(сатиралык аңгеме)
– Ой, кут болсун! – деди Назир бөлмөгө кирген кесиптеши Алымтайдын бутундагы жапжаңы туфлисине карап.
– Ыракмат досум, кечээ сатып алдым. Чыйрак да, сонун да экен... импортный.
– Баасы да сонун болсо керек, – деп күлдү Назир.
– Ооба, арзыйт, азыр арзан нерсе калды беле, беш жүз миң сумга араң алдым, – деди Алымтай мактанып. – Бирок аялым “качан соодалашканды үйрөнөсүң?” деп абдан келжиреди. Ме, өзүңө бирдеме аларсың деп эки жүз миңди берип, үнүн өчүрдүм.
Кагаздан башын көтөрбөй иштеп жаткан Камар алардын сөзүн угуп, калемин үстөл үстүнө ыргытты. Алымтайдын бутуна жалт карады.
– Ооба, табитиң жакшы экен, чынында эле сонун. Аны «жууш» керек, досум, – ал куулук менен Назирге көзүн кысып койду.
– Албетте! – деди Назир аны кубаттап. – Мен жакында ачылган бир ресторанды билем, тамактары өтө сонун. Суусундуктары импортный, тим эле ыракаттанасың.
– Кымбат болсо керек, – деди Алымтай бошоңдоп. Ал кесиптештеринин сараң деп мазакташын каалаган жок.
– Эмне, кымбат болсо, ат менен төө болмок беле, – Камар бош келген жок.
Ресторан чындап эле жайлуу экен. Жигиттер абдан жыргашты. Эки-үч стакандан кийин көңүлү жайнаган Алымтай берешендик менен, коньяк жана пиво заказ кылды.
– Токтотсоң болот, тим эле жыргап отурабыз, – деди Назир сүзүлүп. –Арак менен аралашса жакшы болбойт.
– Ии, эмне, биз эч нерсени билбеген кичинекей балдар белек, – деди Камар ачууланып. – Алымтай, кел досум, чекеңден бир өөп коёюн, сен мыкты жигитсиң...
Бир маалда мас болуп калган Алымтайды достору авто-унаадан араң сүйрөп түшүп, үйүнө таштап кетишти.
– Ой тобо, бул кандай шермендечилик? – Хайрия күйөөсүнүн бүчүлүгү чыккан костюмун чечип, араңдан-зорго ордуна жаткырды.
Алымтай эч качан балдарынын алдында мындай уятка калган эмес. Эртең менен алардын көзүн карагандан уялып, эртең мененки тамакты да ичпей жумушка жөнөдү. Башы какшап, ооруганынан жарылгыдай болуп турат. Теңселип, бут кийимин киймекчи болду, бирок бир пайы жок.
– Эй, туфлинин бир түгөйүн көрбөдүңбү? – деп сурады жубайынан.
– Сен билесиң да, мен кайдан билем? Балким, аракка кошуп аны да ичип жибергендирсиң? – деди чай демдеп жаткан Хайрия кер какшык айтып.
– Аракты чыгаргандын үйү күйсүн ээ!
Алымтай эски туфлисин кийип жумушуна жол алды: “Эссиз, туфли!”. Ал бара жатып ресторанга кирди.
– Оо, саламатсызбы, байке, келиңиз, кечээ кечинде жакшы эс алдыңызбы? – кызматчы жигит сыпайылык менен тосуп алды. – Башыңыз ооруп жатабы, байке? Азыр, жүздү “сеп” этип алсаңыз башыңыз ордуна келет.
– Жок, ичпейм, – деди Алымтай кызарып. – Кечээ мас болуп, туфлимдин бир түгөйү түшүп калбады беле?
— Ой, азыр, — кызматчы ички бөлмөдөн бир пай туфлини алып чыкты. – Кечээ досторуңуз машинага сүйрөп алып баратканда түшүп калган го?
– Ой, ыракмат, – Алымтай туфлисин койнуна салды. Жумуштан бир аз көтөрүңкү көңүлдө кайтты.
– Эй, малың адал болсо, жоголбойт экен. Мына, туфлинин бир пайы, кечээ ресторандын алдына түшүп калыптыр! – деди жубайына.
– Ой, атасы, ачууланбай, мен өлөйүн, – деди Хайрия кол чаап. – Эми бир пай туфли эмнеге керек деп, тандырга салып күйгүзүп жибериппин.
– Эмне? – Алымтай эси ооп, колундагы туфлинин бир пайын тиктеген бойдон калды.
Өзбек тилинен Нодирбек ЮЛДАШЕВ которгон.
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR