Бүтүндөй башталыштын башаты. Идея агымы. Улут бирдиги. Улуттук атрибут, көрсөткүч. Акын.
Акын болгусу келген мен, телевизордон, КТРК каналынан поэзия мүнөттөрүн көрүп жүрдүм, ким кандай ыр жазарын билмекке. Теледен З.Ажыматов, А.Кожомкулов дегендер ырларын окуп калышчу. Калп айтпасам К.Урманбетов да чыгып жүрдү. Кыял агайым экөөбүздүн кыялыбыз эки башка экен. Атахан агайым берген ырларыма жооп кайтарбаган. Кийинчерээк жумушун алмаштырыптыр, ошону менен байланыш үзүлдү.
Кол жазмаларды сүрүштүргөндү жактырган жаным, Мамат акеден (Сабыров) сураштырдым, дагы кимдер ыр жазып жүрөрүн. Билгенин айтып берген. Зайыр агай редакцияга да келчү окшойт, бирок ошол мезгилде каякта жүргөндүгүн билбестигин айткан, 2005-ж.
2010-ж. 7-апрель, 10-июнь окуяларынан кийин алсырай түшкөн элдин демин көтөрүш үчүн, ошол жылдын жай айларында же күз беле, кыргыз акындары борбордук аянтка чыгып, ырларын окумак болгонун Эрнис (Асек уулу) агайдан уктум. Бардым. Көрдүм. Менимче, иш чараны К.Урманбетов уюштурду же башкасыбы, билбейм. Зайыр агай да барып, өзүнүн ырын окуган. Биз экөөбүз ошондо тааныштык, жумушунун телефон номерин берген.
Көчүрүп жазган ырларымды алпарып бергем, “Жаңы Агым” гезитинде иштеп жаткан учуру эле. Ушул кыргызды пайдаланып, ырларымды мезгилдүү басылмага жарыкка чыгарткым келген. Жумушундагы маселеден улам кол телефонунун номерин алгам. Бир-эки каттагандан кийин оюм ишке ашпастыгын туюгумдан сезгем. Кол үзгүм деле келип жүрдү, пайдасы тийбегенден кийин, тааныш көбөйткүм келбеген, өзүм түштүктөн болсом деле Ош тараптын балдары менен байланыш түзгүм келчү эмес. Бирок бу кыргыздагы кандайдыр бир күч, энергия тартып турчу, мага аурасы жакчу. “Акын – улуттун флагманы” деген сөз чын, ар кандай психикалык травма алып, түштүктөн жалкыган мен Зайыр агайдын мамилесинен кийин гана, өз жердештериме да көңүл бура баштагам.
Кубат (Жусубалиев) абама жолукканда айтып калдым, бир кыргыз бизге Акын болгусу келип жүргөндүгүн. Ушул элдин Акыны болгусу келет экен дедим. “Андай экен, бу кыргызды байкаштыр, эй, негизи бизге деле Акын керек да”, - деди. Абам айтса, бу кыргыздын жашоосу, кыял-жоругу, жүрүм-туруму, ой-санаасы кызык боло түштү мага деле. Кубаттын Кубаттыгы ушунда, адам баласынын ортосундагы байланышты түзгөндү билет.
Турмуш курдум, жашоом болбоду, Россияга чыгып кеткенге туура келди. Кайра келдим, абам менин аурамды тазалап берип, өз сөзүн тараттырганга даярдаган. Жеке менин колумдан баары келмек эмес, мага журналисттер керек болгон. Көпчүлүк менен байланышпай, тандап гана байланышым керектигин түшүндүргөн абам.
Ырларымды дептерге көчүрүп жазып тараттым, Зайыр агайга алып барып бердим. Расмий уруксат алганымдан кийин коомчулукка тараттым, Улуттук Идеологияны. Расмий сөз үч кыргызга (Азимбек, Болот, Өмүрбек) жеткирилиши, алар жөнүндө айтылып жүргөн көчө ушактары конкреттелиши шарт болгон. Биздин ортобузду ушул коомдук иш да жакындатып ийди. Кимдер менен иштешип атканымды Кубат абага айтчумун, ошондо мага кайрадан эскертти, кырктын кырындагы кыргызга кезиккенимди, этият мамиле кылышым керектигин. Кырктын кыры кайра кезигерин Эрнис (Асек уулу) агайдын мезгилинде айтчу.
А.Бекназаров, Ө.Текебаев жөнүндөгү көпчүлүк маалыматты ушу кыргыздан алдым. 2014-ж. кыш айларында Өмүр агайдын кабылдамасына оозеки кайрылдым, жаз алды расмий кайрылуу жазып, “Ата-Мекен” фракциясына таштадым. Жазган ырымды Өмүр агайдын колуна бергим келип, Мамат акеге Акүйгө киргизишин сурансам, так түйүлүп көнбөдү. Башка журналист издеп, Зайыр агайыма бардым, көзүмдү жумбай алдадым.
– Мамат акем айтты, мени Акүйгө, жашыраак балдар билинтпей киргизбесе, Мамат акем ошончо жылдан бери иштегенге билинип калат экен, Зайырга айт, өзүбү же тааныштарыбы, сени киргизип койсун, – деди, – дедим. Дебеген эле сөздү дедирттим.
– Ошенттиби? - дейт.
– Ооба дейм. Өмүр агайыма берилчү кол жазма көчүрмө, а оригинал мобу, – деп көрсөттүм.
Оригинал өзүмдө эле. Эки кол жазманы колуна карматып койдум. Эбиреп-жебиреп сүйлөп бердим. Кыйла туруп, сөзүмө ишенди окшойт, тааныш балдары менен сүйлөшмөй болду.
Өмүр агайыбыз командировкалап кетиптир. Күтмөй болдук. Телефон чалганынан алсам, эртең саат 9га Акүйгө кел, киресиңер, Тынчтык экөөң дейт. Келдим. Телефондон Тынчтык материалын бүтпөй калганга, иштеп олтурганын, бир аздан кийин кайра чаларын айтты. Күмөнсүрөп калдым, “розыгрыш” эмес бекен деп. Бир аз сабыр кылып турмай болдум. Акүйдүн алдында турам. Кыйладан кийин телефон чалды, мага шерик болчу Тынчтык материалын бүтпөй олтурганын, өзүм кире беришимди, Текебаевге үчүнчү этаждын фойесинен жолугушум керектигин, ким мага заявка бергенин айтты. Кирдим. Өмүр агайдын колуна кол жазмамды бергем. Кайра чыктым, редакцияга учуп жеттим, мага жардам бергендиги үчүн рахмат айтып коймокко. Колумдагыны алып калып, Тынчтык менен тааныштырбай жолго салган Зайыр агайым. Кантип жолукканымды айтмакчы болгонумду уккусу келбеген. Тынчтыгыбыздын кимдигин ошентип билбей калдым. Ошондогу отчётумду Мамат акеге тапшыргам. Ошондон көп өтпөй “Агым” гезитинен “Азаттык” радиосуна жумушка кетти.
Интернеттеги “Кыргыз маданият борборундагы” агайдын ырларын окуп олтуруп, туулган күнүн билдим. Жумушум жок, акча тартыш. Куттуктагым келди. Ойлонуп олтуруп таптым. Гүлчамбар токудум. Жумушуна барып, чакырып коюшун вахтадан сурансам, ичкери киргизип койсо. Олтурган орду эшиктин эле оозу экен. Кирип барып куттуктап, гүлчамбарымды кийгизип койсом, чочуй түштү окшойт, башынан алып, ордунан турду. Сырт жакка чыктык. Колунан алып кайра башына кийгиздим:
– Мына корона кийгиздик, Король болдуңуз, - деп. Ушунчалык бир жүрөктү элжиреткен жылмаюу эми. Карап туруп... Шылтоо менен бетинен өбөйүн десем, боюн оолактатканынан:
– Кызык экенсиз, кыздарга өптүрбөгөн, жөн эле туулган күнүңүз менен куттуктайын дегем... Карбалас агай түзүк экен, кыздарга унчукпай, бетин өптүрө берген, - дедим. Ошентип бир арман ичте калды. Мурдагыга караганда, байма-бай каттай баштагам.
Катташууну кесиптештери башкача кабыл алган окшойт, чычалап жүрдү, анан калса менин кылганымды же мүнөзүмдү түшүнбөй. Айланасынын ой пикири, бу кыргыз үчүн манилүү экендиги, бир жагы жинимди келтирсе, бир жагы күлкүмдү келтирчү. Мени кезегинде Кубат аба эксперимент кылып көргөн, мен ушу кыргызды эксперимент кылмай болдум, бул мага чоң мектеп да болорун билгем. Адамдар менен иштешкенди үйрөнмөкмүн. Себеби, тийиштик кылчу эмес, өзүнүн табигый потенциалы бар болчу, карегиндеги тирүүлүктү байкагам. Анча-мынча өйдө-төмөнүнө чыдап койсом, оңбогондой пайдасын өзүм эле көрмөкмүн, абам айткандай.
Бу кыргыздын мага чын жакканы, аял-эркек, чоң-кичине деп бөлбөстүгү. Түштүк аймактын менталитети башкачараак экенин билчүмүн да. Жакпаганы Васькалыгы болду. Васькалыгы мындай. Баарын угат, укпай койбойт, бирок айтылганды “проба” кылып көрбөйт өз алдынча. Мойну жар бербеди, комфортко ыктап жүрдү. Точно, абам айткандай болду, мурдун балта кеспеди, көпчүлүк учурда.
– Сага гүл терип, сени кооруп, мурдун балта кеспей жүрө берет эми. Айтылгандарды жеткирип тур, маалыматсыз калтырба. Жүз сөздүн бири кулагында калса да, эй, – дечү.
Мен жумушунан чыгып, көчө турмушун башынан кечиришин, шаардын географиясын жөө-жалаңдап окуп көрүшүн, курчап турган дүйнөсүн өз алдынча кайрадан таанышын каалоочумун. Журналистика “шаблон” да кылып таштаарын билчүмүн.
Комфорт – адам баласын турмуштук оош-кыйышка болгон иммунитетин төмөндөтүп коёрун, абам айтып жүргөнүн бир сөз кылсам, өзү каалагандай да жашагысы келерин, ал абамдын мезгили, азыр башка мезгил экендигин айтканда, чын эле жаман-жакшыга турмуштук муктаждык керектигин билгем.
– Жумуштан кетишиңиз керек экен, жетекчиликке киргизбейсизби, - десем, секирген:
– Төрт баламды сен багасыңбы? – деп.
Б.Макетаевдин тагдырын билгенге киришпегем, идеямды ишке ашырганга, абама айтсам: – Анда сен буга иш таап бер, бу жиндинин терисин сыйрыйм деп өлтүрүп ал, жылан деле терисине өзү батпай калганда таштабаса, күчтөгөнгө болбойт, - деген.
Кулагын бышырып, айтып жүрдүм, көчөгө киши керектигин, жегенге нан таппай, көчөдө калып кеткенде, кимдер кандай ийгиликтерди багындырганын айтып да, жазып да берген элем. Мен билгени, бу кыргызда анча-мынча адам баласына бериле бербеген табигый талант бар эле, канчасында мындай жараткан берген белек жок болчу.
Айтып олтурса, экөөбүздүн балалыгыбыз, өспүрүм курагыбыз, жаштыгыбыз окшош эле болуптур. Өткөн өмүрлөрүбүздү бир сыйра эстешкенбиз. Мага салыштырмалуу, жарты сүйлөгөн кыргыз эле же мен сүйлөтө албай жүрдүмбү, билбейм. Бу кыргызды таанып да, тааныбай да турганым ошондон. Канча сурандым, учурунда кызыктуу окуяларын эскеришин. Өзүбүз жөнүндө өзүбүз жазып калтырбасак, кийин атайылап да жок кылууга аракеттер болорлугун.
– Мен акын деле эмесмин, тарыхта калгыдай,– деп жүрдү.
Көрүнгөндү пайгамбар кылбай, өзүнүн кадырына өзү жетишин айтып жүрдүм.
Эрнис агайымды издеп барсам, аным Элмирбектеги (Иманалиев) ички кризисти айтты. Магазинге чыгып, арак алды:
– Как мужчина, мен аны түшүнөм, – деп. Мени кетирип ийди. Жолдон Зайыр агайыма жолуксам, аным деле күйүп-бышып жүрүптүр. Таң калдым, Эрнисти түшүнсө болот, экөөнүн тагдыры окшош болду, а Зайырчы?
Зайыр агай Элмирбекке нааразычылыгын айтып калды:
– Канча айттым, ушу “жыланыңды” жоготуп, башкага эле үйлөн деп. Колунан жакшылык келбестигин сезчүмүн. Башка кыз жок дейсиңби Элмирбекке? Макул, болгону менен укпады. Мына эми, көчөдө ичип жүрөт. Не дээриңди билбейсиң, киши, эми не болот? Ушу “жыланынын” колунан чай ичким деле келчү эмес, – дегенине караганда, Элмирдин “жыланы” Закентайга шыртаңдаган го, ошондон улам жийиркенсе керек.
Кишини укпаган сапат өзүндө да бар экендигин айтсам, мени жаман көргөн. Жиним келе түштү:
– Мени жаман көргөндү коюп, оңдогонго аракет кылыңыз, балким качандыр бир мезгилде пайдасы тиет, Акындын өмүрү бир гана өзүнө эмес, ошол доорго таандык болот экен, – дедим.
Кубаттын китебинде мындай окуялар жазылганын, жазма акыныбыздын (Э.Асек) тагдырындагы сыноону, бирок өзү башында ар жерде түнөп, аялына жол ачып койгондугун, сулуулардын да өздөрүнө жараша кыялы, түшүнүгү болорун эбиреп-жебиресем, агайым эгерим мындай нерсени түшүнбөстүгүн ызырынып айтса, коркком. Закентайдын аялы кандай неме экендигин билчү эмесмин, кокус иштин алдын алгым келген. Жаман айтпай, жакшы жок. Бу кыргызым, кокустук болсо, тынч эле балталап таштайт окшойт.
Кийинчерээк Элмирбек экөөнүн ортосун сураштырып билдим. Сурасам:
– Мен Аксынын жетими, ал Токтогулдун жетими. Кыйратып ийчүдөй шаарга келип алыппыз. Келгенден кийин жашаш керек болду, анан экөөбүз табышып алдык, – дейт.
– Аркалыктарга батпадыңар, - десем,
– Батырмак беле,- дейт. Күлгөм:
– Бардык жолдор сизди Римге алып келген экен, генийдин баары айылда төрөлүп, Римде өлчү эле, сиз Кубатча жоксузбу, Аксыңызга барып өлүңүз, эми, – деп.
Керилип туруп:
– Жер соорусу Аксы го, атаңдын гөрү, – дегенинен, тийиштик кылдым:
– Жо-ок, весь планета Кердегей, экөөбүз Кердегейде олтурабыз, – деп.
– Кердегейде эмес, машинамда олтурам, – дейт.
– Дөңгөлөгү каерде турат? - дейм.
– Бишкекте, - дейт.
– Бишкек кимдин карамагында имиш? - дейм. Сөзүм жакпады. Алдын карап олтуруп алды. Кыйладан кийин буулугуп кетти окшойт:
– Кердегей, Кердегей. Бирок мен – Аксымын. Кердегейиңе тиешем жок, - дейт.
– Неүжөлү... менин ким экенимди билесиз да, - дейм атайын тийиштик кылып. Жарылып кетти, артын шарт карады:
– Шайыр, мен АКСЫМЫН!!! Ушуну сен бил, өлсөм да АКСЫМЫН! Кердегейиңди урганым жок!
Буулугуп чыккан сөзгө тизем титирей түштү. Бир жагы чочудум, бир жагы сүйүндүм. Өзү үчүн өзү күрөшпөсө, сөөгү сөпөт болмок бу кыргызым деле. Жер суунун баарын ээлеп бүткөн, учу кыйырсыз Кердегей планетасында көздүн тамчысындай гана Аксы чөлкөмү ошентип пайда болгон.
Өзүнүн кимдигин өзү тактап алганынан кийин, бу кыргызым мени куп жадатты. Өлүм коркунучун сезбей калган учурлары болду, жүрөгүмдү түшүрүп. Абама айтканымда, бир нерсе болсо жоопту мен береримди, кырктын кырынан өткөрүшүм милдетим экенин көзүнө тиктетип туруп эскерткен. Эми ойлоп көр, бу кыргыз менен иштешемби, саясий опоң-чычаң кылчу “кырчаңгылардан” жооп аламбы? Иш тажрыйбанын кереги деле жок болуп калган учурлар болду чынын айтсам. Анча-мынча кыялдарыбызды көрсөтүшүп жүрдүк. Рамкалар талкаланган мезгилибизди не деп жазарды деле билбейм. Агайымдын айтканы чын:
– Поэзия – бул жеке турмуш.
Абама жеткирсем,
– Бири бириңе биротоло өбөктөбөй, өзүңчө да бол, эй, - деген.
Биринен бири үркүп турчу жазма акындардын ортосун жакындатуу зарылчылыгы келип чыкты. Же бир механизмдерин иштеп чыга алсамчы. Анан бир айтып көрдүм:
- Өлгөндөн кийин өкүнүп калбай, биздин ичибизден сиз эркетайыбызсыз. Давай, акындардын көчө поэзиясын уюштурабыз, Мирланды (Самыйкожо) алдыңызга салып аласыз. Аркалыктар менен таанышабыз,- десем, ишин шылтоолойт.
Дем алыш күндү айтсам, ал күндү балдарына арнайт экен.
– Эсен болгула, - дедим жинденип. Анан бу идеямды Эрнис кандай кабыл алганын айтып таштадым, Жыргалынан (Касаболотов) деле жыргаткан жооп болбостугун. Акмактыгын мойнуна алып олтуруп берди. Кийинкилер деле ушу биздей акмак болорлугун айтса, аргасыз күлгөм.
Чөйрөсүн байкаштырыш керек болду. Мени Нурлан агайга (Калыбеков) окшоштуруп калчу, эрмектегенди жакшы көрчүмүн. “Дордойдогу” Джунхай базарында жүрүп, тийишким келди, дем алыш эле. Телефон чалдым, курсак ачкандыгын айтып. Бир аздан кийин кайра өзү чалды. Үйүнө барсам болбой калат экен, кечирим сурады, башка күнү тамактандырмак болуп. Азыр ойлойм, ошондо аялы менен тааныштыра берсе, экөөлөп өмүрүнө аралжы болмок белек? Өзү деле айтып жүрдү, жашоо бир гана “постелден” турбастыгын. Аялы башында кызганып чычаласа да, балким кийин тил табышып кетсек... Бир Акмандын өмүрүнө эки катын кантип аралжы болгонубузду Агайдын табышмактуу өлүмүнөн кийин, эсим эңгиреп олтуруп эстедим.
Көңүл бурууга муктаж болгон учурлары болгондугун, ошол мезгилде атайын таштап атышкандыгын айтканынан,
– Бул классика, ишенбесеңиз, Ж.Лондондун “Мартин Иден” деген китебин окуп көрүңүз, орусчасын анча түшүнбөй калам десеңиз, кыргызча которулганы деле бар, - дедим. Окуп көрдүбү, жокпу, билбейм, кийин өзү деле мага ошондой мамиле кылды. Бар болгону түшүнбөстүк болду, атайылап таштаган деле жок.
Агайды издеп калдым. Же телефонун албайт, жумушка келбей атыптыр. Качып жүрүп жан сактамай адатын билип калгам, туталагы туткан экен дедим. Бир күнү өзү телефон чалды. Концерттин машакаты менен, жада калса жумушуна да чыкпай атыптыр. Шашылышта, чакыруу билети мага да жазылыш керектигин айтсам, агайымдын концерти эмес, Элмирбектики экен. Концерттен кийин жолукмай болдук. Квартира акысын төлөш керек болду, акча тартыштыгы, сөйкөмдү ломбардга койдум. Өзүм карыздамын, жиндидей болуп, өзүмдөн өзүм концертке баргым келет дейсиң, эми. Агайым жакындатпады. Жумушка келгенин билип, ошол күнү барып айттым. Садык (Шер-Нияз) экөөнүн бири гана киргизе албаса, Элмирдин концертине, башка... Концертке мен деле эл катары кирип эстетикалык рахат алгым келип атканын, акчам болсо ушу Закеге суук көрүнбөй, өзүм деле кире алаарымды, сөйкөм уже жатчу жерде жатканын айттым. Карап көрмөй болду. Эптеп, алдап-салдап узатты. Кайра менден карыз сурайт, кошмоюна.
Концерт болгон күнү телефонун албай коёт дегем. Чалсам, алды.
– Түшүн, - дейт.
– Бир катыныңызды алдай албайсызбы, практиканттардан десеңиз болбойбу, болбосо жөн эле жакшына тааныштырып коё бербейсизби, катындар эркектерчелик көкмээ эмеспиз, - дейм.
– Жок, мени түшүнгүн, сен кыз, - дейт.
– Мени ким түшүнөт. Агай, акчалуу болгонумда, Элмирбек досуңузду таап берсеңиз, концертинин акчасын колуна берип коём, азырынча насыяга кирип турайын,- дейм.
Айтты айтчусун, көп сүйлөөрүмдү, телефон өчтү. Кыжырым келди, атайылап филармониянын оозуна барып алгым келди-ии... Ызааланып кеттим, баары концертте, мен сволочь үйдө. Көчөдөгү катыны менен үйүндөгү катынынын ортосунда кыйпычыктап жан баккан кыргызды не дээримди билбедим. Ыйладым. Бир катынды эптеп концертке киргизе албаса.
Рамистин (Рыскулов), Өмүрбектин (Текебаев) аялдарын эстедим. Бир болсо агайым деле, чоң эле философ. Баары бир колунан келет, аялын биринчи киргизип коюп, бир шылтоо таап, кайра чыгып, аркасынан мени киргизсе, ичкери киргенден кийин жанына жоломок да эмесмин. Эгер барсам, эшик сагаалап турган абалым, концертке кирген күнүмдө да, кайтып келгенге, таксиге акчамдын жоктугу, маршрут биз жакка кеч кирери менен токтойт, ошону ойлоп, көрө бер, анан ыйлашты. Ошондогу концертке неге мынча баргым келди, өзүм билбейм. Өз жашоомо өзүм нааразы, Элмирбектин башка “булбулу” кантип буулуккан, билбейм, ар нерседен бир нерсе эстеп таап, болушумча буулугуп ыйлагам.
Концерт деле бүттү, бир токтосомчу, катардан калып кеткениме ызааланып. Эки-үч күн ыйлап, акыры басылып, Закебайга бардым.
– Концерт болдубу, - десем, көздөрү жалжылдайт:
– Болду, - деп.
Тиштенип сурадым:
– Кандай болду? – деп. Үндүн тону бузула түшкөнүн сезип:
– Нормально, концерт ушундай эле болот, - деп жооп берди. Унчукпадым.
Башка сөзгө бургусу келди. Безирейген мени карап туруп, акыры өзү жарылды, жеке жашоосун айтып берди. Айтышына караганда аялы кызганчаак, өзү чын эле философ окшойт.
Абам мага эскертчү, өзүмө эмне жагып, эмне жакпастыгын байкай жүрүшүмдү. Ошондо түшүндүм, катардан калып кетиш кандай болорлугун, Курултай, каала каалаба, элдик болгонунан кийин, каалаган бардык элге катышканга мүмкүнчүлүк түзүлүш үчүн бир-эки ай мурда айтылышы керектигин, миллиондогон аудитория барышы мүмкүндүгүн.
Өзүнө, бизге карата болгон, бизге чейинки муундун мамилеси көңүлүнө көк таштай тийсе керек. Эми ошолордун кылган неткенин кайталап олтурбай, оңдогусу келгени мага жакчу. Бир сапар айтышка жюри болуптур. Элге төбөсү көрүнүп, байге алып көнгөндөргө эмес, кичүүлөргө, кийинки жаш балдарга артыкчылык берип таштаптыр. Бул окуяны Аалы Туткучевден да тактаса болот. Себеби, артыкчылыкты Аалыга эмес, башкасына бериптир. Кимге, билбейм. Мага күйүп-бышып айтып берген эле.
