Бексултан Жакиев: Сабира экөөбүздүн өмүр баяныбыздагы окшоштук…
ЭССЕ
* * *
Үчүнчү курс болуп калганбыз. Жатаканадан университетке бараткам. Алды утур келаткан топ кыздын бирөө жүрөгүмү «дүр» эткизе денеми ымыр-чымыр, көзүмү ала-чакмактатып жиберди. Эмне болуп кеткениме акылым жетпеди. Кийин ал кыз көрүнгөн жок. Көңүлүмөн чыкпады. Күн өткөн сайын көрсөм деп эңсейм. Биздин университетте окуйбу, окуса кайсы факультетте, же башка институтта окуп, курдаш кыздарына учурашканы келгенби? Дайнын биле албай кыйналган сайын а кыздын элеси, согончогуна жеткен эки өрүм кара чачына дейре, шыңга бою көз алдыман кетпеди. Унутайын дейм, унута албайм. Издейин дейм, кайдан издерими билбейм. Ичиме бук толуп кетти окшойт, Ашымга (Жакыпбеков - ред.) айтсамбы-айтпасамбы деп жүрүп, акыры айттым. Ашым эмне дешти билбеди.
Ошо жылы Москвада жаштардын жана студенттердин бүткүл дүйнөлүк фестивалы өтмөк. Бизди да катыштырып калгылары бардыр деген илгери үмүттө Касымалы Жантөшевдин «Курманбек» драмасын даярдай турган болдук. Филфагыбызда кыздар аз, оюнга бир-экөө эле катышпаса, кыз жетишпейт. Айганыштын ролундагы кызыбыз бир кыз таап келем деген, экономфактан бир кыз ээрчитип келди. Баягы мен «жоготуп», таппай зар болгон кыз! Аны көргөндө жүрөгүм адеп көргөнүмдөй «дүр-р» этип, көзүм ымыр-чымыр тунара түшүп ачылды. Кыз тарткынчыктап, репетиция өтчү аудиторияга уялыңкы кирди. Оюнга катышкан жигиттерибиз жардын кычыгынан чыга калгансып жадырап-жайнап, жасакерленип жиберди. Жалжактап ийгендер да болду. Мен сыр бербөөгө аракеттенсем да билгизип койгон окшойм, Ашым мени колтукка түрттү, «ушубу» дегендей. Кызга жагынгандарга ичим тарыды. Кыздын аты Сабира экен.
Айганыштын ролундагы Курманжан экөө Таласта бир класста окуптур. Сабирага Гүлайдын ролун бердик. Мен Курманбекмин. Ошентип асмандан издегеними Кудайым өзү алып келди. Жумасына үч-төрт жолу репетицияга чогулабыз. Жигиттердин көшөкөрлөнгөнүн Сабира байкамаксан болуп коёт. Анысы мага жагат. Спектаклибиз даяр болгондо, университеттин чоң залында мугалимдерибизге, студенттерге көрсөтсөк, драмтеатрдын «Курманбегинен» өтсө өтөт, кем эмес деп ашыра мактап жибергендер да болгон. Анын жөнү бар эле. «Курманбекте» жоокерчилик доор баяндалган. Баатырдык драмада согуш көрсөтүлбөсө, анын эмнеси баатырдык? Калмак каны Корун менен Курманбек баатырдын беттешкен жерине экөөнүн кылычташып салгылашканын, Корундун жигити Курманбекти артынан аңдып келип, найза сайып жыкканын репетиция учурунда киргизгем. Жаштарга ошол көрүнүш жаккан болуш керек. Драм театр койгон «Курманбекте» ушу сыяктуу согуш эч жерде жок болчу.
Театрдын сахнасында үч күн удаасы менен спектаклибизди билет сатып койдук. Эл батпайт. Финансы министрлиги 3 сомдук билеттен 2–3 түрмөк берген. Аларды 5 сомдон сатканбыз. Кимдин уруксаты менен ошенткенибизди билбейм. Мүмкүн, уруксат деле болбогондур? Түшүнбөстүктөн ошондой ээнбаштыкка баргандырбыз? Бул сыяктуу «чарба» иштер менен жумушум жок болчу, башкалар тейлечү. Оюм Сабирада, киного алпаргым келет, бирок «жок» деп коёбу деп батынбайм. Акыры чакырдым. «Жок» дебеди. Кечинде Жаш гвардия бульварындагы жайкы кинотеатрдан кол кармашып отуруп, кино көрдүк. Дүйнөдө менден бактылуу киши жок эле ошондо. Бактыга мас болуп отуруп, эмне кино көргөнүмү да билбейм.
Бульвардын бир да чырагы жок капкараңгы түнүнөн коркпой кол кармашкан калыбыбызда эки жатакананын ортосундагы дүкүйгөн дарактын түбүнө келип, көпкө турганбыз. Ошо дарак дале бар, картайып калыптыр. Киного барып жүргөнүбүздү эч ким билбейт ко десек, билгендер бар экен. Сабиранын тууганы, менден бир курс алдыда окуган Кубан экөөбүз комсомол уюмунда чогуу иштеп, мамилебиз жакшы болчу, бир күнү: «Сабиранын кудалаган жери бар, быйыл Ташкенден соттун окуусун бүтүп келет, жайкы каникулга барганда Сабираны кудалаган күйөөсүнө беришет» деди. Кубандан укканымы айтсам, Сабира: «Молдокем мен университетти бүтмөйүн күйөөгө бербейт» деди. Сабира атасын «молдоке» дечү. Биз дагы атабызды «молдоке» дейбиз.
Сабира чоң эненин колунда өсүптүр. Мен дагы чоң эне-чоң атанын тарбиясында өскөм. Бытыкый энем Абийир атамын кичүү жубайы, «токолу» дешке оозум барбайт. Өмүрү төрөбөптүр. Төрөбөсө да мени өзү төрөп алгандай асырады. Сабира экөөбүздүн өмүр баяныбыздагы окшоштук бекеринен болбосо керек, Кудай Тааланын бири-бирибизге тартылтып турган белегиндей туюлчу мага. Мүмкүн, жакшылыкты үмүттөндүргөн жоромолумдур мунум? Андай болсо да жаман жоромол эмес эле. Кубанга Сабиранын жообун айтсам, Кубан: «Мал экенсиң, төрт-беш жыл Ташкенде окуп, жыйырма бешке чыкса, дагы беш жыл бойдок солоктоп, отузга чыкканча жүрө бергидей келесообу?» деди эле, мен аргасыздан ынандым.
Сабира дале «молдокем окутат» дегенинен кайтпады. Сабирага ишенейин дейм, бирок кыргызда кудалашкандардын «анты бек» экенин да билем. Кубандын айтканы туура, жыйырма бештен өткөнчө бойдок жүргөн эркекти «эркек эмес, ат болуп калган» деп шылдыңдашчу. Кимдин эле ошондой шылдыңга кабылгысы келсин! Аргам түгөнгөндө, Ашымга айттым. Ашым Чөкүгө айталы деди. Үчөөбүз ары ойлонуп-бери ойлонуп отуруп, ала качуудан башка арга жок деген бүтүмгө токтодук. Жазгы экзамендер жаңы эле башталган. Университеттин артында ботаникалык бак бар эле, ошону көрөлү деген шылтоо менен Сабираны ээрчитип бардым. Ашым, Чөкү, Макембай үчөө такси жалдап келмек. Сабира аларды байкап: «А-а, ала качмак турбайсыңарбы» деп бир орустун үйүнө кире качып кутулду.
Сабира эми бетими карабас болду деп ичим бышты, канча бир күн жатаканада бүк түшүп жатып калдым. Экзамен тапшырар күнү мойнум жар бербесе да, бүк түшкөн ордуман турдум. Университетке барып, экзаменди тапшырып коюп кайра келатсам, кыздардын жатаканасынын үчүнчү кабатындагы терезеден Сабиранын башы көрүндү. Сабак окуп отургансыйт.
Маңдайында бадырайган кыпкызыл роза гүлү турат. Жүрөгүм эмнегедир элжиреп кетти. Эмне үчүн анткенин түшүнбөдүм. Роза – сүйүүнүн гүлү. Махабаттын символу. Мурда бу гүл жок эле. Азыр турганы эмненин белгиси? Төлгөбү? Же жөн эле кооздукка коюлганбы? Мүмкүн, «жакындаба мага, кудалаган күйөөм бар деп тыйганыбы?» деген кооптонуу сестентти мени. А балким, «абайла, жигит, кыздын сыры айтканынан айтпаганында, төлгө тарттым – тапсаң бактың, таппасаң өз убалың өзүңдө дегениби?» дегендей сыноо да сыяктанды. Өөдө-төмөн санаага кыйналсам да гүлдү жакшылыкка жоругум келди, бирок… «Мурдатан эле коюп жүргөн гүлүдүр, мен байкабагандырмын» деген күмөн саноо да турду менде.
Эки-үч күн өтүп-өтпөй капилеттен жолуктук. Апкаарып калдым. Эмне айтаарымы билбей тайсалдап туруп, «киного баралы» депмин. «Мейли» деди Сабира. Ошондогу кубанычым койнума батпай таалайымын көкөлөп учканын айтпа! Роза гүлүн Cабиранын мага кайдыгер эместигин табышмактаган белгисидир деп үмүттөнсөм да санаам ордунда болбоду. Каникулга кетсе эле Сабирадан ажырап калчудай жүрөгүм опкоолжуйт. Экзамендер ортолоп калган кезде ала качканы экинчи жолу аябай камындык эле, дагы колдон чыгарып ийип, шорум катты. Көңүлүн үч көчкөн журттай калтырганым ушу да! Эми анык бетими карагыс болду! Бу саам да бүк түшүп жатып калдым: менден шордуу ким бар бу жалганда! Баары бүттү! Бүт үзүлдү! Таш-талканы чыкты! Чөкү менен Макембай «антсек болмок, минтсек болмок» деген шекилдүү бир нерселерди келжирей берип тажатканда: «Э, басылгылачы!» дедим окшойт. Чөкүнүн башкарма жездеси ага Фрунзе көчөсүнөн там сатып берген, жатаканага жакын эле жерде, Макембайды ээрчитип, ошоякка кеткендей болду. Ашым үйрүлүп жанымда калды. «Күйөөгө кетсе, күйөө сүнөн ала качам» дедим Ашымга. Чынында эле ошентүүгө бел байлагам. Ашым унчуккан жок.
Сабиранын терезесиндеги розаны ойлодум. Ордунда турат. Үмүттөнө түштүм. Биздин экзамендер бүткөн. Сабиранын бир экзамени калыптыр, анан ал кетет. Кандай тагдырга туш болот? Өткөндө бир саам:
– Кудалаган күйөөң жагабы? – десем, Сабира:
– Сыртынан гана билем, – деген болчу.
Молдокесин Сабира жанынан артык көрөт. Талас өрөөнүндө Турсункулду билбегендер аз, сыйлагандар көп экен. Бирок кудалашкандар кадыр-баркынын бары-жогуна карабайт, а түгүл, атактуу Атай менен Турсункулдун дос болгону да алар үчүн кеп эмес. Молдокесинин «кызыбыз окуусун бүтүп, анан турмушка чыксын» деген ой-боюна койчубу! Кудаларга келин керек. Сабира бешикте кезинен алардын бүлөсү. Уулун «карт бойдок» атка кондургуча, өлгөнүн артык көргөн кудалар Турсункулдун мүдөөсүн угуп отурбайт, таппаган амалды табат да, Сабиранын башына жоолук салат. Ушундай-ушундайлар оюман чыкпай ичим бышты. Сабираны көрүүгө зармын. Бирок кантип? Көргөн күндө да сөзгө келеби? Ал эле мени күтүп туруппу? Сүйлөшпөй кагып салса, тетири бурулуп басып кетсе, канттим?! Бир эмес, эки сапар ала качмак болгон айыбыбыз ачылып, күнөөгө батканым Сабираны катуу чочуткандыр. Эми ал менден жаа бою качабы деп корктум. Бирок бадырайган кыпкызыл роза гүлүнүн терезесинде турганы эмнегедир эле мага тиешеси бардай үмүтүмү өчүрбөдү.
Университеттин комсомол комитетине чакырганынан барсам, столдун үстүндө жайнап жаткан актай чакыруу билеттерге ээк шилтеп: «Барасыңбы?» дешти. Ун комбинатынын (мелкомбинат) клубунда өтчү комсомолдун облустук конференциясына чакыруулар экен. Дароо Сабираны ойлодум. Ал мени жактырабы, жактырбайбы деп жүрөкзаада болуп отурбай тобокелге салдым. Сабирага, өзүмө чакыруу жаздырып апардым да: «Ушуга катышып кет» дедим. Сабира эчтеме болбогондой билетке көз чаптырып: «Ой-ий, экзаменден кийин дагы үч күн жүрөмбү?» деп койду. Калбайт ко деп чочулап турсам, калды. Кечинде Жаш гвардия бульварындагы жайкы кинотеатрга менчигибиздей дагы бардык. Аякта караңгы, бульвар ээн. Хулигандар көп, сабап кетет, тоноп кетет дешчү. Андай балээни жолуктурмак түгүл караанын да көрбөдүк. Балким, Кудай колдоп жүргөндүр бизди. Эки жатакананын ортосундагы баягы дүпүйгөн даракты пааналап келип, түбүндө кол кармашып турсак, жамгыр төгүп жибербеспи! Нөшөрлөп куйган жамгырды тоотпой бирибизге бирибиз ыктап, жүрөктөрүбүздүн жанаша соккон дүкө-дүк дабышына магдырап тура бердик.
Сабиранын кулагына акырын шыбырадым: «Конференциядан кийин ала качайын» деп. Сабира тилин шык эткизип: «Бобойт» деди. Мунусун мен: «Болот, эр болсоң эбин тап» дегендей жорудум. Сырдаштарыма конференцияны айтсам, Ашым: «Оңтою эми келиптир» деди. «Берейин деген кулуна белен кылат жолуна» дегендей, Фрунзе шаарынын комсомол комитетинин биринчи секретары Самосудовдун шопуру жолугуп калды. Жетекчиси он күнгө Москвага кетиптир. «Кыз ала качалы, көлгө барабыз» десем, шопур дароо көндү. Орус баласы үчүн кыз ала качуунун романтикасы кызык да. Конференция күүгүмдө бүттү. Сабира экөөбүз караңгы көчөдө колтукташып, университетке бараттык. Бир маалда артыбыздан үнү чыкпаган машине жаныбызга жетип, токтой калды. Андан ыргып-ыргып чыккан жигиттер Сабираны эсине келтирбей машинеге сала коюшту. Күйөө жолдош төртөө болуп кетиптир. Ашым менен Чөкү Абакир деген бизден улуу шылуун жигитти кошуп алыптыр. Мен батпай калып кала жаздап, Макембайды көчөгө таштап жөнөдүк. Сабира тыбырчылап, чаңырып жиберди. «Победа» зуулдап баратты. Артында тыгылышып Ашым, Чөкү, Абакир, Сабира бешөөбүз. Алдыда шопур, анын орус теңтушу, экөө тең жаш, түнү бою алмашып айдашты. Сабира кутула албасына көзү жеткенде: «Молдоке, кечир мени, кечир, сени уят кылдым» деп, тизесин кучактап, үңүлдөп ыйлап-ыйлап басылат. Боорум ооруйт. Бирок айла канча.
Түнү бою жүрүп отуруп, таң ата Тоңдун Ак-Сайына келсек, көпүрөнү cуу алып кетиптир. Делдейип-делдейип туруп калдык. Суу күрпүлдөп үрөй учурат. Үйүбүз Тоң районунун борбору Бөкөнбаев кыштагында, Ак-Сайдан он чакырымдай жерде. Кабарлайлы десек, Ак-Сайдын телефону иштебейт экен. Аркы өйүздөгү «Большевик» колхозунун телефону иштейт дешти, ага чейин үч чакырымча бар. Көпүрөнү суу алып кеткенин районго кабарламай болуп, ак-сайлыктар суунун берки өйүзүнөн аркы өйүзүнө жоон карагай устун таштап, бирок эч ким даап өтө албаптыр. Мен тобокелге салып, бел байладым. Аңгыча аркы өйүзгө элесепедчен бир бала жээкке келип туруп калды. Мен кылтылдаган устундун үстү менен аркы өйүзгө өтө баштадым. «Кулап өлөсүң, барба!» деп жолдошторум чуру-чуу түштү. Кылт-култ, кылт-култ. Карагай устун тегеренип кетпегей эле деп менде жан жок. Куласам буркан-шаркан бууракандаган дайра сөөгүмү сөпөт, устуканымы упат кылып, дайнымы таптырбай таштан ташка ургулап жоготот. «Кудай колдо, арбак колдо, Манас колдо!» деген келме оозуман түшпөдү. Жанымы тиштеп, кылтылдаган устундун жонунда аркы өйүздү карай жыла бердим. Өйүз жакындабай ыраактап бараткансыйт. Дайрадан өтмөгүм кылымга тете бүтпөгөн кыл көпүрөдөй созулду. Келмелерим колдоду!
Жаштайыман спортко катышып, айрыкча гимнастикага барып жүргөнүм, азоо үйрөтүп өскөнүм келмелериме көмөк болду окшойт, аркы өйүзгө аман-соо чыктым. Тиги өйүздө жолдошторум, Сабира кошо, эки орус шопурубуз жардап карап туруптур. Тирүү өткөнүмө ишенгенден ишенбегендей түрлөрү бар. Баланын элесепедин сурап минип, «Большевикке» сыздым. Аякка жол эңкейиш, зуулдап кирип бардым. «Большевиктен» телефон чалсам, сельсоветибиздин төрагасына кошту. Жөн-жайды түшүндүрдүм да кайра тарттым. Эми жол өр, элесепед накта «шайтан араба» болду, аны теппей эле өр талашта жөө жетелеп, күш-күш эте кээде чуркап, шашып-бушуп жээкке жетсем, аркы өйүздө досторумун бири да көрүнбөйт. Баягы карагай «жолум» менен Кудай арбакка жалынып, бууракандаган суудан өтүп «Ак-Сай» колхозуна чыгып барсам, кайрандарым бири калбай шопурларыбызга чейин ар кайсы шыраалжындын түбүндө бирден бөтөлкө кучактап мас болуп жатат. Ашым гана анча-мынча соо сыяктанды. Сабира көрүнбөйт. «Кайда?» десем, Ашым ийнин куушурат. Заманам куурулду.
Бая аркы өйүзгө жөнөрдө жанымдагы акчаны бүт берип кеткем: «Дүкөн ачылганда өзөк жалгагыла» деп. Дүкөндө арак менен пряниктен башка адам шам-шум этер ыпым эч нерсе жок, пряниктен сатып алып кемиришсе, тиштери өтпөй, таш менен койгуласа да сынбаганда, мына эмесе деп, күчтөрүн арактан чыгарыптыр. Мен күчүмдү Ашымдан чыгардым Сабиранын дайнын сурап. Ашым үн катпай ийнин куушургандан башканы билбейт. «Унчукпайсыңбы, тилиңи жутуп алгансыңбы!» десем, тамашакөйлүгүнө айла жок, тилин көрсөттү сунуп. Арга жок күлүп жибердим. Эмне кылар айламы таппай ары-бери темселеп турсам, жогору жактан Сабира өзү келатат. Жанында бир аял бар эле, ал калып калды. Мен Сабираны утурлай акырын бастым. Көргөнүмө кубана деле албадым окшойт.
Жолдошторумун «кыйрап» жатканы жанымы кашайттыбы, же «досторуң ушулар болсо, өзүң ким болмок элең, байкуш» деген терс пикир Сабиранын оюнда бардыр дегендей сары убайым да турду менде, айтор, «урушарга жоо таппай, урунарга тоо таппай» деген сымал сурданган кебетеми Сабира жумшартмакчы болдубу, а балким, өлөр-тирилериме карабай өйүздөн өйүзгө жанды тиштеп, чымын-куюн түшкөнүмө ичи жылыбаса да боору ооругандыр: «Башкарманын аялы үйүнө ээрчитип барып, чай берди. Ала качып баратса, милийсага камат деди сени. Күйөөсү мурда прокурор болуп иштептир» деди. «Анда каматпайсыңбы» дедим сурданганым жазылбай. Сабира жооп айтпай тетири бурулуп кетти. Кандай мааниде ошентти, түшүнбөдүм. Анын үстүнө, биздин үйгө кабар жеттиби-жокпу, бу да санаамы санга бөлдү.
Оңтою келген күнү келинчек алпарарымы жашырын сыр кылып, араб тамгасы менен Акмат молдокеме кат жазгам. Анда кыздын ыймандуу экенин, анын да жакшы көргөн молдокеси бар экенин айткам. Сельсоветтин төрагасы кабарыбызды молдокеме жеткирсе экен деп Жаратканга жалындым. Бешим ченде онунчуну жаңы бүткөн уялаш карындашым Зарипа, ага-туугандарыбыздан менден жарым күн кичүү дагы бир кыз, инилерден төртөө ар бири бирден ээр-токумчан ат жетелеп, көл тараптан келип калды. Ак-Сайдын суусу, Тоң суусу көлгө куя берерде сай-сайга бөлүнүп, тайыздап калат, ошояктан өтүп келишиптир. Жолдошторум соолугуп калган.
Машинени кеңселардын короосуна калтырдык, а кезде эч ким тийчү эмес. Атчан көлдү жээктеп өтүп, кечинде үйгө келдик. Күткөндөр көп экен: Ленинграддагы киноинженерлер институтунда окуган Төлөмүш (Океев) каникулга келип калыптыр, дагы бирге өскөн курдаштарым, бала-бакыра, келин-кыздар, кемпир-кесектер дегендей... Короодо үч-төрт самоор жарк-журк этип күйүп турат. Сабира аттан түшпөй кежирленди, анан аны эптеп үйгө киргизишкенде башына жоолук салдырбай алып ыргытып, далайга өжөрлөндү. Төлөмүш, дагы бир досум Кыдырмыш экөө баштарына жоолук салына коюп, кошо жүгүнүшсө да Сабира көнбөдү. Төлөмүш менен Кыдырмыш да тажабай Сабираны ортолоруна алып жүгүнө беришти. Аңгыча Ашым жоолук салынып, байбичелердин арасына отура калды эле, Сабира күлүп жибере жаздап: «Байке, сиз тим эле коюңузчу» деди жактырбай. Ашымды «байке» дечү. «Ошентчи, сен кыргыз чалга тийген негр кемпирге окшоп калат экенсиң» дедим тамашалап. Сабира бырс күлүп жиберди. Баарыбыз күлдүк. Анан акырындан-акырындан Сабира жоошуду.
Көшөгөнүн артына карындаштарым менен бирге отуруп калды. Бул 1956-жылдын 19-июлу болчу. Эртеси никебиз кыйылды. Абийир атамын оорукчан тизеси жакшы бүгүлбөй бу жылы жайлоого чыкпай калыптыр. Короонун төрүнө боз үйүн тиктирип, Бытыкый энем экөө ошондо экен. Кутчунун карыларын чакыртып, Абийир атам Сабираны илгеркиче отко киргизмей болду. Жаңы келген келин отко киргизилмейин күйөөсүнөн улуу кайнагаларына, карыяларга жүзүн көрсөтпөй качып жүрүшкө аргасыз болгон. Ан үчүн боз үйдүн эшиги ачык, түрүлүү болуусу шарт. Сый кийимдерин кийген карыялар, молдокем да ичте. Жети-сегиз жашар боз балдардан үйлөнө элек жигиттерге чейин бир кылка тизилип, эшиктин алдында узатасынан келиндерди күтүп турат. Анткени биринин артынан бири ээрчий кирип, ичтеги Абийир атам баш болгон карыяларга ирегеден жүгүнүп, кайра арты менен чыгып кетчү келиндердин жүзүн чүмкөгөн бир чарчы кооз үлбүрчөктү келин босогодон ичке аттай берерде жулуп калыш бозойлордун милдети. Оюндун шарты ушундай.
Жүгүнүүгө он үч-он төрттөй келин катышты окшойт. Келиндерди күйөөсү тирүү, үч-төрт баланын энеси баштаганы парс. Күйөөсүз келин бул оюнга катышууга акысы жок. Келиндердин эң соңунда башын көтөрбөй Сабира баратты кибиреп. Келиндер жүгүнүп киргенде, үйдөгү карыялар алкап отурду. Келиндердин маңдайындагы үлбүрчөктү боз балдарды үлгүртпөй чоң жигиттер жулуп алса, тегеректе тургандар каткырык-сүрөөнгө түштү. Эң артта келаткан Сабира босогону аттай бергенде, маңдайындагы үлбүрчөктү бирөө жулуп кетти эле, Сабиранын жүзү жарк ачылып, карыяларга көрүндү. Сабира уялганынан бетин колу менен баса калып, боз үйдөн кетенчиктеп чыга качарда, Абийир атам: «Чырагым, коё тур» деди да, алакан жайып ак батасын берди. Сабира чыгып кеткенден кийин Абийир атам мени чакырып: «Үйгө кут болор куш кондурупсуң, Жакыйдын кубакайы, көңүлүн оорутпай асырап ал» дегени эсимен чыкпайт.
* * *
Сабира экөөбүздүн никебиз кыйылып, баш кошконубуздан бери 60 жылдан ашуун убакыт өттү. Адабият, маданиятка аралашып калган жаш курагыбыздагы бир учур эсимде: белгилүү кыргыз драматургу Токтоболот Абдумомунов 50гө чыгып, тоюна чакырды. Анда тойлор азыркыдай ресторанда эмес, үйдө өтчү. Төлөмүш, Ашым, Салижан, Мар, дагы үч-төрт жигит келинчектерибиз менен бир бөлмөдөбүз. Ортобуздагы столдо тамак-аш жайнаган берекелүү ак дасторкон. Маңдайыбыздагы кенен бөлмөдө Аалы Токомбаев, Түгөлбай Сыдыкбеков баштаган адабияттын аксакал, көк сакалдары. Ал жак да көңүлдүү, биз жак да көңүлдүүбүз. Бир маалда Токтоболот Абдумомунович, Тамара жеңе экөө бизге келди. Токобуз колун жеңенин ийнинен арта сала кучактап туруп: «Жеңеңер экөөбүздүн баш кошконубузга 25 жыл болду, ошондон бери «сен-мен» дешкен эмеспиз» деди эле, мен жөн тура албай: «Ошентип көргөн күн курусун» деп тамаша айта салдым. «О, шайтан Бексултан десе» деп Током каткырып жиберди да: «Эми анча-мынчасы эсепке кирбейт да» деген эле чачты силке башты чулгуп.
Муну эскергеним, Сабира экөөбүздүн жашообузда «сен-мен» дешүү болду бекен? Албетте, болгон. Ансыз жашоо өтпөйт. Бири-бирине кошкөңүл, кайдыгер эрди-катындын ортосунда гана «сен-мен» дешүү болбошу мүмкүн. Сабиранын көңүлүн ооруттум бекен? Ооруткан жокмун деген ойдомун. Көңүл ооруткан кезде жакшы көрүшүү бүтөт, сүйүү өчөт. Көз тийбесин, биз андай кырсыктан тышкарыбыз. Жумуштан келгенде бири-бирибизди издешип калат экенбиз. Кыздарыбыз, неберелерибиз: «Картайганда деле издеше бересиңерби» деп күлөт.
Кайсы бир жылы теледеги «Балдардын сынагына сынбайсыңбы?» деген көрсөтүүгө чакырышты. Төрт тарабыңда окуучу балдар. Ортодогу тегеренме стулга отургузуп коюп, туш-тушуңан кызык суроолорду бере бермей тамашасы бар экен. Бир кичинекей кыз, биринчи-экинчи класста эле окуса керек: «Агай, сүйүү барбы? Сиз сүйдүңүз беле?» десе болобу! Баласынтып, жооткоткон жооп айткан жарабайт. «Сүйүү бар, – дедим. – Болгон үчүн сен экөөбүз туулганбыз. Эми экинчи сурооңо жообум мындай: сүйгөм. Кыз кезинде колуктум болчу. Үйлөнгөндөн кийин – келинчегим, анан – аялым болду. Азыр байбичем, ошо байбичеми сүйүп коюп келатам дагы эле» десем, балдар-кыздар жыргап шатырата кол чапкан.
Жүрөктү жылыткан сүйүү сакталган жерде издешүү, сагынышуу болот. Сабира экөөбүздүн жашообузда издешүү да, анча-мынча күн көрүшпөсөк сагынышуу да болгонуна тобо дейбиз.
* * *
Эми «кыз ала качуу» жөнүндө. Эмкилер эзели тааныбаган, а түгүл өңүн көрбөгөн, аты-жөнүн билбеген кызды ала качмай ит адат таап алыптыр. Аны угуп да, окуп да жүрөбүз. «Бу эмне кылганыңар?» десе, салт ушундай болгон деп жанын жешет. Мындай нааданчылык жосун салтта болгон эмес. Илгерки доордо сүйүшкөн эки жаштын баш кошуусуна караманча каршы чыгып, тыюу салган кыянаттык болгон кезде, кыздын макулдугу боюнча «ала качууга» аргасыз болушкан.
Эки жаштын кол кармашып качкан ырастуу махабатын көрсө – көрмөксөн, укса – укмаксан болгон даанышман ата-энелер да болгон. «Тебетей менен урса жыгылбаган кызды келин кылып кийирип алчу экен» дегенди түптүз түшүнүп кашайгандар бар. Эч ким эч бир кызды тебетей менен жыга урган эмес, кыздын колуктулук куракка жетилип калганын билгизген каймана кеп бул. Кыргызда баш кийим ыйык, же кыз көрүнсө ургулай бергидей тебетей эмне оюнчук бекен?! Кыраакы аталар жетилип калган кызды байкаса, жуучу жиберген, ата-энесинин алдынан өтүп, куда түшкөн. Кызга сөйкө салган. Анан жигитти күйөөлөтүп, колуктусу менен тааныштырган. Салт ушундай. Ал эми кудалашкан учурда кыз-күйөөнүн ортосунда сүйүү барбы, жокпу? Бирин бири жактырабы, жактырбайбы? – аны көңүлгө албай кудалашкан учурлар болгон. Ал башка кеп. Бирок тааныбаган кызды тааныбаган жигит азыркы келесоолордой ала качкан эмес.
* * *
Анда жашыраак чагыбыз. Сабира экөөбүздүн жайкы эс алуубуз айылга барып учурашуубуздан башталчу. Апам менен Сабира кайнене-келиндей эмес, сырдаш эжели-сиңдидей, ынак курбулардай болчу. Машинеден түшүп, үйгө кирип келатсам, апам иш жасап отурган экен, мени көрө сала:
– Ии, балакетиң алайын!.. – деп сүйүнүп кетти да, ошо замат: – Э, кокуй, Сабира кана?! Фрунзеде калдыбы?! – деди чочуп.
– Фрунзеде менин көлөкөм калышы мүмкүн, апа. Сабираң менден өлсө да калбайт, – деп тамашалаганымча болбой Сабира артыман кирди.
– Баса дейм да! – апам Сабираны көргөндө жаны жай ала түшкөндөй каткырып жиберди.
Жалынып-жалбарып, экөөбүздү алмак-салмак өпкүлөп, өзүнчө эле жыргалга батты. Киностудиянын машинеси менен келгенбиз. Бизден ары бараткандар да бар болчу, алар чайга кирбей, нан ооз тийип эле кете берели дешкенинен, табакка нан салып барып ооз тийгиздим. Анан шаардан ала келаткан ун-талкан, чай-чамек, татты-патты дегендей аны-мунуну шопур экөөбүз көтөрүп, апамын ашканасына киргизип койдук.
Апам Сабира экөө жанаша жүрүп, самоор кайнатып, дасторкон даярдап жүрсө, шыбыраша калып күлүп-жайнаса жүрөгүм жылыйт. Экөө өмүр бою ушундай ынтымагынан жазбады. Кызык, карасам, апам жонуна жамаачы салган көйнөк кийип алыптыр. Ал эмнеси? Бирөө көрсө уят эмеспи! Же кыздары, келини көйнөккө ушинтип тундурганбы?!
– Апама көйнөк тиктиргениңде кездеме жетпей калган го? – ачуум менен Сабирага какшык жылдырдым эле, Сабира күлүп:
– Көйнөктөрүнүн баары ушундай, жонун кесип алып, жаңы төрөлгөн балдарга кийим тигип кийгизет. Эне жытын сезип чоңойсо, бала кайрымдуу болот дейт апам дегенде, апамын ырымы апамын эле өзүнүкүбү, же башкаларда да бар болду бекен? – Мурда уккан, укпаганым эсимде жок. Уксам, укпасам да наристе баланын адам болуп өсүшүн тилеген апамын бул ырымын байыртан калган жакшы ырымга окшоттум.
Бексултан Жакиевдин “Өмүр өтөт билинбей” китебинен үзүндү