Латыш эл жомогу: Кедей менен пастор

  • 01.04.2024
  • 4881

Бир жолу кедей чиркөөгө келсе пастор акыл-насаат айтат:

- Чиркөөгө акыркы мүлкүңдү берсең, Кудай сага он эселеп кайтаратт.

Муну укканда ойго бата түшкөн кедей үйгө келгенде аялына мындай дейт:

- Көрсө билбей жүрүптүрмүн, чиркөөгө акыркы оокатыңды берсең, он эселеп кайтат турбайбы. Кел, жалгыз уюбузду чиркөөгө беребиз да, он уйлуу болобуз.

- Сен бүгүн таптакыр акылдан айныгансың же алдагы алмадай башыңа өтө чоң акыл кирген, болбосо минтип сүйлөбөйт элең, - деп таң калат аялы.

- Акмакмынбы, акылдуумунбу айта албайм, бирок жатса-турса Кудай деген пастордой абройлуу кишинин айтканын аткарсак жаңылышпайбыз. Бир уй берсек он эселеп кайтат, эмне жаманбы? - кедей өзүнүкүн бербейт.

Кедейдин келжейген кежирлиги кармап калганын билген аял каршы чыгып убара болбоюн деп кол шилтейт:

- Ээк! Эмне кылсаң ошону кылчы!

Ошентип кедей жалгыз уюн чиркөөгө өткөрүп берет. Ушундан кийин ал Кудайдан он эселеп келчү жакшылыкты күтөт. Күткөнү курусун, күн өтпөйт. Эптеп таң атырып короосуна баш багат: он уй турмак бир уйдун жампасы көрүнбөйт. Пасторго алдаттымбы деп күмөндөнө баштайт. Жок, андай эмес экен! Күндөрдүн бир күнүндө короодон дүпө-дүп шарпага аралаш уйдун мөөрөгөнү угулуп, чуркап чыкса, чиркөөгө берген кайран кашка ую кашаага кашынып турат, жанында бир топ уй! Шаша-буша санай салса, туптуура он болуп чыкпаспы! Мына сага!

- Кудай берет деген ушу, кемпир! Пастордун айтканы келди! - деп сүйүнгөн кедей уйларды короосуна айдап кирип, бир заматта байып жатып калат.

Бирок бир аздан кийин эле пастордун малайы чуркап келип уйларды чыгарып берүүсүн буюрат. Кедей моюн толгойт:

- Бул эч кандай пастордуку эмес, менин уйларым! Жекшемби күнү өзү айткан акыркы малыңды чиркөөгө берсең ал Кудайдан он эселеп кайтат деп. Мына анын айтканы орундалып, Жараткан мага өзүмдүн кашка уюма кошуп он уй берип отурат.

Малай тигиндей айтып, мындай айтып, сөз уккусу келбеген кедей баары бир бербесин түшүнүп, пасторго келип кедейдин кылыгын айтат.

Муну укканда пастор эмне кыларын билбейт. Кедейден малын алып алайын десе, ал болгон ишти айтып абийирин төгөт, анда эле элге эчен жылдан бери айтып келаткан акыл-насааты өлөт, ким экени билинет, алдамчы катары бирди көрөт. Антпейин десе, мал боор эт менен тең, ичи жаман ооруйт, бирок эч айла таба албайт.

Акыры  пастор он уюнан кечип, абийирин сактап калат да, экинчи элди алдагыс болот.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Комментарий калтырыңыз