– Акүйдөгүлөрдүн “көкмээлиги” жетишет, жок дегенде маданият тармагы козголушу керек, акырындан Акүйгө да жетсе болот. Мына, Түгөлбай (Казаков) аккордеонду оң-тетири, узун-туурасынан билгендей чойду, мезгили келгенде Түмөнбайга (Колдошов) тапшырып койду. Аалы ырдап бүттү, керек болсо мен да ырдап бүттүм, кезек, жаштардыкы. Алар да жашаганга, ырдаганга акысы бар. Аалы ырдагысы келсе, өзүнчө, каалаган жеринде ырдасын, жаш балдар менен места талашып, айтышта чабышып жүрбөй.
– Массанын токмогун тойгончо жебей туруп, классикага айлана албастыгыбызды Кубат абам айтып эле жүрөт. Мен деле саясий ишмерлеримден “токмогумду” жеп жүрбөймүнбү, жакшы-жаман жактарын түшүнүп ийип атышабы, - дедим.
– Ошо массаң деле...- дейт.
Ошол күнү чын эле филармониядан чыкса, агайдын алдын тосуп, топ балдар турушуптур. Коркуптур, таяк жеп калыштан. Акырын жөрмөлөп, машинасына жетип эле, артын карабай, үйүнө карап зуу коюптур. Бул окуя 2016-жылы болду окшойт. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алдында. Биздин муун менен мен ошондо сыймыктангам, өз мууну кандай экендигин, Карбалас агай (Бакиров) бир айтып берип:
– Силер эми бизге окшоп майдаланып кетпегиле, - деген эле.
Өз мууну жөнүндө акын Э.Эрматов да айтып жүрчү экен.
Япон акыны М.Басёну туурап, хайкуну жазып да, которуп да көрдүм, жазганым кандай, аны мезгил таразалаар, а котормом... Өзүм орус тилин жыргатып билбегендигимден улам, менин которгонум маанисиз, сөзмө-сөз гана чыкты. Япон тилин таптакыр билбейм. Котормого деле колунан келгени киришсин дедим анан. Хайку кыргыз жеринен тамыр алып, уланышын самаган жаным, агайга атайын ырым кылып, М.Басёнун китебин бердим.
– Сиз да таанышып көрүңүз, балким дүйнөлүк классика-хайкуну улантып, өз почеркиңизди өзүңүз калтырып, дүйнө аренасына чыгасыз, а балким котормого киришип, кыргыз кыртышына алып келесиз, - деп.
Унчукпай, алып калган. Кийин мени аңтарып, орус тилинде китеп окубастыгын айтса, берген китебимди эстегем. Басёнун китеби мен үчүн ошончолук баалуу болгону менен, бир бергенимден кийин кайра кайтарып алганым, өзүбүздүн тагдырыбызга, мамилебизге таасирин тийгизип койсочу деген коркуу токтоткон. Себеби, бул ырым, талисман кылынып, атайын тилек менен берилген китеп эле.
Кубат абамын атайын айттырткан СӨЗҮН Азимбек агайга айтып бергенимди, бу киши менен сүйлөшсө болорлугун жеткирип барсам, агайым, башкага расчёт алсам да, Азикеге ойлонуп расчёт алышым керектигин айтты. Жактырбадым. Унчукпаган. Кийин агайдын айтканындай болсо, тан бердим. Ошондо агай учурунда айтканын жаман көргөнүмдү эстетип, чалгынга чогуу чыкчу адамды тандашым керектигин, алчы таасын жеп бүткөндөргө эмес, жакшысы, булгана элек жаш балдарга таянсам гана утаарымды эскерткен. Өзү, жада калса Кердегей да эмес, коммунизмди курса, жаштар гана кура алаарын айтып жүрдү, негедир бар таянганы жаш балдар болчу, бу кыргыздын.
- Себеби, бизчелик булганган эмес, дүйнөсү таза, - дечү.
– Биз деле ошончолук кирдеген эмеспиз го, - десем,
– Мен сага да, өзүмө да ишенбейм, - деп чорт кескен.
Бу Аксы сыртынан жоош, момун көрүнгөнү менен жанына күч келсе, калааты каптаарын көрүп калдым. Дагы бир Аксы президенттикке ат салышып калды, президенттик шайлоо учурунда. Түшүнүп сезген кишиге оюнчук күндөр эмес болчу ал күндөр. Кокусунан кетирилген калпыс кадам, оңбогондой кунун да төлөтүп таштаары турган кеп болчу. Мага, “Аксы коому” Азикени мурдунан жетелеп, өз билгендерин кыла баштаганын айта баштады. Анан эле не болду билбейм, мага:
– Сен Азимбекке барбадың, эми “Аксы коому” Азимбекти элден чыгарат! – деп кыйкырса...
Ойлоп көр, элден чыкса Азимбек чыгат, Зайыр кошо чыкмак беле? Аксынын өз чөйрөсүн талаага таштабастыгы, ичимди жылыткан дагы, шылыган дагы. Болбосо сокур эмес, Азимбек Өмүрбектин камагынан кийин “алкымы” ачылып кеткенин көрбөгөндөй.
Мен жиндендим:
- Азикең “Аксы коомуна” мурдунан жетелетиш үчүн көчө таптап жүрдүбү, ушунча жыл? Өйдө-төмөнгө башы жетпесе, “көчө самтырактары” менен байланышпайбы, бизди тоготкусу келбей, өзү билген богун жей бербей? – деп.
– Ал бир аферист, мээ жок анда, - дейт.
– Ар ким кылса өзүнө кылат, не кылса ошо кылбайбы, чарчадым мен ушу “кырчаңгылардан”, – дедим.
Эсимди оодарып, кол кезеп туруп:
- Чиркештин шүмшүгү деле сени ыйлатып бүтпөй жүрдү же мен көрбөдүмбү, бүгүн ошонун артынан деле жүрөсүң, Анаркулдун жетимине да барып кой, болбосо Кубаттын окуучусумун деп Кердегейдин атын сатпа, мага!!! – дейт.
Мурдум кыпчыла түштү, башында. Ким кимди сатып жүрүптүр?.. Атып ийчүдөй карадым агайды, тиктеше түштүк. Карегинде тирүүлүк турду. Тайып кеттим, болбосо анча-мынчага кол кезетмек тургай, үнүн көтөрткүм келбейт менин деле. Кийин эстедим, мен да агайга окшоп, Кубат абама кол кезегенимди. Бала экенбиз да-аа.
Аксынын ошол турушу мени жарга камады, жаным кашайып кетти, атырылып ийдим:
- Мен помидор чаап, малина терип жан багып жүрөм, журналист сиз, ведомостко кол коюп акча жеген, башында адрести таап, колума карматып, анан бакырыңыз, талап кылып, - деп. Унчукпай туруп, анан:
– Карбаласка айт, Баястан сурасын, сен сураба, айтпайт, баары бир, - дейт.
– Ыржаңбайлардан көрө, Аксынын жаш балдарынан сурасак, ошолордун жарыгы тиер беле, - десем,
- Азимбектин дарегин билчү баланы мен билбесемчи, - деп мукурайт.
Карбалас агай Баяска телефон чалса, албай кутулуптур, башка аксылыктар Карбаласты шылдыңдап, ыржалактап, Азимбектин Аксыда авторитети жоктугун баса белгилешиптир. Кийинки жылы айткандай эле Азимбектин дарегин жаш бала айтып берген.
Зайырдын чын, Зайырдыгы далыга бычак сайылып турганда дагы, ошону көтөрүп, кабыл алып, кечирип, анан бычак сайганды да, жолго таштабагандыгында экендигин билип, тан бергем. Кыргызмын десе ушуга гана жарашчудай экен, көз тийбесе, ач көздөн, суук сөздөн алысыраак болсо, асманым аңтарылганда, сөөгүмдү тепселетпей, арачалап алаарым бар экен деп ыйлаган элем ошондо. Болбосо Азикең бизге кандай мамиле кылып жатканы, абалыбыздан пайдалангысы келгени, ал кыргызга белгилүү эле болгон. Кубат айткандай, жакшысын жакшысың деп төрүнө чыгарбаган, жаманын жамансың деп боз жолго таштабаган Кыргызды реалдуулукта ушинтип жолуктурдум.
Шаарыбыз жеңил жашоого гана ыктап атканын, ушинте берсек акыры кыргыз жоголорун сөз кылып калды. Чын эле шаарда соода түйүндөрү, көңүл ачуучу жайлар. Колунан келсе бирөө болсо да, руханий борбор куруп, ошол жерде комуз, дастан, сүрөт, искусствонун бардык түрү окутулуп, үйрөтүлсө, кыргыз баласы жашынан кыргыз гана болуп калыптанып, улут өзөгү сакталмактыгын, болбосо кыргыз түрүндөгү башка адамдар көбөйүп, кыргыздын өзүн жок кылып таштаарын, бу жакшы оюн кантип ишке ашыраарын өзү билбестигин айтып берди.
– Куруңуз. Балдарыңызды кыргыз кылып тарбияласаңыз, бир китеп менден. Китеп текчеңизге коюп коёсуз. Сиздин акыныңыз мен болоюн, - десем, унчукпай тиктеп калды кыйлага чейин. – Не деген адат, бу? – десем,
– Мен Руханий борборду коё туруп, үйүмдү бүтүрөйүн, - дейт.
– Кубаттын айтканы чын, туурасын сүйлөп, теңирден тескери иштей бересиңер, сиз деле “исключение эмессиз”,- дедим.
Карап турсаң, жакшы идея, бирок ишке ашмагы...
Тосмолор – акыр түбү мени жыгып түшөрүн, чарчаганымды айтып даттанып калдым. Бирибизге экинчибиз качанкыга чейин барьер түзүп турарыбызды билбейм да мен деле.
– Өздүгүбүздү өзүбүз түзгөнгө чейин. Көкүрөгүбүз азыр караңгы болуп атпайбы, көзүбүз таңылуу, көкүрөгүбүз ачылса, тосмо өзүнөн өзү урайт, керексиз болуп калат, өздүгүбүздү өзүбүз түзмөйүн, барьерден кутулбайбыз. Мен деле сага окшоп бир учурларда жек көрчүмүн тосмолорду. Байкасам, өзүбүзгө керек экен, өздүгүбүздү түзүшүбүз зарыл да акыры, - дейт.
– Билбейм, иши кылса акындык жашоо тажатты, жөнөкөй гана турмуш кечиргим келип жүрөт, - десем,
– Эми чыга албайсың, бу жолдон, өздүгүңдү түзбөй туруп, - дейт.
–Кутулбас балээде калган турбаймынбы анда. А кокус, өздүгүмдү түзгөнгө жетишсем, андан ары не болот, дальше тишинабы? - деп күлсөм:
– ЫР калат, бар болгону Ыр,- дейт.
– Канча жашасам да, бир көз ирмем атылып кетсем, көз ирмемди токтотсом, атаң гөрү, - десе.
– Билесизби, бу Гётенин да көксөөсү болгон, “остановись мгновенье!” дегенин уккансызбы? Бул классика, - дедим.
– Уккам, - дейт. Оозу бош айтты, угуп уккам дедиби же укпай уккам деп койдубу, билбейм. Унчукпай, ар кимибиз өзүбүзчө тунжурай түштүк. Ойлоп көрсөм, чын эле...
Кызыктай боло түштүм, унчукпай кетип калдым. Ушул сүйлөшүү, пикир алмашуу мени көпкө коштоп жүрдү. Мезгили келгенде, ыр саптары жаралды, менин калемиме таандык болгону менен, идея Зайыр агайдан алынган. Азыр ойлосом, Агай өз тагдырын өзү айтып бериптир, мага. Түбөлүккө Өчпөс ЫР болуп, тирүүлүктө калып кетерин өзү да сезсе керек.
Уландын (Эгизбаев) табышмактуу өлүмүн катуу алдык. Аксыга, Азимбек агайга барып, күлала болуп кайра келип, Закебайга мурдум менен бир тийдим.
- Барган кишини Аксы ушинтип тосуп алабы? – десем,
- Аксыга бардыңбы? – деп кайра менден сурайт. Атырылдым:
– Жетпей калат дедиңиз беле?..
Азимбекке ойнош болуш үчүн эмес, Улан бизди иш менен камсыздап кеткенин “сүйүнчүлөп” барганымды айттым, Руслан үкөсүнүн мойнун эмитен толгоп, ситуацияга туура баа бергенге үйрөтүшүн, болбосо спекулянт кылып алаарын эскертип. Карап турсам, көздөрү гана ирмелет, турушу ошо, мокоткум келбеди, кетип калдым. Ошондогу абалды Карбалас агай жөнгө салган.
Кубат абага жолугуп келгенден кийин катуу эле айттым, жакшы-жаманга аралашпай турушун сурандым. Себеби, Курултай болмоюн, бийликти өзүбүз реалдуу түрдө алмайын, ички команда түзүлмөйүн, атайын адам өлтүрүү токтобостугун билгем. Биздин өмүрлөр абсолюттук деңгээлде коркунучта экенин, эч ким арачы боло албай каларын айттым. Кыжырымды келтирип, мурдун балта кеспеди. Көзгө толуп, сөөгү бышып келатканы, коомго көрүнө баштаганы чочуткан эле мени.
- Жакшысы, Уландын табышмактуу өлүмүн өз алдыбызча иликтеп көрбөйлүбү, Каниетке (Жыргалбеков) таштап койбой, сизде машина бар, мага шопур болосуз, бензиниңизди куюп берем,- десем, көнгөн эмес.
Кубат аба айткандай, буга чейинки кетирилген катаны издеп таап, ана ошону оңдоп чыкмайын, адам өлүмү кайталана бермек. Уландын катасын тапсак, ошону оңдомокпуз акындар. Ошончо сайрап бергенимди кандай кабыл алганын карап туруп... Убакыт бердим, айтканымды ойлонуп көрүшүн. Ишинен колу бошобойт имиш. Ызырынып айттым:
– Сиз иштеп, “Азаттык” эфирдеби?.. – деп. Жинденип кетти:
- Ва-ай,Шайыр, билгениңди айт, мени жайыма кой, - деп артын карабай кирип кетти.
-Курултайды аман соо кылып алайлы, андан кийин тайнеңди таанытам, же акын болосуң, же...- деп өзүмчө күңкүлдөп жолума түштүм. Ушунун Кыргызстаны мага гана керек болсо дагы.
Кубат аба айтып жүргөндөй, эркектер иттен деле пас окшойт. Болбосо Улан өлтүрүлгөндө өзү айтты эле мага, Жогорку Кеңеш Уландын коопсуздугун карабай, бир гана Бурулайдын (фамилиясын билбейм) коопсуздугун караганын, мамлекетке кызы керек, баласы керексиз экендигин.
- Ошо парламенттибизде канча эркек олтурат, өздөрүңөргө өзүңөр керексиз болсоңор, мен не дей алам? - дегем.
Кийин өзү да депутаттардын катасын кайталап берсе болобу. Чын эле иликтөө иштери бир гана Алиники (Токтакунов) эмес эле. Болсо беш, болбосо... экөөбүздөн ким отчёт сурамак. Өз алдыбызча иштеп көнө бермекпиз. Кубат аба:
- Адам өмүрү каш кагым болуп калат, эй. Ана жиндиге эскерт, - дегенин айтып келгем.
Кубаттын сөздөрүндө жан бар экенин, эч нерседен эч нерсе жок туруп эле, кокусунан реалдуулук болуп каларын мен байкап эле жүргөнүмдү айткам. Унчукпай кутулган.
Бир барсам, өзү да айтып калды, ушу күнгө ойноп жетпегендигин, жөн гана артка сүрүп таштагысы келгендер бардыгын, өлүп да сүрүлүп бербестигин.
– Дагы кимдер менен мушташып жүрөсүз? - десем,
- Мени билесиң го, мушташпай жүрбөйм, - дейт. Кимдер менен конфликт болуп жүргөнүн айтпаган.
– Күчкө салсаңыз, кокустук кылып салышат, өзүңүз да билесиз. Жакшысы, көзгө көрүнбөй турсаңыз, өзүңузгө жакшы, агай, көчөгө деле киши керек, - дедим.
– Шайыр, сен деле жоголчу, көчө-пөчөң менен, - дейт.
– Болуптур, кризис башталса, телефонумду билесиз, - деп жолума түштүм.
Асыла бергенде да болбойт эле, өз алдынча жашаганга, адашканга мунун деле акысы бар да акыры. Кырктын кырынан кыркылбай өттү, эми жаман-жакшыга аралашып, ысык-сууктан өтө берсин, өзүнчө деп ток пейил болгон элем. Кийин мен Өмүр (Текебаев) агайдын Соту менен жүрүп калдым. Акыркы жолугушуубуз ошол болуптур.
24.06.20.
КОШУМЧА.
Бир мезгилдерде М.Мырзакматовдун “дезертирлиги” Ө.Текебаевди ыржалактатып, Ө.Текебаевдин камалышы А.Бекназаровдун алкымын араандай ачкандай, Э.Асектин өлүмү өз энемдин табасын кандырды. Ошончо сулуу мага “күндөш” экендигин деле билем деңизчи, бирок өз энем күнүлүк кылат деп үч уктасам түшүмө кирбептир. Ооба, өлсө, бир аркалык өлдү, бизге ыштаны калмак беле? Анысына деле чыдамакмын, төрөлбөгөн балама асылып, менин “куу шыйрак” экенимди баса белгилеп, билген богун жеп, чучукка жеткен сөздөрүн-н айтып... Эрнис агай, Мелис (Эшимканов) өлгөндө ыйлабаганын, болгону Мекелеп ээрчип жүргөн аяш акелеринин чыныгы жүзүн көргөнүн арман кылып айтып берген эле. Ошол арман менде калды. Өз энемдин чыныгы жүзүн көрдүм, карап туруп кол шилтедим, болбогондо тузун таштадым. Топуракка басылбай койду.
