Бостондук бирөө Вермонт штаты аркылуу Честерфилд шаарына аттанат. Жолдон жоон дарак кыйып аткан жигитке кездешет.
— Жек, Жек! — дейт жолоочу. — Честерфилдге туурале баратамбы?
— Менин ысмым Жек экенин кайдан билесиң? – таңгалат тиги.
— Болжолдоп эле айтып койдум, – дейт тиги атчан.
— Андай болсо Честерфилдге барар жолду деле болжолдоп кете бербейсиңби, – дейт дарак кыркып аткан неме.
Айта кетчү жагдай, Америкада кандай йоркширцалыкты болбосун Жек деп атай беришет экен.
Бостондук атчан жолун улайт. Күн кечтеп, күүгүм тартып баштайт. Фермерге жолуккан бостондук сылык-сыпаа сурайт:
— Айтып коюңузчу, Честерфилдге алып баруучу жолдо туура эле баратамбы, тууган?
— Туура эле, — дейт тиги фермер. – Болгону, ат-көлүгүңдүн куйругу менен башынын орду туура эмес алмашылып калыптыр. Бул түрүң менен өмүрү жетпейсиң, – деген экен.
Которгон О`ШАКИР