Асыл жан, бала, ата-эне,
Аба, жер, от, таш, баарысы –
Адамзат үчүн Теңирдин
Аманат берген карызы.
Элмирбек ИМАНАЛИЕВ
Сага топурак салуу кимдин оюна келиптир, акынзаадам! Кабырыңдын оозунда жарданган эл көзүнөн жаш шорголоп, жаш каканактап турду. Элди термелтип кеттиң бир! Улуу өнөрпоздун жасат-турпатын акыркы сапарга узатуу оңой эместигин ушул жолкуда көрдүм. Өмүрүмдө эл жакшыларына топурап барып топурак салган көпчүлүктү далай көргөмүн; үйүнөн жаназасы окулуп бүтүп, маркумдун сөөгү боз үйдөн узай берерде ботодой боздогон аялдардын эчкирген ыйлары, зар-муңу жаңырып коштойт. Арттагы боздогондордун үнү үзүлөт бир убакта... Бул көбүнө дайын. А бул жолу башкача болду...
Элмирбектин өзү тургай, Элмирбектин көзүн көрүп, жакындан аралашып жүргөндөр да жолдон карпа-күрп кезиксе, бирине бири өпкө кагып ыйлап, бирине-бири кайрат айтканы... Адатта, аялдар озондоп кала берет артта. Эркектер үңкүйүп, кайраттуу каада менен жер карап узап кетебиз. Маркумдун табытын жарданып көтөргөн эң жакындары гана бышактап баратканы болбосо, жалпы көпчүлүк сыртыбыздан азадар түр көрсөтүп гана күнүмдүктү кобурашканга өтөбүз.
* * *
А бу жолучу... Сенин жасатыңды узаткандар Ала-Арча көрүстөнүнө жеткенче эрибиз да, бегибиз да кайратыбызды унутуп койдук, асыл иним! Бышактап, күрсүнө өксүп бардык Ала-Арчага чейин. Өпкөбүз өпкөбүзгө тийбей өксөдүк сени жоктоп. Кабырыңдын көзүнө жеткендери – сага багыштаган уучундагы топуракты салып, чекелеп жылып барып эле кайра бышакташат. Көбүнүн көздөрү шишиген.
* * *
Бул көрүнүштү атайы сүрөттөп баяндаганымдын себеби: Элмирбектей эл жүрөгүнө кирип алган кыргыз урпагы болгонбу, болбогонбу деген кеп. Айтматовду акыркы сапарга узатууда да жамы журт жабыла барган мүрзөсүнө. Анан эле Табылды Эгембердиевге топурак салганы баргандардын аягы узун эле абыдан. О анда азыркыдай коронавирус коркунучун кайдан угалы. Эч кимдин жолун бөгөгөн карантин жок болучу. Бу жолу Элмирбектин өксүгөн күйөрмандары бүтүндөй өлкө боюнча карантин режимине карабай, тобокелге салгандары гана келе алды. Эл жүрөгүнөн түнөк таап алган инсанатты жоктогондор, өксөгөндөр төгөрөктүн төрт бурчунан азага батканын туйдук интернет айдыңынан...
Элибиз көрөңгөсү бөксөрө түшкөндөй каңырыгы түтөп турду.
Алыстагысы ойлайн байланышка чыгып өксүп ыйлап, Кыргызстанга келе албаганына ичинен кан өтүп жоктоду. «Менин атымдан Элмирбекке бир ууч топурак салып кой» деп аманатын айтканы болду. Эки күн бою Элмирбектин жүрөгү токтоп калганына ишенип-ишенбей телефон чалгандын баары ыйлады. Адатта амандык сурап чалгандар бу саам ооз ачканда эле озондоп ыйлап, суук кабар укканын айтып өксүйт.
Муун-жүнүңдү зыркыратып телефондун аркы учунан жоктойт. Жердин түбүнөн. Телефонду мыжыгып ыйлап, бери жактагы мен жооп айталбайм бышактап. «Ооба, айрылып калдык» дегенге гана жарайм... Телефондун аркы учундагы боордошум да, берки учундагы мен да өзүмдү кармана албай булкулдайбыз. Өмүрүмдө бирөөнү ушинетип жоктоп, ушинетип өксөгөн эмес экем эстесем...
Кезинде орустун улуу жазуучусу Лев Толстойду акыркы сапарга узатуу зыйнатына чогулган эл Россия тарыхында дегеле болуп көрбөптүр. “Вечную память” – жоктоо ырын созуп, бейитине чейинки жолду гүлгө бөлөп салган Толстойду сүйгөн калдайган калктын карааны расмий бийликтин оозунан келмесин учурат, консервативдүү коом мүчөлөрү менен диний чөйрөнүн өкүлдөрүнө улуу жазуучуга болгон мындай улуттук урмат – турмуштагы жок жосундай өөн көрүнгөнү менен тарыхта калган эмеспи.
Элмирбекти одүйнөгө узатууга түмөндөп каптап келер элди да бүтүндөй дүйнө жүзүнө жайылган карантин режими гана токтотуп калгандай болду. Болбосо орус эли улуу жазуучу Лев Толстойдун талантына таазим эткендей эле Элмирбектин күйөрмандары деле Ала-Арча көрүстөнүнө чейинки анын жолуна гүл төшөп узатып бармакпы дедим өзүмчө...
* * *
Элмирбек бир тууган инимдей жакын эле. Мен аны 14-15 жашынан бери тааныйт элем. Чүй проспектисиндеги артисттер жашаган айтылуу 119-жатаканада жашаар элек экөөбүз. Кирген-чыккан эшигибиз бир.
Чырымтал түгү түшөлек кезинен эле оозго алына баштаган бала болчу. Бирөөлөр айтчу: «Эне сүтү оозунан кетелек бала дейин десең, акыл айтса абышкадан ашып түшөт». Бирөөлөр айтчу: «Бөксөсүнө эт, сүйрүсүнө сүт тололек бул бала эмитен алчы таасын жеп, өз курагынан эрте жашап салгансып эс-акылдуу». Айтор, өнөр адамдары жашачу шаарыбыздын күн чыгыш тарабындагы сай боюндагы жатаканадан бир бөлмө алып жашап жүргөн тестиер бала жөнүндө имиш-имиштер көп айтылар эле. «Түфү-түфү» көз тийбесин дечүмүн ага. Кийин баралына жеткенде «Төгөрөгү төп талант» аттуу Элмирбектин бейнесин жазганым бар («Агым» гезити, 01.02.2005-жыл).
Ал экөөбүздүн чыгармачылык алакабыз да эрте башталды. Ымалабыз келишип, ыр артынан куудук. Эрте жашынан сөз улаган, ой кынаган өнөрпоз болуп чыга келди тез эле. Канаты эрте жетилип, калбаат мүнөз күттү. Баалуулукту бала күнүнөн таанып, ак-караны ажыратты. Дүйнө таанымды китептен издеди. Китепке ынак тестиер бала ичимди ошондо эле жылыткан. Анан калса табиятынан куйма кулак экен, дээринде бар экен. Эрте жетилгени да ошол.
Далай китепти алышып-беришип окудук. Сыр бөлүшкөн, дүйнөбүздү бөлүшкөн ага-ини болуп алдык. Тыйын санаткан 90-жылдардагы чалкеш заманга чогуу кейидик. Жокчулукту ал да көрдү, мен да көрдүм. Ал да темселеди, мен да темселедим. Көчө шыпырып оокат кылып жүрдүм, анын иш таппай жүргөн күндөрү болду. Ошондо да улуу өнөрдү кыйбады. Болбосо баралына жете элек боз уланды турмуштун удургуган шамалы башка жакка айдап деле кетет эле да. Азгырыктуу жаштык дегениң кимди гана тетири жолго салбаган...
Ошондо таң калганым: 14-15 жаштагы боз улан болсо да өнөр жаатынан чекеси жылыган тыйын-тыпырга жетпесе да майтарылбады. Андан улуу курактагы артисттер турмуш сыноосун көтөрө албай майышканын көрдүм, базар беттеп оокат издеди далайы. Жаагына түк бүтө элек боз улан болсо да Элмирбек өнөр өстөнүнөн издеди өзүн. Оор салмактуу обондорун ошондо эле жаратып, бирок эл алдына ат тезегин кургатпай чыга берүүгө озунбады.
Дайыма чыгармачылык тизгинин катуу тартып жүрдү. Анын “Мунарым”, “Жалгыздыкта коштошуу”, “Боздотпочу”, “Ак секет”, “Булбулум” аттуу элге кеңири белгилүү обондору анын 15–16–17 жаш курагында эле жаратылган чыгармалары. Бирок бул ырларын ал элге кеч алып чыкты, болбосо 90-жылдардан тартып эле Элмирбектин сахнадагы жылдызы эрте жанмак.
Экөөбүз 1997-жылы “Санжыра” аттуу ашыктык ырын жараттык. Сөзү меники эле. Уккан сайын көңүлүм эргийт. Мукамдуу сонун ыр болчу. Бир күнү эле Элмирбек чыкты, “бул ырымдын бир аз жери Ырысбай Абдыкадыровдун обондоруна окшошконсуп калыптыр”. “Бир аз жери окшошуп калса эмне болуптур. Улуу обончунун артынан чыккандын канчасы Ырысбайды туурап эле келбедиби” дегениме көнбөдү. Ал ырыбыз ошол бойдон ырдалып чыкпады. Мына ушундан улам Элмирбек бир гана өз жолун издеген өнөрпоз экенин туюнсак болор. Керек болсо улуу талант Ырысбайды да туурагысы келбеди. Эч кимге окшобой турган чыгармачыл чыйырын издеп келди.
* * *
Асыл иним, Элмирбек! Сага бир ууч топурак салуу мага абыдан оор болду. Уучума толо топуракты мыжыгып, ичимден күбүрөндүм: “Жүрөгүңдү элиңе-жериңе арначу элең. Мекендин бир ууч топурагына жетпей бөлөк эл, бөтөн жерде жүргөн боордошторуңдун көзүнөн учкан ушул алтын топурак буюрганына да шүгүр. Сен экөөбүздүн муундагы канчалаган кыргыз урпагына мекенибиздин топурагы буюрбай, канчасы ата-бабабыздын буту баспаган жерде сөөгү калып кеткен жок! Сенин ырыңда да, муңуңда эл-жер эле ар дайым! Алтын жаак асыл иним, кыргыздын кыртышын сүйгөн жан сендей болсун. Кыргыздын топурагынан гана сендей уул жаралмагы бар. Сенин манасчылыгың, дастанчылыгың, акындыгың, обончулугуңдун баары-баары мекениңдин топурагына жуурулгандай эмеспи-ов!
Сени жоктоп Прагадан түн ортосунда боздоп ыйлаган Али Токтакунов үчүн да бир ууч топурак узаттым кабырыңа. Ошол бир ууч топуракты жер түбүнөн жетип келе албаган мекендештерибиздин аманаты деп бил! Кош, асылзаада акыным!” деп каканактап жашка толгон көзүмдү элден жашырып, четке чыга бердим.
(Уландысы бар)