Али Жафар оглы: Туткундалган көз

  • 15.08.2023
  • 0

Али Жафар оглы Азербайжан Республикасынын Президенттик стипендиясынын лауреаты, Азербайжан Жазуучулар союзунун мүчөсү.

АҢГЕМЕ

Какжыраган коруктун жаман эшигин кыйчылдатып аяр түртүп ачып, эки көзү эски үйдүн терезесин теше караган бойдон дендароо кирди да, өзүн уурудай, чоочун адамдай сезди. Жолдо келе жатып мээсин жеген эки анжы ойлорунун бүтүмүн али чече элек эле. Ушул ой кылт эткенде артына кайтты. Үйдөн обочо кетип жатып да кылчактап артын карайлайт.

– Оо кудаай... – Кудайга жалынды ичинен. Эки буту илең шилтенген абалда бир аз басып, жайлап келип, анан токтоп калды. Жүрөгүнүн түрсүлдөгү кекиртегинин чуңкурун ургулап, көкүрөгү ачышып, тулку бою чымырап баратты. Бирде шыпты, бирде жерди, бирде көктү карап, эки колун жан чөнтөгүнө матыра салган бойдон кайсалактап бир аз туруп, анан отура калды.

– Көрдүм, – деди анын көздөрү.

– Калп! Түш эмеспи? – деди бүдөмүк ойлору. Ишенген жок. Бирок аябай ишенгиси келди.

– Мына келдиң! Мына, мынаа! – көздөр көрсөтүп жатты баарын. Ошондо да өз көзүнө, өз акылына ынанбаган дене, он алты жыл мурун өсүп-чоңойгон жерин, өзү басып, кирип-чыгып жүргөн босогосуна келгенине ишенип-ишенбей, калппы-чынбы деп эси качып, делдейип турду.

Жазмыш деген ушундай экен да. Үмүтүм үзүлдү деген күндө да, кудай маңдайга жазган болсо, бар үмүттү кайтарат. Кайтпас дүйнө маңдайга жазса, алаканыңдагы асылды уучтап отурсаң дагы, салааңдан куюлтуп агызып ажыратат дейт. Тагдыр деп коёт экенбиз аны. Тагдыр болбогондо анан эмне? Мына ошондой тагдыр бир үмүттү жандап, дал жанына алып келди минтип. Ошол үмүт жетелеп жүрүп, жаштыгын алды. Мезгилден эрте чачын агартып, көзүнүн майын өөнөп, чөйчөктөй чүңүрөйтүптүр. Кубатын кетирип, кусасын арбытыптыр. Эми минтип...

Эсине көптө келди байкуш дене. Эсине келгиче, ызасын да, кубанычын да чыгарды. Колу менен бетин жаап алып, ызасын үнсүз уңулдап отуруп чыгарды куурагыр.

– Мекеним, Уям, – деп койду күңк-мыңк. Короонун капталында атасы өстүргөн жүзүм бак, чоктой кызыл розалар кооз көрүндү.

– Ырас, дагы эле багып жүрүшкөн тура, – сүйүнгөндөй мурдун тартып жатып, жаш аралаш жылмайган болду.

Бул адамдын аты – Ахмед. Ал Бакудан түн ортосунда чыккан автобуска отуруп, район борборуна токтогон. Автобекет ал жерден көчүрүлүп, түштүк тарапка жайгашканын көргөндө эле түшүндү. Шаштысы кетти. Көзүнөн айыл, өзү туулуп өскөн айыл учуп турду. Айылды көздөй сапар алган автобустун аркы жагынан орун алган Ахмед терезе жакты тиктеп, өз дүйнөсүнүн керемети болгон туулган жеринин улам көз алдынан артта калып жаткан сүрөттөрүн өткөзүп, сергек бара жатты. Сергек деген менен моюнундагы оор жүк, мээсиндеги тынчтык бербеген жаман ой дайым жүрөр эле. Үй-бүлөсү, ага-тууганы, тааныганы-тааныбаганына деле мокочо болуп көрүнбөсөм экен. «Саткын», «Чыккынчы» деген жаманатты ысымды ойлогондоо... туздан да оор жүктөй басынар эле. Жанында жүргөн түрмө, жолдошторунан башка жан Ахмеддин ким экенин, анын өздүгү жөнүндө билбейт чыгар. Өзү да өздүгү жөнүндө башкалардан сыр кармап сактачу. Корунуп, жазганып, караңгы жерди жакшы көргөн арсыз жандыктай сезчү өзүн. Табиятынан тың, агындуу сууга да каршы тура алгыдай эрки бар, ары күчтүү, ары өткүр Ахмед добул тагдырга туш келгени, байкуштай жаман чүнчүп, актыгын айтып актанууга шылтоо да, жол да таба албай калган эле. Мындай жаманатты балээнин соккусу, жаман сөздүн күчү Ахмеддин күчүнөн да алда канча күчтүү, алда канча чындыктай болуп калган. Жалган, чындыктын моюнуна мингенде, чындыктын кудурети суу кече албай калат экен да. Бир ууч ылай бир агындын өңүн бургандай кеп болду.

– Жок, чындык андай эмес! Мындай! Мен өз жеримди, өз элимди, атам Амирасланды, апам Аминаны, байкем Рахимди, асыл жарым Гатибаны, канымдан жаралган жалгыз уулум Гусейинимди, досторумду аска-зоолорумду башка элге, башка жерге кантип алмаштырайын. Мен ошолорду бирөөгө ыраа көрбөй, ошон үчүн согуштун ушундай соолутарын билсем да, жашымдын жетпегенине карабай суранып атып, өз ыктыярым менен кетпедим беле. Жанымды курман кылууга даяр элем го.

Эсине Гатибага аманат керээз катын жазганын эстеди. 1943-жылы Прибалтикада катуу жарадар болуп, жашап кетерине көзү жетпей жүргөндө Гатибага жазган эле. «Эгер мен кайтпай калсам, менден жакшы, менден дагы татыктуу бирөөгө турмушка чык!». Муну эстегенде, ичи уйгу-туйгу, ааламды аңтарып-теңтерип салчудай башы айланды. Тирүү эле болмок экенмин да! Эмнеге аман калдым?

Эх! Ээ жараткан! Эмне үчүн жашоом ушинтип калды? Эмнелерди гана көргөн жокмун. Өлүм менен күрөшүп жүрүп, ачка-ток, кыяндай аккан кандын асты-үстүндө, капкара муздак дубалдын ичинде каңгырап, ушул күн үчүн аман калып жүрдүмбү?

Согуш. Ал учурда өз ыктыяры менен Ата Мекенди коргоо үчүн аттангандар болду. Алардын арасында мен да болдум. Кандуу согушта биздин снаряд жарылып, мен башыман жарадар болдум. 1943-жылдын күз айында фашисттердин курчоосунда калып туткунга түштүм. Эх! Эркиндик, туулган жер, каалашыңча жашоого укугум бар өз жеримден мына ошондо айландым да, тегерендим. Мен көргөн кордукту эч кимге каалабайт элем. Алгач Бюхенвальде анан Освенсия түрмөсүндө душманыма каалабаган эзүүгө учурадым. Азыр ошол учурду жашоо десе болобу, аны да айтуу кыйын. Бир грамм алыбыз калбаганча иштетишчү, эгер эсиң ооп жыгылсаң тирүүлөй өрттөп салышчу. Кээде отургучка байлап, электр тогу менен кыйнашчу. Бул айбандан акыл-эси менен айырмаланган адам деген эки буттуу сөрөйлөр жырткычтар кылбаганды кылат тура. Андан кийинки Экинчи Дүйнөлүк согушта фашисттер көптөгөн көп улуттун жарандарын жок кылышты. Кудайдан күндө тирүү калсам экен деп суранып, күчтүү эрк менен аман калдым.

Жапония менен болгон согуштан кийин мен бир немис үй-бүлөгө кызмат кылып, эптеп күн көрүү үчүн жашадым. Кул болуп иштеп, басынтуу, шылдыңдоолорго карабастан аман калыш негизги максатым болду. Ай талаада эркин учкан алп куштай жашап келген эркиндикти самап, баарына чыдадым. Кийин Сталиндин туткундарды алмашуу саясаты башталганда мен дагы СССРге кетүүнү кааладым. Бирок негедир мени кетиргиси келишкен жок. Бирок кетүүнү чечтим. 1946-жылы мен СССРдин территориясына келдим, бирок акыркы үмүтүм да орундалбай, «Саткын» деген жалаа менен кайра түрмөгө түштүм. Өз эрким менен мекенимди коргоого кандуу согушта жүрүп келсем, эми минтип өз жеримде ит көрбөгөн кордукту көрүп атам.

«Өз элиме өзүм жатмын. Өз бүлөмө өзүм ээ болууга акым барбы деги?» – Автобустан түшө качып, артка, кайра эле артка безип кеткиси келди. «Жаман атым бар менин... жаманатты!»».

Жайдын ысык күнү болгондуктан ичиндегилер кыйналып олтурушса, автобус кылдырап келе жатты. Ал жетишпей аткансып автобус силкинген сайын жердеги чаң абага сапырылып, ого бетер Ахмеддин моюнунан мууздагандай тумчуктурат. Ушу кордукту көрсөтпөй, балалыкта түбөлүк калтырган дүйнө болсо кана деди ичинен. Балалыгын сагынды. Кудум эле өзүн баладай сезип баратты.

Күз айы, бир туугандарынан бойлуусу, арык чырайы, кубанычтуу маанай менен райондун борборуна барчу ылай көчө менен келе жатканы алгач эсине түштү. Негедир кийими кир, баткак болсо да сүйүнүп өзүнчө бактылуу эле. Себеби, колхоздун базарынан апасы жаңы костюм сатып берген. «Классташтарыма көрсөтөм, байкемдин ак көйнөгүнүн жакасы жешилип калган, бирок аны апам тескерисине которуп тигип берген. Бир аз чоң болсо эч нерсе болбойт, кийсе болот», – деп ичинен ойлоп келе жатты. Кечинде жаңы кийимин кийип атасына көрсөттү.

 – Ата, мени карасаң, жарашат бекен? Мен көк өңүн жакшы көрөм, – деп кошумчалап койду.

Атасы баласын баштан аяк карап:

– Ооба, балам, жакшы жарашат экен, болгону шымы чоңурак турбайбы? Сага кур керек экен, – деди да апасына: – Эски курду алып келчи, – деди. Кур дагы эле чоң болуп калды эле, атасы экиге бөлүп жаңы тешик жасап чактап койду.

Рахим да бери жакта карап турду. Көйнөгү менен шымы өзү үчүн тигилгендей куп жарашып турган.

– Ахмед, уулум сага кандай сонун жарашып калды, – деп апасы кучактап, бетинен өптү.

Бул жагымдуу сезим жан дүйнөсүн кубанычка бөлөдү. Бул сезимди эч жерде эч кандай баага сатып алгыс эле.

Эми минтип атасы, апасы, иниси жана жубайы Гатиба, уулу Гусейин менен жолукканы турат. Алгач өзүнө өзү сөз бергендей, эч кимден сурабай өзү баарын өз көзү менен көрүп билем деди эле, бирок ага чыдабай жанында отурган улгайган кишиден сурап ийди. Ал улгайган киши Давид. Давитти тааныса да, таанымаксан болду. «Өзгөрбөптүр. А биз көп эле өзгөрүп кеттик ко», – деген ишенимине таянды.

– Кечиресиз, ага ушул айылда Амирасландын үйү каякта экен, билбейсизби?

Тиги киши бейтаанышка таң калып карады да:

– Балам, сен байкашымча бул жактык эмес окшойсуң?

Ушул сөздөн кийин Ахмед кандай жооп берерин билбей селейди. Бир аз ойлонуп:

– Бул жакка конокко келе жатам, – деди да, дароо жүзүн ала тартты.

Давид ага баштан аяк шашпай карап, мындай деди:

– Балам, сен уккан эмес белең, ал адамдын дүйнөдөн өткөнүнө көп болду.

Андан кийин көңүл айтымыш болуп, ал киши жакшы киши болгонун кошумчалап койду.

Ахмеддин чокусуна чок түшкөндөй болду. Ал мындай жаңылыкты күткөн эмес. Атасынын өлгөнүн угууга даяр эмес эле. Кайгысын ичине жутуп дагы сурады:

– Анын аялычы?.. Амина тирүүбү?– деди тынчсыздана көзү Давидди карап жалжылдап. Көптү көрүп-билген Давид конокту терең кабатырга салганын түшүндү, бирок эмнеге ага бул үй-бүлө аябай кызыктырганын түшүнө алган жок.

– Амина аялдардан эң так жүргөн, күчтүү аял эмес беле. Бирок аны кудайга тапшырганыбызга үч жылдай убакыт болду. Күйөөсүнөн кийин жашай албады. Алар баласы Ахмед үчүн аябай убайым тартышты, күтүштү. Баласы тууралуу кара кагаз келсе да, үзүлбөгөн үмүт менен күтүп жүрүштү. Уулун күтүп жүрүп, байкуштарды жер алып тынды, бейиши болгурлар. Топурагы жеңил болсун, – деп күбүрөнүп койду.

Ахмед Давид аганы аягына чейин угууга чыдабады. Он алты жыл үмүт берген шам чырагын бир үйлөп өчүрүп салгандай сезилди. Бир маалда өзүнө келип, аялы жана баласы жөнүндө билүүгө шашылды.

– Уулум, сен буларды неге сурап жатасың, тааныштыгың барбы?

– Аксакал, менин атам Амираслан менен дос эле, – деп калп айтканга мажбур болду. – Атам Гянджиге мөмө-жемиш сатканы келип калчу. Ошол мен дагы атамдын суранычы менен бул жактамын, – деп койду.

– Аа-а..– Давид оор үшкүрүндү: – Каргыш тийгир согуш баарыбыздын убалыбызга калбадыбы. Тынчтык деген тынчтык тура. Эми минтип канча деген бала атасыз жетим, канчалаган аялдар жесир калышты. Маселен Амирасландын улуу баласы Рахим согуштан буту жок майып болуп келди. Бул согуштун кесепети эмей эмине. Амирасландын үй-бүлөсүн ушул абалга алып келген да ушул апаат. Дагы багына жараша алган жары эстүү чыгып, бүлөнү очор-бачар кылып түтүнүн булатып келе жатышат. Атасынын үйүнүн жанына жаңы там салышкан. Эки уулу мектепке барат. Экинчи уулу Ахмед согуштан кайткан жок. Байкуш жубайы көпкө күтүп жүрдү. Негедир кайтып келет деп эле туруп алды. Амираслан менен Амина келинин башка бирөөгө турмушка чыгуусун суранышты. Билесиң да, бул жерде күйөөсүз жесир аялдардын аркасында кандай гана ушак-айың айтылбайт. Кийин колхоздун агроному Бакирге тийди. Баланы өз атасындай жакшы карап жүрөт. Уулу быйыл окууну аяктап калды окшойт...

Балам, келип калдык, – деди Давид аксакал.

Бир жагы ою менен, кайра карыя менен сүйлөшүп отуруп бат эле айылга жетип калыптыр.

Рахмат демиш этип, Ахмед автобустан түшкөндө кайгыдан, качыраган эски короонун эшигине келип калганын эстутуму эсине салды. Кандайдыр бир күч аны артка тартып турду. Акыркы үмүтү мына ушул жерден үзүлгөндөй болду. Бир туруп азыр барып аялынын жаңы турмушун бузгусу келди. Бир туруп, бул маңдайына жазылган тагдыры экенин, аны кабыл алуу керек деген ой келди.

Жаш баладай баарын эстен сыдырып, эки ийни сүлкүлдөп, кызыктай үн менен буркурап ыйлап алды. Ичиндеги күйүтү көз жаш менен тышка төгүлдү. Колдору менен бетин жаап, кыйлага ордунан жылбай, терең дем алды да, күрсүнүп өйдө турду. Бактылуу балалыгынын эстелиги болгон үйүн селейип тиктеп турду. Ары-бери өткөндөр карабасын деп жүзаарчы менен жашын аарчымыш болот. Үй баягы эле бойдон, болгону тышы акталып, терезелер боёлуп калган экен. Жүзүм бактары баягы эле бала кездегидей, талдары узарып, үйдүн чатырынын жарымын жаап турат. Тооккананы гана бир аз чоңойтушуптур, короо жайдын коруктары ошол эле бойдон. Атасы отургузган жүзүм багынын жанында бир отургуч дайыма турар эле. Көз алдына дос балдары менен ырдап отурган караандар элестеди.

Кайгыдан кайра ойго батып, эңсеген ушул үйдөн эч кеткиси келбеди. Кышка деп жыйып койгон отундарды карап, бир жолу отун жарып жатып колун оорутуп алганын, апасы Амина баласына болушуп атасы менен бир аз күңкүлдөшө кетишкени эстеп алды.

Үйдүн оң капталында уктоочу бөлмө, бир кездеги Гатиба менен болгон махабаты. Алар бири-бирин ушунчалык жакшы көрчү. Гатибанын атасы кызын дароо эле берген, анткени Ахмед түз жүргөн, пайдалуу иштер менен алектенген ата-энесинин тарбиялуу уулу эле. Анан Гатиба уул төрөп берип, бактылуу бүлө эле го.

Оюн көчөдө кобурашып өтүп бара жаткан балдардын үнү бузду. Чочуп кетти. Үч бала өздөрүнчө сүйлөшүп бараткан экен. Калдаңдап чалынып кеткендей болду. Кокустан бутун кайрып алып бир аз олку-солку абалга түштү. Эңкейип шымынын этегин күбүп жатты эле, жанында узун бойлуу, кой көз, бакырайган, сүйкүмдүү, чолок жеңдүү көйнөк, көк шымчан бирөө турган экен.

– Ага, сизге эмне болду?

Маңдайында өзүнүн бала кездеги көчүрмөсү тургандай. Кадимки эле бала – Ахмед. Корккондой, чочугандай карбалас кыймылдаган кургур балага, үйгө, тегерегине көз чаптырды.

– Ага, сизге эмне болду? Бирөөнү издеп жүрөсүзбү?

Бала да чоочун адам экенине карабай негедир жардам бергиси келип, ар дайым жанында жүргөн жакын таанышындай жүрөгү тартып турганына таң калды.

– Аа балам, сен ушул үйдө турасыңбы? – билгиси келди ашыгып.

– Ооба, – деди башын үй жакка буруп.

– Ооруп жатасызбы?

– Жо-ок, балам. Жакшы болуп калдым. Эч нерсе эмес. Андан көрө айтчы, атың ким?

– Гусейин.

Гусейин деген атты уккан Ахмед жерге кулап калчудай өзүн араң карманды.

«Оо кудай! Ата-энемдин өлгөнүн угуп, жалгыз туягыма кучагым жетпей, моокумум кангыча жыттай албай чоочун... Чоочун болуп каламбы?»

Жер аласалып атты. «Чоңойуп кетипсиң го, балам. Сени акыркы көргөндө эки гана жашта элең. Апаң кайда? Кайда, балам? Мына мен келбедимби. Мен саткын эмесмин. Баарын шашпай айтып берем, балам. Апаң, түшүнөт, ишенет, билем. Мен сенин атаңмын. Ахмедмин. Силерди сагындым, сагынып жүрдүм», – деп кучактап айткысы келди. Айта албады. Көз ачып жумгучактагы ушул ойлор аны алда канча жетеледи.

Бала бейтааныш адамды аң-таң карап турду да:

– Сиз ким болосуз? Биздин айылга биринчи жолу келдиңизби?

– Мурун мен ушул үйдө көп болгом, балам... Каргыш тийгир согуш! Канчалаган күнөөсүз адамдар өлдү. Үйсүз калтырып, жакындарыбыздан айрыды. Согуштан кийин биринчи жолу айылдамын.

Бир аз өзүнө келип, толкунданганын билгизбестен көйнөгүнүн жакасын ачып:

– Сенин атаң кайда? – деди.

Бала андан мындай суроону күткөн эмес. Ал бир аз таң калып карады да, жооп бере баштады.

– Ага, менин атам согушта курман болгон. Ал Прибалтикада душмандар менен салгылашып, баатырларча курман болду. Ал курман болгон күндө да «Жеңиш» медалы менен сыйланды. Катын апам азыркы күнгө чейин сактап келет. Мен Ахмед Алексеровдун уулумун.

Ахмед бул сөзгө сыймыктанып, баланы башынан сылады.

– Уулум, кечир, мен билген эмесмин. Мен сенин атаңды аябай жакшы тааныйм. Бир убактарда мен атаң менен жакын достордон элек, – деп алдоого мажбур болду. Баланын ишеничин жууп, жаңы жашоосун бузууну каалабады. Бир чети аны эл душманы деп кайра түрмөгө түшүп чыкканын аялына, «Баатыр» деп сыймыктанып жүргөн баласына, жумурай журтка кантип далилдеп бермек. Анын күнөөсүздүгүн бир кудай анан жалгыз өзү билет.

Уулу сөзүн кайра улады. Негедир бул чоочун адамга, жакынына айта бербес ой-сырын айта баштады:

– Ага, мен апамды аябай жакшы көрөм. Ал мен үчүн эмне деген кыйынчылыкка чыдады. Биз атамдын кайтып келүүсүн аябагандай күттүк. Согушта жүргөндө бир сүрөтүн салып ийген, ошону биз чоң кылып чыгарып, уктоочу бөлмөгө илип койгонбуз. Мен ал сүрөт менен ар дайым сүйлөшүп, кеңешем. Мындан бир канча жыл мурун апам башка бирөөгө турмушка чыккан. Ал дагы чоң атам менен чоң апамдын кыйноосу менен. Бакир ага менин өз атам болбосо да, ал жакшы адам. Мага мамилеси жылуу, мага жакшы дос. Анын баласы жок экен, ошон үчүн ал мени өз баласындай жакшы көрөт. А чоң атам, чоң энем кайтыш болушкан. Атам каза болгондо кайгыны көтөрө алышкан жок. Билесизби, мен аскердик бөлүмгө тапшырам. Эл-жеримди коргойм.

Ахмед уулунун – азыркы баласынын тазалыгын, эли-жерин сүйгөн кичинекей жүрөгүнөн айланды. Анан биринчи да, акыркы да жолу уулун кучактап өөп алды. Ал бир секунддук көз ирмемге созулса да, он алты жылдык оор жүк, кайгысы унутулуп жок болду. Эми ал эч кам санабай, алдыдагы али табышмактуу жаңы жашоосуна аттанмак. Анткени үйүндө намыстуу, эр жүрөк Азербейжандын чыгаан уулу бар эле.

Дал ошол маалда жагымдуу, тааныш үн чыкты:

– Балам, ким менен сүйлөшүп жатасың? Ал ким экен? Кир үйгө эми! Атаңдан кабар айткан жокпу?..

Жагымдуу тааныш үн!.. Бул жагымдуу үн менен бир кезде чогуу жашаган, бул үн менен күндүр-түндүр сүйлөшкөн, бул үн менен бактылуу күндөрүн өткөргөн. Ал тургай согушта, түрмөдө жүргөндө да кулачына сиңгендей дал ушул үн күч-кубат берип келген.

А бүгүн, бүгүнчү? Бүгүн бул үн чок баскандай чочутту, мизин кайтарды. Бул добуш дүйнөдөгү эң таза, эң назик, ак дил, ак ниеттик менен гана дүйнөнү кубулжуткан башкача үн эле. Таптаза үн эле, Гатибасынын үнү эле.

Бүгүн Гатибасынын үнү ушул жалган өмүрдүн тазалыгын коргоо үчүн өзүнүн кудуреттүү таасирин да бир жолу ырастады. Аруулукка так чечим чыгарганга жол көрсөттү. Тазалыгын дагы бир жолу ырастады.

Тазалык таза бойдон калыш керек! Аны кирдеткенге эми Ахмеддин акысы жок! Таза болсун!

Уулу менен чала-була коштошкон Ахмед артка шашкалактап жөнөгөн. Кадамы улам ылдамдап, ар кадам сайын көкүрөгү көксөгөн нурдай жан дүйнөсүндө жанып келген бир үзүм үмүтү таманында тебеленип, бырчаланып, үзүлүп-үзүлүп баратты... Бир үмүт, ыйык үмүт аргасыз үзүлүп баратты.

Кыргызчалаган: Жаркынай БАКТЫБЕК кызы

Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996 700 532 585 жана ЭЛСОМ +996 558 080 860, МойО +996 0700532585 жана Оптима банк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз