Орозбек Айтымбетов: Акыркы төөчү

  • 12.04.2023
  • 2292

АҢГЕМЕ

Адырда күз. Күн мээ кайнатып, саргайган адыр отко түшкөн курум кийиздей тап чыгарып, ал тап адыр бетинде көлкүп, көлдөн соккон сыдырым жел менен тоо беткей кылкылдап агып жатты.

Аптап күчөгөн сайын адырды боз мунарык чалып, көкжээк көз учунда бүдөмүктөп, куба адырдын учу-кыйыры жазылып бараткандай болду. Береги тоо этегинен бери суурулуп чыккан бүкүр белдердин, балык жон кырлардын, дөңдөрдүн жону күдүрөйүп, күн ысыган сайын көөп, бийиктеп бараткансып, аптапка ыксырап жаткан алп макулуктар өңдүү бир ирмемде ордунан туруп кетүчүдөй көрүнөт.

Күйүп кеткен адырды как жарып, төмөн кеткен береги жап-жашыл өзөн гана ушу эбегейсиз сары адырга жан киргизип турган кан тамыр өңдүү туюлат. Мөндүр суусу таштан-ташка туйлаган өзөн те адырдын орто ченине чейин жетип, аягы кайрак жерге сиңип кетет. Ошо кайрак жерде жыйырма чакты төө ботолору менен оттоп жүрөт.

Майда бадалдуу, түркүн талдуу өзөндүн оң кырбусундагы тектирге конгон боз үйдүн түрүүлү эшигинен сары адырдын бир ыптасы саргаят. Сары адырда кулундай туйлаган сары жел ойноп, тоону көздөй элирип, мелмилдеген адырда куштай элкип сызып келет да аскалуу жээкке урунган деңиздин азоо толкуну өңдүү кыркалекей тоолорго келип бир тийип, басыгы жанат.

Төөчү Борбу боз үйдө жалгыз, чыканагына көрпөчөсүн коюп, жая салынган тердигинин үстүндө жамбаштап, саргайган адырды, те алыскы кайракта суу ичип жүргөн төөлөрүн карап жатат. Боз үйдүн иреге жагыдагы жабыктын төөнүн көзүндөй жыртыгынан керегеге каланган чийдин сары желге тынымсыз чызылдаган үнү чыгат. Муну Борбу бузулган кыл кыяктын үнүнө окшотот…

Борбу жаш кезинде алабарман, андан да өзүмчүл, кыялы кырс боло турган. Азыр анын бири жок. Мал менен кошо өткөн жылдар аны ак көңүл, боорукер кылып кайра жараткандай. Мал табиятын түшүнгөн сайын дили агарып, өзү өмүр сүргөн доорго жарашып эле калгандай.

«Төөнү адеп кол мал кылган бабалар аны тегин жеринен «Ойсултан ата» деп даңазалабаган чыгар. Ал — төрт түлүктүн эң сезимталы». Маркум атасынын ушул сөзүн Борбу адегенде тамаша көрүп жүрдү. Чынын айтсак, дегеле ишенбеди. Качан гана атасынан төөчүлүк кесип мураска калганда гана, төөлөргө аралаша келгенде гана буга акырындап көзү жете баштады.

Ошо элүүнчү жылдарда чарбада төө көп да ле, төө үчүн иш да самандай болучу. Малчылардын бүт кара түйшүгү — көчүп-конуу, жем-чөп ташуу, жакага бир нерсе жүктөп баруу же жүктөп келүү— төө менен бүтчү.

Күндөрдүн биринде ал кунан буура менен эки жашар аппак «бийкеч» төөнүн жумшак кажышып турганын көрүп калды. Көрүп калды да кызыгып, эртедир-кечтир байкай баштады. Мына ушу жерден бир кызык окуя болду. Алтымыштай төөнү кыңк эттирбей баш ийдирген Кара буура деген зор бар эле. Алиги «бийкеч» төө ага кайытпай, кунан буураны имерчиктеп, күүсүнө келген Кара буура канчалык такымдаса да бүргөдөй түйүлүп, ыкылас бербеди Акыры каардуу буура кунан буураны жектей баштады…

Эртеси төөлөрдүн арасында кунан буура менен аппак «бийкеч» төө жок болуп чыкты. Аларды Борбу эки күн издеп, алыскы Кызыл- Булактан гана, жанаша оттоп жүргөн жеринен тапкан. Кайра айдап келгенден кийин Кара буура буларга жоломок турмак, четтеп калган. Буга Борбу аябай таң калган.

Ооба, ошо жылы кунан буура менен аппак бийкеч төө ак сезимге кабылган болучу. Кийин бул «махабат» бийкеч төө тууган ак бото менен көркүнө чыккан.

Оо, өзү төөчү болгон жылдардын ичинде ал канча бир кунан буура менен бийкеч төөлөрдүн ак сезимине күбө болбоду дейсиң?! Балким, төөчүлүк кесипти маянасынын аздыгына карабай кадыр тутуп калышына да ушундай кырдаалдар себеп болгондур? Балким, сезимтал малды кадырлаганынан улам жүрсө керек? Же ал төө бакканга жөн эле көнүп алгандыр? Эмнеси болсо да бу киши өзүнүн Борбу деген аты өчүп, Төөчү деген атка конгучакты, кымбат курагы — жаш кези артта калып, сакал-мурутун кылоо баскычакты ушу иште кала берген…

Деги ле, өскөн жерди сагынуу, ага куса болуу жагынан мал ичинен төө жарыктыкка жылкы гана тең келе алса керек. Өз өмүрүндө Борбунун башынан көп эле таң каларлык окуя өткөн. Көрсө, таң каларлыктын да таң каларлыгы болот экен. Отузунчу жылдардын баш ченинде өз жеринен ооп келген бир казак кийин эле, алтымышынчы жылдардын аягында элине кайтып кетти. Үй-мүлкүн машина менен жөнөттү да малын ашуу ашырып, Кеминге айдап түшүп, Ак-Түздүн бели аркылуу казак жерине өттү. Мал ичинде ботосу менен бир төө, төрт уй, эки жылкы, элүүдөй кой бар эле. Көп узабай ал агайындан «аман-эсен жеттик» деген кабар келди…

Арадан ай өтүп, экинчи ай жаңырган алгачкы күндөрдүн биринде, аппак таң менен көгүлтүр көлдүн жээгиндеги ак жайык адырда баягы казак айдап кеткен төө ботосу менен пайда болду. А бечараны баргандан кийин тушап-матап, аркандап, зорго кармаган окшойт, акыр төө арканды үзүп, тушамышы менен качкан көрүнөт, жолдо карата тушамыш шыйрагын муунай өйкөп, кызыл ашыктын үстүндөгү теринин куйкум жүнү кызыл эт боло жыдып түшкөн экен. Тушамыштын бир жагы үзүлүп, ылжырай жооруган экинчи шыйрагында сүйрөлүп жүрөт. Ооба, ошо жолу ботосун эрчитип алып, жердин алыстыгына, жолдун татаалдыгына карабай өз жерине качып келген ингенди көрүп, ыйлабаган эл калбаган…

«Бу не деген керемет мал!» деп таңданып отурду Борбу. Ал ушул окуяны эстеген сайын, күнү бүгүнкүдөй таңдана турган.

Түш оой төөлөр кайрактын чыгыш жагындагы жапыс кырды ашып, бодур адырга кете баштады. Сапар башы — маң-маң баскан, чуудалары селкилдеген Кара буура, анын соңунда кербен тарткан төөлөр, ботолор. Бир карасаң жипке тизилген күрөң шуруларга окшоп кетет. Ал «шурулар» адырдын ойку-кайкы жолунда жай толкуп, алыстап барат. Ээн адырдагы бу көрүнүш качанкы өткөн бир кылымдарды эске салат.

Борбу жамбаштап жаткан жеринен козголбоду. Түрүлүү эшиктен жездей саргарган адырды, анда толкуп бараткан узун сапарды карай жатты. «Эми бир жумадан кийин гана сууга келишет» деп ойлоду төөчү.

Төөнүн көзүндөй жыртыктагы чий дале чызылдап жатты. Борбу саргайган адырдын кыйла жеринде чубап бараткан төөлөрүн карап туруп, кыл кыякка тартылчу «Боз ингендин боздогун» эске салды…

Чыканактай ботоюм,
Чаргы бычак мизинде
Чыркырадың кантейин!
О-ботоюм, ботоюм…

«Кыйындыкта, жамандыкта мал көзүнөн жаш чыгат, Бирок айланайын төө өңдөнүп, көзүнүн жашы буурчак-буурчак төгүлүп ыйлаган малды көрө албадым…» Борбу экинчи жамбашына котору луп, көрпөчөсүн берки чыканагына коюп, түрүлүү эшикке жакындап, Кең-Сайга жетип, калың төө тикендердин арасында оттой баштаган төөлөрүн карап жатты.

Ал окуя дал ушу өзөндө болгон. Алтымышынчы жылдардын баш ченинде, жазгы туут маалында чарба чоңдору ушу өзөндө кой төлдөтүп аткан төрт чабанга ысылык үчүн инген союп, бөлүп алууга улуксаат берген. Чабандар: «Ингендин чарым этин жей албайбыз, берсеңер жашынан — ботосунан бергиле, эти — бал, жумшак жегиликтүү» деп болбой койгондон кийин жетекчилер буга көнүп, төрт чабан жайылып жүргөн төөлөрдү жыйып келип, өөдөңкү кашарга камап, ботонун эң ирдүүсүн жана эттүүсүн тандап, байлап, калган төөлөрдү адырга айдап жиберишет. Бирок байланган ботонун энеси эл баканга алып сабаса да жайытка такыр кетпей коюп, акыры аны өкүргөнүнө карабай ээн короого камап, ак ботону ортоңку кашарга жетелеп жөнөшөт. Жетип, ботону жыгып, шыйрактарын таңып, мууздап киришет. Ошо тапта жаткан: «бау-бау-баууууууу… бау-бау-ба-уууууу…» деп, кудайга үнү жете зарлап, бир эсе адамдардан кайырым сурагандай, ырайым күткөндөй, бир эсе чыңырып ыйлагандай, бир эсе муңкангандай, бир эсе адамдарга даттангандай аянычтуу боздоп, камалган короосунун эшигин бузуп чыккан ак ботонун энеси келет. Чочулаган эл бир азга делдейип туруп калат да, мууздалган ботону үй ичине сүйрөп кирүүгө үлгүрүшөт. Көз жашы буурчак-буурчак төгүлүп, чүрпөсүнүн жытын алган төө мууздалган ботосу жаткан үйдүн эшигинен кетпей, адамдарга наалат айтып, таарынгандай буркурап-боздоп турат. Аны көргөн абышка-кемпирлер көзүнө тегиз жаш алат. Көптү көргөн кишилер катуу кейийт.

Төө бау-бау зарлап, ошо үйдөн такыр алыстабай коёт.

Эл ботонун этин жегенден артыгы чыгып, баары беймаза болуп, катуу убара тартат.

Төө үч күнү-түнү бою чөп ирмебей ыйлап турган соң көзү көр болуп, ботосу мууздалган үйдүн түбүнө бүк түшөт да кайгыдан биротоло турбай калат. Төө мал болбой калганына көзү жеткен эл аны да мууздап, этин элге таратып иет.

Ошо төө мууздалганда Борбу да кашарга барган болуучу. Барса, арыктап болгон төө жаңы эле мууздалган, дагырадагы каны булоолонуп турат.

Борбунун ошондогу таң калганы — жаны чыккандан кийин да төөнүн көзүнөн мөлтүлдөгөн жаш агып атты. Аны эч ким деле байкабады, байкаса деле таңазар албады. Эт керек эл заматта ле төөнү жиликтеп, бөлүп алып, баса берди. А Борбу өмүрүндө биринчи жолу өзүнө бөлүнгөн этти албай, абдан катуу кайгырып, үйүнө куру келди. Ошондон кийин ал төөнүн этин жегенди биротоло койду.

Борбу ботою союлган төөнү көпкө чейин унута албай, эстеген сайын жашып, а эл жок жерде кадимкидей эле көзүнө жаш алып жүрдү… Ана, Борбу жаштайынан жайраган ак ботонубу же өзүнүн аскерде жүргөн уулун эстедиби, көздөрү кылгырып, ордунан козголду. Сыртка чыкты.

Күн бата жаздап калган. Чачырай жайылган төөлөр те салаа-салаа кырлардын бүткөн жеринде. Байбичеси суу жээгинде, бадалдарга жайылган кирлерин чогултуп жүрөт.

Борбу үй түбүндөгү төөнүн комуна көчүк басты. Ой-мүдөөсү төө менен биротоло байланышкан неменин кыялы төөдөн алыстай албады.

«Бардык малдын жаны таттуу. Бирок булардын эч кимиси өз өмүрү үчүн күн мурунтан күрөшпөйт, кам көрбөйт. Жакында союларын, эртең союларын, бүгүн союларын билбейт. Качан гана кармап келип жыгып, бутун таңганда адам колунан жан талаша кетет. Жамандыктан шек алып туйлайт, кой-эчки маарайт, уй мөөрөйт, жылкы чыңырат. А төө жарыктык, өз жарыкчылыгы үчүн күн мурунтан күрөш жүргүзөт. Өз өмүрүн, тагдырын адам колунан күн мурунтан талашып, арачалап турат…»

Борбу өзү төөчү болгон жылдардагы кара бууралардын ар бирин эскерип, көз алдынан чубуртуп өттү. Булардын ар кайсысынын ар кандай кыялы, мүнөзү, жоругу бар. Бирок баарын тең бириктирип, окшоштуруп турган нерсе — алар үйүр төөнүн буурасы гана эмес, атасы—коргоочусу да болгон. Мына ушул жагынан ойлогондо, Борбу үчүн адам дүйнөдөгү бирден бир керемет, асылзаада тукум болсо, төө төрт түлүктүн төрөсү, эң керемети, асылзаадасы болуп чыга келет. Ал адамдарга кайсы бир касиети жагынан төөнү гана теңей алат…

*     *     *

Күн сууктап, денеге таш батырган, темир аяз жакындаган сайын ингендердин, өзгөчө Кара бууранын тынчы кете баштады.

Муну биринчи болуп Борбу сезди. Бирок эч таңданган жок. Себеби, бул атам замандан бери боло жүргөн көрүнүш эле.

Кыштын түшүшү менен Кара буура төөлөрдүн тушуна жакындаган төөчүдөн башка киши-карага кол сала баштады. Айылга каттаган малчылар аты менен араң качып кутулуп же төөлөр жүргөн жерден алыс айланып өтчү болду.

Муну уккан эл да таңданбады. «А-а, буура кире баштаган тура» теп, демейдеги окуядай эле кабыл алды. «Кара буура—кишичил» дешти. А Борбу бууралар эмне үчүн кире башташын жакшы билүүчү.

Кышкы чилде түшүп, согум соё турган маал келгенде Кара буура мурдагысынан да күчөп кетти. Адырдан алыспы, жакынбы, айтор, бөтөн киши карааны көрүнсө ле лөкүлдөп, кежигеси кержейип, каракушу алдыңкы өркөчүнө ургуланып, «баф-баф-ф…» заарын чачып, кууп жөнөчү болду. Тиги жан-алы калбай качып, төөлөр турган жерден такыр алыстап кетмейин артынан калбай, майпаң уруп, качан гана төөлөрү алыс калганда гана бурулуп, үйүрүн көздөй майпаң-майпаң желип жөнөчү.

Кишилер малды ар дайым кышында согум кыларын төө баласы те илгертен бери жакшы билүүчү. Мына ушул эле Кара буура үйүр башы болгону кышкы согумга канча төө союлбады? Жылыга бештен, ондон… Болгондо да кумаркөз жаш төөлөрдү, балгын эт ботолорду союшат. Ошондуктан, те ата-бабалары илгертен кыла келген жорукту Кара буура да өтөп, кыш түшкөндөн тартып төөлөрүн суук кол, айры буттуудан коргой баштачу. Төөлөрдү күн-түн дебей кайтарууга өтчү. Бирок ага болбой эле согумга бирден, экиден союлуп кетчү.

Быйылкы кыш кылчылдап катуу болду. Малдан чыгаша арбый баштады. Мына ушундай күндөрдүн биринде Берме Качкынбай мал догдур Кеңешбекти эрчитип алып, тубар кой баккан кыштоодогу малчыларды кыдырып, кайтып келатып, Жинди-Адырдын сайларынын биринде жайылып жүргөн төөлөргө карпа-күрп туш келип калды. Кара буура сайдын таманынан жебедей атып чыгып, моюнун каздай созуп, атчандарды кууп калды.

Берме менен мал догдур шашып калды. Аттарына камчы басып, туурадагы ээн түздүккө түшүп, жолу жок эле ээн адыр менен качып берди. Берменин мингени чабылып жүргөн кер жорго эле. Ал адегеде ле алдыга озуп чыкты. Мал догдур артта калды. Моюнун алдыга каздай созгон Кара буура ага он кадамдай жетпей келет.

Озуп бараткан Берме артта алаңдап, коркуп, тору атты камчыга алып, кээде алдындагы атын сөгүп, кээде кудайлап, өң-алаттан кеткен мал догдурду кылчак-кылчак карап, боору ззиле каткырып, күлүп келет.

Бир маалда кер жорго жаза басып, сол туягын ташка уруп алгандай болду. Эми кер жорго мурдагыдай чуркай албай, акырындап тору ат ага теңелип, бир маалда озо кетти. Кара буура эми кер жоргого жакындай баштады. Жан деген кыйын го. Берменин күлкүсү жалп өчүп, алаңдап, кубарып, кер жоргону камчыга алып, аны сөгүп-сагып, кудайлап, улам чукулдап келаткан Кара буураны үрөйү уча кылчак-кылчак карап, жаны чыгып келет. Анын элеңдеген түрүн көрүп, алдыда чаап бараткан мал догдурдун боору эзилип, сагызгандай шакылыктап, каткырат.

— Ой, токто! Ой-акмак, токто ле токто!— деп көтөн чучугу түшкөн аюудай айкырат Берме мал догдурга. — Тарт аттын башын! Буура жетмей болду, тарт атты.

Бирок мал догдур ансайын элирип күлөт. Ансайын берменин жаны кашаят.

— Ой-энеңди… Сени бошотом! Азыр бошотом!

Мал догдур сестене калды. Торунун башын тартып, кер жоргону өзүнө теңеди да үч эле кадамдай жетпей келаткан Кара буурага камчы жазгап, экөө бирдей сес көрсөтө баштады.

Буура саал чарчай түшкөнбү, аздан кийин артта калып, тигилер такыр эле узап кеткенде лөкүлдөп туура чуркап, кийин бурулуп, өргө карай желип, анан жай басып төөлөрүнө жөнөдү.

Мал догдурдун кыткылыктаган күлкүсү көптө тыйылды. Берме буга бир чети арданып, бир чети жини келип, жанындагыны жекирип алды.

Кер жоргонун басыгы оордоп, аксаңдашы күчөй баштады. Туягы ылдый кан жая берип атканын ошондо көрүштү. Качкынбай аттан түшө калып, кер жоргонун титиреп турган шыйрагын өөдө бүгүп, жарылып кеткен туякты көргөндө кейигенинен онтоп жиберди… Эми Кара буурага жини келип: «Алиги төөчү төөсүн кайтарбай кайда жүрөт?!» деп Борбуга ызырынып, кагынып-силкине кетти.

Эртеси кыштоодо турган Борбуга киши келди.

…Берме төөчүнү суз кабыл алды.

— Төөдөн киреше түшпөй калды,— деди Берме сөздү алыстан баштап. — Ошо жөнүндө азыр эле директор менен макулдаштым. Азырынча Кара буураны баш кылып, төөлөрдүн семизинен тандап туруп онду эт комбинатына төгөбүз.

— Аксакал,— деди Борбу шашкалактап. — Кара буураны төгүп ийсек кийин кантип төл алабыз?

— Төлдүн эмне кереги бар? Калганын да ирдентип, бордоп туруп этке төгөбүз.

Борбунун оозунан сөзү түшүп, аңкайып отуруп калды: «Кантип?»

— Ошентип!— деди Берме сөзүн баса айтып. — Азыр төө унаа катары урунулбай калды. Алыскы жайлоолорго чейин жол бар, машине бар…

Борбу чокмор менен баштан ары бирди жеген немедей эңгиреп, сыртка чыкты. Ошо чыгып баратып берменин:

— Жакында төөлөрдү айдап келгени кишилер барат,— дегенин эшитип калды.

*     *     *

Борбу түн бою уктай албай чыкты.

Эртеси таң заардан жакага чапты. Чоң шашкеде чыйылдап сүйлөгөн директордун үстүндө отурду.

— Аксакал, колдон келсе «Ойсул атаны» көбөйтсө болор эле. Кезегинде бабаларыбыздын көчсө көлүгү, чөлдөсө суусуну, карды ачса азыгы, кийсе кийими болуп келди. Төрт түлүктүн ичиндеги багым-күтүмдү анча талап этпегени да төө. Эти даамдуу, жугумдуу, күчтүү, сүрсүгөн сайын курчуп калат. Шубат сүтү дартка даба, коюу, майлуу. Жүнү — мамык жел. Билген кишиге — төө жарыктык арзан эт менен баалуу теринин, шыпаа сүт менен биязы жүндүн кайнар көзү го.

— Ошентсе да, ал азыр кажет болбой калды.

— Кантип кажет эмес? Анын жылда күзөлгөн биязы тыбыты, кыркылган чуудасы, чабандар урунган күчү…

— Ырас, анда кеп жок. — Кашка баш директор сылык-сыпаа унчукту. — Кеп эттин планынын толбой аткандыгында. Мына, жыл аяктоонун алдында турат, а биз жогор жакка эсеп беришибиз керек… Андай кылбаска айла жок.

— Аны да түшүнүп турам,— деди Борбу күйүп-бышып. — Төө азайып кетти. Ошону эске алсаңыз. Чарбада толгон-токой эле башка мал бар…

— Уйлардан сүт саап алынат, алар сүт план үчүн керек. Койдон төгөлү десек, аны тиешелүү санда көбөйтө албай атабыз. Жылкыдан төгөлү десек Балыкчыдагы бир ресторанды жайкысын кымыз менен камсыз кылуу жагы бизге жүктөлгөн…

Борбу шылкыйып отурду.

— Кара буура болбосо калган төөлөрдөн төл ала албай калабыз.

— Төлдүн да кереги жок. — Директор берменин кечээки сөзүн ырастай сүйлөдү. — Кийин төөлөр жоюлса ишсиз калам деп кейибеңиз,— деп кошумчалады.

…Арадан бир жума өтпөй Берме төө айдатканы жөкөрлөрүн ээрчитип кыштоого өзү келди. Борбуну алып, Кургактын адырында жайылып жүргөн төөлөргө жөнөдү.

Топ атчанды көргөндө Кара буура калың алтыганалардын арасында оттоп аткан төөлөрдөн суурулуп чыгып, келаткандарга атырылды. Ал кыялында атчандар качат, ошентип төөлөрдү бу жолу да коргоп калам деп ойлоду.

Кара буура тике бастырып келаткан топ атчанга жакындай бергенде гана жүрөгү жамандыкты сезе, акырындай калды. Тайманбай келаткандарды элеңдей карады. Майпа урушу лөкүлдөгөн желишке түшүп, кийин токтоп калды. Атчандардын арасынан өзүнүн досу Борбуну көрдү.

Келаткандар бута атым калганда удаа-удаа «чах-чах!» эткен жат дабыш чыгып, бууранын ичи ысый түшкөндөй болду. Дагы «чах!» этти. Эми моюну чен ысый түштү да, укмуштай катуу ачышып чыкты.

Жаны ачыган буура эми жинденип, топ атчанды качырып сала берди.

Келаткандар чачыла түштү.

— Аткыла!— деген ачуу айкырык чыкты.

Кара буура беттеген атчан атын буруп, артка кача берди. Ошо тапта бууранын такыр колтугу ысый түштү да аргасыздан буттары бүгүлүп, жер сүзө жыгылды. Ошондон кийин да удаа-удаа чакылдаган үн чыкты.

Кара буура «бауууууу!» эте армандуу бир айкырды да өзү төрөлгөн, торолгон, өскөн, алгачкы «махабаты», сагынычы калган өз адырында кыймылсыз суналып жатты. Ок тийген жерлеринен шүү-шүңдөп ысык кан чыкты.

Борбу аттан түшкөндө Берме ээчите келгендер бууранын канын шыркыратып мууздап жиберген эле.

«Жарыктык, ыйманың саламат болсун!» — деп кейиди Борбу ичинен. — «Кечир. Менде күнөө жок».

Бууранын көзү балбылдап, ачык бойдон калыптыр. Ал бечара Борбудан көз албай, жалооруй, аянычтуу тиктеп тургансыйт.

Аны көргөндө төөчүнүн каңырыгы түтөдү. Өзүнүн да, төөлөрүнүн да алсыздыгына катуу кейиди. Көзүнөн жаш кылгырды.

Төөчү эңкее берип, калтыраган оң колу менен бууранын көзүн жуумп койгусу келди. Ошо тапта ал жумулбай балбылдап турган көздүн кычыгынан жаңы эле төмөн кулап барып, куйкум тумшук тун үстүнө мөлтүлдөп, токтоп калган туптунук тамчыны көрдү.

Борбу чөнтөгүнөн бетарчысын алып чыгып, Кара бууранын жашын калтыраган колу менен аачыды да эки көзүн тең жуумп койду. «Бу ырайымсыз жарыкчылыкты эми көрбөй эле кой».

Төөлөрдү адырдан айдап келип, кашарга камашты.

Берме төөлөр жакшы байкалчу кашардын төбөсүнө чыгып, улам эттүүсүн «муногусун айдап чыккыла!» деп, үйрө кармаган камчысы менен көрсөтүп, буйрук берип турду.

Биринчи болуп быйыл кысыр калган эттүү үч төө чыгарылды. Ага Борбу ичи күйүп турса да макул болду. Анан ботолуу эки төө бөлүндү. Аны көргөндө Борбунун чыйпыйы чыгып кетти.

— Ботолору кантет? Ботолору…

Бирок Берме төөчүнүн сөзүн укмаксан болду.

Анан эки кар баскан жаш буура чыгарылды. А качан гана эки жашар Акбоз бийкеч төө чыгарылганда Борбу кыйкырып ийди:

— Айланайын аксакал! Буга тийбесеңиз.

— Неге?

Борбу сөз таба албай калды да, кийин чындыгын айтты.

— Бу Акбоз те жерде турган курбалдашы Тентек буура экөө жакындан бери ак сезимге кабылды эле…

Борбунун жообун күтүп, жарданып карап тургандар жапырт каткырып калды.

— О, койчу? Төөлөр да сүйүшмөк беле?

— Бу эмне деп тантырайт? Деги, акыл-эси ордундабы?

— Малдын арасында жүрө берип, бу да мал болуп калган бейм?

— Бу акылынан айнып… Келесоо го?! — деген үндөр чыкты. Берме толукшуган эттүү Акбозду карады. Анан, азга унчукпай калды.

— Биз адамбыз. — Берме салмактуу унчукту.

— Ооба, адамбыз!— Борбунун үмүт оту жана калды.

— Заң баарыбызга бирдей.

— Ооба, кагылайын.

— Ал заңдан бардык адамдар, өзүнүн кара мүртөздүгүнө, арамзалыгына, ак көңүлдүгүнө карабай, бирдей пайдаланат, а?

— Ооба.

— Демек, андай теңдикке сиз да каршы эмес экенсиз да?

— Ооба.

— Анда те атам замандан бери ле ата-бабалар малды бу ак көңүл бу арамза, бу кара мүртөз деп бөлгөн эмес, семизин тандап союп келген. Демек, турмуштун бул заңы малга да бирдей, баарына тең. Өкмөт да ошону колдойт. Ким экенине карабай, малдын семизи этке кете берет.

Жарданып тургандар дагы каткырып калды.

Борбу сөзгө сынып, унчуга албады.

Баш аягы он төө, эки бото айдап кетишти.

Короодо сороюп ботолуу сегиз төө, энесин жоктоп боздогон төрт бото кудайга үнү жете бакырган Тентек буура, дагы үч бийкеч төө калды…

Борбу а түнү кашарга түнөп, эртеси төөлөрдү жайытка чыгарып ийип, кыштоого чоң шашкеде келди.

Кемпири абышкасынын шишиген көздөрүнөн анын түн бою ыйлаганын туйду.

Абышка ошондон кийин түнт тартып кетти. Аны «эмдиги жылдан тартып бу жерде такыр эле төө болбой тургандыгы» кыйнап жүрдү.

Кыш өттү.

Адырга кулпурган жаз келди.

Бир жолу Борбу адырда чачылып жүргөн төөлөрүн жыйнап, көктөмдүү сайга таштагандан кийин, кырда кыйшайып, күн чубагына талыкшып жатып, уктап кетти. Түш көрдү. Түшүндө жездей саргайган күз. Зулум Берме төөлөрдү айдатып, этке төккөнү баягы шылуундарын дагы ээрчитип келиптир. Арада дагы ле заң жөнүндө кеп болуп, Берме дагы ле сөз бербей, Борбуну жеңип, а шылуундары буларды тегеректеп, күлүп турат… Бирок Борбу көзүнүн жашын көлдөтүп, берменин бутуна жыгылып, жалынып-жалбарып, ырайым сурап, акыры тилегине жетип, минип жүргөн атын жайдактап этке төгүлчү төөлөргө кошуп, татынакай эки ак бото алып калып атыптыр…

1978

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз