* * *
Ош кыргыз драма театры өмүр жолун 1972-жылы күзүндө Жалал-Абад шаарында баштаган. Театрдын ачылыш аземине Кыргызстан Коммунисттер партиясынын борбордук комитетинин секретары Б.Мураталиевдин, Өкмөт башчынын орун басары С.Бегматованын, маданият министри К.Кондучалованын, Ош обком партиясынын биринчи секретары С.Ибраимовдун катышканы белгилүү. Ошто театр имараты, артистердин үй-жайы болбогондуктан Жалал-Абаддагы медицина техникумунун жатаканасына жайгаштырып, шаардын маданият үйүндө оюн коюп турушсун деген туура чечимге келишкен. Антпегенде Москвадагы А.Луначарский атындагы театр институтун бүтүрүп келген жаштарыбыз туш-тушка тарап, бытырап кетмек. Таркабай бир театрга топтолгон чыгармачыл бул коллектив улуттук сахна өнөрүбүздүн даңкын көтөрдү, Ош кыргыз театрынын атагын чыгарды.
Андай болорун ошол учурда сезбесек деле керек. Облустук партия комитетинин биринчи секретары Султан Ибраимов күндөп-түндөп курулуш ишин жетектеп, аз убакыттын ичинде Ош шаарында театрдын имаратын да, артистердин беш кабат үйүн да курдуруп, театрдын артистери, жумушчулары менен Жалал-Абаддагы утурумдук турагынан түбөлүк орду Ошко көчүрдү. А тургай өзбек театрын кошо салдырды. Мамлекеттин өнүгүшүндө, элдин эстетикалык тарбия алып, адамдын аң-сезмдүү Адам болуп жетилүүсүндө театрдын, кинонун, музыканын, көркөм адабияттын ролун Султан Ибраимовдой түшүнгөн жетекчи чанда чыгарын көрүп келатабыз.
Мындай кеменгер баалуу сапат Күлүйпа Кондучаловнада да бар болчу. Ош кыргыз драма театрынын уюшулганына 4–5 жылдын жүзү болуп баратса да, андагы чыгармачылык дымак, ынтымак кандай? Көздөгөн көркөм багыт, максат барбы анда? Айтор, кабыргасы ката элек жаш коллективдин ал-абалын, көргөн күнүн атайлап билүүнү көздөгөн көңүл буруу болбоптур. Жаңы спектакль даярдалган учурда гана редакторлордонбу, театр сынчыларынанбы, бирди-жарымы барып министрликтин атынан «кабыл алганы» анчейин деле баркталбаган ашмалтай формалдуулукка айланып калгансыйт.
– Эже, – дедим Күлүйпа Кондучаловнага сөздүн оңтою келгенде, – Ош театрын Жалал-Абадда салтанат менен ачтыңар эле. Кийин унутулуп калды окшойт, театр эмне болуп атканын барып билген киши болбоптур...
– Сени кызматка эмне үчүн алдым эле, барып бил! – Айтканым министрге жакпай калгансыды.
– Жалгыз барбайм, эже. Аттуу-баштуу дегендей, калыс сөзү бар ишмерлерден, талдоо жүргүзгөн адистерден ала барайын, уруксат бериңиз, ревизорлордой болбой жардамыбыз тийсин, – дегеними эже туура көрдү окшойт:
– Кимдерди алпарасың, тандап алып бара бер, – деди.
Эки-үч күндүн ичинде тандап, «мени менен он бир киши» болгонубузду министрге айттым. Кыскартып салабы деп турсам, эже: «Көп экенсиңер» деген жок: «Кимдер?» деди. «СССР эл артиси Даркүл Күйүкова, режиссёрлор Жалил Абдыкадыров, Медербек Назаралиев, театр сынчылары Сарман Асанбеков, Аваз Сырымбетов, редактор Мария Тимофеева Абдина, музыка боюнча адис Аскер Карыбаев...» – кыскасы, баарын санадым.
Театр – ар тараптуу өнөр. Көзгө көрүнгөн негизги жүгүн актёр көтөрөт: анын сахнадагы жүрүм-туруму жөн гана кирип-чыгып ары-бери басуу эмес, «мизансцена» деген термин ошон үчүн бекеринен айтылбайт; диалогду, монологду маанисине жараша тирилте сүйлөө маданияты, унчукпай турган «сөзүндөгү» чеберчилик, кыскасы, чектеп коюуга мүмкүн болбогон жөндөмүнүн байлыгына жараша образ түзүлөт. Актёрдун сахнадагы жашоосун спектаклдин жасалгасы, музыка, үн, добуш, жарык берүү толуктап, ошондой эле бийлеген, ырдаган учурлар драмалык спектаклдерде деле болушу мүмкүн. Ушундай ар тараптагы көркөм ыкмалардын «башын кошуп», көркөм-философиялык бир максатка режиссёр бириктирет.
Режиссёрдун эмгеги көзгө көрүнбөйт, бирок залда отургандардын жүрөгүнө, акыл-оюна таасир этет же эте албай кайдыгер калтырат. Режиссёрдун койгон спектакли аркылуу анын таланты, билими, профессионал деңгээли, интеллекти, жашоого көз карашы сезилип турат. Мыкты режиссёрсуз мыкты спектакль жаралышы мүмкүн эмес, чыгармачылык багыты айкын атактуу театр да болбойт. Артистин багын ачкан да режиссёр. Айтор, айтайын дегеним, театр тирүү, татаал организм, анын бир да тармагын көз жаздымында калтырбай кенен, калыс талкуулап, чер жазыша пикирлешип, жаш коллективдин шыгына шык кошсок деген ниетте жоон топ ишмер баратканыбызды эже түшүндү окшойт, «комиссия» мүчөлөрүн жактырды.
Приказга орун басары эмес, өзү кол коюп, он бирибизди Ошко жөнөттү. Курамыбызды «комиссия» дешти ыраа көрбөгөндүктөн тырмакчага алдым. Чыгармачылыкка бул термин ылайыксыз. «Комиссия» дегенди атайлап кемчилик издеген, ийгиликти байкаганга мойну жар бербеген текшерүүчү (ревизор) деп түшүнөм. Биздин милдет артистердин, режиссёрлордун, деги эле жаш театрдын шагын сындырбай өсүп-өнүгүшүнө көмөктөшүү. Ошого жарайбызбы, жокпу? – кеп ушунда. Карп-курп кирип барып, оштуктардын үрөйүн учурбайлы деп, бараткан максатыбызды театрга кабарлагам. Барган күнү мейманканага орношуп, жуунуп-тазаланып алып, кечинде театрдан «Ак кеме» спектаклин көрдүк. Режиссёру Искендер Рыскулов, роль аткаргандар Райма Абдыбачаева, Марат Алышпаев, Нарын театрынан которулуп барган ветеран актёр Калыйбек Тагаев менен бирге биз дагы сахнада кошо жашагандай керемет таасирде болгонбуз.
Буга чейин Ош театры мен үчүн таптакыр түшүнүксүз табышмак болчу. Айталык, бала чактан Пржевальск, Нарын театрларынын, Кырдрамдын оюндарын көрүп чоңойсок, артистеринин көбүн аты-жөнүнөн бери билсек, Ош театры жөнүндө маалыматым жок, кандай жакка баратканыбызга акылым жетпей кыжаалат ой-толгоодо элем. «Ак кеме» көңүлүмү көтөрдү, аз да болсо көзүмү ачкансыды. Таланттуу театрга келгендей болдум. Баарыбыз ушундай сезимде экенбиз. Театрдын башкы режиссёру Адылбек Дыйканбаев, жөн режиссёрлору Искендер Рыскулов, Кадырбек Калыков үчөөнүн репертуарындагы баш-аягы он бештен ашык спектаклинин бирин калтырбай күнүнө экиден көрүп бүткөнүбүздө, эки күн бою театрда талкуу өткөрдүк.
«Ийри отуруп, түз кеңешкен» пикирлер режиссурадагы, актёрлордун, сүрөтчүлөрдүн, дагы башкалардын эмгегиндеги изденүү-табылгалар, ийгиликтер менен мүчүлүштөр, таарынчы-урунчу дегендей ич күптү, оң-тетири кылгылыктар ачык-айкын армансыз айтылды. Биз көргөн спектаклдердин жарымынан көбүнүн режиссёру Искендер Рыскулов экен. Бири-биринен калышпаган таланттуу десең таланттуу, мыкты десең мыкты таасири күчтүү спектаклдер. Драмадагы ой-максат, аны көрүүчүгө ачып жеткирүүдө сахналык сонун көркөм каражат таап, актёрлор ансамблин таамай тандаган жагынан Искендердей режиссёр чанда жаралат. Режиссёрдун күчү, өңгөлөргө окшобогон өзгөчө таланты ушундайдан байкалат.
Таңдайынан чаң чыккан сөзмөр режиссёрлорду гана көрүп жүрчү элем. Искендер бала чагынан таптакыр андай эмес, жопжоош неме болчу, «киши деле болбойт ко» деп ойлочумун. Аны атасыныкынан чанда көрүп жүргөндүктөн айтып атам. Театрдагы талкуу учурунда Искендер макталган, макталбаганына кайыл сыяктуу мен көрүп жүргөн Искенди элестетти мага. Көңүлүнө жаккан сөзгө, бирөөнүн кылыгына чочугансып, жагымдуу каткырып иймейи бар эле, анысы да калыптыр. Эки күндүк талкууда сөз сүйлөгөн жок, аягында ыраазычылыгын гана айтты. Обком партиянын биринчи секретары Султан Ибраимов менен акылдашып, эртеси облустагы бардык райондордун идеологияны, маданиятты тейлеген жооптуу кызматкерлери менен бирдикте театр өнөрүнүн конференциясын өткөрдүк.
Искендер анда да сүйлөгөн жок. Сырын билбегендер Рыскулов «комиссияны» теңсинбей жатат деген нааразычылыгын кыйыткандар болду. Искендин болгон-турган мүнөзү, кыялы ушундай экенин кийин түшүнүшкөндүр алар. Искендерде, анын чыгармачылыгында генийликтин белгилери бар эле. Ал кыргыз театр өнөрүн бийик деңгээлдеги жаңы тепкичке көтөрдү. СССРдеги эң кыйын деген атактуу режиссёрлордой кадыр-баркка татыды. Бирок анын, деги эле Ош кыргыз драма театрынын бир дагы спектакли радио, телеге жазылып калбаптыр. Жок дегенде бирди-жарым спектакли кинохроникага тартылган 2–3 мүнөттүк маалымат болсочу!
Мындан өткөн кейиштүү өкүнүч болбос. Радио, телеге жазылып калган чыгармалар канча бир жылдардан кийин да руханий дөөлөтүбүздү унуткарбай баскан изин, кимдин ким болгонун билгизип турмак, өткөндөрдүн өнөрүнөн урпактар өрнөк алып, улуттун чыгармачылык мурасын байытмак. Театрдын жетишкендиктерине көбүрөк токтолдум. Кемчилик жок дегендик эмес бул. Кемчиликтер талкууда жакшы эле айтылды. Анын баарын эстеп отуруунун кажети жок. Театрдын чыгармачылыгына, коллективдин ынтымагына салакасы чоң эки кемчиликти катуу сындаганбыз. Биринчиси, театрдын артистери үч режиссёрдун ортосунда үчкө бөлүнүп, бир режиссёрдун артистери экинчи, үчүнчү режиссёрдун спектаклине катышпаганын байкадык. Жаатташууга алып келчү бул жаман жосунга артистер да, режиссёрлор, театр жетекчилери да ашмалтай болуп бараткандай сезилди. Муну кантип сындабайлы?! Сындадык. Театр коллективи чычалабай ыраазы болду. Бөлүнүп бараткандарын моюнга алып, келечегинде ынтымакташуу жолго түшкөн.
Экинчиси, котормо маселесине тиешелүү. Драмалык театрлар жылына 5 спектакль даярдап, элге тартуулоого тийиш болчу. Беш спектаклдин экөө котормо пьесалар боюнча коюлчу. Ош театрындагы котормо репертуарды үч театр сынчысы «менчигиндей» ээлеп алыптыр. Сынчылар которбосун деген кеп эмес бул. Кеп котормолорунун начар, жараксыздыгында. Талант болбосо, тил «билгендин» баары эле котормочу боло албайт. «Элеттегини ким көрүп атыптыр» дегенсип, котормо репертуарды «үкүнүн уясына» айлантып алгандары бештен белгилүү кылмыш дээр элем муну. Театрдын «өзүм билемдиги» эмес бул, «боло берет» деген кайдыгерлиги.
Келишим түзүп, котормону кабыл алган күнөө маданият министрлигиндеги редколлегиянын башкы редакторунда, анын театр сынчыларына көшөкөрлөнгөн амалы бул, көз көрүнөө халтурага жол ачкандык! Кыя чаап турбаса, халтура тамырын оңойле жайылтып жиберчү балээ. Ал балээни театрга үйүр алдырбай сүрүп салуу ир алды министрликтин башкы редакторунун милдети. Бул милдетти аткарууга киришкен күндөн баштап, өзүмө кас душман топтоорум, жыландын уюгун басарым айдан ачык. Халтурадан, халтурщиктерден коркуп, халтураны тыюу мүмкүн эмес. Мыкты котормо мыкты жазылган проза, поэзия, драмадан кем калышпаган көркөм адабий чыгарма экенин сыйлабагандарга жол берилбеши керек! Тобокел деп бел байладым.
Ош театрындагы ишибиз пайдалуу да, кызыктуу да болду. Ал жөнүндө маданият министрлигинин коллегиясында маселе карап, маалыматымы угушту. Ош кыргыз театрынын эки жылда бир гастролун Фрунзеде өткөрүп турууну сунуштадым. Коллегия сунушуму жактырып, чечим чыгарды. Театрдын гастролдору борборубузда чоң ийгиликтер менен өтүп турду. Чыгармачыл коллективдин профессионал деңгээли, моралдык дымагы күндөн-күнгө өскөнүнө күбө болдук. Министрликтин коллегиясына баягы «котормочу» үч сынчы да чакырылган эле, аларга: «Окуусун окуп келген сынчылыгыңарды кылгыла, ал эми котормону котормо колунан келген ээлерине бергиле» дедим. Санаалаштарым мага: «Бекер айттың. Жаныңы алар эми тынч койбойт» дешкен. Ошондой эле болду. Ошондой болорун өзүм деле билгем. Бирок «эпопея» болуп кетерин ойлобопмун. «Эпопея» менин пьесаларымын баарын «Атанын тагдырынан» бери «советтик түзүлүштү кара боёк менен сүрөттөгөн» деген идеологиялык оор айып таңган чоң макаланы «Кыргызстан маданияты» гезитине жарыялагандан башталган. Аржагын кийин айтууну эп көрдүм.
* * *
1984-жылдын май айы болчу. Телефон тынбай чырылдап, үй-бүлөнү ойготту. Түнкү саат үчтөн өтүптүр. Минтип беймаал чалынган телефон, карсылдата кагылган эшик кимдин болсо да үрөйүн учурбай койбойт. Биз да жүрөк оозго кептелип, коркуп кеттик. Трубканы акырын алып тыңшасам, маданият министринин ошо кездеги орун басары экен:
– Ойготуп койдумбу? – дейт камаарабай.
– Эмне болуп кетти?! – Санаам уйгу-туйгу, оюм чакчелекей: жаман кабар айтпаса экен! А кокус?.. А балким, жакшылыктыр?..
Жети түндө ичкилик издеген теңтуштар да корккон-коркпогонуңа карабай дүрбөтө берчү эле... Жо-о, андайга батынган кишисине гана барат адам... деги суук кабардан Кудай сактай көр!.. Көз ирмегенче миң-миллион чаржайыт санаа, бүшүркөөлөр, шектенүүлөр тартыла түштү оюма. Ой да агылып жатты, сөздөр да айтылып жаткансыды. Аңгыча телефондон:
– Абдыкадыровдун жакын туугандарынан ким бар шаарда, билсеңиз керек? – деген суроо угулду.
– Абдыкадыров?.. Жалилби?.. – Мен эч нерсе түшүнгөнүм жок.
– Ооба. Тууганын айтыңызчы...
– Кандай тууганы?! – Суроонун мааниси да, максаты да акылыма сыйбады. Бирок кооптонтту.
Уйку же соо экеними өзүм билбей оюм эс-мас бүдөмүктөп, башым дале чалды-куйду: жалаага жакын курган Жакең дагы бир балээге кабылганбы? Аялын, үй-бүлөсүн сурабай туугандарын сураганы кандай? А эмне үчүн менден сурайт?
– Ага-иниси барбы? Билесиз да... – деп телефондон дагы такып сурады.
Жооп таап-таба албай жатсам да дүрбөлөңдүү ой-санаа чар учкандай сапырылып, эмне экени белгисиз, эсимди эки кылып баратты.
– Билбейт элем, – дедим, билбегениме күнөөлүүдөй. Ырас эле Жалилдин уялаш, аталаш дегендей бир туугандары, таяке-жээни бары-жогун сурабапмын. Сураш кимдин оюна кириптир? Жалил эмне болуптур дешке оозум барбады. Сурасам эле суук кабар укчудай үрөйүм учту, өзүмөн өзүм кооптоно:
– Абдыкадыров Алма-Атыга кетпеди беле?..– деп жибердим.
Кыргыз академиялык драма театры ошо кезде Алматыда гастролдо болчу. Театрдын башкы режиссёрунун милдетин убактылуу аткарып, Жалил да ошоякта жүргөн. Эмне болду? Жини бир кармаса оңой менен таркабаган көк, өжөр неме эле, ачуусу же ызасы менен жаман ишке кабылып алганбы? Анткени ыза болушуна быяктагылар шылтоо камдап коюшуптур болчу: Алматыда театрдын гастролу өтүп жатканда, Кыргыз ССР маданият министрлиги азыр мага телефон чалып турган орун басардын башкаруусунда «Манастын уулу Семетей» спектаклин Мамлекеттик Токтогул сыйлыгына көрсөтүп, спектаклдин режиссёру Жалил Абдыкадыровду тизмеге кошпой коюшат. Бул көз көрүнөө кыянаттык, кемсинтүүгө барабар жосун, анткени режиссёру сыйлыкка татыксыз спектакль сыйлык алышы мүмкүн эмес.
Жалил Абдыкадыровду сыйлыкка көрсөтүлгөндөрдүн тизмесине кошпогондору ошол эле күнү дуу дей түшкөн. Алматыга да дароо угулуптур. Айтор, катардан калганына ичи күйгөндө кайран Жакең чектен чыгып кетсе керек деп, оюм ошого кетти. Жаны кылдын кырында жатканы үч уктаса түшүмө кирбеди. Театрдын гастролу «Манастын уулу Семетей» менен ачылып, ага Казакстан компартиясынын биринчи секретары, кыргыз-казакка баркы бирдей бийик Динмухамет Ахмедович Кунаев жан-жөкөрлөрүнүн коштоосунда спектаклди баштан-аяк көрүп, кыргыз театрын абдан жактырып, авторду, режиссёрду куттуктап, казак режиссёрлорун: «Актёрлорду дайны жок бакыртканыңарга кыйынсынбай кыргыз боордоштордон үлгү алсаңар боло» дептир дегенин угуп сүйүнгөнбүз. Кунаевдин жакшы деген баасына Жалил Абдыкадыров төбөсү көккө жеткиче жаш баладай барбалаңдап кубанганын айтышкан.
Ошондой көңүлү көкөлөп турган учурда эки-үч күн өтүп-өтпөй аты-жөнүн тизмеден көрбөгөндө көзү тунарып, жаны кылдын кырына чабылган да! Деги эле ушул спектаклдин жаралып, сыйлыкка көрсөтүлүшүндө министрдин алиги орун басары ченебегендей теңсиздик кылган. «Манастын уулу Семетейди» адегенде режиссёр Бообек Ибраев жан дилинен даярдап баштап, премьерасына чукулдаганда таасири күчтүү бирөөнүн каарына калып, «күйүтүнөн» репетицияга ичип барган экен, Бокеңин сазайын окутуп туруп, спектаклден бошотуп, ордуна Жалил Абдыкадыровду бекитишет. Спектаклди Абдыкадыров чыгарды. Бообек канчасын бүтүрүп, Жалил Абдыкадыров канчасын кошконун айта албайм. Анысын да, мунусун да көргөн эмесмин. Ал эми Бообек Ибраевдин спектаклге эч кандай тиешеси жоктон бетер афишага, программага аты жазылбаганы автордук (режиссёрлук) укукту бузгандык болуп эсептелет.
Мында Жалил Абдыкадыровдун күнөөсү жоктур. Министрликтин гана «өз билемдиги». Сыйлыкка көрсөтүлбөсө да Бообек Ибраев афиша, программага «спектаклди даярдоого катышкан» деп жазылышы зарыл эле. Антип-минтип оюму жыйнагыча:
– Абдыкадыров ооруп калыптыр... – деп трубкадан угулган үндөн чочулоо, кейүү да байкалбады. – Оорусу катуу окшойт, ошондой дешти...
Эмне дээрими билбей мукактанып калдым.
– Жакшы жолдошторунан, ойлосом, сиз бар экенсиз. Алма-Атыга барып келе аласызбы? – деди трубкадан. Жүрөгүм шуу этти:
– Эмне?.. Тирүүбү деги?! – Тирүү болсо түн уйкудан аша кеткенче дүрбөбөс элек, «өлүгүнө мени жумшаган атканбы?» деген ойго кеттим.
– Тирүү дешти. Эс-учу жок, киши тааныбай калыптыр. Аялын апарыш керек экен... – Телефондон саал буйдала түшүп кошумчалады. – А мүмкүн, эмгиче?.. Кыскасы, «мал» болбойт дешти...
Мындайда чоюлжуп отурчу беле адам! «Барса барайын, машиненин жайын кантебиз?» десем: «Өзүңөр караштырып көргүлө, болбосо эртең ишке барганда байкаштырабыз» деген болду орун басар. Алты сааттан кийин иш башталат, ошондо деле эчтеме бүтпөсүнө көзүм жетти. Эртерээк жетсек Жалил тирүү калчудай сезилип, шаша баштадым. Эми кайра жатып уктай да албайсың.
Машинелүү жолдоштордон Жалил Садыков эсиме түштү. Телефон чалдым. Трубканы аялы Сабира алды.
– Сабыке, бу мен эле... – дегенимче болбой:
– Бексултансыңбы?! – деп үрөйү уча түшкөнү угулду. – Тынччылыкпы деги?!
– Берки Жалил Алма-Атыда ооруп калыптыр...
– Эмне дейт?! Гастрол ачылганда эле чогуу эмес белек, сопсоо болчу!..
– Азыр звонить этишти. Дамираны апарыш керек экен. Жакемин машинеси жүрүп атты беле? – десем, Сабира шашкалактап:
– Жакеми ойготоюнчу! – деп алып, «Жалил! Э, Жалил! Жаке!» деп чакырып, башка бөлмөгө баратканы туюлуп турду. Бир пастан кийин кайта телефонго келди. – Ойгонду, келатат! Алда катыгүн, ай!.. Жакем да ооруп атты эле, давлениеси көтөрүлүп... Эмне болуптур? Мынча дүрбөлөңдөп калышканына караганда жакшы эмес ко?! Мына, Жакеме берейин...
Трубканы Жалил Садыков алып, катуу кейиди. Машинеси бузулуп жаткан экен:
– Жатпай бир айласын табалы, – деди ал мага.
Ошентип түн ортосунан кийин экөөбүз машине издемей болдук. Кимге телефон чалып, кимдин жүрөгүн түшүрөм? Жолдоштордун биринин да телефонун эстей албай кыйналдым. Телефондору тургай өздөрүн кошо унутуп, эсим кетти. Аңгыча болбой Жалил Садыков телефон чалды:
– Дамира уулун ээрчитип, биздикине келди...
– Угушуппу? – десем:
– Дамиранын атасына телефон чалышыптыр. Жалилдин өзүнүн машинеси быякта экен, уулу алыска айдай албайт, мени айдап барыңыз деп келиптир Дамира. Менин давлением жакшы эмес, Канатка айдатмай болдук. (Канат Жалил Садыковдун университетте мугалим болуп иштей баштаган уулу). Сен, мен, Жалилдин балдызы, Дамира болуп жолго чыгалы. Даярсыңбы? Гостиницага керек, паспортуңу унутпа, – деди Садыков Жалил.
Саат төрттөр ченде Алма-Атыга жөнөп кеттик. Аялдарыбыз кошо жүрүп, Дамираны узатып чыкты. Кыйынчылык башка түшкөндө адамга адамдын карааны кымбат. Дамира аргасы кетип, карайлап турган экен, аялдарыбыздын анча-мынча айткан акылына, көрүнүп койгондоруна кадыр эсе кайрат күтүп, үмүттөнүп калды. Жолго чыгып баратканыбызда Дамира буркурап ыйлап жиберип сооронду. Өзүн өзү сооротту. Жолду ката далай ошентти: Жалили эсине түшкөн сайын ичи бышып кетеби бир ыйлап, бир басылат. Биз эмне айтарды билбей күнөөкөрсүнөбүз. Садыков алдыда, уулунун жанында. Үчөөбүз арттабыз. Чанда-чанда гана:
– Кудай сактасын... – деп Дамиранын кайратын тилейбиз.
Сиңдиси Алина да жездесинин абалын жакшылыкка жоруп, анда-санда эжесине сабыр туттурган болот. Эркерээк өскөн жубай жетер-жеткенче ыйлап-сыктап басылбай мазебизди кетирип, эссиздик кылбагайле деп чочуладык эле, анткен жок. Дамира демейдегисиндей эмес, эстүүлүк кылды. Ыйласа да токтоо ыйлап, сооронсо да токтоо – сабырдуулугун жоготподу. А түгүл Кордойдун белин ашып, жонго чыкканыбызда Канатты сергитип алалы деп токтосок, Дамира бир бөтөлкө сүт, колго бышырылган нан алып чыгып, машиненин соорусуна «дасторкон» жая салды:
– Нан менен сүттүн тилеги таза дейт, жакшылыкка деп мамам салып берди, – деди. – Ооз тийсеңер, баарыбыз ооз тиели. Артканын Жакеме ала баралы.
Жаманчылыкта адам акылынан айныбай кайрат тутса, кадыры көтөрүлөт. Дамиранын ошондогу үмүтү бизге да үмүт берип, ичибиз жылыган. Нан менен сүттүн касиети чын эле колдоп, Жалил биз барар замат сакайып кетчүдөй сезилген. Жол алыс. Сөз аз. Кезек-кезек гана бу Жалил же мен алмак-салмак: «Уйкуң келген жокпу? Чарчайлексиңби? Чарчасаң айт» деп Канаттан сурап коёбуз. Канат:
– Жок, чарчаган жокмун, – деп машинени бир калыпта айдап баратты. Эртең, айтмакчы, эртең эмес, бүгүн эле университетте Канаттын сабагы бар экен. Бизди Алматыга жеткизип коюп, кайра артына автобус же такси менен жөнөмөк. Жол арылаган сайын ар кимибиз өз-өз оюбузга чөгүп, тунжурап бараттык. Мен Жалилдин соо кезин ойлойм. Ойлобоюн десем деле болбой оюман чыкпады.
* * *
Жалил Абдыкадыров экөөбүз 1960-жылдан жолдош элек. Андан бери далай убакыт өттү. Мамилебиз бир калыпта болдубу? Арабыз ажырап, сууп барып оңолгон учурубуз да болгон. Эмнеликтен ошентти? Ананыраак түшүндүрүүгө аракет кылайын. Бара-бара мамилебиз жибип, бирибизди бирибиз көрсөк, Алыкул айткандай: «Курдаштыктын белгиси алыстан көрүп ыржаюу» болуп, кайрадан кадырлашып турганыбызда, Жакемден тигинтип жүрөк үшүткөн сестүү кабар келип отурат. Экөөбүз катуу тамашалашчу элек, эркелешчү элек. Бая «мал болбойт» деген суук сөзгө заманам куурулуп: «Мен эми кимди тамашалайм» деп каңырыгым түтөп кеткен экен, аны укканда бу Жакем да ыйлап ийе жаздаган.
Абдыкадыров Жалилдин балжайган күлкүсү, уйгур «Манасы», казакча, өзбекче ырдаганы, дунганча жомогу... айтор, тамашасынын чети оюлбай жаркылдап, элдин жарпын жазып отурганы көзүмө элестейт. Кадимкисиндей көрүнөт да турат. Ал ансайын ичим ачышат. Машинеде баратканыбызда 9-Май күнү Жалил Абдыкадыровдун мага телефон чалганы эсиме түштү. Ал менден жашы улуу болсо да мени тамашалап «молдоке» деп койчу.
– Оо, молдоке, кандай? – деген телефондон үнү киркиреп. – Улуу майрам кут болсун! Эмне кылып атасың?
– Отурам быркыйып! – дедим айта жүргөн тамашабызга салып.
– Ой, итиң оой... – деп Жалил телефондон күлдү.
Башында ал бул сөзгө чычалачу, кийин чычаласа да ичинде болуп, көнүп бараткан. Жакшы санаалаш теңтуштарынан «быркыйган» дегенди укканда азыркысындай күлүп койсо, көңүлү жайында экен деп өзүбүзгө белги тутуп алганбыз. Антип Жалилди көрүнгөн эле тамашалачу эмес, бир-экөөбүздүн гана ошенткенибизди көтөрчү.
– Баса, – Жалилди ооруканада деп уккам, ошол эсиме түшө калды, – Кайдасың, Жаке? Больницаданбы?
– Үйдөмүн. Алма-Атыга барган жатпайбызбы...
– Ка-ап, биз барып көргөнчө жата турбайсың да... – деп даяр тамашаны айткыча болбой өзү тамашаны илип кетти:
– Кийин ошенткиле. Мен Алма-Атыдан келгенче тоок бышырып, камданып аларсың...
– Келип алып кайра жатасыңбы?
– Ошентет окшойм. Азыр бир жума эрте чыгып алдым. Давление деген шүмшүк ылдыйлабай койду.
– Бекер кыласың, Жаке. Давление менен ойнобосоңчу. – Бу саам тамашалабай ниетимдегини айттым.
– Өзүң билесиң, гастроль, фестиваль дегендер адамды жиниктирип таштайт, эс алдырбайт, уйкудан калтырат. Ичкилик. Барбайле койчу.
– Барбасам болбойт, – деди Жалил. – Ушундай чоң иште кара жанын аяп жатып алган дечү иттер бар. Анын үстүнө, казак туугандар менен далай жылдан бери катташа элекпиз. И.о. болсом да театрды жетектеп туруп барбай койсом уят. Жалилдин бул айтканын туура көрдүм да:
– Эмне кылып атасың, Жаке? – дедим.
– Эмне кылмак элем, отурам быркыйып... – деди. Экөөбүз телефондон тең жарыша күлдүк.
– Бала-чака кайнатаныкына кетти эле... Майрамыңды куттуктап чалып калдым.
– Ыракмат, Жаке. Жалгыз отурбай биздикине кел, чогуу майрамдайлы.
– Ошентелиби? – Жалил оюнкараак эле, көңүлдөнө түштү.
– Ошентпегендечи! Согуштан келбей калган байкелерди эскерип отуруп...
– Койчу, барбайле коёюнчу. Барсам кыйнайсың... Шахматка киребиз, таң атканча ойномоюбуз башталат. Анан давлением иттигин дагы карматат, – деп айнып койду.
Ошентип 9-Майда жолугушпадык. Кийин да жолугушпай калдык. Майрам өтөрү менен Кыргыз академиялык драма театры Алматыга он күндүк гастролго жөнөп кетти. Гастролдун жакшы башталып, жакшы жүрүп жатканын угуп турдук. Аңгыча алигидей суук кабар түн жамынып бизге жетти.
Ооба, ошондо 1984-жылдын 9-Майында телефондон сүйлөшкөнүбүз Жалилдин үнүн эң акыркы ирет укканым экен. Ошо тейден үнүбүздү угушпай калдык. Ошо тейден ал мени көрбөй да калды. Мен көрдүм аны. Киши тааныбай тилден калган кыйын учурунда, анан дүйнөдөн кайтыш болгон кезинде саал жылмайгансып, мемиреп токтоо жатканын көрдүм. Көрдүм да өлгөнүнө ишенбей турдум. Эми болсо Жалилдин өлүү-тирүүсүн билбей, өмүрдөн үмүтүбүз үзүлбөй, бирок жамандыкка ич өйүтүп, мелтиреген чексиз талаада таңды агартып, Алма-Атыга бараттык. Жол түгөнбөчүдөй сезилет, узарып бараткансыйт. Машиненин айнегинен талааны тиктеп отуруп, Жалил Абдыкадыров менен эң алгач жолукканым оюма келет.
* * *
Адамды адамдар менен иши, эмгеги, көз карашы, кыял-жоругу, чыгармачылыгы бириктирет. Бириктирбесе эки бөлүп, ажыратып жиберет. Жалил Абдыкадыров менен чыгармачылык мамиле күтөм деп эч ойлогон эмесмин. Экөөбүздү «Атанын тагдыры» бириктирген. Бу кандайча болгонун айткан жайым бар. Азыр кошумчаларым, «Атанын тагдырын» Жалил Абдыкадыров койбогондо пьесанын тагдыры Кыргызстанда не болот эле, ким билет? Ролдорду Муратбек Рыскулов, Искра Райымкулова, Райма Абдыбачаева, Сабира Күмүшалиева, Даркүл Күйүкова, Сайрагүл Балкыбекова, Гүлшара Дулатова, Мира Далбаева, Сайнеке Жунушалиева аткарбаганда, сүрөтчүсү Акендин Маркелович Торопов болбогондо спектаклдин тагдыры кандай болмок, ким билет?
«Атанын тагдыры» менин да, Жалилдин да, айрым артистердин да чыгармачылык багын ачты. Балким, кайсы биринин эмгеги жеткире бааланса, кайсы бириники жеткире бааланбай калгандыр? Эмнеси болсо да бул спектаклди даярдоого катышкандар ыракат алганбыз. Көрсө, чыгармачылык ылкам келип, баарыбыз дымак менен иштеппиз. Жалилдин дымагы Кыргыз мамлекеттик драма театрынын артистеринин купулуна толду. «Атанын тагдырын» койгондон кийин тез эле Жалил Абдыкадыров Фрунзеге которулуп, борбордогу чоң театрыбызга баш режиссёр болуп дайындалды. Бул кызматка Жалил абдан ылайык да, татыктуу да болчу. Татыктуу экенин кийинки койгон «Бетме-бет», «Король Лир», «Васса Железнова», «Ак боз ат», «Палата», «Унутулган адам», «Манастын уулу Семетей» спектаклдери менен далилдеди.
* * *
Алматынын жолунда таң бая эле куланөөк салып агара баштагансыган, кезек-кезек саатты карасам, «Жигули» зуулдап катуу баратканы менен убакыт өтпөйт. Казактын талаасынын чеги үрүлбүрүл капкайда жоголуп, тиги эле Түндүк уюл менен жуурулушуп кеткен сымал. Дөңгөлөктүн асфальтка жабыша калып бараткансыган шатыр-шутур дабышынан тышкары дым билинбейт: рулду уюта кармап тирмийген Канат экөөбүздөн башкалардын баары уктап калгандай. Саал эңкейип үңүлө карасам, баары эле ойгоо экен.
– И?
– Тим эле. – Дамира катуу үшкүрүп, ыйлап жиберди:
– Жакем кантип атты экен?.. – Анан боюн токтотуп, басылууга далалат кылды. – Жаке, Бексултан... Мен ыйлабайм, кечирип койгула, кечиргиле, болобу?..
– Бая: «Ыйдын арты ый дейт, жаман жосун баштабай токтот ыйыңды» деп тыйганыбызды эстеди окшойт, кайраттангансыды да кайра муңканып жиберди. – Ой, Кудай ай!.. Неге кызганчумун?! Дайны жок кызганчу элем, көп кызганчумун!.. Ушундан айыгып кетсе, Кудай урсун, түк да антпейм! Эч качан кызганбайм, эч качан, мына силер күбө!..
Эмне дейбиз? Эчтеме айта албадык. Мындайда сөз табылбайт тура. Дамиранын ичи өрттөнүп, бышып баратканы тилибизди байлады. Акырындап Дамира соолукту, өзүн өзү соолуктурду.
* * *
Кайрадан Жалил эсиме келди, ал да өзүнөн өзү келди. 1965-жылы Кыргыз мамлекеттик драма театрынын Москвадагы Кремль театрында он күндүгү өттү. Анда Жалил Абдыкадыров койгон «Атанын тагдыры», «Король Лир» жогору бааланды. Ушул эки спектаклдеги башкы ролдорду аткарганы үчүн атактуу артисибиз Муратбек Рыскулов Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын биринчи лауреаттарынан болду. Кремль театрындагы зор ийгилик Москвадагы көрүнүктүү ишмерлердин, сынчылардын талкууларында, борбордук гезит-журналдарга басылган көптөгөн макалаларда артистердин бир даары макталса, бир даары сөзгө илинбей калган. Ызасы барлардын ич күптүсү, көрө албастык айла-амалы театрдын ыркынын бузулушун тездетти.
Он күндүктүн учурундагы калыс айтылган мактоолорду да, калыс айтылган сындоолорду да талантсыз жанбактылар көтөрө алган жок. Ич күйдүлөрүн алар кимдир-бирөөдөн чыгарыш керек эле. Аны иши жакшы жүрүп турган, таланты даана баш режиссёр Жалил Абдыкадыров менен Москвада баарынан кыйын мактоого татыган зор талант Муратбек Рыскуловдон чыгарбаганда кимден чыгармак?! Алар арамза максаттарына жетиш үчүн Жалилге каршы Мукемди, Мукеме каршы Жалилди кайрашты. Биринен сала биринин колтугуна суу бүркүп, экөөнү өчөштүрө беришти. Учурунда анын аки-чүкүсүнө акылыбыз жете бербеген чыгар, элес албаппыз. Кимдин кимдигин, көкүткүчтөрдүн арам оюн кечигип түшүндүк.
* * *
1960-жылы «Атанын тагдырынын» премьерасынан кийин эки ай өтпөй мени Москвадагы киносценаристтердин эки жылдык жогорку курсуна жиберишти. Ошо бойдон кино жагында жүрүп, далай жыл театр менен байланышым солгундап кеткен. Театрдагылардан Мукем менен гана тез-тез көрүшүп, такай жолугушуп турчумун, анткени Мукем көркөм кеңештин мүчөсү болгондуктан киностудияга көп келчү, киного тартылчу, киноэкспедицияларга, фестиваль, декада дегендерге бирге барган учурларыбыз көп болду. Ичи бузуктардын көкүткөнү менен Жалил Мукем экөөбүздүн жакындыгыбызды тетири жоруп, мени душман көрүп жүрүптүр. Анысын кийин-кийин таарынчылар, шек саноолор таркап, чер жазылган кезде өзү мойнуна алган эле.
Тетири жоруунун кесепетинен Жалил экөөбүздүн арабыз сууй берип, жүрө-жүрө ыраактап кеткенбиз. Бизди да ыраактатышкан. Кайра табышып, сыр чечиштик, Жалилдин алигидей тетири жоруганын өзүнөн укканымда:
– Э, Жаке, – деген элем, – Кудай ар кимибизге баш берген соң, бирөөнүн мээси менен ойлобой өз мээбиз менен ойлобойбузбу! Ишибиз түгөнүп калгансып, кантип эле эртеден-кечке сени ушактап жатып калалы! Ыраматылык Мукем менен канча жыл чогуу жүрдүм, ишенсең ишен, ишенбесең өз убалың өзүңө, бир да бир артисти, сени да жамандаган жан эмес. А Мукемди көрүнгөн эле жерде сөгүп жатып калышчу эмес беле. Рыскуловду сөккөндөр сени да сөкчү эле го! Эй, Жаке-е, Жаке... Эмне эле көп жылдар бою быркыймаң жазылбай жүрдү десе... Кеп Рыскуловдо эмес, шайтандын шапалагы башкаларда...
– «Атаңы» жактаба... – А саам Жалил сөз жолотпой койгон.
Кийин ак-караны ажыратып, түшүнө баштаган болчу. Деги Мукем экөөнүн жан кейиткен тирешүүсү тууралуу ой жорутуп, мамилелешчү болгонбуз. Ортолоруна от салып, чагыштырып жүргөндөрдүн эки жүздүүлүгүнө көзү жетип келатканда бир айтты эле: «Ызага жеңдирип турган адам калыс боло албайт. Жарыктык Мукем да, мен да аша чаап кетсек керек...»
Чиркин, экөө тең ишенчээк адамдар эле! Ошо жерин бөлөктөр кармап алып, экөөнү бирдей оолуктуруп ийишкен да! Мына эми Мукем да жок, Жалил да жок. Эки талантты тең ойдо жок жерден жулдуруп жибергенбиз. Экөөнүн ортосундагы бир кездеги талаш-тартыш, тирешүү өттү-кетти, эми аны айтканда не, айтпаганда не деп козгобой койсо деле болор эле. Бирок... Анын бир «бирогу» турат. Ошо «бирогу» болгон үчүн айтууга туура келет. Антпесек шектүү ой, ушак пикир, имиш-имиш «түшүнүк» урпактарыбызга дейре өтө чаап кетиши ыктымал. Себеп дегенде, Рыскулов менен Абдыкадыровдун жосунсуз мамилеси жөнүндө өөдө-төмөн сөз эл ичинде тыйылбай келатат. Күнөөнү же Мукеме, же Жалилге оодара салып сүйлөшөт. Экөөнүн гана ортосундагы өчөшүүдөй пикир жүрөт. Ооба, экөө кармашкан!
Бирок аларды башкалар кармаштырган. Ичи тар, жан бакты, талантсыздар эки талантты кагыштырып коюп, ортолорунан жанып чыккан отко кактанып турганга жыргаган. Экөөнү бирдей чыгармачылыктан алагдылап, кадыр-барктан аксатуунун амалын көздөшкөн. Рыскулов менен Абдыкадыровдун ынтымагы театрда чыгармачылык ынтымакты бекемдемек. Ал эми жанбактылар үчүн коллективдин ынтымагы ындын өчүргөн шакыйдан да жаман. Ынтымак бар жерде жан бактылардын сөзү өтпөйт, баш көтөрүп, «доо» доолашка даай албайт. Ырк бузулуп, чырлашып турган жерде гана алардын күнү тууйт. Ошондуктан Рыскулов менен Абдыкадыровдун ынтымагы экөө өлгөндөн кийин да жан бактылардын чекесине чыккан чыйкан болмок.
Театрдын ынтымак-ыркын бузуп туруш үчүн алигилер Жалил Пржевальскиден Фрунзеге которулуп келгенге чейин деле жөн жатышкан эмес. Рыскуловду бирде Боталиев менен чабыштырса, бирде Жаманов менен чабыштырып, кайраштырып келишкен. Чын-чынында, а кишилер чыгармачылыкта бири-бирине кыянаттык кылган эмес. Жаманов болобу, Боталиев же Рыскулов болобу, кимиси болбосун өз ара эрегишип өчөшкөндөрү менен чыгармачылыктагы жакшысын жакшы, начарын начар деп туурасын айтышчу.
Чыныгы талант чынчыл болот. Чыныгы талант ошонусу менен бирге апенди да, ишенчээк да, ак көңүл, тез от алма да болот. Мукем да, Жалил да дал ушундай адамдардан болчу. Алардын кыйындыгы да, чабалдыгы да ушунда болчу. Алиги жан бактылар экөөнүн чабал жагына өрт коюп, дүркүрөтө от алдырып жиберишкен. Мукемди тирүүсүндө шынаарлап, колтугуна суу бүркүп, үйүн сагаалап жүргөндөр Мукеми көмгөндүн эртеси эле жесир байбичеси Сабира эжени карабай кетишкен: жаңы «жөлөк», жаңы «тууган», жаңы «колдооч» табыш максатында ошентишкен. Ошенткенин алар эрөөн-төрөөн көрүп, уялбайт экен, тобо. А Жалил кантти? Же кек сактаган бойдон агарбай кеттиби? Мукем кайтыш болгондон көп жыл өткөндөн кийин гана театрга кайра кайрылып, режиссёрлугуна кайрадан киришкен Жалил Абдыкадыровго оюн даярдаган сайын Мукем жетишпей, көп өксүдү.
Анысын телевизордон айтканын да укканбыз. Жалил көөдөнүндөгү ызасын да, кегин да жеңип, бу «жалгандан» агарып кайтты. Бу да болсо Жалилдин талантынын күчү, дээринин тазалыгы эле. Ал жөн эле «кечирип коёюн» деп «айкөлдүк» кылгандан ошенткен жок, Мукем экөө жан бактылардын «союлу» болуп жүргөнүнө көзү жеткенде жибиди. Жалилди театрдан кубалашкандан кийин күнөөнүн баарын Рыскуловго оодара салышты. «Абдыкадыровдун түбүнө Рыскулов жетти» дешти да өздөрү ууру мышыктай кылтыйып, көнгөн адатынча коңулда кала беришти. Болуптур эле дейли, ошо чын экен деп биз дагы ойлонуп убара болбой, уккан ушакка кулакты шалпайта ишенип туруп берсек, анда Мукемдин көзү жоктогу жылдарды канттик? Жалил театрда иштебей калгандан кийин бир-эки жыл өтпөй Мукем дүйнөдөн кайтты эле, а Жалил болсо ошондон кийин да дагы он жылча театрсыз өмүр өткөрүп, театрдын кусасы менен дагы он жылча тиштенип жашады!
Он жыл бою спектакль коюшту эңседи, бирок оюн койдурушкан жок ага. Ким ошентти? Рыскуловбу? Жок! Баягы эле Рыскуловго шылтап жүргөндөр Рыскулов өлгөндөн кийин деле туш-туштан Абдыкадыровдун жолун тороп, он жыл бою театрга жолотушпады! Эгерде «кылгылыктын» баары Рыскуловдо болгондо, ал өлгөндөн кийин Абдыкадыровду театрга кайра чакырып, жайына тынч коюшат эле го?! Режиссёрсуз жакшы спектакль жаралбайт, жакшы спектаклсиз артис көзгө көрүнбөйт. Жакшы режиссёрсуз жакшы театр да болбойт. Актёр катары Рыскулов Абдыкадыровго муктаж болсо, режиссёр катары Абдыкадыров Рыскуловго муктаж болгон.
Көздөрүнүн тирүүсүндө жан бактылардын түрткүсүнө жеңдирип, бири-бирине муктаж экенин этибар албай канча өмүрдү текке өлтүрүштү! Ушуга өкүнөм! Болбосо эстеп көрөлүчү, 1960-жыл менен 70-жылдын аралыгы – Кыргыз театрынын эң мыкты, дүркүрөп өскөн доору эле го! Ушу жылдар Рыскулов менен Абдыкадыровдун театр чыгармачылыгындагы «көч баштаган» байсалдуу жылдары эле го! Ал экөөнүн ийгилиги жалпы коллективге жугуп, далай таланттуу артистер дал ушул жылдарда жарк этип, эл көзүнө жылдыздай жанды эле го!
Чамасы, 1980-жылдын башы чен болсо керек эле. Министрибиз К.К.Кондучалова театр режиссурасы боюнча жыйналыш өткөрдү. Мен жаңыдан маданият министрлигинде ишке киришкем. Ошондо козголгон режиссуранын абалы, ролу, режиссурадагы кадрлар сыяктуу орчундуу пикирлерди узартып отурбай өз сөзүмө токтолсом, Абдыкадыров жөнүндө да төмөндөгүдөй ойду айткан элем: Абдыкадыровдун күнөөсү болгон күндө да ушунча жылдан бери театрга жолотпой келаткандын өзү адилетсиздик. Бул театрдын камын ойлобойле куугунтуктап, өч алуу экендиги бештен белгилүү. Бизде окуусун окуп келген дипломдуу режиссёрлор көп, бирок жарактуулары бирди-жарым. Ошондуктан жөндөмдүүлөрүн жөлөп-таяп өстүрүүнүн камын ойлобойбузбу. Мисал катары, ошол кезде тетири жүрүм-турумунун кесепетинен бош жүргөн Назаралиев Медербекти айттым: «Болуптур, Назаралиев тартип бузуптур, мүдүрүлүптүр, жыгылыптыр, жыгылды эле деп желкесинен жерге ныгыра баспай, колдон тартып тургузуп көрбөйлүбү, жаш бала эмес, адам болсо акылына келер» дедим.
Ошондон кийин Назаралиев тез эле ишке орноду, а Абдыкадыровдун «куюшканы» дале кыйшалаңдап оңбоду.
– Ал эми Жалил Абдыкадыров болсо, – дегем ошо жыйналышта сөзүмү улап, – эбак эле акылына келип, искусство институтунда сабак берип жүрөт. Пьесаларыбызды Абдыкадыровдой режиссёрго койдурбаганда кимге койдурабыз?! Деги эле Абдыкадыров Орто Азиядагы режиссёрлордун алдыңкыларынын бири.
– Кууп жибербесек «алдыңкылардын бири» эмес, алдыңкысы деле болмок, – деп министрибиз акырын сөз кыстырып койду.
Мен ичимен таңыркай түштүм. Абдыкадыровду барктаса, режиссёрлугун ушунча бааласа, өзү министр болуп туруп, эмнеликтен азыркы айтканына акылым жетпей оюм чаташты. Жалилди театрдан кубалагандардын анабашында Кондучалова өзү турбаса да кошо кубалашкан деген пикирде болчумун. Эми кызык. Сыягы, министрдин да күчү жетпей калган жорук-жосунга дуушар болуп кыйналып турган го эже деп болжолдодум.
Бир күнү Күлүйпа Кондучаловнага барып:
– Эже, бая чогулушта айтылгандардын жыйынтыгы болобу же Абдыкадыров ушинтип эле жүрө береби? – десем, Күлүйпа Кондучаловна:
– Абдыкадыров силерге керекпи? Айтпайсыңарбы бизге керек деп! – эже туталана түшкөнсүдү. – Жолун тапкыла, эртең эле приказ чыгарайын!
Министрге ээ кылбай турган жоболоңдуу балээ башкада тура деп, эженин өзүнөн шек санабай калдым. Балким, Абдыкадыровду театрга жолоткусу келбеген артистердин көңүлүн кыйбагандан эже ушинтип «дипломатиялык» амал кылып жатабы деп да бүшүркөдүм. Бирок Кондучалова эженин андайы жок болсо керек эле, колунан келе турган ишти кылтың-мылтыңсыз түз бүтүрчү. Ошон үчүн көпчүлүгүбүз эжени сүрдүүлүгүнө карабай сыйлачубуз. Эми а кишинин алдында да кандайдыр бир бөгөт турганын боолгологонумда оюма ар кыл сунуштар келе түштү:
– Чакырып, договор менен спектакль койдурсак кантет? – дедим. – Эптеп башбакса көнгөн коллективи, өңдү көрсө жүз тайды болуп, таарынчы-туурунчулары жазылып, үйүр алышып кетер?..
– Аны мен ойлобой коюпмунбу. Мен да ойлогом, бирок «башбактырышпайт...» – деди министрибиз.
Башым катты: ким башбактырбайт? Артистерби? Же?.. Министр өзү айтпаган соң, кызматтын этикасы сурашка жол бербеди. Сураганым адепсиздик болмок. Бир сунушум өтпөй калганда, экинчисин айттым:
– Нарын театрында кенже режиссёрдун орду бош да, эже. Ошоякка жиберсеңер, Жалилди жеригендер, мүмкүн, жоошуй баштайт? Азоону үйрөткөндөй коомчулуктун деле ачуусун жоошутса болот да...
Күлүйпа Кондучаловна көз айнегинин төбөсүнөн мени жалт карап алды да, ушу сунушума муюй түшкөнсүдү:
– Өзү ошого макул бекен, сүйлөштүңбү?
– Жок, эже, сүйлөшкөнүм жок. А түгүл, болушуп атканымы да билбейт. Ал экөөбүз көптөн бери өзүбүздөн өзүбүз эле жактырышпай жүрөбүз. Мени ал душмандарына кошуп алган...
– Үй-жайы быякта, жалгыз бой... көнбөйт ко? – деди эже. Сыягы, мени эмне айтар экен деп сынап сурап, өзү бир чечимге келе баштагансыды.
– Театрды жакшы көргөнү ырас болсо көнүшү мүмкүн. Бирок формалисттик кылбаш керек.
Мен оюму чечмелеп түшүндүрүүгө аракеттендим.
– Айлык алган ордуң Нарын театры, Нарындан жылба десеңер чыдабасы анык, ага көнбөйт. Ал эми оюн даярдаган учурда ошоякта болуп, бошогондо быякта, тыякта дегендей, жаман-жакшы көргөндөрдүн демин суутса болот ко... – десем, Күлүйпа Кондучаловна бир паска ойлонуп турду да:
– Айтып көр. Макул болсо жоопкерчилигин мойнума алайын, – деди.
Күлүйпа Кондучаловнадан чыгып, Жалилге телефон чалып:
– Жолугалы, – десем:
– Эмнеге? деди.
– Кайра театрга келсем деген оюң бардыр, ошону сүйлөшөлү, – дедим.
– Оозуңа май, айланайын! – Жалилдин барбалаңдап сүйүнгөнүн элестеттим.
– Машийне айдайынбы, же жөн элеби?!
– Өзүң бил, – дедим.
– Машийне айдайын! Кайдасың? – деди.
Иштен чыгып күтүп турмай болдум. «Жигулисин» жулуңдатып, Жалил жетип келди. Чүй проспекти менен ТЭЦти карай бараттык.
– Эми, Жаке, чалкаңан кетмей ит адатыңы карматпай тынч ук... – деп баштаганымда эле Жалил мени ормоё карап алып:
– Эмне балээни кылыйткан турасың? – деди шектенип.
– Балээ эмес, сунуш! – дедим. – Бирден бир туура сунуш!
Бая министрге айтканымы түшүндүрө сүйлөп келип, Нарын театрын айтканымда Жалил жарылып кете жаздады, жер-жебериме жеткире сөгүп: «Акмак! Мазактагың барбы! Ала албай жүргөн өчүңү алайын деген экенсиң да!» деп мен аны сүргүнгө айдап жаткандан бетер буркан-шаркан түштү. Айтыша кеттик. Ачуум келди. Мен да тартынбадым:
– Сенде мээ жок, болсо да бөксө! Ташкенде беш жыл окуп, эшектин мээсин жегенсиң, – дедим. – Ойлосоң боло, каршылаштарың «жоошумайын» Кырдрамга сени жолотушпайт. Ошого мээң жетпесе... Сени коргогон мен акмак! Эшекти отко айдаса, бокко качат. Ызага денең ууланып бүткөн турбайбы! Бу кейпиң менен режиссёрго жарабайсың. Нарынга жиберип да кереги жок! Академтеатрды энчиңе бирөө басып койду беле? Атаңан калган мураспы ал? Андайле кыйын экенсиң, Нарындан тоону томкор, анан быякка апкелбегендерин көрөйүн!» деп күпүлдөсөм ынандыбы, билбейм:
– Давлением ал эле-бул эле, жаш өөдөлөп калганда асмандын башында темселеп... – деген болуп: – Катын-баламы кантем, көчүрө барамбы?» деди оозу бош.
– Ой, Жаке-е, ойлоо жөндөмүң ырас эле мокоп калганбы, оюн даярдап чыгарганча Нарында бол. Бошогондо быякка келип, көздөн учкан катыныңын колтугуна тумшугуңу катып жатып ал, маа десең. Аякка бир-эки жакшы спектакль коюп жибер, анан «приглашенный» режиссёр деген шылтоо менен Кырдрамга спектакль койдурсак, эптеп болсо да башың батканда арылап жылбай жаның жокпу. Өчөшкөндөрүңү кектебе, унут алардын «душмандыгын» – дедим эле, Жалил:
– Министрди көндүрө аласыңбы? – деди.
– Министр менен макулдашпасам менин колуман келмек беле. Эже сенин жообуңу күтүп атат, – дедим.
– Министрге барайынчы анда, – деди Жалил.
Анан Нарынга кетти. Нарында эки спектакль койду го? Эсимен чыгып кетиптир. Жалилди Нарын театрынан Фрунзедеги Кыргыз академиялык драма театрына «бир спектакль койсун» деген сунуш кылсак, касташкандары жоошуп калган окшойт, айрымдары гана анча-мынча күңк-мыңк, баягысындай тырышкан катуу тоскоолдукту байкабадык.
Жалил Абдыкадыровдун Академдрамтеатрга кайра келишине Нарын жол ачты. Мен маданият министрлигинде репертуар боюнча бириккен редакция коллегиясынын башкы редактору элем:
– Жаке, репертуарный коллегияда даяр пьесалар бар, каалаганыңы танда, министерствонун чечимин чыгарып берели, – десем, Жалил:
– «Олжобай менен Кишимжанды» коёюн... – деди.
– Ал жок бизде, – дедим.
– Мен жаздым эле, эпостун негизинде, – деди Жалил.
– Кызык экенсиң! Башпага албай жатып, өзүң жазганды коём десең баягылар чыгат да бакырып!.. Башканы койчу, – дедим.
– Беке, айланайын! Карызым чачтан көп! Анча-мынчасынан кутула турбасам... – деп жалооруп жиберди.
Боорум ооруду. Редакция мүчөлөрү окуп чыгып, талкууладык. «Олжобай менен Кишимжандын» инсценировкасы баарыбызга жакты. Абдыкадыровдун фамилиясын билгизбей, театрдын коллективине окутсак, алар да мактап, министрликке «даярдайлы, уруксат бергиле» деген кат жазды. «Олжобай менен Кишимжанды» келишим менен сахналаштырган соң, Жалил Абдыкадыров Кыргыз академиялык драма театрына жөнөкөй режиссёр болуп кызматка орношту.
Кийинчерээк «убактылуу милдетин аткаруучу» деген статус менен башкы режиссёрлукка дайындалды. Көп жыл театрдан оолак жүрүш залакасын тийгизбей койбоптур. Ошондо да режиссёрлук өнөрүн унутпай сактап жүргөнүнө таңым бар. Мейли, Нарын театрында болсун, мейли, Академиялык Кыргыз драмтеатрында болсун, а дегенде спектаклдеринде бирде кадимки Абдыкадыровдун режиссёрлук илкамы бакыйып көрүнө калса, бирде эскинин жаңысы сыяктуу өп-чабыраак бирдемелер да илээшип кошо жүрдү.
Арабызда Жалилдин кемчиликтерин гана көрүп, жакшы жактарын байкабагандар, байкаса да келечегинен түңүлүп, алымсынбагандар болду. Бирок Жалил ысык-суукка бышып, анча-мынчаны тоотпогон шекилдүү коюуланып калган экен, улам кийинки койгон спектаклдеринде бош жүргөн кезинде жоготкондорун чогултуп, бөксө толтуруунун далалатында чымырканды. Ошентип отуруп өзүнүн режиссёрлук мурдагы калыбына кайра жетип калган учурда «Манастын уулу Семетейди» аягына жеткирди. Спектакль элге жакты. Ушул спектакль менен Кыргыз академиялык драма театры Алматыдагы гастролун ачты. Казак боордоштор жетине албай кубанып, оозеки да, гезит, радиолорунда да театрыбызды кызуу куттуктап турганда, Токтогул сыйлыгына көрсөтүлгөндөрдүн катарынан Абдыкадыровду калтырып койгондорун жогоруда айттым.
Анан тез эле Абдыкадыров тил-оозсуз жыгылды деген алиги суук кабар жетти. Ошо суук кабар менен биз минтип түн катып, үмүт үзбөй Алматыга баратабыз.
Жалил Абдыкадыров Мамлекеттик Токтогул сыйлыгын баары бир «алды». Бирок өлгөндөн кийин тизмеге кошулду. Тизмеге аны Токтогул сыйлыгынын комитети коштук. Кемчиликти жаап-жашырып, кемчиликтен арылуу мүмкүн эмес. Буларды айтканым, тирүүчүлүктө «колдо бар алтындын баркын биле» жүрсөк, ич тарлык, көрө албастык, кыянаттык дегендерден арылып, калыстыкка, адилеттикке үйрөнсөк – жашообуз канчалык кызык, канчалык сергек боло түшөр эле!
Жалил Абдыкадыровдун талантын азыр канчалык какшап айтпайлы, баары бир ал айтканыбызды укпайт да билбейт. Өлгөндөн кийин болсо да Абдыкадыров Жалилге туура, калыс мамиле жасаганыбыздын эми ага эч кереги жок. Бирок ага кереги болбогону менен калыстык бизге, тирүүлөргө керек, балдарыбызга керек! Акыйкаттык элди намыстуулукка көндүрөт, ишенимин чыңдайт! Ошондуктан болгонду болгондой, билгенди билгендей, акты актай, караны карадай айтууну эл ар бирибизден талап кылат.
Буга акылыбыз, түшүнүгүбүз жетип эле тургансыйт. Ал эми аткарууга келгенде эмне балээнин кесепетинен эсибизге «жара чыга» калат. Бу жалганда жан бакты бузукулар жүрбөгөн мекеме, уюм, коллективдин жоктугу ак тилек, таза ой-санаабызды тетири азгырып жиберсе деле зээнибиз кейибей, кайдыгерликке чыдаган жашоону олжосунтуп калганбызбы?!
* * *
Фрунзеден Алматыга тез жеттикпи, жай жеттикпи, билбейм, оюм менен алек болуп келатып байкабапмын. Айтор, биз келгенде артистерибиз мейманканада жаңыдан туруп атышкан экен. Жалил Абдыкадыров Алматыдан 120 чакырым аралыктагы Ак-Чий деген жерде жаңы уюшулган райондун ооруканасында калганын айтышты. Кыймылдатууга болбойт экен дешти. Казак туугандар – Маданият министрлиги, обком партиясы, райком партиясы, алардын секретарлары, аткаруу комитеттеринин төрагалары баш болуп, бардыгы тикеси менен тик турганын айтышты. Аны Ак-Чийге барганда өз көзүбүз менен көрүп, эки дүйнөдө ыраазы болгондой болдук! Ак-Чий дегени Алматыдан 500 метр төмөн жайгашыптыр, кечеги күнү кыргыз артистери ошоякка жолугушууга барып, күндүзгү саат 12де райком партиянын биринчи секретарынын кабинетинде райондун жетекчилери, активи менен жарым саатча маектешип, нары бир колхозго оюн койгону бармай болуп, бардыгы сыртка чыгып, автобусту карай басып келатышканда Жалилдин: «Алтындарым! Мен болбой калдым окшойт, кошкула!» деп канча бир жылдар бою ачуу-таттууну бирге тартышкан артистери менен коштошконго үлгүрүп, көз көрүнөө колу-буттан ажырап, тил-ооздон калганын айтышты.
Канат бизди Алматыга жеткирер замат сабагыма жетип калайын деп такси менен Фрунзеге сызды. Дамира, сиңдиси Алина, Жалил Садыков, бизге кошулган Асанбек Кыдырназаров, дагы бир актриса алтообуз буйдалбай театрдын автобусу менен Ак-Чийге жол тарттык. Санаабыз ордун да эмес, мейманканадагылар Дамирага угузбай Жалилдин ахывалы өтө оор экенин айтышкан.
Фрунзеден Алматыга чейин жакшылыктан көбүрөөк үмтөтүп келсек, эми ал сезимибиз чачыранды тартып, Ак-Чийге абдан кооптуу бардык. Ооруканадагы палатага киргенибизде Жалилдин оозу-мурдунда самсаалаган разиңке шланг, ичи менен катуу-катуу кыйнала дем алып, эс-учун билбей жатканы баягы жылдагы Мукеми көзүмө элестетип, каңырыгым түтөп кетти:
– Жаке! Жаке! – деп жибердим. Кулагы укту окшойт, Жалил да куду Мукем сымал көзүн ачканга дарманы жетпей кирпиктерин эки-үч ирет ирмегендей болду.
Аңгыча Сатыбалды Далбаевдин үнүнө окшогон бирөө ар кимибиз менен акырын учурашып келаткансыды. «Ошобу, ошо эмеспи?» деген суроо оюма кылт дей түштү. Өзү! Көрсө, аны Жалилдин жанына караан болуп тур деп коюп кетишиптир. Сатыбалды бизге «тышка чыгалы» дегендей ишарат кылды. Жалилди кыңырыла кылчак-кылчак карап, палатадан чыктык. Дамира, сиңдиси Алина, оорукананын сестрасы үчөө Жалилдин жанында калды. Оорукананын имараты жаңы салынгандыктан кайдан эле телегейи тегиз бүтүп калсын, коридорунда баарыбыз батып отургудай скамейка сыяктуу эчтеме жок, топурашып туруп кылар иш, сүйлөшөр сөзүбүз болбогондой көчөгө чыктык. Ары бастык, бери бастык. Быякта баары жаңы курулганын көрдүк: үйлөр, мекемелер. Какыраган ээн талаага арык тартып, суу чыгарып, бак-дарактын көчөттөрүнүн бүр байлаганына эки жылдын жүзү болуптур. Беш-он жылдын аржак-бержагында Ак-Чий көйкөлгөн көк токой жамынган таанылгыс калаага айланарына шек жок.
Ооруканага кайра келип башбаксак, Жалилге киргизбеди. Ооруканада Жалилден бөлөк сыркоо адам жатканын көрө албадык. Оорукчандар жатчу палаталар төрт кишилик болсо керек, Сатыбалды өзү түнөгөн палатага Фрунзеден келген Жалил экөөбүздү, Алматыдан кошулган Кыдырназаровду жайгаштырды.
– Гостиница салынбаптыр, жакында салынат экен, – деди Сатыбалды.
Аялдар өздөрүнчө орношту. Далбаевди тамашалап, администратор-жетекчи атап алдык. Ал Фрунзеден Ак-Чийге чейинки өткөн-кеткенди ийне-жибинен бери төкпөй-чачпай кобурап жүрүп, бизди «башкарды». Бешим ченде Алматыдан вертолёт менен Мухтар Ауэзов атындагы академиялык казак театрынын башкы режиссёру Азербайжан Мамбетов, белгилүү казак драматургу Калтай Мухамеджанов, ак халатчан профессор, Казакстанда кадыр-баркы бийик невропатолог үчөө келди. Калтай ага менен мурунтан теңтуштардай тааныш элем, кучак жая учурашып жатып:
– Келгениңи укканда учуп жетпедимби, – деди ал тамашалап.
Профессор дары-дармек, курал-жарагын салган саквояжын кармап, Жалил жаткан палатага бет алганда Дамира жалооруп:
– Мен да кирсем болобу? – деди орусча. Профессор «бу ким» дегендей биз тарапты суроолуу карап калды.
– Аялы, – дедик.
Профессор уруксат бергендей акырын баш ийкеп коюп, палатага кирип кетти. Артынан Дамира кирди. Биз коридордо туруп калдык. Он беш-жыйырма мүнөтчө күттүк окшойт, профессор чыгып:
– Состояние стабильно-тяжёлое, транспортировать не рекомендуется, – деди.
Тышка чыктык. Профессордун «стабильное» дегени жакшылыктын жышаанындай үмүт берсе, «тяжёлоеси» жүрөктү опкоолжутту. Калтай ага колтугуман сүйөп четке чыктык.
– Кур кол келбейли деп коньяк сала келдик эле, кандай кылсак? – деди батына бербегендей.
– Жалил тигинтип жатса... аялы, балдызы да мында... тим эле коёлучу... – дедим.
– Ооба, ооба. Мен деле оңтойсузданып турдум эле, – деди Калтай ага.
* * *
Калтай Мухамеджанов менен Азербайжан Мамбетов күндө келип-кетип турду. Казак боордоштордун ошондогу адамкерчилигин эстеген сайын ыраазы болом. Ак-Чийде үч түнөдүк. Жалилде жылыш жок, бир калыпта. Төртүнчү күнү Калтайлар мага кабар ала келди: Балыкчыдагы тажездем жана досум Карымшактын энеси кайтыш болуптур. Карымшак экөөбүз Тоңдогу Максим Горький атындагы орто мектепте окуганбыз. Ал менден бир класс алдыда болчу. Драмкружок, адабий кружок, комсомол уюмундагы милдеттерибиз, спортто мектебибиз менен районубуздун намысын коргогонубуз көз караштарыбызды жакындаштырып, ынтымагыбызды бекемдеген болуу керек, Карымшак экөөбүз өмүр бою достой сыйлаштык.
Экөөбүз эки башка класста окусак да сырдаш элек. Менден он айча улуу, бирок бир класс кийин орусча окуган таэжем Зарина менен Карымшак бирин бири жактырып, жакшы көрүшчү. Алардын келечек турмушунан күмөн саноо түшкө да кирчү эмес. Карымшак классташтары Жылкычы Смакунов, Доскул Жумагазиев, Кадыркул Жумакадыров төртөө онунчуну бүткөндө мединститутка экзамен тапшырып, төртөө тең өттү. Карымшак окубай Фрунзеден ары аскерге кетип калыптыр. Анткенине Заринанын күйөөгө тийип кеткени себеп болду. Аны мен жайкы каникулда жайлоодон жакага келип билдим.
Өзү тийгенби же ой-боюна койбой ала качканбы, аныгын эч ким айтып бере алган жок. Эми аны териштиргенден не пайда? Сүйүүнүн күйүтү. Карымшакты өтүп алган окуудан кайыл, айылда калган энесине баргызбай, аскерде көксөөсү суучудай сезилсе керек... Сүйүүсү таркабай Заринаны эсинен чыгара албаптыр. Аскерден бошонуп келип, бир уул, бир кызы менен Заринаны күйөөсүнөн чыгарып алып, санаасын тындырды.
Карымшак өзүнөн төрөлгөн үч уул менен берки экөөнү бирдей асырап чоңойтту. Алар да бир атанын балдарындай айырмасы жок жетилди. Карымшак врач болбогону менен үлгүлүү курулушчу болуп, кадыр-барк күттү. Балыкчыдан ары-бери өткөн сайын Карымшактыкына кайрылбай өтпөйбүз. Энеси жалгыз уулу Карымшактан мени кем көрбөй жалынып-жалбарган мээримдүү киши эле, барып топурак салганга жарабасам, өзүмү өзүм кечире албайм. Жөнөмөй болдум. Ак-Чийдин врачтары Жалил Садыковго: «Бөөдө сарыкпай сиз деле кете бериңиз» деген кеңешин айтты. Аны ажердеги биздикилер да туура көрдү. Жакенин «Жигулиси» Алматыдагы мейманкананын машинелер токтоочу жайында болчу. Жакем машинесин айдап Фрунзеге келдик.
Мен үйгө кайрылбай автостанциядан Балыкчыга кеттим. Эртеси Карымшактын энесин жайына койдук. Ошол эле күнү Фрунзеге келсек, Жалил Абдыкадыров дале баягысындай эс-учун билбей Ак-Чийде бир калыпта жатканын айтышты.
Үч күндөн кийин көзү өтүп, Фрунзеге сөөгү келди.
Бексултан Жакиевдин “Өмүр өтөт билинбей” китебинен