АҢГЕМЕ
Ата-энени балдардан бийик коюш керек – бул мендеги айныксыз ишеним, адеп-аклак тууралуу диний ой жүгүрткөндүн баары бала-чаканы гана бийик коюп, ата-эне тууралуу кыйратарлык сөз жок. Менин үй-бүлөмдө азыр ушундай акыбал. Карыганда балдардын күнүн көрүп, карыганда ушулар багар мени деген деле жерим жок, жөн гана бар күчүмдү балдарымдын ден-соолугуна арнап келаткан кербезим. Үч бала көрдүм: улуу кызым жетиде, уулум төрткө толду, кенжетай кызым быйыл бирге чыгат. Атанын көөнү балада, баланын көөнү талаада деген ырас тура. Атасы менен апасы ар качандан бир качан балдарын ойлойт.
Жай мезгил… Бардык үй-бүлө мүчөлөрү көчүк айланбаган чакан бөлмөгө кечки тамакка чогулушат. Ызы-чуу, тарака-турак; атасы иш арасында тердеген мурдун утур сүлгү менен аарчыганча көр жемесин баштайт:
– Жанагы “Янагидаруда”[1] айтылат эмеспи, тамакты ичип, анан тамак көл-шал тердетип деп. А мени бир жакшынакай атасын тажаткыр балдарым тердетип-кургатып жатып курутар болду, атаңгөрү.
Анда апасы сөздү бура сүйлөп:
– Атасынын мурду тердегенин койбоду, туурабы? Мурдун аарчый берип өлө турган болду.
Апа кургурда отурганга чамасы жок, баласын эмизгенче үстөлгө тамак коюп, балдарынын мурдун аарчып жаткан, төгүлгөн-чачылгандын баарын жыйнап.
Анда атасы апасына күлмүңдөй карап:
– А сен кай жагыңды аарчыйсың? Эки бутуңдун ортосунбу?
– Капырай де! Балдарына үлгү болор атасынын айтканы ушул болсо…
– Эми бул медицина жагынан алганда, аялдар айтып эле жүргөн кеп да. Улуу сөздүн уяты болмок беле.
Апасынын өңү заматта түнөрүп:
– Көкүрөктөгү жашымды аарчыган адам жок азыр. Көкүрөгүм толо ый…
Көкүрөгүм толо ый. Атасы үндөбөстөн тамагын чайнап олтуруп калды.
Мен негизи үйдө тамашага салып бура сүйлөгөндү жактырган жанмын. Жан-дүйнөнү кыйнаган ойлор мээни эзип-жей бергенде, ушинтип аз да болсо өзүңдү сооротушка туура келет. Үйдө гана эмес, жүрөктү өйүгөн ойлор үстүмдөн төө бастыга алып жатканда, алтургай эл көзүнчө ушинтип калжыңдап кетмей адатым бар. Конокторду узатып коюп, өзүң бутка тура албай талыкшып, башыңды жалаң акча тууралуу, абийир тууралуу, өз жаныңды кыйыш тууралуу ойлор чулгап алган учурлар болот. Бул нерсе менде эл көзүнчө болсо да мейли. Бирдемелерди чиймелеп олтурганда да ушундай акыбал келет. Жан-дүйнөм сыздаганда жалаң майда-барат, маанисиз нерселерди жаза берем, жаза берем. Ушинтип адамдар үчүн аз да болсо жакшы иш жасасам дейм, эл муну туура түшүнбөйт тура, жазуучу Дадзай олтуруп алып бүйүр кызыткан, адамдын делебесин козгогон сюжеттерди көр-жерден алып жаза берет деп да чыгышат.
Адамга жакшылык жасап койгондун эмнеси жаман? Же үңүрөйүп эч кимге сүйлөбөй керсейип басып жүрүшүм керекпи?
Кыскасы, мага керсейген ары жоктор, жүрөгүңдү сыгып тажатып жибергендер бири да жакпайт. Үйдө да тамашалайм, алтургай ичимди ит талап жатса да тамашалайм. Айрым өзүн өтө окумал сезгендер мага сын такканына карабастан, жашоом кудайга шүгүр, ичер тамагым, балдарым, жубайым бар. Жубайым экөөбүз бир да жолу жаман-жакшы айтышпадык, казан-аяк калдырап кагышпады. Атасы балдарына апасынан өтүп боор тартат, балдар экөөнө тең жакын. Бул албетте, сырттан караганда. Апасы курган сыртынан күлүп, көөдөнү менен ыйлап жашайт. Атасы жыргагандан түн ортосу чекесин муздак тер басып ойгонот дейсиңби. Ар кимиси ички дарты ичинде, сыртынан билдирбеш үчүн атасы тамаша кеп салат, жубайы өзүн буга жылмайып сооротот.
Апасы көкүрөгүм толо ый дегенин угуп, атасы мостойуп олтуруп калды. Анын көңүлүн жубатышка дагы тамаша кеп баштайын десе, башына түзүк эчтеме кирбеди. Үнсүздүк өкүм сүрүп, экөөндө тең апсаласи кир, балдардын апасын дагы жубатышка атасы ооз учунда ыргылжың күңкүлдөдү:
– Эгер кыйналып жатсаң, өзүңө үй кызматчы тапсаң боло.
Үч балалуу болдук. Атасы дегеле үй иши менен чатагы жок. Калжыңдап тамаша айтканы гана болбосо, жаткан төшөгүн өйдө жыйып коюшка жарабайт. Алтургай картасын көтөрө барып каттоодон өтүп коюшту унутуп салыптыр. Өз үйүндө кудум конок сымал күн кечирет. Тамак-ашын көтөрүнүп иштегени ижарага алган бөлмөсүнө кетет да, жумалап үйгө жолобой иштейт. Айдаганы беш эчки, ышкырыгы таш жарат. Бир күндө араң үч бет жазат да, керээли-кечке сакэ[2] ичет. Кечинде телтеңдеп калган эргул эс-учун билбей төшөккө кулайт. Жамандын жарма досу көп демекчи, ошол тегеректеги башы бош келин-кесек аттуунун баары менен тааныш.
Балдар айтмакчы… Улуусу менен ушул жазда төрөлгөн кенжетайым бат-баттан суукка урунуп ооруп калышат, бала деген бала да. Экинчи болуп төрөлгөн уулум ыргайдай арык, төрт жашка келсе да баспаган бечел, сүйлөбөгөн дудук, акыл-эси да кемтилгелүү. Тойгонун билбей жей берет, андан тыныгып деле кетпеди, төбөсүндө биртке чачы үрпөйүп, чачы да өспөй калды.
Атасы менен апасы ушул баласы тууралуу сөз кылыштан жүрөктөрү зар. Ата-энеге баласы тууралуу «дудук», «кемтилгелүү» деген сөздү оозанып айтыш кандай гана оор.
Апасы ага карабай уулун бооруна кысып көтөрөт, атасы муну көргөндө, баласын анын колунан сууруп алып кармаган бойдон дайрага секирип жибергиси келет.
Бир гезитте мынтип жазылыптыр: «... Дудук баласын балта менен чаап өлтүргөн. Баланча күнү түштөн кийин баланча даректе жашаган жашы элүүдөгү соодагер киши өзүнүн он сегиз жаштагы дудук баласын балта менен башка чаап өлтүрүп, андан соң кайчыны өз кекиртегине матырып алган. Бактыга жараша тирүү калып, азыр доктурдун көзөмөлүндө ооруканада жатат. Акыбалы өтө оор. Айрым белгилүү маалыматттарга караганда, жыйырма эки жаштагы кызы турмушка чыгып, күйөөсү менен бирге төркүнүндө жашап калат. Кыздын атасы үйдө бирге жашаган акыл-эси кем дудук уулунун айынан күйөө баласы менен кызы ажырашып кетеби деген кыжаалаттан улам акылдан бир аз азып, акыры ушул ишке барган...»
Гезиттен ушундай шумдук кабарларды окуганда, жашиктеп арак ичип кеткиң келет. Эх, шордуу башым, уулум жөн гана бечел болсо да мейли! Анда бир күнү тыныгып кетер беле, өзү теңдүүлөрдү кууп жетер беле. Анда апасы экөөбүз бир кезде тарткан муң-азапты, санаа менен өткөн арттагы жылдарды жылмаюу менен эстейт белек, атаганат! Туугандарга жана дос-жарга жарылылып айта беришпегени менен, бирок атасы менен апасы ичтен сыздап эңсегени ушул. Мунун чекесин сыртка чыгарышпайт, алтургай уулу менен эчтеме болбогондой тамашага салып ойноп калышат.
Апасы курган балдары дегенде жанын садага чапчудан бетер тытынат, атасы да кол куушуруп жөн олтурбайт. Чынында атасы кыйраткан деле жазуучу эмес же жумушту арыдан-бери кыла салчудан болсочу. Убагында апендинин кызындай мактай беришип, эми мынтип элден уялганынан гана жазымыш болуп жүрөт. Жазуу иши – жеткен тозок жумуш. Жанды алаксытышка кээде биртке сеп этиш керек болот. Адам ара жолдо же ары эмес, же бери эмес акыбалда сандалып калганда ичет. Өзүнө өзү ишенбей калганда ичет, жыргагандан ичпейт эч ким. Өзүнө ишенген адам эч качан бөтөлкөнүн түбүнө түшүп кетпейт (аялдардын ичкиликти аз ичкени ошондон улам).
Бирөө менен талашып-тартышкандан эч жеңүүчү аталбадым. Ким менен тартышпайын; баары көк беттенип жатып өзүнүкүн бербей жеңип кетет. Сеники туура деп унчукпай кутулгандан башка арга жок менде. Баарын баштан бир сыйра сыдырып өткөрөм да, өзүнүкүн бербей акылдуусунган, менден да өткөн келжиректер бар тура деп калам, талашып-тартышуудан жеңилем, андайларга теңелбейм деле. Талаш-тартыштан соң өлөрчө мушташкансып көңүлдө тоңуп муз калат. Мындайда жылмайып кутулам, ичимде ызам кайнап, өзүмчө ойго батам да, ич күптүнү басышка дагы ичишке туура келет.
Эми ток этерин айтайын. Кепти туш тарапка ала качып ар кайсыны айта бергенде не. Үйдөгү казан-аяк кагышканды айтып берейин дегеним. «Көкүрөгүм толо ый». Бул сөздү уккандан бир күн жарылып кетемби деп корком. Жубайым курган түшүнүктүү жан, ошого бир да жолу кол көтөрбөдүм, жаман-жакшы айтышпадык. Үйдө бир да жолу кырдаалды бычак мизине жеткирбедик. Сабырыбыз гана көп балээден сактайт, анан үн-сөзү жок тиреш башталат, тим эле ортого акча сайып кумар ойноп, ошол кумардан утуп чыккандын башына мүйүз чыга тургансып. Аялдын кекчилдиги түшүнүктүү – катынсыңбы деп мындайда бекер айтылбаган; а эркек болсо нары жагынан баам-парасаты жок.
Көкүрөгүм толо ый...
Күйөөсү уккан кулагына ишенбеди, бирок буга кыжыңдап кетпестен унчукпады. Сен гана көз жашыңды көлдөтүп жаткансып, кайдагы көңүлдө кыттай уюган жараны тырмайсың. Балдарды мен ойлобойт дейсиңби. Сага керек балдар мага да керек. Балдар бир аз сыркоолоп калганда, түндөсү уйкудан чочуп турганымды сезбеген чыгарсың. Жашаганга түзүк жай таап, сени балдар менен эчтекеден өксүтпөсөм дегенде эки көзүм төрт. Болгону ой жеткен жерге кол жетпей кыйнады. Тытынып иштегеним иштеген. Мен силерге сыйкырчы ажына эмесмин го. Бала белде, катын жолдо деп туруп үй-бүлөгө кол шилтеп басып кетчүлөрдөн эмесмин. Картаны көтөрө барып каттоодон өтүп коюшту билип эле турам, болгону эчтекеге көңүлүм чаппайт.
... Мунун баарын атасы оюнда ойлоп жатты, бирок айтышка чечкинсиздиги жол бербеди, жубайы көтөрө албаган кепти оозанып айтышка батынбады. Анан оюна бир нерсе келгендей акырын күңкүлдөдү:
– Өзүңө кызматчы тапсаң боло.
Жубайы кепке сараң эле, бирөө бирдеме десе баягы эле өзү билемдигин бербейт (бир эле бул эмес, аял аттуунун баары ушундай).
– Бизге ким келмек эле.
– Издесең табылат да. Үйдө биз менен чогуу жашап иштеген бирөө-жарымды тапсаңчы!
– Кечээ тапкан кызматчың деле кыйратып иш кылбайт деп жатпадың беле?
– Мен ошентип айттымбы?
Атасы чынында ошентип ойлойт, бирок бул ирет унчукпады.
– Эптеп бирөө-жарымды тап!
Апасы баласын жонуна көтөрүп үйдөн чыгып кеткенде, үйдө калган балдарды атасы карап калат. Ал аз келгенсип үйдөн кудайдын куттуу күнү конок үзүлбөйт.
– Кой, иш бөлмөгө кирип, жумушумду кылайын.
– Азырбы?
– Ананчы. Баягы жумушту бүгүн кечкиге бүтүрбөсөм болбойт.
Негизи жалган сүйлөп көргөн жан эмесмин, бирок үйдөгү көкөйгө тиер көңүл чөгөргөн көрүнүштөн бир жактарга качып кетким келет.
– Бүгүн кечинде эжемден кабар алганы кетем, – деди жубайым.
Кайнеже катуу ооруп төшөктө жатканын билем. Жубайым төркүнүнө кеткенде, үйдө балдар менен ызылдап мен калам.
– Анда балдарды караганга бирөөнү тап, – деп кесе айттым. Ушул кайын-журт тууралуу сөз болгондо эле жубайым экөөбүздө тең маанай бузулат.
Жашоо дегениң ар кандай, жинди катын алгандай тура. Туш тарабыңдан чынжырга байланып, былк этер замат чынжыр денеңди кыйып азапка салат.
Унчукпастан ордумдан турам да, үстөлдүн тартмасынан кол жазмаларды сууруп алып кимононун жеңине тыга салып, кара баштыкка сызма кагаздарды, сөздүктү салам, эчтеке болбогондой үйдөн чыгып кетем.
Жумушка жетпестен оюм башкага бурулду. Ойлогонум – же асынып, же сууга секирип өлүш. Иче турган жайга түптүз жөнөдүм.
– Кандайсың? – капталымдан аялдын шыңгыр үнү чыкты.
– Ой, кандайсың өзүң? Кел, бүгүн бир ичели! Үстүңдөгү кимоно сага куп жарашыптыр.
– Аай-иий, ыракмат! Жактыбы? Үстүмдөгү кимоно сага да жагат деп ойлогом, – дейт аялдын шыңгыр үнү.
– Аялым менен урушуп кеттим. Үйдө камалып олтургандан тажадым. Ичебиз бүгүн. Бүгүн сеникинде түнөп калам. Биротоло!
Ата-энени деле балдардан жогору койгон дурус деп ойлойм, бирок бизге окшогонду кайдан...
Алча алып келинди.
Биздин үйдө балдарга таттуулар анда-санда гана берилет. Алча дегенди кургандар көрүшө элек. Балдарга жегенге бирдеме көтөрө барсаң, мына ушунун өзү чыныгы бакыт эмеспи! Алчанын мөмөлүү бутактарын жипке шурудай тизип моюнга илип үйгө кирип келсем, чурулдап алдымдан утурлап чыгышар күчүктөрүм. Бирок атасы кызара көпкөн алчаларды утур бирден жеп, тамагынан араң өтөт, данегин түкүрүп салат, жан-дүйнөсүндө бир нерсе тыным бербей тынымсыз чыркырайт: «Ата-энени деле балдардан бийик койгон дурус».
Которгон Кубантай ЭРНАЗАРОВ, Москва шаары.
Жапондун улуу жазуучусу Осаму Дадзай (1909–1948) өмүрүнүн акыркы жылдары эч кимге сүйлөбөй, аралашпай түнт тартып, кээде чочугандай жалжактап ар кимге бир сүйлөп, күлүп-жайнап, айтор, түшүнүксүз адамга айланган. Үй-бүлөдө экинчи болуп төрөлгөн уулу төрт жашка чыкканда баспаган бечел, тили чыкпаган дудук, тамакты тойгонун билбей жеген кемтилгелүү болуп төрөлгөнү байкалат. Жазуучу кемтилгелүү уулун таштап салбай бооруна кысып көтөргөн аялын көргөндө, аны ушунчалык аяп, уулунун кийинки тагдыры тууралуу кыжаалат ойго батып, эч ким жокто жашып ыйлачу адаты болуптур. Бул адаты бара-жүрө акылдан айнуусуна себеп болгон. Өлөргө жакын кемтилгелүү уулуна арнап ушул «Алча» аттуу шедевр чыгармасын жараткан. (Котормочудан).