Сүрөт https://www.youtube.com/ булагынан алынды.
Агартуучулук – бул адамдын өзүнө таңуулап алган жетилбестик (жаш баладай) акыбалынан чыгуусу. Адамдын жетилбегендиги өз акылын башкалардын нускоосу жок колдоно албагындыгынын жыйынтыгы. Башкалардын нускоосун күтүү адам акылынын жетишпедегендигинен эмес, өз акылына таянууга болгон чечкиндүүлүк, кайраттулуктун жоктугу болуп саналат. Sapare aude! – өз акылыңды пайдалануу эрдигине ээ бол! – мына ушул агартуучулуктун урааны.
Табият адамга алмуздактан бери эркиндик бергенине карабастан адамзаттын көпчүлүк бөлүгү өмүрүнүн башынан аягына чейин өз акыл-эсине таянбай, тескерисинче, өз каалоолору менен жаш бала боюнча калганынын негизги себептери – жалкоолук жана коркоктук. Мына ушул себептерден улам адамзаттын башка бир бөлүгү өтө оңой жол менен булардын камкорчусуна айланат. Жетилбеген акыл-эс күтүү эң эле жайлуу, ыңгайлуу, анткени менин ордума ойлоно турган китебим болсо, мен үчүн ыйман келтирген дин кызматкери болсо, мага дары-дармек жазып берчү дарыгерим болсо өзүмдү-өзүм бекерге кыйнап эмне кылам. Акча төлөп койсом, башкалар менин ордума бул маселерди жайгарып жатышса менин ойлонушум ашыкча.
Адамзаттын дээрлик көпчүлүгүнүн, анын ичинде аялзатынын үстүнөн камкорчулук кылуу милдетин кубануу менен өзүлөрүнө алгандар өз кол алдындагыларына: акылды жетиктирүүгө болгон ынтызарлык жана ага болгон аракет оор деп эсептөөгө, ал гана эмес андай ойлордун өзү өтө кооптуу экенин эстерине байма-бай салып, көзөмөлдөп турушат. Камкорчулар биринчи кезекте бул "үй жаныбарларын" кемпай кылышат, андан соң бул багынган бечараларды өзүлөрү көрсөткөн көрсөтмөдөн сырт, өз алдынча эч нерсе кылдырбаганга көндүрүшөт. Андан соң камкорчулар, эгерде алар өзүлөрү билип бир нерсе жасаганга аракет кылар болсо, алардын алдында күтүп турган коркунучтарды айтып эсин чыгарат. Чындыгында ал коркунучтар өтө деле маанилүү эмес, анткени бир канча ирет жыгылып-туруп, акыр аягы алар басканды үйрөнүшмөк. Бирок мындай чалыштап жыгылуулар аларды коркуу абалына тушуктуруп, андан аркы аракетке барууга болгон кайраттын мизин мокотот.
Ошентип, адамдын жетилбегендик абалы дээрлик экинчи табигый көрүнүш болуп калды. Ал гана эмес ал мындай абал ага жага да баштайт, анткени чындыгында эле ага буга чейин өз акыл-эсине таянуу мүмкүнчүлүгү берилген эмес. Акылдын механикалык куралы болгон нускоочулук (догма) жана көрсөтмөнүн чегинен чыкпоо, тагыраагы, адамдын табият берген акыл-эске таянуу шыгына кыянаттык кылуу - жетилбестиктен чыгарбас түбөлүк кишен. Кишенди алып ыргыткан күндө да ал адам солгундаган ишенич менен кичиней арыктан гана секиргенге жарамак, анткени ал эркин кыймыл-аракет жүргүзүүгө көнгөн эмес. Мына ушундан улам аз сандагы адамдар гана өздөрүнүн жан дүйнөсүн өрчүтүү менен алгачкы туруктуу кадамдарын жасай алышкан.
Ошентсе да элге эркиндик берүү, алардын өзүн-өзү агартууга өбөлгө болушу мүмкүн, ал гана эмес сөзсүз ошондой. Көпчүлүктүн үстүнөн кароого дайындалган камкорчулардын ичинен көз карандысыз ойчулдар табылат, алар өзүлөрүнүн мойнуна артылган жетилбестиктен кутулуп, адамдар арасында адамдык баалулуктарды акылга салып кароо жана көз карандысыз ой жүгүртүүгө милдеттүү экенин айтып, жайылткандар табылат. Айрыкча баса белгилечү нерсе, эгер элдин үстүнөн камкорчулук милдетин аткаргандардын окууга шыгы жок кээси тарабынан козголоң салынып, мурдагы элди эзген камкорчулардын көпчүлүгү элдин алдында калышы мүмкүн. Мына бул жагдай көптөгөн адатка айланган жалган нерселерди чыгаруу бүлгүнгө алып келерин: алар акыр аягы бул жалган ойлорду ойлоп тапкандардан же анын башында тургандардан өч алаарын көрсөтөт.
Ушул себептен улам эл акырындык менен гана агартуучулукка жетет. Революция кылуу жолу менен жеке канкордун бийлигин же бийликти сүйгөндөрдү алып түшүү мүмкүн, бирок ал жол эч качан ойлонуу образын түп тамырынан өзгөртө албайт. Анткени жаалданган көпчүлүк үчүн эски жалган ойлордун ордуна жаңылары табыла берет.
Агартуучулук эркиндикти, болгондо да эч бир зыянсыз эркиндикти, а эң башкысы – эл алдында өз акыл-эсин колдоно алууну билгендикти талап кылат. Мына мен ар кайсы тараптан: "Акыл калчап ой жүгүртпөгүлө!" – дегенди угуп калам. Офицер айтат: "Ойлонбогула, анын ордуна көнүгүү жасагыла!". Салык чогултуучу: "Ойлонбой төлө!". Дин кызматкери: "Ойлонбой ишен!". Дүйнөдөгү бир гана өкүмдар айтат: "Алың жеткиче ойлонсоң ойлон, бирок баш ий!". Бардык жерде эркиндикти чектөө. Бирок кайсыл чектөө агартуучулук үчүн кооптуу? Кайсынысы чектеп тим болбостон, чектөөгө жардам кылат? Менин жообум: эл алдында өз акыл-эсине таянуу жана колдонуу качан да болсун эркин болушу керек, мына ушул гана адамзатты агартуучулукка алып келет.
Бир чети акылды жеке колдонуу кандайдыр бир чектөөгө алынышы мүмкүн, бирок жалпы агартууга жолтоо болбошу шарт. "Эл алдында өз акыл-эсин колдонуу" – деп мен кимдир бирөөнүн өз окурмандарынын алдында окумуштуу сымал колдонгон акылын түшүнөм. "Акыл-эстин жеке колдонулушу" дегенди адамга ишенип берилген коомдук мансапты же кызматты колдонгон сымал деп кабылдайм. Кээ бир коомдук кызыкчылыкка тиешелүү иштерде, анын ичинде коомдун кайсы бир катмары пассивдүүлүк көрсөтүп жатса, ал жерде коомдук механизм (мамлекет) абзел. Ал нерсе жасалма ынтымактуулукту жаратып, коом алдына коюлган максаттарга жетүүгө өбөлгө болуп, болбоду дегенде ал максаттарды кыйратуудан коргойт. Албетте, бул жерде талашуудан мурда баш ийүү абзел.
Бул механизм өзүн коомдун баардык бөлүгүнүн, ал гана эмес дүйнөлүк коомчулуктун мүчөсү катары эсептегендиктен (айталы, өз чыгармалары менен коомчулукка кайрылып жаткан окумуштуудай) ал иштерге зыянын тийгизбестен талашып-тартышып, ой калчай алат. Ошондуктан бул нерсе офицердин кызматын өтөп жаткан мезгилинде үстүдөн келген буйруктарды аткаруунун ордуна, келген буйруктун пайдалуу же пайдасыз экенин териштирип жаткандай түр калтырмак: ал баш ийүүсү кажет. Бирок адилеттүүлүк боюнча окумуштууга аскер кызматындагы кетирилген мүчүлүштүктөрдү байкабоого жана аны эл алдына алып чыгып талкуулоо сунушун тыйганга болбойт.
Чындыгында жарандар төлөй турчу салыгынан баш тарта албайт, анткени атайылап салык төлөөдөн качуу коомдук баш ийбестикке алып келер жаңжал катары жазаланышы мүмкүн. Бирок ошол эле салык төлөөдөн баш тарткан адам окумуштуу сымал салык системасынын адилетсиз жана ыгы жок салыктардын түрүнө каршылыгын жалпы эл алдында билдирсе, ал адам жарандык милдетинен тайган болбойт. Мына ошол сыяктуу эле дин кызматкери да дин башкармалыгы көрсөткөн доктриналардан чыкпай, кудайдын мыйзамын үйрөтүүсү, кызмат кылуусу шарт. Бирок ошол эле адам, окумуштуу катары эркиндике ээ жана ал дин ичиндеги диний доктринадагы каталарды, диний институттардын иштешинде кетирилген мүчүлүштүктөрдү жакшыртуу боюнча өзүнүн конструктивдүү ойлорун коомчулукка жеткизгени шарт, керек болсо милдети.
Бул жерде ал абийирин, ыйманын жемелей турчу эч нерсе жок. Ал адам дин кызматкери катары окуткан нерсеси дин башкармалыгы жактан бекитилип берилип жаткан соң, ал чийилген сызыктан чыга албайт, аткени ал өз түшүнүгү боюнча окутуу эркиндигине ээ эмес. Ал башка бирөөнүн атынан жана буйругу боюнча гана сүйлөй алат: "Мына биздин дин башкармалык буга же тигиге үйрөтөт, а бул алар колдонгон далилдер". Ошентип ал адам өзү баш болуп окутуп жаткан докриналардын баарын туура деп эсептөөдөн оолактаса, бул нерсе ал адамдын өз жамаатына тийгизген пайдасы.
Ал адам жамаатын окуутуну өз колуна алууга болот, анткени анын түшүнүгүндө жашыруун чындык болушу мүмкүн экенин жокко чыгарып салуу болбос. Кандай болсо да ал адам доктриналардагы көрсөтмөлөрдөн диндин маңызына карама-каршы келер эч нерсе тапкан жок. Анткени, эгер ал доктриналардан кандайдыр бир карама-каршы келер жагдайды бар деп эсептесе, анда ал чын дили менен ал доктриналарды жайылтууга бел байлабастан өз кызматын өткөрүп берүүгө тийиш болмок.
Дин кызматкери өз акыл-эсин өзү жалданган гана тараптын кызыкчылыгы боюнча жана өз жамаатынын астында колдонсо, демек, өз акыл-эсин жекече гана колдонгонун билдирет. Мына ушул себептен ал дин кызматкери катары эркин эмес, ал эмес эркин болуусунун өзү мүмкүн эмес, анткени ал башка бирөөнүн тапшырмасын аткарууда. Окумуштуу өз чыгармалары аркылуу өз элине (дүйнөгө) кайралганындай, дин кызматкери да өз акыл-эсине таянып эл алдында кайрылса, анда ал эбегейсиз чоң эркиндик мейкиндигине чыгуу менен бирге өз атынан сүйлөөгө мүмкүнчүлүк алат. Чындыгында элдин камкорчуларын руханий жактан жетиксиз деп эсептөөнүн өзү акмакчылык, ошол акмакчылыкты арттыра турчу жагдайлардын бири.
Бирок айталы, ошол эле кызмат көрсөтүүчү чакан коом, мисалы диний кеңеш (башкарма) эч бир өзгөртүлгүс деп эсептелген бир доктринаны бетке кармоо менен өз өкүлдөрүнүн үстүнөн жана анын аркасы менен бүткүл элдин үстүнөн көзөмөл жүргүзүүгө укук ала алабы? Менин оюмча, бул нерсе мүмкүн эмес. Адамзаттын мындан аркы агартылышынына каршы келген бул келишим кандай гана бийик делген бийликтин мөөрү басылбасын, кандай гана парламенттин же тынчтык келишиминин чечими болбосун – жараксыз келишим. Эч кандай доор кийинки доор менен келишим түзүү аркылуу, алардын мындан ары өсүп-өнүгүшүнө, билиминин көбөйүшүнө, агартуучулук жактан прогресске жеттүүсүнө бут тосо албайт.
Бул нерсе адам табиятына болгон кара мүртөздүк, адамдын чыныгы багына жазылган алдыга жылуу, өсүп-өнүүгүсүнө каршы келет. Ошондуктан кийинки кылымдар мындай келишимдерди мыйзамсыз жана кара өзгөй ой менен кабыл алынган деп сыпаттап, кабыл албай коюшка толук акылуу. Мындай мыйзамдарды кабыл алууда ушундай мыйзамды сунуштап жаткан тарап өзүлөрү ошол мыйзамды кабыл алаар беле деген суроо аркылуу каралышы кажет. Ал мыйзам жаңы мыйзам жана белгилүү бир түзүлүштү түптөөгө кеткен убакыт ичинде, убактылуу иштөөсү мүмкүн. Бирок ушул убактылуу түзүмдүн убагында ар бир жаранга (айрыкча окумуштуунун ролунда болгон дин кызматкерине) өзүнүн азыркы институттарга карата айтылган сын ойлорун айтууга толук эркиндик берилиши шарт.
Киргизилген тартип бул иштер коомчулукка терең жайылып жана илимпоздор (баары болбосо да) өздөрүнүн сунуштарын бириктирип эгеменге (падышага) диний тартипти өзгөртүүнү бир добуштан колдогон жамааттарды коргоого жана ошол эле кезекте эскини карманууну каалагандарга тоскоол болбогон жагдайга чейин улануусу кажет. Бир диний көрсөтмөнүн негизинен өмүр бою чыкпоого, аны эч кимдин сындоосуна, күмөн туудуруусуна жол бербөөчүлүк адамзаттын өсүп-өнүгүшүнүн жокко чыгаруу менен барабар. Буга абсолюттук түрдө тыюу салынышы кажет.
Адам өзүнүн агартуучулук ишин кийинкиге калтыруусу мүмкүн, бирок чектелүү гана мөөнөткө. Бирок билим алуудан өзү үчүн да, өз тукумдары үчүн да таптакыр баш тартуу адамга гана тиешелүү ыйык укугун бузуу болуп саналат. Эгерде бул нерсени эл өзү чече албаса, анда аны монарх чечүүсү андан да ылдыйга сүйрөйт, анткени анын башкарма катары бедели элдин каалосун, ыктыярын өзүнүкүнө шайкеш кылышында. Ал жүргүзүлүп жаткан чыныгы жана ошого окшогон жакшыртуулар коомдук тартипке шайкеш кылуусу гана кажет, ал эми анын негизги иши катары кол алдындагылардын кандай жол менен жанын куткарууну өзүлөрүнө коюшу кажет.
Жан куткаруу өкүмдардын иши эмес, анын иши бир адамдын бир адамга күч менен таңууланган аныктамаларынан сактоо. Чындыгында өкүмдар үчүн ал иштерге киришип, жазуу аркылуу өз оюн ачык айтылган нерселердин үстүнөн өзүнүн кол алдындагылар аркылуу көзөмөл жүргүзүүсү кандай гана бийик максат менен кылбасын, өкүмдар сынга кабылуусу мүмкүн: Caesar non est supra grammaticos. Цезарь грамматиктерден жогору эмес. Андан да жаманы – өкүмдар өз бийлигинин тарпын чыгырып, өз мамлекеттинде ар кандай тирандардын руханий деспотизмин колдоо аркылуу өз элин алардын алдына басып бергенинде.
Биз агарган доордо жашап жатабызбы деп сурасак, анда анын жообу: жок, биз агартуучулук доордо жашайбыз. Бүгүнкү жагдайды алаар болсок, адамдардын баардыгы эле диний маселелерде бирөөлөрдүн башкаруусунан сырт, өз акылына таянып жана ишенимдүү түрдө ой калчоосуна алда канча алыс. Бирок ошол эле учурда агартуучулук жолунда биздин арабызда көзгө көрүнөрлүк белгилери пайда болуп жатканы байкалууда. Адамзаттын агартуучулук жолуна төшөлгөн же адамдын жетилбеген абалынан чыгуусуна болгон тоскоолдуктар акырындык менен азайды. Бул өңүттөн алганда, ушул кылым агартуунун же Фридрихтин кылымы.
Падыша өз алдындагыларга диний маселелер жаатында эбегейсиз эркиндик бергени жана аларга өз доктринасын таңуулабаган саясатын өзүнүн золобосун түшүүсү деп эсептебей, тескерисинче, баарына тең караган сабырдуу (толеранттуу) атыккан кур намыстан баш тартса, анда бул нерсе падышанын билимдүүлүгүнөн кабар берет. Бул кылган иши менен адамзатты бери дегенде эле бийликтен болгон көз карандылыгынан арылтып, ага ыраазы болгон адамзаттын жана урпактарынын сый-урматтына татыйт. Анын башкаруусу алдында жүргүзүлгөн саясатты пайдаланып, дин кызматкерлери өздөрү иштеген кызматтык милдеттерине карабай, окумуштуу сымал өздөрүнүн ойлорун жалпы кабыл алган докринага каршы келсе да дүйнөгө ачык жана эркин жарыялай алышат.
Бул нерсени эч кандай кызматтык милдеттенмелери жок адам андан бетери кеңири колдонуусуна тоскоолдук жок. Бул эркиндиктин руху [Пруссия] сыртына да жайылып, ал жердин падышасынын бийлиги өзүнүн чыныгы кызыкчылыгын көрбөй бут тосуп жатса дагы, алар менен күрөшкө чыгууга туура келсе да жайылышы кажет. [Фридрихтин Пруссиясы] эркиндиктин көп берилиши коомдук тартип менен эл биримдигине доо кетпей турганынын бир кашкайган мисалы. Эгерде адамдарды атайын жапайчылыкта атайын кармоо болбосо, алар акырындык менен жетилбелбеген абалдан чыгып кетишет.
Мен адамдын өз ыктаяры менен болуп келген жетилбеген абалынан чыгуусунун башкы пункту – эң оболу диний маселелер жаатында экенин белгиледим, анткени биздин падышалар илим, искусство жаатында өзүлөрүнүн кол алдындагыларга баш-көз болууну анчейин каалашпайт. Диний жааттан жетилбегендик зыяндуу гана болбостон, кыянатчыл жорук да болуп саналат. Бирок эгемендүү падышанын илим жана искусстводогу эркиндикти колдоого болгон ынтаасы андан ары уланып, өз кол алдындагыларга эл алдында өз акыл-эсине таянып, коомдук түзүлүштүү жакшыртууга болгон жана өкүм сүрүп турган мыйзамдарга каршы сын-пикир айтуусунда эч кандай бир коопсуздук жогун билет. Бул багытта башка монархтарга салыштырмалуу биз кадырлаган монарх түзгөн эркиндик, эркиндиктин мыкты мисалы болуп бере алат.
Билимдүү адам өз көлөкөсүнөн коркпогон сыңар, ал адам көп сандаган жана жакшы дисциплинага келтирилген аскер башкарган адам коомдук тартиптин кепилдиги болуп бере алат жана ал эркин мамлекеттин (республика) падышасы айта албаган сөздү айта алат: "Канча, эмне кааласаңар талашып-тартыша бергиле, бирок баш ийгиле!" Ошентип бул жерден да адамзаттын кайсыл ишинде болбосун, боло турчу парадоксалдуу жана таң калаарлык өңүт пайда болду: бир четинен коомдун канчалык эркиндиги бийик жана көп болуп, элдин руханий жан дүйнөсүнүн өсүшүнө пайда бергени менен ошол эле учурда анын алдына өтө алгыс тоскоолдуктарды жаратууда. Ал эми коомдук эркиндиктин аз болуусу элдин руханий өсүүсүнүн мүмкүн болгон чегине жеткидей кеңири мейкиндик түзүлүүдө.
Ошентип эркин ойлонууга умтулууну жана адамга табышталган урукту табият өз кыртышында өтө кылдаттык менен өстүрүп, аны аябай кастарлаганында. Мына ошол урук акырындап жетилип, баралына келүү менен бирге адамдар өз акыл-эсине таянып ой жүргүртүп, эркин кадамдарды кылуусуна өбөлгө. Мына ушундай эркин ой жүгүртүү мамлекетке да таасирин тийгизип, мындан ары анын адамдар менен машина сыяктуу эмес, адамгерчилик менен мамиле кылуусуна алып келет.
Которгон Арген КАДЫРОВ, Орусия Элдер достугу университетинин (РУДН) философиянын тарыхы кафедрасында аспирант, Москва ш.
Оригиналы: What Is Enlightenment? Immanuel Kant http://www.columbia.edu/acis/ets/CCREAD/etscc/kant.html
Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996 700 532 585 жана ЭЛСОМ +996 558 080 860, МойО +996 0700532585 жана Оптима банк-4169585341612561.
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR