Сүрөт arasan-spa.kz булагынан алында.
Турмушумда жалындуу эки от пайда болду. Бири – Махабат, бири – Сымбат. Бирок Махабаттын жалын оту көбүрөк азгырып, аны менен болгон төшөк кумарга тойбос болдум…
Ойнош оттон ысык экени төгүн жерден эмес белем: Сымбат менен анчалык охолошкон төшөк кумарым деле жок. Ошентсе да мурдагы чукчуңдаша кеткен кыялыбызга алдырбай, экөөбүздүн эрди-катын жашообузду төшөктөн табыштык акыры. Тек гана анын алакандай жан жери менен менин аламда салаңдаган аспапта экен кептин баары. Экөөбүздүн ортобузду суутпай кармаган касиетти жыныстык мамиледен таптык…
– Күнүгө таң эрте турганыңда бир тоголок картөшкөнү аарчып, ачкарын кезиңде картөшкөнү чийки бойдон жеп жүр, – деди бир курдай Махабат экөөбүз мейманкада жатканыбызда.
Анын айтканын күнүгө аткарып, күнүгө велосипед тепкендин кыныгын алдым. Бул мага күнүмдүк адатка айланды…
Сымбат экөөбүз мурда бири бирибизге итиркейибиз кармап, болор болбоско келише албай жүргөнүбүздүн башкы себеби бир гана төшөк маселебизден чыкканын кеч баамдадык. Ал кургурум жыныстык жашообуз узак мөөнөткө чейин үзгүлтүккө учурап, ойдогудай болбой келген үчүн анын ден-соолугуна кадыресе кесепети тийиптир. Муну Сымбаттын өз оозунан угуп, анын жан дүйнөсүн ошондо гана түшүндүм.
Эки эмчеги сезгенип ооруган жубайыма гинеколог эбак эскертип, күйөөң менен жыныстык катнашты үзбө дегенин ал да мага убагында айтпай, тартынып жүрө берген окшобойбу. Аялдардын түрдүүчө ооруга кабылгандагы кесепетин эркектер көп ойлонбойт экенбиз көрсө.
Ой-санаам башка кыз-келиндерге ооп, ойноштук жашоонун азгырыгы менен жүргөнүмдө өзүмдүн өмүрлүк жубайым унутта калыптыр.
Сымбат экөөбүздүн төшөк мамилебиз жакшырып калган күндөрдүн биринде негедир Махабаттын кучагын эңсеп, телефон чалдым:
– Дайыныңды билдирбей кеттиң го, – деди не бир таарынычы, не бир эркелегени да түшүнүксүз.
– Көңүлүң сүйгөн баягы ресторанда кечинде кезигишсек кандай? – дедим мурда ал экөөбүз көп каттап жүрчү жайды эскертип.
Жалгыз бой жүргөн Махабаттын жакшы жери – мага жок шылтоону ойлоп тапкан күнү боло элек. Дароо көндү. Аялзаттан андай ачык мүнөз жандарды кезиктире элекмин. Мага анын шар жүргөнү жагат. Башка келин-кезектердей болуп чоёңдой бербейт. Шыңкылдап күлүп, шок мүнөзү кармап турат дайыма.
Ал күнү ресторандан кийин мейманканалардын бирине сыздык. Босогону аттаганда эле Махабаттын эки колу мойнума оролду. Денебиз чапташкандай кучакташтык негедир.
Экөөбүз керебетке кулап, дырдай жылаңачтанган Махабат үстүмө минди да, тизгин тарттырбас күлүк ат чапкандай кетти. Кудум эле шамал менен жарышкан күлүктүн үстүндө учуп бараткансыган Махабаттын чачтары алды-артына серпилип, кыңкыстаган үнү мейманкананын ээн бөлмөсүндө жаңырганын айт. Ошондо түшүндүм: Махабат менен болгон төшөк кумарым эмне мынча азгырыктуу экенин.
А эмнеге Сымбат менен деле дал ушундай төшөк кумарына берилип эзиле албайм? Ал экөөбүздүн ортобузда эмне тоскоолдук бар?.. Бул суроомо жооп кийин табылды. Көпчүлүк эрди-катын так ошол төшөк шиңгилинен кабарсыз экени эч кимге жашыруун эмес. Тек гана жыныстык сабатыбыз жогунан экен мунун баары.
Көрсө, өз колуктуң же өз эриң менен ойноштой ысык төшөк кумарын табуу анчалык деле татаал, анчалык деле оор маселе эместигин бир сапар жыныстык мамилелер жөнүндө уюшулган семинарга капысынан катышып калып, ошондо Сымбат экөөбүздүн тең көзүбүз ачылды. Ал семинарга кандай барып калганыбыз жөнүндө сөздү кийин улайбыз.
Азыркы сөз оролу Махабат мени күлүк ат чапкандагыдай үстүмө минген күн жөнүндө болсун.
Ал экөөбүз кара терге түшүп, алдыбыздагы жууркан сыгып алчудан бетер чылпылдап суу эле.
– Ох, – деди эси оогондой жанымда сулаган Махабат. – Мындай секс өмүрүмдө болгон эмес.
– Өмүрүмдө мен да мынча секс эмне экенин башымдан кечирген жок элем, жаным! – денем балкып кучактадым Махабатты.
– Төшөктөгү чыныгы өнөгүң табылса, жашоо кандай керемет? – охолошум эзилгенче эркелеп жатып, көзүбүз илинип кетиптир.
Чыйрыгып жатып ойгондум. Терим муздап, денем муздап калыптыр. Жөн эле бир эшелон көмүр түшүргөнсүп эсим оой түштү эле, ошондо да аспабым жоон бутактай салаңдайт түгөт. Кертмек башы да негедир баштагыдай эмес, роза гүлүнүн чанагындай барпайып, өзүнөн өзү чоңоюп кеткенсип көрүндү.
Магдырап терең уйкуда жаткан Махабаттын денесине жабышып, көкүрөгүн аймаладым. Ал дагы мага ыктап, жоон санына урунган аспабым зыңкыйып турганын сезди белем, охолошум кылыгын баштады…
– Токтосоң, – деди сумкесин аңтарып. – Жанагысында эсиме да келбептир шашып… – Сумкесинен кооз флакон алып чыкты.
– Мунуң эмне?
– Кокос майы.
Флакондогу кокос майын алаканына куюп, зыңкыйган аспабыма шыбады.
– Бул эмне кылганың? – охолошума таңгалдым.
– Мунун сага дагы, мага дагы пайдасы көп. Сымбат үчүн да сатып ал ушуну. Экөөңө тең сонун. Оливканын же кокостун майы аялдардын жыныстык мүчөсү үчүн абыдан пайдалуу. Канчалык тереңине чейин жеткирсең, керектүү витаминдерди алып, жатын оорулардын баарысын алдын алуу үчүн керек.
– Сен билбеген балээ жок ко деги.
Махабаттын кебездей жумшак алаканында май шыбалган аспабым таштай катты.
– Кирчи, – деди шыбырап.
Белине жаздыктарды кабаттап тизип бердим да, аспабымды керебетке тизелеп отуруп матырдым. Улам тереңдетип киргизген сайын, охолошумдун көздөрү аңтарылып, бу дүйнөдө баарын унуткандай денеси балкып, мен да улам коргошундай эриген кереметтүү кеч болду.
Бул шумдук күндө таң эртең менен бир тоголок картөшкөнү ачкарын жегенимдин пайдасыбы же күнүгө велосипед тепкенимдин пайдасыбы, билбейм. Бирок эмнеси болсо да күнүгө чийки картөшкө жеп, күнүгө велосипед тепкендин жыргалын көрө баштадым...
Эртеси эле шаардын аптекаларынын биринен Махабат айткан кокос майын сатып алдым. Баарынан да Сымбатка жагыптыр бул. Бир күнү ал гинекологго текшеринип, үйгө сүйүнчү айтып келди:
– Бул жолу гинеколог мага аябай таң калды. Жатыныңдын ичинде эч бир дарттын белгиси жок экен деди.