АҢГЕМЕ
Ар күнү ушул чакан темир жол бекетине келип, бирөөнү күтөм. Кимди күтөм – белгисиз.
Базардан үйгө кайтам да, дароо бул жакка бурулуп, муздак отургучта базардан сатып алган майда-чүйдө салынган баштыкты тиземе коюп перрон тарапты мелтиреп тиктеп олтура берем. Платформага токтогон поездден адамдар чууруп чыгууда. Чыга бериште үймөлөктөшүп, уруксат кагазын ыргылжың сууруп алышат да, билетти суна салышып, андан ары шашып-бушуп бир тарапты кадала тиктей жанымдан топурап өтүп, аянтчага чыгар замат туш тарапка чилдей таркашат. Мен аларды мелтиреп көз менен узатып кала берем. Бир маалда бирөө-жарым мага жылмая карап кол булгалайт… Жок, корком. Жок, кереги жок! Ыракмат, кереги жок! Ушуну ойлоор замат үстүмдөн муздак суу куюп жибергенсип денемди калтырак басат, жүрөгүм кысылып, дем алышым кыйындайт.
Бирок ага карабай күтө берем. Кудайдын куттуу күнү ушул жайда күткөнүм күткөн. Кимди? Ал адам ким өзү? Күткөнүң адамбы же башкабы? Деги адам эле болсунчу, садагаң кетейин! Адамдарды көп жактыра бербейм. Ий, жок, алардан корком дегеним. Адамга жолуксаң, баягы эле ооз учунда айтыла жүргөн кайталанма сөздөр: «Кандайсыз? Ал-акыбал жакшыбы? Бүгүн бир аз суук боло түштү». Уфф! Муну ар кимге күндө миң жолу кайталайсың да, бир маалда дүйнөдө сенден өткөн жаны жок, сенден өткөн калпычы жоктой сезилгенде, бир карыш жипке асынып алгың келет.
Адам аттуунун баары эмнеге бир беткей? Жашоодо адамдар бири-бири менен ооз учунда гана үстүртөн ал-акыбал сурашып, биринен бири коркуп-шекшип аралык сактап, биринин көңүлүн экинчиси оорутуп жашашка гана устабы?
Адам аттууну кээде жек көрөм. Ошого зарыл ишим болбосо, сыртка деле көп чыкпадым. Кудайдын куттуу күнү үйдөн жылбай апамдын маңдайында сайма сайып олтурар элем. Азыр ойлосом, ошол учур жашоомдогу эң бактылуу күндөр экен.
Анан согуш башталды, шаар алай-дүлөйгө түшүп, үйдө камалып жашаганга ыктадым. Жан-дүйнөмдө дүрбөлөң, көңүл бир ордунда эмес. Бекер олтургуча, бекер иштесемби деп да кыйынсындым… Оюмду бир собол эзет: ушуга дейре туура жолдо жашадымбы?
Кийин үйдө олтургандан тажадым да, көчөгө чыгып, башым оогон жактарда каңгып жүрө бергенди адат кылдым. Базар аралайм, андан соң бекетке келип муздак отургучта телмирип олтура берем. Дилимде бир үмүт дирилдейт: издеген жаным табылар. Анан өлгүдөй корком. О, кой, айланайын, кереги жок. Бир туруп өлүп-талып эңсейм: Ага жетсем, гүл ордуна өзүмдү сунар элем.
Бул кеңкелес ойлор мени бүт чулгап алганда, жүрөгүм кысылып, дем жетпей кыйналам. Эртең бармынбы да, жокмунбу – бир кудай билет. Ушинтип сар-санаам менен байып жүрө берем. Мындайда аянтчада ары-бери кыбыраган адамдар дүрбүнүн тескери жагынан карагансып уламдан-улай кичирейип алыстап көрүнөт. Бүткүл дүйнө тукум курут болуп бараткан сыңар.
Эмнени күтөрүмдү билсем өлөйүн. Мээ ордундабы же бир жакка тайып кеткенби? «Согуш, дүрбөлөң, бекер отургуча, бекер иште» – мунун баары болгону өзүмдү сооротуу. Ушундай кирди-чыкты ойлордун учугун издеп отура бермей адат.
Мына ушуларды ойлоп алып турган жеримде жоголуп кете жаздайм, а бирок башымды үмүтсүз шайтан ойлор бийлеп алганын бир адам сезсе кана, аттиң!
Баары бир бирөөнү күтүп жатканымды билсем өлөйүн. Ит билсинби. Болгону бир нерсе бар экени бүдөмүк туюлганда, андан ары күтө берем, күтө берем, күтө берем... Миң-миллион жыл күтө берем. Согуш башталган күндөн тарта бекетке келип бирөөнү күтүш адат болду. Мен күткөн жападан жалгыз адамым бир күнү кол булгалап жылмая кирип келер. Ой, жок, корком, кокуй! Кереги жок. Мен сизди күтөм… Кимди? Айланайын, ичти бышырбай айтчы, күткөнүң ким деги?!. Айт дейм! Кантет бу?! Макул, айтам. Ммм... Эркекпи? Жок. Сүйгөнүңбү? Жок, койчу ай. Досуңбу? Жок, жок. Акчабы? Анын такыр кереги жок. Маркумдубу? Жок, кокуй!
Жан ансарым, жарыгым, жаркыным, эч кимге бергис кереметим... Кимди күтмөк элем, сизди күтөм, сизди. Элестете албасам да, күтө берем. Жайкалган көктөм жазымсыз… Жок, минтсем да окшошпойт. Жалбырактын дирилдеги, аккан суунун шырылдагы… Жок, мунум да саал окшошпой калды. Эхх…
Күтүп келгем, күдөр үзбөй дагы да күтө берем. Жүрөк кылын дирилдетип ушинтип өзүмдү кыйнап күтө берем. Алды-артымдан шашып-бушуп эл өтөт. Ал эмес тиги да эмес, аркы да эмес, берки да эмес… Баштыкты көкүрөгүмө кыса кармап күтө берем, убакыт ордунда токтоп калгансыйт.
Мени эч унута көрбөңүз. Жол карап күндө бекетке келем да, шалпыйып маанай суз үйгө кайтам. Сизди жыйырмадагы кыздын сезими менен ойнобойт деп ишенем. Эсиңизге табериктей сактап алың, бир күнү эске аларсыз. Бул чакан бекеттин аталышын атайлап айтпадым. Баары бир мага бир күн жолугасыз.
Которгон Кубантай ЭРНАЗАРОВ, Москва шаары
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR