Декабрь айы болчу. А кезде азыркыдай жайнаган ресторан, кафелер жок. Үйгө батпаган той-топурлар шампан комбинатынан өөдөрөк эки көчөнүн кесилишиндеги долбоорлоо институтунун (азыр Кыргыз-Түрк «Манас» университети жайгашкан) кенен-кесири ашканасында өткөрүлө баштаган. Жакшы санаалаш курсташтарымын кызынын турмуш курган тоюнда дем алуу жарыяланган. Жакшылык-жамандыкта катташыбыз бар дегендей сый-урматыбыз өтүшкөн менен жашы улуу агалардын эти толук аялдарын «арыктатайын силерди» деп, оюн-чындан тамашалап, ой-боюна койбой күйүккөнчө бийлетип, көңүлдөрүн көтөргөн элем. Ырдап-бийлегендерди баалаган калыстар тобунун төрагасы курсташ курбубуз Камбаралы Бобулов. Жюри мүчөлөрү кырка туруп, байгеге берилчү коньяк, арак, шампан, винону алдыларына тизип коюптур. Түнкү саат тогуздар чамасы.
– Биринчи байге семиз жеңелерди буу чыкканча бийлеткен Бексултанга коньяк! – Камбаралы алагүү экен, бакырды. Столдун бери жагынан кол сундум эле, Камбар: – Бас бери, келип ал! Жюрини сыйлабаган кандай машаяксың! – деп оюн-чыны аралаш күрсүлдөдү.
Столду айланып барып, Камбардын колунан байгени алдым да кетип баратсам, Жээнбай теңтушубуз жюри мүчөсү экен: «Ой, Беке, Беке!» деп калды. Артыма кылчайдым. Жээнбай кезинде мотоциклден жыгылып, бир буту майрык болчу. Сегиз-тогуз метрдей узап кетипмин.
– Биз менен деле кол кармашып коюңуз – деп алдыга жылды эле, майрык буту шампанга тийип, бөтөлкө акырын кулады да бомба жарылгандай болду: шампандын мойну калай-салай, пробкасы менен кошо бүт бойдон оң көзүмө кадала түшкөнсүдү. Көзүмү сыйпалай салсам, кадалган эчтеме жок. Капталда колонналар бар эле, элди дүрбөтпөйүн деп, колонналардын артына бурула калсам, аялдар чай ичип отурган экен, бирөө:
– Ай-иий, кан агып кетти! – деп чыңырды.
Ашканага кире бериште жалгыз стул туруптур, жанында киши жок, ошого барып отуруп калдым. Аңгыча опур-топур, кызымтал ар ким-ар ким тегеректеп: «Кана, көрөйүнчү» деп көзүмө асылып, мазээ кылып жиберишти. Кызын күйөөгө берип жаткан курсташымын бажасы Аманжан аттуу жигит Мамбет Мамакеевдин клиникасында бөлүм башчы, врач болчу.
– Аманжан, көрүнгөндү доктур кылбай келип карабайсыңбы!– деп кыйкырдым.
Ал өзү деле мага жете албай турган экен, мен кыйкырганда тегерегимде жардагандар жол бошото берди окшойт, Аманжан көзүмү бир карап алып:
– Бексултан Жакиевич, немедленно в клинику, кеттик! – деди.
Колтугуман сүйөп тышка чыктык. «Жигули» машинеси бар бирөө клиникага жеткирмей болду. Топураган меймандардын баары эле: «Мен барайын! Мен барайын!» деп, машиненин эшигин талаша баштады.
– Туугандар, – дедим, – машинеге төрт эле киши батат. Бөтөлкөнү кулатып алган Жээнбай барсын, врач Аманжан, аялым Сабира, анан мен барайын. Же менин ордума бирөөң барасыңбы? – уу-дуу басаңдай түшөр деген ойдо тамашалаган болдум.
Көз клиникасына келсек, кичинекей муруту бар, ак халатчан, өзү да кичинекей жаш жигит отуруптур, мединституттун жогорку курсундагы студенттерден го, «дежурить» эттирип койсо керек деп ойлодум. Сестра кыз экөө эле экен. Көзүмү карап көрүп, халатчан жигит: «Операция жасабаса болбойт, инструменттер таза, дагы кайнаталы» деди. Күзгүдөн карасам, көзүмүн тамырлары дапдаана бадырайып, карасы агып калыптыр. Чеч көздүү болот деген ушу экен го деп, каңырыгым түтөй түштү. Кутузов баштаган сокурларды эстеп, кимисине окшоор экем дедим. Кайрат кылып кармандым. Сабираны жаныма чакырып алып, ийнинен кучактап турдум да тамашаладым:
– Буга чейин эки көздүү нормальный күйөө менен жашап келсең, мындан ары бир көзү сокур күйөө менен жашайсың.
– Койчу! – Сабира ыйлап жиберди. Баятан бери эси оогансып делдиреп жүргөн эле.
Аманжан көрүнбөйт. Мени тапшырып койгонго милдетинен кутулгансып, кайра тойго жөнөгөн экен десем, аттуу-баштуу хирургдарды издеп кетиптир. Казы Дыйканбаевдин кызы ушу клиникада иштеп, студенттерге сабак берген доцент экен, сасык тумоолоп жатыптыр. Дагы бирөө Киевге семинар-кеңешмеге кетиптир. Дагы бирөө жок. Эч кимисин таппай келип, алиги кичинекей мурутчан, ак халат кийген жаш жигитти такып атыптыр:
– Эмнени бүттүң эле? – деп.
– Биздин мединститутту. Эки жыл Ленинградда глазной клиникада стажировкада иштеп келгем, – деди жигит.
– Операция жасап жүргөн немесиңби? – деди Аманжан.
– Ооба, жасап жүргөм, – деди жигит.
– Бу киши ким, билесиңби? – деди Аманжан мени көрсөтүп.
– Мага баары бир, – деди жигит. Жообу мага жакты:
– Аманжан, – дедим. – Тандаган тазга жолугат. Таш түшкөн жеринде оор. Таалайыма ушу жигит жолугуптур. Атың ким, доктур?
– Олжобай, – деди жигит.
– Атың жакшы экен. Көзүмү сага табыштадым, сени Кудайга табыштадым – десем,
Олжобай:
– Ыракмат, агай! Жүрүңүз, кеттик, – деди.
Сестра экөө ээрчитип кирип, операцияга жаткызды. Колуму байлады. Бутуму эки тиземин тушунан таңды. «Тим эле койбойсуңарбы» дегниме жооп болгон жок.
– Ичкилик ичпей ырас кылыпсыз... – деди Олжобай.
– Аны кайдан билдиң? – дедим.
– Жыттанат эле да. Кызуу кишинин көзүнө операция жасаш кыйын... көз аңтарылат, алаңдайт дегендей... – Олжобай сестра кыз экөө жумушуна кирише баштагансыды. Көзүмө укол сайганын сездим. Бирди эмес, үч-төрттү сайгандай болду. – Агай, мүмкүн болушунча көзүңүздү аз ирмеңиз, ачып жатыңыз... Сүйлөшмөй жок эми.
Маңдайымда прожектор күндөй балбылдайт. Соо адам карап жата албас эле. Тобокел деп чыдадым. Көзүм эмне болсо да көркү бузулбаса экен деп, Жараткандан тиледим. Операция төрт сааттан ашык созулуптур. Эртеси айтышты.
– Бүттүк, агай. Буюрса, жакшы. Чүчкүрбөңүз. Чайнабаңыз. Жөтөлбөңүз, – деген эле Олжобай жеңилдене түшкөндөй.
– Бронхитим кармап атты эле, жөтөлөм го... – дедим өзүмө өзүм ишене бербей.
– Кокуй, анте көрбөңүз, эмгегим талаага кетет! – Олжобайдын чый-пыйы чыга түшкөнсүдү.
Операция учурунда жөтөлбөгөнүмө акылым жетпей «ушу бойдон жөтөлбөй калгым бардыр» деген үмүттө сактанып жаткам. Жөтөл кычаштык кылчудай корко да баштадым. Аңгыча Олжобай сестра кыз экөө күбүр-шыбыр, мени операция столунан керебет-арабага которо баштагандай болду. Андан аркысын билбейм. Тырп этерге дарман жок, чарчасам керек, уктап калыпмын. Тээ бир маалда жөтөл кыйнап, көөдөнүмөн өөдө күч келтирбей ичим менен жөтөлүп атыпмын. Тер жая берген окшобойбу, бирөө чекеми сүрттү.
– Бу ким? –дедим.
Эки көзүм бирдей таңылуу. Сабирам экен. Уктабай жанымда отуруптур. Жатып эс алмак түгүл кыйшаярга орун жок палаталар тар экенин кийин көрдүм. Мындайга эркектер чыдабайбыз. Аялзаты гана чыдайт, дээринде алар көтөрүмдүү калк. Ал эми Сабирадай көтөрүмдүүсү жоктой сезилет мага. Болсо да, Насирдин Байтемиров айткандай, чанда бирөөдүр. Жөтөлүм кычады. Ичим менен жөтөлө берип кыйналдым. Шайым ооду. Сабира да тынбай терими сүртөт. «Э, көп болсо көздүн тигиши жырылып кетер, бир көз эле жетет, жөтөлүп иейинчи» дейм, анан кайра: «Жок, дагы бир саам чыдайын» деп карманам. Таңды атырдык окшойт.
– Бирөө келиптир, барайынчы – деп Сабира чыгып кеткенсиди. Бир пастан соң:
– Беке, жакшысыңбы? – деп учурашкан аялдын үнү Жээнбайдын жубайы Батышка окшоду.
«Таң атпай ал эмне келмек эле, үнү окшош бирөөдүр» деп ойлодум. Башка бирөө эмей эле Батыш өзү экен. Көрсө, түндө той тараганда белгилүү жазуучу агабыз Шатман Садыбакасов баштаган жыйырма-отуздай санаалаштарым быякка келип, операция бүткөнчө клиниканы айланчыктап жүрүп, Олжобайга жолукса, Олжобай:
– Операция удачный болду. Агайдын бронхити бар экен, жөтөлү кармаса тигиштер жырылып кетет – деп чочулап, кайра-кайра «жөтөлбөсө экен» дептир.
Олжобай Жумакадырович Жумагулов азыр медицина илимдеринин доктору, медакадемияда кафедра башчы.
– Жөтөлдүн дарысын алып келдим, – деди Батыш аяшым. – Спирт кошкон кашкулактын ич майы. Балдарга суук тийип, жөтөлүп калса ичирип жүр деп, кайненем жасап берди эле.
Анысынан чоңураак калай кашык менен ууртатышты эле, жанымы жай алдырбай сазайымы окутуп аткан жөтөл тып басылды. Ошо жылдарда «Пшеничная» деген арак чыккан, литрден кичирек бөтөлкөсүнө аз бөксө Батыштын дарысынан үч маал бир кашыктан ичип жүрүп, жөтөлүм тыйылган. Шампандын бөтөлкөсүн атайлап кулаткансып, Жээнбай үйбүлөсү менен өздөрүн күнөөлүү сезгенби? Аны күнөөлүү деш оюма да келген эмес. Кырсык болду. Жээнбайдын, Батыштын абалыма кайдыгер болбой, кам көргөндөрүнө ичим жылыган. Адамда адамгерчилик, ыйман жетиштүү болсо, башкалардын тагдыры кайдыгер калтырбайт аны. Батыштын таң атпай келгенин ушундайча бааладым.
* * *
Эки көзүм бирдей далай күн ачылбай таңылуу жүрдүм. «Башка түшсө, байтал жорго» демекчи, мындайга да көнөт экен адам. Врачым Олжобайды, Сабираны келаткан дабышынан таанычу болдум. Коридордо сокурду сокур жетелеп баратабы же бири – соо, бири – сокурбу, аларды да дабышынан ажыратканга көнө баштадым. Баарынан кызыгы, күндүн чыкканы менен батканын сезем. Кадимки жаркырап тийген күн эмес, тегерек кара диск көзүмө көрүнгөнсүйт. Батып кеткенде көңүлүм чөгөт. Кудая тобо, сокурга күндүн бары-жогу не, баткан-батпаганы не деп санааркайм.
* * *
Ооруканада бир жарым айдан ашык жаттым. Келип ал-абалымы сурагандардын аягы үзүлбөдү: тааныштар да, тааныш эместер да; туугандар, тууганчылыгы жоктор да келе берип, клиниканын эшиги тытыла жаздады. Облустардан бери келгендер болду. «Оорулуунун абалын сураса, айыкканга тете» дегендей, көңүлүм көтөрүлүп, элибиздин дээриндеги күйүмдүүлүгүнө сыймыктандым. Олжобай көзүмү акырындан ачып, жарыкчылыкка каныктырды.
* * *
Ошол учурда Кыргыз академиялык драма театрынын белгилүү артистери Гүлшара Дулатова, Жамал Сейдакматова, Гүлсайра Ажыбекова, Советбек Жумадылов, дагы бир-экөө Борбордук партия комитетинин биринчи секретары Турдакун Усубалиевичке барып, театрда чыгармачылыкка көңүл бурулбай жаатташуу, бөлүнүп-жарылуу өкүм сүрүп калганына далилдер келтирип, «өзүңүз кийлигишпесеңиз оңолчу түрүбүз жок» деген арыз-арман, өтүнүчтөрүн чечилип отуруп сүйлөп беришкен экен. Театрлардын чыгармачылык, чарбалык, кадрлык иш-чараларынын баарына түздөн-түз жетекчилик кылган министрдин орун басары терс жагдайларды тыйып, жоюп дегендей, ырбатпай тургандын ордуна жаатташкандардын кайсы бир тарабына жан тартып, калыстыктан кетип жатканын да артистер кулак кагыш кылыптыр.
Усубалиев артистердин көзүнчө орун басарга телефон чалса, орун басардан жооп болбойт. Тынып отуруп, дагы эки ирет чалса, дале орун басардын телефону үн катпайт. Турдакун Усубалиевич эшик алдындагы секретарь кызды чакырып, орун басардын: «Дайнын билип, мени байланыштыргыла» дейт. Бир маалда секретарь кыз кирип, ЦКга кеткен дешкенинен ЦКдан да таппадык дейт. Артистердин айтканына Усубалиев ынангандай болот. Аларды узатып жиберип, райком партиянын, шаардык партия комитетинин, борбордук партия комитетинин жооптуу кызматкерлеринен, өкмөт жетекчилигинен комиссия түзүп текшертиптир. Текшерсе, артистердин арызданганы чын чыгат. Комиссия чындыгын жазып, Усубалиевге тапшырат. Анда министрдин орун басарына комиссия тарабынан артистердин «кулак кагышынан» тышкары да орчундуу айыптар айтылат. Орун басар жаны чыкканча коркуп кетип: «Мени жайламай болушуптур» деп, ооруканада жаткан кайнежесине ыйлап барат. Кайнежеси Усубалиевдин жубайы, комиссиянын аял мүчөлөрүн ооруканага чакырып алып, алардын «өлүк-тиригин» көрүп: «Силерди киши кылган ким экенин унутсаңар, сазайыңарды окутайын!» деп каарып-кууруп үйүнө чыгып барат да түштө эрине тамак берип атып эле күнөөнү артистердин өзүнө оодарып салат.
Партия башчысы ишине барганда, комиссия жетекчисин чакырып, калыс жазылган алгачкы справканы: «Объективный эмес бул справкаңар» деп ыргытат. Натыйжада, күнөөлүүлөр күнөөсүз, күнөөсүздөр күнөөлүү делинип, справка кайра жазылат. Министрдин орун басарынын ордуна башка бирөөнү «айыпташ» керек болот. Театр коллективинин ыркын «бузган» андай зыянкечке мени ылайык көрүшөт. Сыягы, ооруканадан чыкпай жок болот дешсе керек мени. «Күнөөлүү» болгонуму билбейм. Артистердин Усубалиевге даттанып барганын да билген эмесмин, кийин уктум. Мага жалаа жабылганын Сабира угуптур, бирок ичинен сары убайым тарта жаны кейисе да мага айтпаптыр. Аржагы узун жомок.
Турдакун Усубалиевичтин өзүнө документтер көрсөтүп, актыгымы далилдедим кийин. Анын баарын чубалжытып отурбай эмнеден улам эскерип аткандагы максатыма жакындайын. Күндөрдүн бир күнүндө ооруканага жарашыктуу костюмчан, ак көйнөк, галстук тагынган, жылдызы жарык жигит келди. Сабира жанымда эле. Жигиттин аты-жөнү Абдыхалим Райымжанов экен. Медицина илимдеринин доктору диссертациясын жазып койгон илим кандидаты экенин айтты. «Көзүмү көргөнү келген го, ким жиберди болду экен?» деген ойдо турсам, жигит:
– Түндө Сакен досуңуздун үйүндө кайнатасы Малай Шаршенович аке, Эстебес аялы менен конокто болдук. Малай аке Сиздин тез сакайышыңызды тилеп салам айтты. Өзү Оштон жыйналышка келиптир, эртең эрте учуп кетет экен, – деди.
Абдыхалим Райымжанов менен ошондон бери мамилебиз жакшы. Медицина илимдеринин доктору, улуту тажик, кыргыз патриоту. «Дагы ким салам айтты?» дейин деп унчуккан эмесмин. Эстебести келет деп күттүм. Тааныбагандардан бери келип атса, кантип келбесин дедим. Келген жок, салам да айттырышпады. Жөн билги, каада-салтты жазбай түшүнгөн Эстекенин мунусуна акылым жетпеди. «Сен болбосоң Токтогул сыйлыгынан дагы авут кетмек экем» деп, ыраазы болгонун эстедим. Аны колко кылайын деген оюм жок эле. Бирок эстейт экенсиң. Ооруканадан чыгар чыкканча келет деп күттүм. Байкабай көңүлүн калтырып койгомунбу деп да санааркадым. Мүмкүн, мени барктабастыр. Антсе өз эрки дечи, бирок кырсыктаппы, сыркоолоппу, табы болбой турган адамдын көңүлүн улай жүрүү ата-бабадан келаткан жакшы салтыбыз да. Же Эстекелер аны билбейби, элес албай калчу болгонбу? Андай болушу мүмкүн эмес. Анда эмне?..
Ары ойлондум-бери ойлондум, акыры тапкандай болдум: бийлик каарын мага буруп, расмий справкада мени «бузуку», а түгүл Биринчи Май райком партиясынын бюросу чечим чыгарып, «улутчул» атаганы Эстебести сестенткендир? Атка минерлердин, айрыкча, министрдин орун басарынын кыйыгына тийип албайын деп корккондур? Сактангандыр? «Ач кулактан тынч кулак», Жакиевге жолобой качкандыр? Ушундай жоромол ойго келсем да, Эстебести күтүп-күтүп түңүлсөм да ага таарынбадым. Абийир атамын: «Жаман киши таарынчаак болот» дегени эсимде жүрчү. Пендечилик кимдин башына кирбейт. Жашоодо коркуу болот. Коркуу ар кимде, а түгүл, баатырларда деле болушу мүмкүн. Маселен, жыландан коркуу, уколдон коркуу, чиркейден коркуу... Ал эми коркоктуктун жөнү башка. Жалтактап, ашкере сактануу менен коркуп жашаган жашоо курусун! Андай жашоодон атак албайт адам. Ошондо да эч жанга, эч нерсеге зыяны тийбесе, андай коркокко таарынып кереги жок.
Эстебеске ыпылас жалаа жабылып, ырдаганына тыюу салынып турган чакта ага таарынып, 1979-жылы Муратбек Рыскуловдун 70 жылдык юбилейине кошпосом, эки дүйнөдө бетине чиркөө тагылмак. Анын үстүнө Эстебестин талантын аябай кадырлайм. Эстебес Турсуналиев деген ким? Залкар талант! Руханий дөөлөтүбүздүн керемет байлыгы! Андайлар бу жалганда бир гана жаралат. Аларды баалабай, барктабай таарынычынын жетегинде майдалап калсак, анда элдигибиз курусун! Көрө албастардын көмөчүнө күл тартып, чырагына май тамызабыз анда! Эстебеске доомат артуу үчүн эскергеним жок буларды. Кыргыздын бирөөнө болбосо бирөөнө сабак болор дедим...
* * *
Киносценаристтердин Москвадагы эки жылдык жогорку курсун 1962-жылы аяктап келдим. «Кыргызфильм» киностудиясынан «штаттан тышкары» деген укугу жокко эсе иш беришти. Ага терикпедим. Теригүү оюма да келбеди. Укуктуулардан кем калышпай баш-отум менен ишке кириштим. Кино өнөрүнүн өзгөчө табияты, чыгарманын сценарий кезинен фильм болуп жаралганга чейинки тынымсыз процессине кызыктым. Студияда дайыма талкуулар болуп турат. Сценарийлердин, тартылып бүткөн жана бүтө элек фильмдердин талкуусу кызык. Баарына жан дилимен катышам. Айткан оюму, сунуштарымы жактырышат. Мени үйгө чейин издеп келип, акылдашкан режиссёрлор болчу болду. Авторлорго, актёрлорго, режиссёрлорго окуган, көргөн материалдарды негиздүү талдап, чечмелеп дегендей пайдаңы тийгизе албасаң, редакторлугуң бир тыйын.
Бирок фильм тартылып, экранга чыккандан кийин редактордун эмгеги унутулат. Ага таарынып кереги жок. Министрдин чечими менен киностудиянын көркөм кеңешине Муратбек Рыскулов, Бакен Кыдыкеева, Чыңгыз Айтматов, дагы бир далай көрүнүктүүлөрдүн катарында мүчө болуп бекидим. Демек, редактордун эмгеги көзгө көрүнсө, эске алынат экен да. Киностудиядагы короодо турсак, драмтеатрдын ончакты артиси кыргызча которулчу фильмди көргөнү келип калды. Жамал Сейдакматова: «Ай, Бексултан, жек көрүндү деректирибизди кетирдик. Ордуна сени деректир болсун деп ЦКга барсак, колдоп атышат. Бизге деректир болмой болдуң!» деди сүйүнчүлөп. «Менби? Мен силерге деректир болгондон көрө, эки мүшөк бүргө кайтарганым жакшы» дедим оюн-чындан. Чамасы, мени жетекчи сөрөйдү эңсегендерден деп ойлошсо керек. Андайлардан эмесмин. Театрдын деректири эмес, министр болбой качкандарданмын. «Кыргызфильмде» беш жыл иштедим. Анан маданият министрлигине кино боюнча башкы редактор кызматына которушту. Анда деле убактымын көбүн киночулар менен бирге өткөрөм: баягыдайле талкуулашуу, пикирлешүү, талашып-тартышып туура бир жаңсылга келмей.
Киночуларда а кезде театрдагыдай, Жазуучулар союзундагыдай жаатташуу, бөлүнүп-жарылуу болчу эмес. Кайда болбосун бирин бири ушакташпаган ынтымак кымбат. Театрга спектакль көргөнү пьесам даярдалып аткан учурда гана барбасам, көп каттабай калгам. Мурда көңүлүм чөксө театрга барып, жарпымы жазган күндөрүм алыстап баратканга өкүнчү болдум. Мунун себептери көп. Кинону Маданият министрлигинен бөлүп, өзүнчө мамлекеттик Кинокомитет (Госкино) түзүштү. Башкы редактор милдетим боюнча аякка которулдум. Председателибиз Баялинов Марклен, аны менен иштешүү оңой болчу. Бирок анын орун басары баскан-турганымы аңдып, күн көрсөтпөйт. Киностудияга эркимче бара албайм. Көркөм кеңешке чакырылсам да кабагын карыш түйүп, араң жиберет. Мындай кокуй күн кишини көргөн эмесмин. Эмнеге мынча тырышат, түшүнбөйм. Өчү бардан бетер тажатты. Күлүйпа Кондучаловна Маданият министрлигине чакырганынан көңүлдөнбөй жүргөм, көңүлдөнө баштадым.
Эже чакырган кызматка партия мүчөсүндөгү киши керек экен. Эки сапар партияга өтүп атып, өтпөй койгонуму айткам. Кеп азыр ал жөнүндө эмес, башкада: Гоголь көчөсү менен Фрунзе көчөсүнүн бурчунда болсо керек эле, архитектуралык эстелик катары сактап, мамлекеттин колдоосуна алынчу мечит бар болчу, тилекке каршы, аны түрттүрүп салышыптыр. Капа болдум. Дагы бир жоондугу пилдин белинен кем калышпаган албан даракты кыйып атышканын көрүп, ачуум келди. Эстелик катары кайтарууга алынчу дарак болчу. Ошондой-ошондойлорду Кинокомитеттин төрагасы Марклен Баялиновго айтып, көргөн-билгендерими күйүп-бышып санап келип сунуш киргиздим:
– Бак-дарак, имараттар гана эмес, атактуу артистер, жазуучулар, окумуштуулар да картайып баратат. Далайынан сүрөт да калбаптыр. Кара Молдо Орозов жөнүндө даректүү фильм тарттыралы десек, жетиштүү сүрөт, киноматериал болбогондуктан фильм тартылбай калбадыбы. Тарыхый, табигый баалуу жайларды, көрүнүктүү инсандарыбызды көзүнүн тирүүсүндө тартып калалы, кинолетопись түзүү абдан зарыл болуп турат.
Баялинов сунушуму колдоду. Пландоо бөлүмүнүн начальнигин чакырып, кинолетописке сарпталчу акча-тыйындын эсебин тактап, Кыргыз ССРинин финансы министрлигине кат даярда деди. Финансы министрлиги кинолетописке 17 миң сом (рубль) бөлдү. «Кыргызфильмде» план боюнча жылына эки көркөм, дагы анча-мынча даректүү фильм тартылчу. Алар режиссёрлордун баарына жетпегендиктен кезек күтүп, бош жүргөн режиссёрго кинолетопись тарттырууну ылайык көрдүк.
Биринчи летописти Геннадий Базаров тартты. Ал Кыргыз академиялык драма театрынын улгайып бараткан белгилүү артистеринин өз-өз оюна мемиреп, сахнада кыдырата катарлаш отурган кезин тартып келип, киностудияда көрсөттү эле, катуу сынга кабылды: «Жөн эле сүрөткө түшчүдөй отургузуп коюпсуң» дешти. Базаров ызаланып чыгып кеткен эле. Сындагандар режиссёрдун оюн түшүнбөптүр. Бул материал табылгыс кымбат экени кийин билинди. «Сүрөттүн» мааниси ар бир артистин өз-өз оюна батып, мемиреп отурганында. Базаровдун бул «сүрөтү» теледе, фильмдерде пайдаланылып, далайды эске салып, бизди да ойлонткону менен кымбат азыр. Кийинки кезек Мелис Убукеевге тийди. Ал Саякбай Каралаевди тартсам деп жүрчү, летопистин эсебинен Сакеми каалашынча тартты.
* * *
1974-жылдын кайсы айы экени эсимде жок, Маданият министри Кондучалова эженин секретары: «Күлүйпа Кондучаловна чакырып атат» деп телефон чалды. Барсам эженин кабинетинде Борбордук партия комитетинин бөлүм башчысы Жумагүл Нусупова эже, Биринчи Май партия комитетинин биринчи секретары Салмоорбек Калыкович Акиев үчөө отуруптур, салам айтсам, Акиев алик албастан:
– Мунуңар кокуй күн неме экен, лимитими түгөттү! – деди. Лимити эмне?
– Түшүнбөдүм.
Партияга өтчүлөргө бөлүнгөн орун тура, көрсө. Кийин билдим.
– Сен эмне, партия менен разногласиең барбы? – деди Кондучалова.
– Ой, эже, минтип айтпаңыз. Мурдагы учур болгондо, приёмнуюңузга чыга элегимде кармап кетмек, – дедим.
– Партияга өтөсүңбү же ушинтип эле жүрө бересиң би? – деди Күлүйпа Кондучаловна.
– Өтөйүн, – дедим.
Биринчи Май районунун партия комитетинде документим даяр болчу. Канча күн өткөнү эсимде жок, партияга тез эле кабыл алып коюшту. Күлүйпа Кондучаловна Марклен Баялиновго айтып, Кино комитеттен мени Маданият министрлигине Бириккен репертуар боюнча редакциялык коллегиянын башкы редактору кызматына котортуп алды. Бул ишке кыйладан бери көңүлдөнбөй жүргөнүмүн себеби, халтураны өткөрбөй жоопкерчилик менен адилет иштеген башкы редактор балээге калып, арызчылдардын талоонуна кабыларын министрге айткан элем. Эже: «В обиду не дадим» деп мени көндүргөн.
Бирок министр мени колдогон күндө да бу жерди «үкүнүн уясы» кылып алгандар жайыма тынч койбосун билгем. Эженин көңүлүн кыйбагандан гана тобокел деп бел байлагам. Болбосо кинодо чыгармачылык атмосферада жүргөнүм мен үчүн жыргал болчу. Мен Кинокомитеттен кеткенден кийин летописке көз салган киши жок, тартылбай калды. Ага бөлүнгөн акчаны студиянын жетекчилиги башка жумуштарга жумшап жибергендей болду.
* * *
Адеп ишке киришкенимде министрликте редакциялык коллегия жактырбай салган ондон ашык пьеса бар экен. Баарын окуп чыктым. Мурза Гапаровдун «Кадыр түн» деген драмага караганда аңгемеге жакыныраак жазылган чыгармасы мага жакты. Андагы көркөм ой, образдардын элестүүлүгү жана маңыздуулугу редколлегияда талкууланган кезде байкалган эмеспи? Ошого таңым бар. Редактор мындайды көз жаздымда калтырууга акысы жок. Мурза Гапаровдун дайнын сураштырсам, Ошто дешти. Телефондон: «Маданият министерствосунан чалып атам, кел, иштешели» десем: «Твоего министерства знать не знаю!» деди орусчасынан исиркектенип. Мен да тырчыдым: «Кыңылдабай келчи! Договор түзүп, «Кадыр түнүңү» кабыл алалы» дедим. Эртеси Оштон учуп келди. Башкы редактор катары биринчи келишимди Мурза Гапаров менен түзгөнүм эсимде калды.
Чыгарманын автору менен түзүлгөн келишимге министрликтен башкы редактор, искусство иштери боюнча башкармалыктын начальниги, министрдин чыгармачылыкты тейлеген орун басары кол коёт. Мен ишке орношкон учурда искусство башкармалыгынын начальниги Гольдфайн Ким Петрович эмгек эс алуусунда болгондуктан ал үчүн да, өзүм үчүн да мен кол коюп, «Кадыр түндү» Ош кыргыз драма театрынын репертуарына коштургам. Искендер Рыскулов таланттуу спектакль койгонун кийин көрүп кубанганбыз. Анда роль аткарган актёрлор Акылбек Абдыкалыков, Гүлайым Каныметова, Анара Назаркулова, Жамиля Сыдыкбаева, Марат Алышпаев, пьесанын автору Мурза Гапаров көрүүчүлөрдүн купулуна толуп, чыгармачылык жылдыздары жанган эле.
Эгерде «Кадыр түн» жараксыз пьесалардын арасында көңүл бурулбай жатып калса, Мурза Гапаров «көрүнүктүү драматург» деген ат менен кыргыз адабиятына келет беле, жок беле? Ким билет.