Мухаммед пайгамбар мечитте таң эртеде намазына жыгылат. Пайгамбар менен бирге намазга жыгылгандар арасында чыныгы момун мусулман бар экен бир.
Мухаммед пайгамбар Курандагы фараон айткан ырды окуйт: «Мен – чыныгы кудайыңармын». Муну уккан чыныгы мусулмандын каары кайнайт:
– Эк, мактанчаак наадан десе!
А пайгамбар үндөбөйт, бирок намаздан кийин баары тиги момунду жаалдап тилдешет:
– Кудайды келекелегенден уялсаң боло! Жаман тилиң менен баарын буздуң, болгондо да намаз маалында... ыйык пайгамбардын көзүнчө.
Тиги бечара коркконунан калчылдап турганда, пайгамбардын алдына келген Гавриил периштенин айтканы:
– Кудай силерге саламын жолдоду, анан да мынабул тургандар момун мусулманды тилдегенин койсун. Такыба пенделер окуган намазга караганда; ушул момундун чын жүрөктөн чыккан каары Кудайдын жүрөгүн ойготту, – деген экен.
Которгон О`Шакир