Улук Уракун: Оппенгеймер: гений жана кара ниеттик (1-макала)

  • 14.08.2023
  • 0

Сүрөт https://itc.ua/ булагынан алынды.

(Критикалык эссе)

“Адамдардын бардык өнөрү Прометейден”
Эсхил, Прометей

“...искусство, ага бекем бойдон калуу үчүн өз аныктамасынан, өз концепциясынан чыгышы керек. Искусствону жок кылуу идеясы искусствону кадыр-барктуу кылат, анткени бул анын чындыкка болгон асыл умтулуусун айгинелейт”.
Теодор Адорно "Эстетикалык теория" (1970)

Эмне себептен Ноланд “Оппенгеймер” тасмасын Warner Brothers эмес, Universal Pictures компаниясынын колдоосунда тартты?

Кептин баары “Оппенгеймерге” чейин тарткан Terent (орус тилине “Довод” деп которулган) тасмасынын тегерегинде жаралган көйгөйлөрдө деп айтылууда. Ал тасма 2019-жылы тартылып баштап, даяр болуусу пандемия COVID-19 учуруна туш келип, бетачар мөөнөтү үч жолу жылдырылган. Аягында ошо каргашалуу убакта фильм жарыкка чыгып, адаттагыдай өтө жакшы касса чогулта алган эмес. Ноландын тасмалары каражат жыйноо жагынан дайыма өтө бийик көрсөткүчтөргө жетип турчу эле да.

Ошол себептерден уламбы же дагы башка себептер кошулдубу, кыскасы, өз үй-бүлөсүндөй болуп калган Warner Brothers компаниясынан кол үзүп, Нолан “Оппенгеймерди” Universal Pictures менен тартууну чечкен. Кайран Нолан! Кызматташуу шарттарында, окуп отурсаң, эми укмуш талаптарды койгон экен. Universal Pictures анын баарына макул болуп этегин түрө чуркаптыр, эптеп эле генийди колунан чыгарып ийбештин амалын кылган көрүнөт. Анткени башка чоң студиялар да жандары калбай кол булгалап турду да, албетте.

Эмесе маданият дүйнөсүндө ажиотаж жараткан “Оппенгеймер” тасмасы жөнүндө критикалык анализимди окурмандарга тартуулайм. Бул жерде мен анын азыркы учурдагы актуалдуулугун кеп салам. Аны менен катар Ноланандын фильмографиясындагы башка тасмаларынан “Оппенгеймердин” айрымачылыктарын белгилеп, жалпы заманбап искусстводогу жана режиссёрдун жеке чыгармачылгындагы өзгөчө орду тууралуу ойлорум менен бөлүшөм.

Прометей жана Фауст

“Оппенгеймер” - Кай Бёрд менен Мартин Шервиндин “Оппенгеймер. Америкалык Прометейдин ийгилиги жана трагедиясы” китебинин экрандашылуусу. Америкалык жазуучулардын бул китеби дароо эле Мэри Шеллинин “Франкенштейн же заманбап Прометей” романын эске салат.

“Оппенгеймер” тасмасында, анын негизин түзгөн китептин аталышынан эле түшүнүктүү болгондой, “атом бомбасынын атасы” физик Роберт Оппенгеймер Виктор Франкенштейн менен каймана салыштырылат. Албетте, антип салыштыруунун жөнү бар. Роберт Оппенгеймер өз заманынын дүйнө илиминде чоң орунду ээлеген белгилүү илимпозу, агартуучусу эле. Ошол эле учурда ал тарыхтагы эң көп талаш жараткан инсандардын бири. Ага себеп - Экинчи дүйнөлүк согуштун аягында Оппенгеймер жараткан атом бомбалары Жапония шаарлары Хиросима менен Нагасакини жер менен жексен кылып, калкынын жүз миңдегенинин өмүрүн кыйып, кыйла адамдарды өмүр бою майып кылган. Курман болгондордун дээрлик бардыгы бейкүнөө адамдар.

Шеллинин чыгармасында илимпоз Виктор Франкенштейн жашоонун кантип пайда болушунун сырын түшүнүп, жансыз материяны жандандырууну үйрөнүп, өлүктөрдүн бөлүктөрүнөн жасалма адамды (Аты жок желмогуз) жаратып чыгат. Бирок кийин андан баш тартат, анткени желмогуз ырайынын сууктугунан улам адамдарга жек көрүндү болгону үчүн өзүн жараткан кишинин артынан түшөт.

Оппенгеймер менен Франкенштейн абдан туура салыштырылган. Анткени Оппенгеймер жараткан атом бомбасы ошол эле Франкенштейндин Аты жок желмогузу.

Бирок мен Оппенгеймерди Фауст менен салыштырууну да эп көрөт элем. Туура, Прометей менен Фаусттун да окшоштук жактарын таап көрсө болот. Алар экөө тең чектөөлөрдөн өтүп кеткен каармандар. Антейин десең, дүйнө адабияты андай ээн баштарга толо го: Одиссей, Эдип, Дон Кихот, Адам жана Обо менен “Тентиме бала” (Библия), Дон Жуан, Макбет, Раскольников, Эр-Төштүк ж.б. Дүйнө адабияты ошолордон турат. Алар менен Прометейдин жана Фаусттун кандайдыр бир окшоштуктары табылышы мүмкүн болгону менен, айырмачылыктары өтө көп.

Прометей ааламда орнотулган мыйзамдарга каршы чыккан титан болсо, Фауст өз билиминин деңгелине ыраазы болбой, чексиз билимге ээ болуу менен бирге күнүмдүк ыракаттарга батууну эңсеп, ал үчүн жанын Мефистофелге (шайтан) саткан илимпоз.

Чынында Фауст жөн эле тарыхый инсан же адабий каарман эмес. Христиан доорунда жаралган классикалык Батыш маданиятын алганда ал фундаменталдуу түшүнүк. Залкар немис философу Освалд Шпенглер (1880–1936) белгилүү “Батыш соңу” (Закат Запада) аттуу эмгегинде тарыхтын мезгилдүүлүгүн сүрөттөп, батыш Европа цивилизациясын “Фауст цивилизациясы” деп аныктаган. Башкалардан кескин айырмачылыгын так белгилеген Шпенглер, Батыш Фауст рухунун негизги символу чексиз мейкиндикте динамикалык энергия деп эсептеген. Эми бул абстрактуу сөздөрдү, окурмандарга түшүнүктүү болуш үчүн, жөнөкөй тил менен мисалдарды келтирип кетейин.

Улуу географиялык ачылыштар (өзгө жерлерди колониялаштыруу), күн системасынын ачылышы (Коперник) жана башка толгон токой тарыхта илимге болуп көрбөгөндөй жаңылыктарды кийирип, революция кылган ачылыштарды жасап келген батыш Европа цивилизациясынын өзгөчөлүктөрүн баарыбыз билебиз. Бирок бул ачылыштарды, революцияларды (илимий, маданий, саясий) эмне бириктирет? Мунун баарын ошо батыш Европа маданиятынын (цивилизациясынын) адамын мүнөөздөчү нерселер бириктирет: чексиз мейкиндикти чексиз сүйүү, ага өз жанын садагага чаап салып умтулуу, дайым чек араны ашып кетүүнү эңсөө, коомдук турмуштун чегинен чыгып, ага таандык кубулуштарга карата тышкы байкоочу позициясына жетүү, бейбаштык, билбегенди билүү үчүн жанынан кайыл болуу, өз тамырынан ажырап кетүү жөндөмдүүлүгү.

Шпенглер жазган “Фауст цивилизациясынын” адамын жөнөкөй тил менен сүрөттөсөк, ал так ушундай сапаттарга ээ. Фаусттун чексиз билим жана күнүмдүк ыракаттар үчүн жанын шайтанга сатканын, анын мындай моралдык нормаларга ылайык келбеген кадам жасоосун, Шпенглер метафора катары колдонуп, өзүнүн философиялык жана тарыхый концепциясын иштеп чыккан.

Америкалык еврей улутундагы илимпоз Роберт Оппенгеймер менен “Фауст цивилизациясынын” адамынын кандай байланышы болушу мүмкүн, классикалык батыш Европанын мүнөздөмөлөрү АКШга кандай тиешеси бар деген суроолор пайда болушу ыктымал.

Айтылган эмгегинде Шпенглер философияга, социологияга, маданияттаанууга “псевдоморфоз” деген жаңы түшүнүк киргизген. Ал термин Шпенглер боюнча глобалдашуу доорунда бир маданият бөтөн маданият менен жуурулушуп, мутация себебинен алгач өзүнө мүнөздүү эмес сапаттарга ээ болуп калаарын түшүндүрөт. Албетте, маданий кагылышууда күчтүүрөгү жашоого жөндөмдүүрөк болгондуктан басымдуулук кылып чабалын жеңет. Чабал маданият күчтүүнүн үстөмдүгүнөн улам ассимиляция боло баштайт. Ошол эле учурда ал канчалык трансформация болуп, өзүнүн мурунку келбетинен канча алыстабасын, эч бир учурда күчтүүрөгү менен жүз пайыз иденттүү болуп калбайт. Табият өзү ушундай. Өзгөрүүгө дуушар болгон маданият, мурунку келбетинен ажырайт, бирок башка эч бир маданиятка жүз пайыз окшобостон, таптакыр жаңы тариздүү болуп калыптанат. Ошондо 1+1=2 эмес, 1+1=3 болот. Эки маданияттын кагылышуусунан үчүнчү маданият пайда болот. Так ушул процессти Шпенглер минералогия илиминен алган “псевдоморфоз” термини менен белгилеп койгон.

Глобалдашуу заманында дүйнөдөгү бардык эле маданияттар Батыш цивилизациясына аралашып, өзгөрүүдөн кача алган жок. Бул жараян бүтпөстөн, тескерисинче, уламдан улам күчөп, уланып келет. Азыр дүйнө эли “жалпы казанда кайнап” аткан учуру. Эски турмуш кайтарылгыс жайга кеткенин түшүнө албай, азыркы замандын стандарттарына көңгүсү келбей, кежирленип, башкаларга эле эмес, биринчи кезекте өзүлөрүнө чоң зыян апкелип атканына карабастан батыштын баалулуктарына каршы согуш жүргүзүп жаткан бүгүнкү өлкөлөрдүн кадамдарын өзгөрүүлөрдөн жана жаңылануудан корккон реакция катары баалоого болот.

Өзгөрүү демекчи, ал тургай глобалдашуу процессинин тоталдуу (жалпы) табиятынан Батыш өзү да трансформацияга учурады. Баягы илгерки классикалык Батыш азыр жок. Космополитизмдин чордону болуп Батыш өзүнө башка маданияттардын баарын камтып (ЮНЕСКО) алуусунун натыйжасында дүйнө маданиятынын да Батышка таасири зор. Умберто Эко “афро-европейлешүүгө” көнүп жашаганды үйрөнүшүбүз керек деп убагында жөн айтпаса керек, анткени так ошол доор келди.

Классикалык Еропа Бель-эпок (Аруу доору) бүткөн соң Титаник менен кошо чөгүп кеткен. Ылай өтүгү төрдү булгап, материализм доорунун жүзү болгон 20-кылым чындап ошондо Биринчи дүйнөлүк согуш менен кошо кирип келген. Так ошол мезгилде Шпенглер “Батыш дүйнөсүнүн батышын” жазган. Көбү ал эмгегинин анык маңызын түшүнө албагандыктан аталышын түзмө-түз чечмелеп келет. Бул караңгылыктын жана руханий адепсиздиктин белгиси.

“Псевдоморфоздун” айынан “Фауст цивилизациясынын” эмдөөсүн алып, баарыбыз эле жарым-жартылай “Фауст адамы” болуп калганыбыз ырас.

Андыктан 20-кылымдын Батыштагы эң билимдүү адамдарынын бири, залкар илимпоз, “атомдук жинди” бөтөлкөдөн чыгарып салган Роберт Оппенгеймерди легендарлуу каарман профессор Фауст менен салыштыруум мыйзамченемдүү эле болсо керек.

Амбициялуу илимпоздун дүйнөдөгү белгилүү коллегаларынан алдыга озуп чыгып, мамлекет менен келишим кылып, өзөктүк куралды иштеп чыгуу максатында Лос-Аламос улуттук лабораториясын жетектеп (1943-1945), атом бомбасын жаратып, аны Хиросима менен Нагасакини бомбалоого макул болгондугу жанын Мефистофельге сатпаганда эмне?

Гений жана кара ниеттик дихотомиясы

Кристофер Нолан тасманы тартаардын алдында башкы ролго дайындалган Киллиан Мёрфиден Милош Формандын “Амадей” (1984-ж.) кинотасмасын көрүп чыгууну суранган. Ал тасма Питер Шеффердин уйкаш аттагы пьесасынын негизинде тартылган. Шеффер өз кезегинде Пушкиндин “Кичинекей трагедиялар” циклиндеги “Моцарт менен Сальери” аттуу пьесасынан таасирленгени белгилүү.

Пушкиндин пьесасында Моцарттын гениалдуулугун көрө албаган Сальери ага уу берип өлтүргөнү сүрөттөлөт. Бул сюжет тарыхый чындыкка дал келбегени эчак далилденген. Бирок ал окуянын чын же калп экенине эмес, акындын чыгармасында көтөрүлгөн андан маанилүү маселеге көңүл буруу керек – гений жана кара ниеттик. Пушкиндин Моцарты гений менен кара ниеттик бири-бирине шайкеш келбечү нерсе деп өкүм чыгарат. Кеп эми ошондо.

Гений жана кара ниеттик. Бул эки көрүнүштү мынтип бөлүп кароонун өзү туурабы? Алгач мен ушу суроодон баштоо орундуу болот дейт элем.

Гений жана кара ниеттик делген дихотомия жаралып калуусунун себеби: бир жагынан гуманисттик идеалдарга, адамдын бийиктигине чын жүрөктөн берилип ишенген бала кыял Агартуу доорунун маданиятта калган изи, бир жагынан Агартууга кийин өзүн карама-каршы койгон романтизм доорунун гений деген түшүнүктү ашыкча культ кылып, гениалдуу саналган адамды ыйык тутуп, ага сыйынуусу. Ар башка жолдор - бир натыйжа.

Макул, бул генийди кудай сымаал бийиктикке көкөлөткөн мурунку учур дейли. А бир топ илимий-техникалык революцияларды башынан өткөргөн биздин убакчы?

Рационалдык талдоо жасаганга мүмкүн эмес массалык кылмыштарга өтө бай 20–21-кылымдар үчүн гений менен кара ниеттик түшүнүктөрүн олуттуу түрдө бирине бирин антитеза катары караштын өзү, албетте, абсурд. Анткени ошол кылмыштардын көпчүлүгү гениалдуу илимпоздордун шарданы менен жасалган.

Ойго келбес, акылга сыйбас мыкаачылыктын жүзү, массалык кылмыштардын эң белгилүүлөрүнүн бири - Хиросиманы жана Нагасакини атомдук бомбалоо (6-август, 1945, 9-август, 1945). Адамзат тарыхында атом бомбасы бүткүл мамлекетке, анын калкына каршы ушул эки эле жолу колдонулган. Ал экинчи дүйнөлүк согуштун акыркы этабында АКШнын Куралдуу Күчтөрү тарабынан Жапонияга каршы ишке ашырылган.

Атомдук бомбаны сыноо же коопсуз аймакта күчүн көрсөтүү ирээтинде эмес, аны согуштук максатта каршылаш өлкөгө жана анын күнөөсүз жөнөкөй жарандарына каршы эки жолу колдонулганы – албетте, жырткычтыктын апогейи болгон.

Так ошол массалык кыргын салуучу куралдар “атом бомбасынын атасы” атка конгон белгилүү америкалык физик Роберт Оппенхаймердин жетекчилиги астында иштелип чыккан.

Өзөктүк курал - техникалык жагынан караганда илимдин триумфу болсо, анын согуштук курал катары колдонулуусу гумандык жагынан илимдин демонстрациялуу өлүмү болгон. Анткени мен деген илимпоздор тобокелдикке салып, жеке амбициялардын, негизсиз текеберчиликтин айынан илимдин маңызын түзгөн гуманизмден кайтып, агартуу жолунан адашып, цинизм менен караңгылыкка баткандары сыр эмес.

Бул аморалдык окуядан улам цивилизациянын фундаменталдык кризиске туш болгонун француз жазуучусу Альбер Камю 1945-жылдын 8-августунда Хиросиманы бомбалоого каршы жарыяланган макаласында “механизацияланган цивилизация жапайычылыктын акыркы этабына жаңы эле жетти” деп жазган.

Андыктан, болгон моралдык чектерден өтүп кеткен биздин заманга гениалдуулук менен кара ниеттикти бөлүп кароо таптакыр жарашпайт. А бирок бул биздин заманга эле мүнөздүү көрүнүшпү? Мейли, Холокост менен Хиросима жана Нагасакини атомдук бомбалоодон кийин биздин “шизофрениялуу” заманбап цивилизациябыз үчүн таң калаарлык эч нерсе калбагандыр, бирок мурунку убакта генийдин баары эле кара ниеттиктен алыс болгонбу?

Андай болсо 16- жана 17-кылымдар италиянын эки белгилүү генийи Бенвенуто Челлини менен Караваджону кайда катабыз? Экөө тең киши өлтүргөн.

Челлини бир эмес бир топ жолу өз колу менен адам канын төгүп, болгондо да кылган ишине өкүнмөк турсун, “Флоренциядагы Маэстро Жованни Челлининин уулу Бенвенутонун жашоосу, Флоренцияда өз колу менен жазылган” деген автобиографиясында өзүнүн кылык-жоруктарынын баарын төкпөй-чачпай жазып калтырган. Ал китеп 16-кылымдын эң маанилүү маданий мурастарынын бири катары эсептелинет. Аны немисчеге убагында Гёте которсо, Александ Дюма-атасы Челлининин өмүр баянына шыктанып, “Асканио” романын жазган, Гектор Берлиоз опера жараткан. Көзү түрүүсүндө Челлининин чыгармачылыгы менен Ренессанстын генийлери Микеланджело жана Варки, маньерист Вазари суктанышкан.

Барокконун башында турган Караваджодой бүткүл искусствонун өнүгүшүнө эбегейсиз салым кошкон, андай таасирдүүлүгү күчтүү сүрөтчүлөр аз. Караваджонун генийинин масштабы Кайра жаралуу доорунун алптары Леонардо Да Винчи, Тициан, Рафаэль, барокконун дагы бир генийи Рембрандт, ушулар менен гана теңдеш. Ага салыштырмалуу калгандары жупунураак.

Эми буларды кантебиз? Гуманисттик италиялык искусствонун башында тургандардын арасында кадимки киши өлтүргүчтөр бар экен! Кантебиз дегениң менен, бул суроого адекваттуу жооп берүү кыйын.

Болуптур, а кездеги коомдо светтик бийлик биздин убактагыдай орной элек, Орто кылымдын очогу муздай элек маал деп коёлу. Анда Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки убактагы массалык маданиятта орчундуу орун ээлеген адабият өкүлдөрүнө кайрылып көрөлү. Хиросиманы жана Нагасакини атомдук бомбалоо учурунда жашаган жазуучулар Уильям Берроуз (АКШ) менен Анри Шарьерди (Франция) алалы. Берроуз өз жубайын өлтүрүп алган, Шарьер 25 жаш курагында бир сутенёрди өлтүрдү деп айыпталып, өмүр бою эркинен ажыраган. Кийин ал түрмөдөн качып, Венесуэлага барып индейлерге бала болуп, аяктан үй-бүлө күтүп, бала-чакалуу болуп, эки ресторан ачып бизнес кылып, “Көпөлөк” аттуу автобиографиялык роман жазып, дүйнөгө атагы чыккан.

Муну кантебиз? Арга жок! Табият ошондой. Анткени генийлик менен моралдык нормалар бири бирине симметриялуу эмес көрүнүштөр.

Бу дүйнөдө эң пас жандык да адам, эң бийик (рухий жагынан) жандык да адам. Анткени анын аң-сезими бар. Пастык менен жырткычтык амалын кылган учурда так ошол аң-сезими бар үчүн адам жырткыч жаныбарга айланбайт, андай трансформация мүмкүн эмес, - ал андан өткөн коркунучтуу жандыкка айланат. Андыктан андай режимдеги адамды жырткыч жаныбарларга теңеген болбойт. Жаныбарда аң-сезим жок, ал эмне кылып жатканын акыл-эси менен туйбайт. Адам баарын билип туруп жасайт. Ошондуктан адам – укмуштуу туңгуюк. Чындап терең анализдесең, кантип камырабай адам аттуу ушундай коркунучтуу жандыктардын арасында жашап жүргөнүңө таң бересиң.

Мен Ноландын тасмасын көрүү учурунда өзүмө кийинки суроолорду берип: эмне үчүн режиссёр Моцарт менен Сальеринин окуясына кайрылган? Тасмада ким Моцарт, Сальери ким? Моцарт балким Оппенгеймер эместир, а Сальери Льюис Штраусс (антагонист) эместир деген да ой келди. Балким так Оппенгеймер өзү Сальери болуп жүрбөсүн? Анда Моцарт ким болушу мүмкүн дейсиздерби? А Моцарт балким Оппенгеймердин кванттык физика жана анын потенциалы, атомдук курал маселелеринде оппоненти катары эпизоддордо пайда болуучу Эйнштейндин өзүдүр?  

Оппенгеймердин мекени жөнүңдө ойлор

АКШ - өзгөчө жер, өзгөчө өлкө, өзгөчө цивилизация, өзгөчө маданият.

АКШ классикалык Европа (фауст цивилизациясы) үчүн:

  • Анын альтер эгосу.
  • Ницшенин «Тарыхтын жашоого тийгизген зыяны жана пайдасы жөнүндө» эссесиндеги тарыхый сезим концепциясын колдонор болсок, байыркы тарых оор жүгүн артынган Европа үчүн Америка - маданий боштондуктун кыялы.
  • Варварчылыкты жашыруун кыялдануусу.
  • Салыштырмалуу ак барактай параллелдүү дүйнө катары, ал маданияттын туткунунан чыга албаган Европа үчүн көмүскө дээринен (подсознание) чыккан фантасмагориясы.
  • Ийри-муйру күзгүдөгү чагылышы.
  • Бир эле учурда ал анын ажайып да, коркунучтуу да түшү.
  • Мэри Шеллинин "Франкенштейн же заманбап Прометей" романындагы Доктор Франкенштейн жандантып, бирок кайра анын өз башына мүшкүл жыйган желмогуз.
  • “Сулуу жана желмогуз” жомогундагы аягында келбеттүү ханзадага айланган желмогуз.
  • Гомункул.
  • Европа 2 (Европа тарыхтагы, маданияттагы альтернативалык образы).
  • Аягы жүрүп аны Топон суудан куткара турган Нухтун кемеси.

Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996 700 532 585 жана ЭЛСОМ +996 558 080 860, МойО +996 0700532585 жана Оптима банк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз