Кыргыз эл жомогу: Сырдуу булак баяны

  • 14.04.2020
  • 4972

Илгери-илгери бир эшен болгон экен, жашы жетимиштен ашканына карабастан жаны тынбаган, жер чабыттап бүтпөгөн адам. Айлынан безип, үч айда үйүнө бир келүүчү экен. Андан узак дагы жүрүп алыска кетип кала турган.

Бир күнү эшен эң алыска жолго жүрүүгө даярданып, жолоочулап жөнөмөк болот. Бир нече күнү жол баскандан кийин, бир эрме чөл кезигет, тогуз күн өткөндө чөлдөн чыга албай айласы кетип, амалы түгөнүп, көмөкөйү кургайт, көзү чакчаят. Сүйлөөгө дарманы куруп, денесин тер басып, амалы аябай кетет.

Эшен ушундай абалда кетип баратып, жолдон булактын акканын көрөт. Ал суунун даамы таттуу, шербеттин суусундай, бирок ал бир дөөнүн сыйкырдуу булагы, эркек ичсе аял, аял ичсе эркек боло турган чырын билбеген эшен чыдабай көмөкөйү кургап, булактан жата калып суу ичет. Ана-мына дегенче эле эшен он сегиз жашар кыз болуп калат. Бирок эшен аны өзү билген жок. Каны каткан байкуш дагы суу ичет. Бир убакта суудан жакшынакай кызды көрүп калып, карыганына карабастан ашык болуп калат. Өзүнүн кийим-башын оңдоп, кыз менен тамашалашкысы келет. Чынында ал өз көлөкөсү экенин таптакыр билген жок.

– Бери чык, кантип суу ичинде зерикпей жатасың? Өмүрдү бирге өткөрөлү, – деп жинди болгон адамча күлө баштайт.

Кел берилеп ымдайт. Өзү эмне кылса, баарысы ошондой көрүнүп жатат. Үнүн чыгарбай оозун басып, кызга кол жаңсады. Кыз дагы унчукпай колун булгалады. Суудагы кыз да эшенди өз тарабына чакыра баштады. «Мейли барайын» – деп суунун түбүнө түштү, суу азыраак ылай, колу менен суудан кызды карады, сыйпалады, аңтарды, эчтеме жок.

Так ушул маалда булактын ээси дөө келип калды. Дөө эшенди кепке ала баштады.

– Сен кайдан келген немесиң, эмне издеп жүрөсүң?

– Мен жолоочумун, бойго жеткен кызымды түшүрүп жибердим, – деп баарысын айтып берди.

– Сен жолоочу, калп айтып менин башымды катырба, суудан көрүнгөн – сенин көлөкөң. Сен булактан ичип эшен болбой, кызга айланып калганыңды билбейсиңби! – деп айтты.

Эшен таптакыр ишенбеди.

– Кантип ошондой болсун! – деди.

Адегенде өзүн суудан карады, анан күзгүдөн көрдү. Өзүнүн башын койгулап, эмне амал-айла кыларды билбеди. Кайсы бетим менен айымдын жүзүн көрөм? – деп капаланды. – Эмне кылганда өзүмдүн мурдагы абалыма келем? – деп эшен жалынып, дөөдөн сурады.

– Сен калп айтасың, мен сага такыр чын айтпайм, – деп дөө өжөрлөндү.

Эшендин амал-айласы түгөнүп, жолун узартты. Көп узабай, аң уулап жүргөн падышага кезикти.

Ай десе аркы, күн десе көркү жок, башкача бир кыз. Падыша бардык ишти жыйнаштырып, кызга аябай ашык болду. Падыша сарайына алып барып, нике кыйдырып, кызды аялдыкка алды. Арадан беш-алты күн өткөндөн кийин, кыз падышага тыным бербей бакырып-өкүрүп ыйлады.

Акыры падыша кыздан сураганда, башынан өткөн окуялардын баары-жогун калтырбай айтып берди. Бирок падыша анын сөзүнө таптакыр ишенбеди:

– Кантип эле эркек аял болсун? – деп ишенбестикти туудурду.

– Көзүм көрмөйүнчө ишенбейм, – деди падыша.

– Эмесе булакка баргын, ошондо гана айтканың туура деп айтамын, – деп эскертти.

Эртең менен эрте булакка барганга убада кылышты. Падыша сырдуу булакты анчалык байкас албай, жата калып суу ичти да, он сегиз жаштагы кыз болуп калды. Эки кыз эмне кыларды билбей, көз жаштарын көлдөтүп ыйлай баштады. Бир ушакчы кемпир жолдон өтүп баратып эки кызга таңданып карап, булактын суусунан ичмекчи болду. Кыздар ал кемпирди коркутса да болбоду.

– Силердей кыз боло албай жүрөм, оозуңардан айланайын! – деп жалынып-жалбарды.

Кемпир башын көтөрбөй, булактын суусунан тойгончо шимирди. Татынакай жигит болуп жатып калды. Эшен – кыз, падыша – кыз, кемпир – бай болуп чогуу болушту. Эки кыз күйөө кылганга макул болуп, падышанын сарайына барышты. Бул болгон окуяны эч кимге ооздорунан чыгарышпай, булар алты жылдан ашык элден сурашты.

Эшен – кыз ар жылы эгиз төрөп отуруп, он эки баланын энеси болду. Күндөрдүн биринде эки аялы менен Кемпирбай уктап калат. Ошондон кийин такыр көз жумбайт. Кемпирбайдын аргасы кетип: «Сырдуу булакка барсамбы» – деп чечти. Ошентип, сырдуу булакка жетип отурары менен, баягы дөө келип:

– Эмне менин булагыма келип жүрөсүң? – деп такый баштады.

Кемпирбай окуянын бардыгын төкпөй-чачпай айтып берди.

– Анда бардыгыңар чогуу келгиле, мурдагы калыбыңарга келесиңер, – деп сүйүндүрдү.

Дароо барып, үй-бүлөсүн чогуу алып келди. Дөө Эшен, кызды абдан жемеледи.

– Элди алдаган, калпычы, ошондон таптың, – деп айтты.

– Падыша, сен калыс эмес экенсиң. Акыйкатсыз падышадан көрө – жогуң жакшы. Кемпирбай, сен калп айтканды жакшы көргөн ушакчы залим элең, муну мен туура айтамбы? – деп үчөөнөн жандырып сурады. – Чынбы? – деди, эгерде жакшы жолго түшүп, жалган ишке барбаска ант ичсеңер, мурдагы калыбыңарга келтирем.

Баарысы:

– Андай болбойт! – деп өпкөсүн калбыр кылышты.

Булар жыйырма балалуу болушкан эле, дөөнүн амалынан кийин баарысы өз калыбына келишип, ынтымакта, алдым-жуттум болбой акыйкат жашап калышыптыр.

P. S. Буудайбек Сабыр уулу түзгөн “Жомокчулар жана жомоктор” китебинен алынды.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз