Үч жетим баланын бир көк өгүзү болот. Улуусу – мүйүзүндө, ортончусу – белинде, эң кичүүсү – куймулчагында жашайт. Көк өгүзүн алар дайыма тоодо кармап, тоодо багат.
Бир күнү көк өгүзү эмнегедир күчала чычып калат. Ал удаасы менен үч күн, үч түн чычат. «Бул эмнеси, муну ортончу агама айтайынчы» – деп кичүүсү үйдөн эртең менен чыгып, түшкө жакын агасына келет.
– Көк өгүз күчала чычып калыптыр. Бүгүн үч күн болот, – деди ал.
– Ал эмнеси, өгүз өлүп калып жүрбөсүн. Мен эмне себептен күчала чычканын билбейм. Тигил агаңа барып айт, – деди ортончусу.
Үйдөн түштө чыккан экөө жүгүрүп отуруп улуусунукуна кечинде келишти.
– Көк өгүз күчала чычып калыптыр. Бүгүн төртүнчү күн. Бул эмнеси? – деди улуусуна.
Улуусу:
– Көк өгүз суусап калган турбайбы, муну сугаралы. Мүйүзүнөн үчөөлөп тартсак, көлгө жетээр.
Өгүздү мүйүзүнөн сүйрөп отуруп белден-белди, кырдан-кырды ашырып, эптеп көлгө жеткиришти. Көк өгүз баш-аягы бир күндүк жол болучу, көлдү бир паста эле шимирип салды. Көл соолду. Түбү көрүндү. Кургакта калган бир балык көк өгүздү жутуп, көк өгүздүн үстүндөгү үч жетим бала качып кутулду.
Аңгыча асмандан калдайган кара булут көчүп келип, өгүз жуткан балыкты илип кетти. Көрсө, ал алпкаракуш экен. Алпкаракуш балыкты тоого тийгизсе, тоо жарылат, ташка тийгизсе, таш жарылат. Айласы кеткен алпкаракуш эчкисин жайып, текесинин көлөкөсүндө уктап жаткан чалга учуп келип, текесинин мүйүзүнө конуп, балыкты жей баштады.
Көк өгүздүн бир далысы ыргып кетип, чалдын бир көзүнө тийди. Далы көзгө сайылып калды. Чал көзүн укалап атып далыны чыгара албай койду. Койчу, жылкычы жана башка коңшулары чогулуп, текенин сакалынан аркан эшип, далынын башынан байлап тартып, зорго чыгарышты. Аны көптөп туруп көтөрүп жерге коюшту эле, далы бир шаарды бүт басып калды.
Кырк соодагер келди, конолук десе, бир жагы токой, бир жагы камыш.
– Буларда ит-куш болуш керек, токойсуз, камышсыз жерге конолу, – деп андан өтүп, ачык жерге келип конушса, бир жер өзүнчө эле көчүп бара жатат.
– Бул жылып бараткан кызык жер экен, – деп таң калып карап турушса, ал далыны тиштеп качып бараткан түлкү болуп чыкты. Жүргүнчүлөр түлкүнү атып, бир жак терисин сыйрып, экинчи жагын сыйралы деп түлкүнү оодара албай коюшту.
Аңгыча бир кемпир келди:
– Келиним жаңы эле көз жарып, эркек бала тапты, ошол балама тебетей кылып берейин, түлкүнүн терисин мага бергиле, – деди.
– Алыңыз, – дешти алар териден кутула тажап.
Кемпир бир колу менен түлкүнү оодара салып, терисин сыйрып алды. Ал тери жаңы төрөлгөн балага тебетей чыкпай калды. Кемпир бучкактарын курап жатып балага араңдан зорго топу жасады.
Бала кийикке чыккан мергенчилерди көрүп:
– Ата, мага чокмор жасатып бериңиз, мен кийик уулаймын. Мылтык менен атып, убара болуп жүрбөй эле, кийиктерди чокмор менен уруп келемин, – деди.
Атасы үч коюн сатып, дөө устага темирден чокмор жасатты. Чокморду өлгөн-талганда көтөрүп келип баласына берди.
Баласы:
– Ушу да чокморбу? Кичине болуп калыптыр, – деп ыргытып жиберди эле, ал булутка жетип, кайра жерге түштү.
– Өзүм барып жасатып аламын, – деп үч коюн айдап, чокморун көтөрүп, дөө устага барды. – Мына бул чокморго кошуп, дагы бир ушундай жасап бериңиз, жасаган акыңызга бул үч койду алыңыз, – деп баягы үч койду берди.
Дөө уста баланын айтканындай чокморду бириктирип, бир чоң чокмор жасап берди.
Бала чокморду көтөрүп келип, атасына:
– Мага эки жигит таап бериңиз, мен аларды жолдош кылып алып кийикке чыгам, – деди.
Атасы алдуу, күчтүү жигиттен эки жигит таап берди. Бала азык-түлүгүн, эки жолдошун алып, чокморун көтөрүп, тоого кийикке кетти. Кийиктерди кечке чейин кыйратып, кечинде бир жерге жатмакчы болуп токтошту. Казанын асып, алтымыш кийиктин этин бышырып, үчөө жеп жатышты.
Эртеси бала:
– Сен бул жерде кал, биз келгенче дагы эт бышырып тур! – деп бир жолдошун калтырып, бир жолдошун ээрчитип кийикке жана чыгып кетти.
Үйдө калган жигит алтымыш кийиктин этин бышырып отурса, кабагын кар, мурутун муз баскан бир киши келди. Ал киши:
– Мен жолоочумун, этиңден бир кесим эт, сорпоңдон бир кесе сорпо берчи? – деди.
Тигил жигит:
– Эт өзүбүзгө жетпейт, биз үч кишибиз, кожоюнумдан уруксатсыз бере албайм, – деди.
Тигил киши тура калып, жигитти көтөрүп барып карагайга таңып, казандагы этти жеп, сорпосун бүт ичип, жүрүп кетти.
Кечинде кийикке кеткендер келсе, эт жок, жолдошу карагайда таңылып турат.
– Ой, сага эмне болду? – деди бала.
Балбан жигит:
– Мени кудай уруп таштады. Кабагына кар, мурутуна муз тоңгон бир киши эт сурады. Берген жокмун, ал мени таңып коюп, эттин баарын жеп кетти, – деди.
Кийикчилер кайрадан эт бышырып жешти.
Эртеси бала:
– Бүгүн сен кал, тигил балбан экөөбүз кийикке чыгалы, – деп тигини калтырып, экөө кийикке чыгып кетти.
Үйдө калган балбан жигит алтымыш кийиктин этин бышырып жатса, баягы кабагына кар, мурутуна муз тоңгон киши келди.
– Жолоочумун, кардым ач, этиңден бир кесим эт, бир кесе сорпо берип койчу? – деди.
– Эттин ээси бар, андан уруксатсыз бере албайм, – деди балбан.
Тигил киши тура калып балбанды көтөрүп чаап, сүйрөп барып карагайга таңып, этти жеп, сорпосун ичип, жолго түштү.
Кийикчилер кечинде келишти, балбан байланып турат, эт жок.
– Ой, сага эмне болду?
– Ээ, мени кудай урду. Кечээги киши келип, мени таңып салып, этти жеп, сорпону ичип кетти.
Таңылган балбанды чечип бошотушту. Кайрадан казан асып, алтымыш кийиктин этин бышырып жешти.
Эртеси бала:
– Бүгүн кийикке силер баргыла, үйгө мен калайын, – деди да, чокморду көтөрүп, эки кырдын башы кошулган чокуга койду. – Кийик жайылып келгенде, түртүп жиберсеңер, таш кулап, эки кырдын ортосундагы кийик кыйрайт, – деди да, бала кайра үйүнө келди.
Казанын асты, алтымыш кийиктин этин салды. Чеке күйгөн ысыкта кабагына кар, мурутуна муз тоңгон киши дагы келди.
– Мен жолоочу элем, балам. Кардым ач, бир кесим эт, бир кесе сорпо бер? – деди.
– Эт берилбейт! – дегенде эле тиги киши обдулду. Бирок бала аны кучактап барып, жоон карагайга таңып салды. «Эми чокморума барайын, тигил экөө көтөрүп келише алышпайт» – деп чокуга жөнөдү.
Барса, эки балбан чокморду жылдыра алышпаптыр.
Чокморду көтөрүп, эки жолдошун ээрчитип келсе, баягы киши карагайды түбү менен жулуп, качып кетиптир. Ал кишини бала артынан кууп жөнөдү. Тиги киши качып олтуруп жердин алдына кирди, артынан бала да кирди. Баланын алдынан сокур, кара кыз чыкты.
– Эй, бала, сен кимди кууп баратасың? – деди.
– Муз мурут кишини кууп баратамын.
– Ал менин атам болот, аны кууп эмне кыласың? – деп баланы алкымдан алды. – Атышасыңбы же алышасыңбы? – деди балага.
– Алышамын! – деди да бала экөө бир жума күрөштү.
Дөң жер пас болду, пас жер саз болду. Бала кызды жеңди. Бирок бала жер үстүнө чыга албай калды. Анан бир чынар терекке жолукту, ал теректи үч ороп жаткан ажыдаарды көрдү. Бала чокмор менен ажыдаарды бөлө чапты. Ажыдаар туйлаганда терек термелип башы ийилип, жерге тие жаздады. Башынан калдайган булуттай уя көрүндү. Уяда алпкаракуштун үч балапаны бар экен.
Кечинде балапандардын энеси келди.
– Бизди жегени келаткан ажыдаарды тетиги бала өлтүрдү, биз өлүмдөн калдык, – дешти балдары.
Алпкаракуш ажыдаардын көкүрөгүн өзү жеди, көчүк жагын балапандарына берди, үч балапан да жеп алды.
Алпкаракуш:
– Балдарымды душмандан аман алып калыпсың. Мунуңа ыракмат. Бирок мага түшүнүксүз болуп жатат, кайдан келген жана кандай иш менен жүргөн баласың? – деп сурады.
– Жер үстүндө жашоочу элем, жер астына түшүп кеттим. Эми жер үстүнө кайра чыга албай жүрөм.
– Жер үстүнө мен сени чыгарам. Кырк таранчы, кырк табарсык тап, кырк табарсыкка суу куй, оозун байлап бекит. Сени көтөрүп мен жер үстүнө учканда, оозумду ачып а-а-а дегенде таранчыдан бирди, табарсыктан бирди салып турасың. Жол алыс, суусайм, курсагым да ачат, – деди алпкаракуш.
Бала бир чалдын отуз эчкисин союп, отуз табарсыгын алды. Аларга суу куюп, оозун бекитти. Бир жерде жайылып учуп жүргөн таранчыларды топусу менен басып койду эле, торпоктой болгон кырктан ашык таранчы топусунун алдында калды. Чоңдугу ала каптай болгон отуз табарсыкты, торпоктой кырк таранчыны көтөрүп, бала алпкаракушка барды.
Алпкаракуш баланы жонуна кондуруп учту. Жолдо келе жатканда кырк таранчы, кырк табарсык түгөндү.
Алпкаракуш оозун ачып:
– А-а-а!.. – деди эле, суу оордуна өзүнүн эки көзүн чукуп, суусун агызып берди. Ал түгөнгөндөн кийин эки такымынын этин жулуп берип, канын сордурду.
Алпкаракуш бир шаарга жакын конду.
– Даамы башка суу менен канды кайдан алдың? – деп сурады.
– Эки көзүмдүн суусун, эки такымымдын этин үзүп, канымды агызып бердим, – деди бала.
Алпкаракуш балага:
– Сүв-сүв!.. – деп дем салды.
Баланын такымы мурдагы калыбына келип, көзүнө көз бүттү!
– Элиңе эми келдиң. Эсен-аман бар, кайыр кош! – деп коштошуп, алпкаракуш кайра сапар тартты.
Бала шаарга кирди. Курсагы ач. Бир ашпозчудан тамак ичти. Экинчисинен эт жеди. Наабайчыдан кырк жапкан нан жеди, самоорчунун отуз самоор чайын ичти. Ашпозчу менен самоорчу тамак акысын сурашты.
– Падышаңар кайда, ошондон алып берем, – деди.
– Тээтиги дүмпүйгөн бак арстан, жолборс, аюу падышаныкы. Сак бол, жеп кетпесин. Андан ары баса түшсөң, үй көрүнөт. Падышаны ошол жерден табасың, – дешти ашпозчулар.
Бала бакка жакындаганда, арстан арылдап алдынан чыкты, бала аны алкымдан алып, чынжыр менен ноктолоп минип, падышага барды. Падыша арстанын минип алган баланы көрүп, чочуп кетти.
Бала падышага:
– Мага эки кап алтын таап бергин, бербесең элиңди шаары менен чабам! – деди.
Падыша коркконунан эки кап алтын берди. Акчабызды бер деп өзү менен кошо жүргөн ашпозчуларга алтын берип кутулду. Эки кап алтынды көтөрүп эки жолдошуна барды.
Эки жолдошу ачкасынан коңуз терип жеп калыптыр. Ал экөөнү кийиндирип, ичиндирип, баягы көк өгүздүн ээси үч жетимге барды. Аларды ээрчитип чыгып, балдардын ата-энесин тапты. Анан сеники-меники жок, баягы эки кап алтын менен жашап калышты.
P. S. Буудайбек Сабыр уулу түзгөн “Жомокчулар жана жомоктор” китебинен алынды.