Сүрөт https://www.wday.ru/ булагынан алынды.
Тибеттик тарбиянын негизги эрежелери:
Эң негизгиси – эч качан кемсинтүүгө жана уруп-сабоого жол бербе. Балдарды уруп-согуунун жападан жалгыз себеби, алар жооп берүүгө алсыз.
- Биринчи мезгил: 5 жашка чейин. Балага “падышага” мамиле кылгандай мамиле жаса. Эч нерсеге тыюу салба, аны алаксыт. Эгер ал кооптуу бир нерсе жасап жатса, коркуп кеткендей түр көрсөт. Көздөрүңдү ачып-жуумп, алаңдатып, чочугандай үн чыгар. Бала мындай тилди сонун түшүнөт. Ушул учурда алардын айлансында болуп жаткан нерселерге кызыгуулары артып, жашоого болгон көзкараштарынын алгачкы кыштарын коюп жаткан кез болот. Ал узун логикалык чынжырчаны түзүүгө али алсыз. Мисалы, ал кымбат идишти сындырып алды дейли. Ал мындай кымбат идишти сатып алуу керектигин, ал үчүн көп иштеп, көп акча табуу зарылдыгын түшүнбөйт. Жазалоону ал күч колдонуу катары кабыл алат. Сиз ага идишти сындырбай сактоону эмес, ким күчтүү болсо ага баш ийгенди үйрөтөсүз. Сизге ошол керекпи?
- Экинчи мезгил: 5 жаштан 10 жашка чейин. Бул учурда балага “кулга” мамиле кылгандай мамиле кыл. Тапшырма берип, анын аткарылышын талап кыл. Аткарбай калган иши үчүн жаза колдонсо болот (бирок уруп-сабоо жолу менен эмес). Бул мезгилде баланын интеллектиси абыдан активтүү өсүп жаткан болот. Бала анын ар кандай аракеттерине чоңдор кандай реакция жасайт, – ошону болжолдогонду үйрөнүп, өзүнө карата жылуу мамилени жаратканга умтулат, начар мамилеге чакыргандан качуу керек. Бул кезде аларга терең билим берүүдөн коркпогула.
- Үчүнчү мезгил: 10 жаштан 15 жашка чейин. Аларга кандай мамиле жасоо керек? Тең курактагы адамдарга мамиле кылгандай. Ообо, тең курактагы адамдар сыяктуу, анткени баары бир сиздин тажырыйбаңыз да, билимиңиз да аныкынан кыйла көп. Аны менен кеңешкиле, өз алдынчалыкка болгон умтулуусун колдогула. Өз көзкарашыңызды талкуу, кеңеш берүү аркылуу “жумшак кол” менен таңуулаңыз. Анын туура эмес кылганын көрсөңүз, ага жөн гана тыюу салуунун ордуна ал иштин терс жыйынтык берерин ачып көрсөтүүгө аракет кылыңыз. Дал ушул учурда анын айдама болбой, өз алдынчалыгы жана көз карандысыз ойлонуусу калыптанат.
- Акыркы мезгил: 15 жаштан өйдө. Ага сый мамиле кыл. Аны тарбиялоо эми кеч болуп калды. Ушуга чейин кылган эмгегиңиздин жыйынтыгын көрө турган учур гана келди.
Бул эрежелерди сактабай коюу кандай жыйынтык берет?
- Эгерде 5 жашка чейинки балдарга күч колдонсоңуз, анда Сиз анын жашоого болгон активдүүлүгүн, ага кызыкчылыгын, интеллектисин басынтып, аны күчтүү нерселерге ойлонбой баш ийүүгө үйрөтөсүз. Эрки бош, жалтак мүнөз, турмушунда ар кандай жаман адамдардын жеми болот.
- Эгерде 5 жаштан кийин деле эрке-талтаң өстүрүүнү уланта берсеңиз, анда бала эч нерсеге ыгы жок, борпоң, жоопкерчилиги жок болуп чоңоёт.
- Эгерде, 10 жаштан кийин деле көзөмөлдү бошотпой катуу кармасаңыз, анда өз жөндөмдүүлүктөрүн пайдаланганды билбеген, өз күчүнө ишенбеген, башкаларга көз каранды, айдама адамды тарбиялап чыгарасыз.
- Эгерде баланы 15 жаштан өткөндөн кийин сыйлабасаңыз, ал аны кечирбейт. Биринчи мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Сизден алыс кетүүгө аракет кылат.
Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