит:
алган билети,
түшкөн сүрөтү,
баскан жолу — жалгыз;
сүйгөнү — жымжырттык,
жылуу күн,
жылма аккан суу,
жылаажын үн,
жалбыз!
Башы укмуш — абдан бышкан дарбыз;
дөбөнү: тоо,
тоону: оо!.. дейт.
Үч жашар инисине дугадай ийиле берип:
— Аял алгыңыз келип жатабы сиздин?
Кашаң ат минет.
Какпайт тизгин.
Айкырса эшек
боздоп жаткандай көрөт
жүрөгү менен аяп,
жүлүнү менен таяп.
Акыл айта көрбөгүлө, ой, буга.
Оу-у!
Беш колундай билет
галстук байланганды
кекирейген мойнуна...
Кыскасы, мени кызматтан алып ыргытып,
аны койгула!
11. 12. 1968.
ЫРЛАР
Ырларым менин дүбүрттөйт
жүрөгүмдү мекендешип жайыттай,
чаңкап келип
шылдыр каккан чайыттай
кандарымдан кылкылдатып шимирип,
азынашат бири-бирин кажышып,
о алардын меникинен миң бир эсе каны ысык.
Такасынан таңдар аткан
эркин ырлар,
жал, куйругу сапырылып ааламга,
санат жеткис туяктары согуп «буң» —
дүңгүрөтөт көөдөнүмдү талаасындай казактын,
шуулдатат сезимимди токоюндай орустун...
Мезгил урган чалманы
чарт үзүү үчүн жаралгандай атайы,
кароолдорго илинбей,
ыргышташып ырлар өкүм нурлардан,
ырлар каардуу, жапайы!
келечеги алардын — шаң, салтанат,
жуушап жаткан ырларым,
шаа майтарып үрккөн күнү
жүрөгүм,
даңкандарга айланын —
ай-ааламда даң салат...
21. 12. 1968.