Эрнистин өлгөн өлбөгөнүн, аны сүрүштүрүш оңбогондой оор экенин өзүм билем. Бул маалымат мага гана келген мезгил сыноосу. Агайдын айланасы мени кандай кабыл алышаарын билем, өзүм деле. Кан сөлсүз жаттым, ичтен реакция кылып. Эч кимге, жада калса Кубатка да эч нерсе дегим келбеди, көк желкем тырышып туруп алды, Эрнис агай айтып жүргөндөй, таасирден сырт болушум керек эле, бирок ал деңгээлге мен жете элек экем, тозогумда үнсүз-сөзсүз өрттөнсөм да, күйүт азабы менин тирүү экенимди сездирип, Ф.Достоевскийчесинен: “Зубь да болит, и чувствую наслаждение” деп коюп жаттым.
Эч кимдин жүрөгүн сыккым келбеди, мага белек болгон ушу тозоктон качып, каякка деле бармак элем, ансыз да карантин башталды. Апама тузун салганымдан кийин, эртеси, бизге продукта алып келген эжем, кызын таштап кетти. Апам “көкбет” мени менен эмес, небереси менен алаксыды. Жээним айтты, Элмирбектин өлгөндүгүн. Число канчасы экендигин сурасам, 20-апрель экен. Ошондо апама, тузду 19-апрелде таштаптырмын, Элмирбек дүйнө салыптыр. Бул дал келүүбү, же... билбейм.
Эрнистин өлүмүн биринчи укканымда, ачуурканып арак ичким келди-ии. Мүмкүнчүлүк да түзүлбөдү, бир жагы, экинчи жагы өлүп калсам, сөөгүм энемдин үйүндө калышын каалабадым. Кубат абамды эстеп туруп алдым, өзүмдү өзүм алдадым. Элмирбектин өлүмүнө Зайырдын реакция кылышын сездим, кризистен баарыбыз өтмөй болдук деп ойлогом. Элмирбектин өлүмүнөн үч-төрт күндөн кийин чалып көргүм келди, негедир, кайра азыр запойдо, тура турайын, Бишкекке барганымда өзүм жолугам деп токтоп калгам.
Ушу өлүмдү шылтоо кылып, мунун да көзүн тазалап ийишет деп ойлобоптурмун. Зайыр өлдү болгондо, жан далбас кылып, Жыргалды (Касаболотов) эстедим, себеби, менин өмүрүм, ден-соолугум ушу кыргызга гана керек болбосо, башкасына не максатта керек болорум мага белгилүү. Жооп бербей койсо деп Карбалас агайга да сообщениемди жөнөттүм. Ошондо жиндидей абалда, адам үнүн уккум келди-ии. Анан ыйладым, Зайырга чалгым келгенде, телефон чалып коё берсем болмоктугун ойлоп.
Жыргал агайым мени катуу кармайт:
– Концертиңди мен өлгөндөн кийин коё бер, – деп.
Мен Зайыр агайга катуу турчумун. Улан дүйнө салганда, кайра-кайра атасы ушинтип өлгөнүн эстей бергенинен, урушуп таштагам.
– Уланга шерик болуп баарыбыз өлсөк, кантип өлгөнүн ким сүрүштүрөт, эми сиз, жок дегенде төрт балаңыз бутуна тургуча жашап туруңуз, - деп.
Бу кыргыз, өлүмдү оор алаарын көргөн элем. 2020-жыл, 1-майдан кийин жер-сууну сел алганын, суу сактагычтагы дамба да бузулган окшойт, муну 10-майда билдим. Ушу.
Р.S. Васька – И.Крыловдун тамсилиндеги мышык.
Кыскача мааниси: Бир ашпозчу ашканасына азык-түлүк сатып алганы базарга кетет, ашканага мышыгын, Васькасын камап коюп. Базардан келсе, көзүң жамандыкты көрбөсүн, ун чачылган, май төгүлгөн, картошка, пияз чар жайыт томолонгон, томат дубалда шыбалып жатат, а Васька эч нерсеге башын оорутпастан, жай баракат бурчта эт мүлжүп олтурат. Ашканасынын түсүн көргөн ашпозчу:
– Оой Васька, бу не кылганың? Экөөбүз кантип жашайбыз, продуктанын баарын неге чачып, ашмалтайын чыгардың? – деп кейип-кепчип: - Бул кылганың туура эмес, мындан ары мындай кылбай жүр, - деп акыл үйрөтөт. Васька кожоюнун кыңк этпей угуп, бурчта эт мүлжүп олтура берет.
А чынында мышыкты ушу кылганы үчүн жөн гана бийликтен пайдаланып, көчөгө кууп ийиш керек, акыл үйрөтүп, бөпөлөп олтурбай.
Жашоодогу философ.
Сократтан бир жигит сураптыр:
– Үйлөнгөнүм жакшыбы же үйлөнбөй эле койгонумбу?
Антсе, Сократ:
– Үйлөн. Аялың жакшы чыкса, бактылуу болосуң, жаман чыкса, философ болосуң. Кайсынысы жаман, эй? Бактылуу болгонуңбу же философ болгонуңбу, - дептир.
Агайыма кимдигин айтып бергенимде:
- Мен Васька эмес, Зайырмын, ненин ашмалтайын чыгарыптырмын, - деп чычалаган.
- Сократ ошентиптирби, мен да бактылуу өмүр сүргүм келсечи, - дегенинен:
- Аны баарыбыз самайбыз, бирок жашоодо философтор да керек, - дегем.
Азыркы акыныбыз Алыкулга салыштырмалуу бактылуу экенин айткам. Алыкулдун тагдыры кандай экени баарыбызга белгилүү, же ата-энеден, же сүйгөн жардан, же баладан, же ден-соолуктан айтпаган. Ошол турушунда да,тирүүлүккө “өз тамгасын” калтырып кетти.
Же Рамисчесинен Чым-Коргондун пациенти болуп таңылып жатпаган.