Сүрөт cyclowiki.org/wiki/ булагынан алынды.
«Пайдасы тийбес билим болот, аны билбей калгандан зыян тартпайсың».
Ибн Халдун (1332–1406) – араб философу, тарыхчы, окумуштуу ойчул. Ал экономиканын көптөгөн фундаменталдык түшүнүктөрүн ачкан, анын эмгектери учурда да актуалдуу. Ибн Халдун өзүнүн «Мукаддима» («Тарыхка киришүү») аттуу тарыхый эмгегинде өлкөлөрдүн жана элдердин көтөрүлүшү, кулатылышынын себептерин талдаган. Анда айтылган идеялар азыркы клиодинамиканын да өзөгү болуп саналат. «Башкаруучу-философ» жетектеген «адилеттүү коом» идеясы негизинен Ибн Халдунга таандык. Ошондой эле ал социологиянын негиздөөчүсү болуп эсептелет.
Ал жалданма аскерлер үчүн мамлекеттик чыгымдарды кыскартууга өзгөчө басым жасап, соода менен өндүрүшкө тоскоолдук кылган салыктар менен тарифтерге каршы болгон. Ибн Халдун бюрократия мотивациянын жана окутуунун начардыгынан коммерциялык ишмердүүлүктү эффективдүү башкарууга тоскоолдук кылат деп эсептеген. Ал мамлекет соодага жана өндүрүшкө аралашкан өлкөлөрдө экономикалык солгундоо жаралып, жыйынтыгы төмөндөй тургандыгын көрсөткөн.
Ещё в XIV веке Ибн Хальдун постулировал, что цена товаров и услуг определяется спросом и предложением. Ещё до Адама Смита им была открыта ценность и необходимость разделения труда. Он опередил Давида Рикардо в открытии трудовой теории стоимости и до Джона Кейнса рассмотрел роль государства в стабилизации экономики. Вероятно, Ибн Халдун был первым, кто ввел в научный обиход понятие цивилизации. «Государство – институт, пресекающий любую несправедливость, кроме той, которую оно творит… само»,- Ибн Хальдун
Ибн Халдун XIV кылымда эле товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы суроо-талап менен сунуштун негизинде аныкталарын айткан. Ал Адам Смитке чейин эле эмгек бөлүштүрүүнүн баалуулугун жана зарылчылыгын ачкан. Ал нарктын эмгек теориясын ачууда Давид Рикардодон мурда эле Жон Кейнске чейин экономиканы турукташтырууда мамлекеттин ролун белгилеген. Цивилизация түшүнүгүн илимий колдонууга биринчилерден болуп Ибн Халдун киргизген болушу да ыктымал. «Мамлекет өзү жараткандан тышкары да бардык адилетсиздикти жайгаруучу институт» экенин баса белгилеген.
Которгон Бек Тамырлан
Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996 700 532 585 жана ЭЛСОМ +996 558 080 860, МойО +996 0700532585 жана Оптима банк-4169585341612561.