Деколонизация: Орустар түрк тилдүү элдерди боордоштуктан ажыратканы

  • 10.08.2023
  • 6920

Жадидчилик кыймылы – жалпы түрк элдерин бириктирүү жана Түркстандагы улуттук боштондук кыймылдардын калыптануусунун башатында.

1. Жадидчилик кыймылынын пайда болушу жана татар, башкыр агартуучуларынын кыргыз жергесиндеги иш аракеттери (ХХ кылымдын баш чени).

XIX кылымдын аяк чени – ХХ кылымдын башындагы жадидчилик  кыймылы учурда тарых илиминде өтө актуалдуу маселелердин бири экендигин тана албайбыз. Ошол мезгилдеги бул прогрессивдүү кыймылга кайрылуудан мурда, аймактын кыскача тарыхына сереп салсак, Түркстан XIX кылымдын орто ченинен Россия империясынын колониясына айланган. Падышачылык Россия Орто Азияда саясий жана экономикалык абалын чындоо максатында аймактык жалпы администрациялык башкаруу системасын киргизген. XIX кылымдын 50-жылдарынын орто ченинде – 60-жылдарынын башында Ысык-Көл, Чүй, Кемин өрөөндөрү Россия империясынын  Батыш-Сибирь генерал-губернаторлугунун Алатоо округуна киргизилген. 1864-жылы Оренбург жана Батыш-Сибирь кошулган соң түзүлгөн Оренбург генерал-губернаторлугунун курамында Түркстан областы уюштурулуп, жогоруда аталган аймактардан тышкары, Талас жана Кетмен-Төбө өрөөндөрү да кошулган. 1867-жылы курамына Сыр-Дарыя (борбору Ташкент шаары), Жети-Суу (борбору Верный шаары) областтары кирген Түркстан генерал-губернаторлугу түзүлөт. Областтар уезддерге бөлүнгөн. Сыр-Дарыя областына Аулие-Ата, Ходжент, Жизак, Ташкент, Чымкент, Түркстан, Казалин жана Перовский уезддери, Жети-Суу областынын курамына Ысык-Көл, Токмок, Верненский, Капал жана Сергиополь уезддери кирген.

1876-жылы Кокон хандыгынын жоюлушу менен Түркстан генерал-губернаторлугунун курамында Фергана областы уюшулган. Область –Анжиян, Ош, Маргелан, Наманган, Кокон, Чуст, Исфара уезддерине бөлүнгөн. Жети-Суу областы 1883–1899-жылдары Талаа генерал-губернаторлугунун курамында болуп, 1899-жылы кайрадан Түркстан крайына кошулган. 1891-жылдагы “Жобо” боюнча ал алты уездден турган: Пржевальск, Пишпек, Верный, Жаркент, Капал жана Лепсин.[1]

Түркстан аймагына Россия империясынан келген капиталдын агымы, албетте, банктардын өнүгүшүнө, темир жолдордун курулушуна, тоо-кен өнөр жайынын бир кыйла өнүгүшүнө, айыл чарба продуктуларын кайра иштетүүчү ишканалардын пайда болушуна өбөлгө түзгөн жана анын натыйжасында аймакта жумушчулардын  алгачкы топтору пайда болгон .[2]

Аймакта бир кыйла өсүштөр болгону менен өлкө дагы деле болсо артта калган жана колониялык эзүүнүн залдары тийген. Бул жөнүндө белгилүү мамлекеттик ишмер Ж.Абдрахманов төмөндөгүдөй белгилеген: “Түркстан падышалык бийликтин колониясы болгондугу белгилүү жана аны колониялаштыруу жергиликтүү элдин, айрыкча кыргыздарды жеринен ажыратып, бул жерлерге келгиндердин кыштактарын уюштурушкан. Анын укуктук базасы катары Талаа Жобосу эсептелген жана анын шарты боюнча, кыргыз калкынын карамагындагы жерлер мамлекеттин жеке менчигине айланган. Талаа жобосунун 125-беренеси боюнча өздөштүрүлгөн жерлерди алардан алууга тыюу салынганына карабастан, иш жүзүндө башкача болгон. Кыргыздардын да жерди сактап калуу аракеттери башталгандыктан, бийлик анын шарты катары кыргыздарды падышалык армиянын катарында кызмат өтөө жана православие динин кабыл алуу милдетин коюшкан.”[3]

Ушундай шартта жаңыдан калыптанып келе жаткан алдыңкы мусулман интеллигенциясынын өкүлдөрү социалдык жана колониялык эзүүнүн негизги себеби катары, элдин сабатсыздыгын жана түшүнбөстүгүн эсептешип, аларга каршы туруу максатында, ХIХ кылымдын аяк ченинде Волга боюнда жаралган жадидчилик кыймылы Түркстан аймагына да жайыла баштаган.

Татар изилдөөчүсү Я.Г.Абдуллин жадидчилик кыймылына төмөндөгүдөй аныктама берген: “Жадидчилик өткөн феодалдык мураска каршы чыккан кыймыл катары пайда болгон жана “жадид”[4] термини анын семантикалык маанисине ылайык, коомдук турмуштагы жаңылыктын синоними болуп калган. Анын катарына феодалдык идеологияга жана орто кылымдык тартиптерге каршы күрөшүүчүлөр, прогресстин жана илимий билим берүүнүн талапкерлери кошулган.”[5]

Жадидчилер аракеттерин  алгач агартуучулуктан башташып, бара-бара коомду түп тамырынан өзгөртүүгө багытталган коомдук-саясий кыймылга айланган. Көпчүлүк советтик окумуштуулар жадидчилик  кыймылын “доор шартына жараша” буржуазиялык улутчулдук,  панисламизм, пантүркизм идеяларын пропагандалаган контрреволюциялык кыймыл катары кароого аракеттенишкен. Мисалы, Х.Вахидов жадидчилердин адеп-ахлактык, диний жана социалдык фразаларга, билдирүүлөргө жана убадаларга  жыш толгон “улуттук жалпылык”, “мусулмандардын кызыкчылыктарынын биримдиги” жөнүндөгү үгүттөөлөрү алардын контрреволюциялык маңызын жаап жашырууга багытталган деп белгилейт.[6] Чындыгында, жадидчилер улуттук баалуулуктарга, патриоттуулукка өтө аяр мамиле жасашып, цивилизациянын  жетишкендиктерин турмушта пайдаланууга үндөшкөн. Кийинки учурда бул маселелер коомчулукта кызыгууну жаратып жана натыйжада көптөгөн изилдөөлөр жүргүзүлүүдө. Алсак, тарых илимдеринин доктору, изилдөөчү Д.А.Алимова жадидчилер эч качан улуттук кызыкчылыктар менен чектелбегендигин белгилейт. Алардын батыш цивилизациясын жактагандыгын: Батыш ал учурда (бүгүнкү күндө деле – А.К.) технология жана өндүрүштүн өнүгүү деңгээли жана технологиясы далай алдыга кеткендиги менен түшүндүрөт. Алар келечектеги мамлекеттик түзүлүштү бардык улуттардын биримдигине негизделген түзүлүш катары карашкан.[7] Ошол эле эмгекте Бехбудинин: “мыйзамдар  еврейлердин, христиандардын жана мусулмандардын, б.а. динине карабастан, бардыгынын кызыкчылыктарын коргоосу зарыл. Эгерде биз, түркстандык мусулмандар биригип реформа жүргүзүүнү кааласак, биздин интеллигенция, агартуучулар, дин кызматкерлери жана окумуштуулар улуттун жана ата мекендин кызыкчылыгы үчүн кызмат кылуусу абзел... Эгер бизди колониялык мыйзам боюнча башкарса, анда мунун себеби – өзүбүздүн пикир келишпестигибизден”[8], деген бүгүнкү күндө да өз актуалдуулугун жоготпогон пикирин белгилеп кеткен.

Жадидчилик кыймылы негизинен татар элинен башталат. Алар байыртадан эле арабдар, Орто Азия, Иран сыяктуу чыгыш өлкөлөрү менен экономикалык жана маданий байланыштары болгон. Бир жагынан, бул байланыштар алардын бир динде экендигине байланыштуу болсо, экинчи жагынан айрым чыгыш элдери менен тилдик окшоштугу себеп болгон. XVI кылымда Татариянын Россиянын курамына кошулушу менен бул байланыштар жок болуп калбай, тескерисинче, орус падышачылыгынын  Чыгыш менен соода байланыштарынын сакталып калуусуна кызыкдар болушу алардын турмушунда чоң роль ойногон. Түркстандын башка аймактарындай эле кыргыздар менен татар элинин ортосунда да карым-катнаштар болуп турган. Кыргызстанга алгач соода кербендери менен келген татар элинин айрым өкүлдөрү отурукташып да калышкан. Ушул сыяктуу мисалды В.В.Бартольд да өз эмгегинде: “1822-жылы орус бийлиги тарабынан жарык көргөн жана саясий гана максатты эмес, көбүнесе соода иштерин жакшыртууну көздөгөн “Сибирь кыргыздары жөнүндөгү жобону” кыргыздардын арасына жайылтууда семипалатинскилик соодагердин приказчиги, казандык татар Файзулла Сейфуллин орустар менен кыргыздардын ортосунда жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдө ортомчулардын бири болгондугун” эскерет.[9]

Мындай байланыштар Атаке баатырдын Сатынбай Абдрахманов (Атаке баатырдын Россияга экинчи ирет жиберген элчилигинин башчысы. Омск шаарында 1788-жылы Батыш Сибирь генерал-губернатору Н.Г.Огаревдун кабылдоосунда болуп, сый белектерге татыган. Элчи Омскиде жүргөн учурда кыргыз жергесинен кайтып бара жаткан орус элчиси Муслим Агаферовдун жолдон тонолгондугу белгилүү болуп, Сатынбай 1793-жылга чейин, б.а. иш анык тастыкталганга чейин Омскиде туруп калган[10]) жөнүндө жазган катында (кат 1789-жылы 10-сентябрда орус тилине которулган)[11]; 1824-жылы 22-ноябрда жазылган Жети-Суу округунун начальниги Кемпендин Омск областынын начальниги С.Б.Броневскийге Омск чебине бугу уруусунан кыргыз депутаттарынын казань татары Файзулла Сейфуллин жана ишим мещанини Петр Пиленковдун чакыруусу менен келгендигин жана аларга чепке барууга уруксат беришин сураган каты[12] ж.б. дагы ушул сыяктуу Россия, Казакстан өлкөлөрүнүн архивдеринде сакталып турган документтерден таасын көрүнөт. Мындай каттардан Галим Якубов, Файзулла Ногаев, Муслим Огаферов сыяктуу татар элинин өкүлдөрү бир жагынан орус бийлигине кызмат көрсөтүп, ошол эле учурда кыргыз уруулары менен Россия империясынын ортосундагы мамилелерге олуттуу таасир тийгизгендигине да күбө болобуз.

Татар соодагерлери жана көпөстөрү чыгыш өлкөлөрүндө соода иштери менен алектенүү менен катар эле, алардын маданияты, каада-салты менен жакындан таанышып, жакшы жактарын өз өлкөсүндө таратышкандыгы белгилүү. Көптөгөн жаштары  Бухара, Самарканддан билим алышып, Орто Азиядан баалуу кол жазмаларды алып келишкен. Татар элинин билимдүүлөрү чыгыштын аль-Фараби, аль-Бируни, Ибн-Сина, Ибн-Рошд, Фирдоуси, Омар Хайям, Низами, Саади, Навои ж.б. ойчулдарынын жана акындарынын илимий, философиялык жана коомдук-саясий чыгармаларын окуп үйрөнүшкөн. Ал турсун татар медреселеринде да мусулманчылыктын негиздери менен бирге эле чыгыш ойчулдарынын эмгектери окутулган.

Татар агартуучулары Г.Курсави (туулган жылы белгисиз, 1813-жылы дүйнөдөн кайткан) жана Ш.Марджани (1818–1889) башка татар жаштарындай эле Бухара жана Самарканддан билим алышкан жана орто кылымдардагы “чыгыш ренессансынын” өкүлдөрүнүн чыгармалары жана адабий, тарыхый мурастары менен жакындан тааныш болушкан. Татар элинин дагы бир көрүнүктүү агартуучусу К.Насыри (1825–1902) чыгыш ойчулдарынын чыгармаларын татар тилине которуп, алардын үлгүсүн өз чыгармачылыгында да кеңири   да пайдаланган. Татар агартуучулары чыгыштын гана ойчулдары менен эмес, ошондой эле батыштын да илимий, философиялык чыгармалары жана коомдук көз караштары менен араб жана фарси тилиндеги адабияттар аркылуу тааныш болушкан. Мисалы, Ш.Марджани “Вафият уль-асляф вэ тахият уль-ахляф” аттуу чыгармасында Аристотель, Платон, Пифагор, Анаксимен, Анаксагор, Эвклид, Фалес, Сократ ж.б. антикалык философдордун көз караштарын талкуулап, аларга өз баасын берген.

Орус окумуштууларынын, философдорунун жана алдыңкы коомдук ишмерлердин чыгармалары аркылуу батыш европалык илим-билим, философиялык жана коомдук көз караштар менен да тааныш болушкан. Аларга Монтескье, Вольтер, Ж.-Ж.Руссо сыяктуу агартуучулардын чыгармалары алгач араб, кийинчерээк түрк, орус тилиндеги котормосу аркылуу да жеткен.[13]

Француз окумуштуулары А.Беннигсен жана К.Келькюже татар агартуучуларын реформаторлор деп аташып, аларды “ошол мезгилде тараган жападан-жалгыз жергиликтүү таза, өзгөчө керемет”, деп баа беришкен.[14] Алар татар агартуучулук иштерин, мезгилден тышкары, тарыхый процесстин мыйзам ченемдүү өнүгүүсү жана социалдык-экономикалык мамилелер менен байланышпаган көрүнүш катары карашкан.

Бирок, бул кыймылды ошол мезгилдеги коомдук-саясий, социалдык-экономикалык мамилелерден сырткары көрүнүш катары кароо, биздин оюбузча туура эмес. Анткени,  бул учурда орто кылымдык артта калган мамилелердин ордуна капиталисттик мамилелер, ошого жараша коомдук турмушта да алдыңкы көз караштар, алга умтулуулар жаралган. Алар дагы XIX кылымдын 40–60-жылдарындагы орус агартуучулары сыяктуу эле агартууну, эркиндикти жана турмуштун европалык формасын жакташып, артка тарткан коомдук формациянын калдыктарын жоюлса, элдин социалдык-экономикалык абалы оңолот деген ойдо болушкан.

Агартуучулар бир эле билим берүү иштерин гана көздөбөстөн, улуттук кызыкчылыктарды, бардык коомдук-социалдык: экономикалык, социалдык, саясий, үй-бүлөлүк жана идеологиялык маселелерди карап, чечүүгө аракет жасашкан. Алар эркин ой жүгүртүүнү, элдин сабатсыздыгын жоюуну, эл арасында илим-билим таратууну кызуу жакташкан.

XIX кылымдын экинчи жарымында басма иштери бир кыйла жанданып, жарыкка чыккан илимий жана адабий чыгармалардын нускасы көбөйөт. А.Карамуллиндин маалыматтарында белгиленген, эгерде XIX кылымдын биринчи жарымында 400 китеп басмадан чыкса, XIX кылымдын экинчи жарымында 3300гө жакын ар кандай аталыштагы 26 864 даана нуска китептер чыкканы мунун далили. Илим-билимди жана маданияттын жетишкендиктерин эл арасында кеңири жайылтууда илимий жана адабий чыгармаларды басып чыгаруудан тышкары, мезгилдүү басма сөздү уюштуруу зарылчылыгын белгилеп, агартуучулар газета чыгаруу ишине да киришкен. Ш.Культяси 1896-жылы Казанда жарык көргөн жадидчилер жөнүндөгү чыгармасында: “газетанын же журналдын пайда болушу көпчүлүк элдин  окууга умтулуп, доордун көйгөйлүү маселелерине карата кайдыгерликти жок кылууга жана биздин аң-сезимибиздин ойгонушуна, көңүл чордонуна билим алууну илимди коюуга алып келмек. Бул болсо, өз кезегинде илим-билимди улут кызыкчылыктарына пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө жол ачмак”, деген ойлорун билдирген. Мындай пикир, албетте бүгүнкү күндө да маанилүү экендиги талашсыз.

К.Насыри да өмүрүнүн акырына чейин газета басып чыгарууну эңсеп, алгачкы газетасын “Танг йолдызы” (“Таң жылдызы”) деп атаган. Татар эли улуттук тилде газета жана журналдарды чыгаруу укугуна 1905–1907-жылдардагы революциядан соң гана ээ болушкан.

Татар агартуучуларынын программасынын өзөгүн жаш муундарды окутуу жана тарбиялоо түзгөн. Алар мектепте окутуу ыкмасын өзгөртүү элди илим-билимге жана өнүгүүгө жакындатат деп эсептешкен. Ш.Культяси: “өнүгүү процессинде окутуу жана тарбиялоо маселеси эң негизги жана чечүүчү ролду ойнойт... Цивилизация өлкөлөрүндө окутуу жана тарбиялоо ыкмаларын жөнөкөйлөтүү жана өнүктүрүү аркылуу миңдеген окумуштууларды жана жазуучуларды, башкаруучуларды жана дарыгерлерди, географтарды жана тарыхчыларды, инженер жана астрономдорду, химиктерди жана деңизде сүзүүчүлөрдү, коммерсант, жер ээлерин жана өнөр жайчыларды даярдоону камсыздашты”.[15]

Агартуучуларды татар мектептеринин мезгил талабынан артта калгандыгы, окутулуучу сабактардын турмуштан алыстыгы тынчсыздандырган. Алар илим жана философиянын жаңылыктары адамдарга алардын турмушун жеңилдетүүгө шарт түзөөрүн, табият күчтөрүн жана байлыктарын ар кандай машиналарды түзүүгө жана аны пайдаланууга жол көрсөтөөрүн белгилешкен. Татар мектептери жана медреселеринин илим жана практиканын жетишкендиктеринен алыстыгын жана динден тышкары (светтик) сабактар окутула турган окуу жайларынын жоктугун Ш.Марджани, К.Насыри, Х.Файзханов, М.Акъегет-Заде, З.Бигиев, И.Гаспринский ж.б. агартуучулар сындап чыгышкан. З.Бигиев эскермелеринде: “Россия татарлары санынын көптүгүнө карабастан, жок дегенде гимназия же реалдуу окуу жайдын деңгээлиндеги анча мынча болсо да тартипке салынган окуу жайлардын жоктугун... Ал турсун Казань шаарында да уландар жана кыздар үчүн окуу жайлары болбогондугун жана мындай көрүнүш эч кимди тынчсыздандырбагандыгын” өтө өкүнүү менен жазат.[16]

Бирок буга карабастан, медреселердеги билим берүүнү бир тараптуу эле караган да туура эмес, анткени элдин арасындагы аз санда болсо да сабаттуу адамдар ушундай эле мектеп-медреселерди аякташкан. Айрымдары мындай медреселерде 10–15 жылга чейин окушкандыгы да белгилүү жана алардын айрым жөндөмдүүлөрүнүн жана аракет кылгандарынын ичинде билим деңгээли биртоп жогору болгондугу белгилүү. Мектеп, медреселерде табиятты жана табият мыйзамдарын, илимий ачылыштарды окутпастан, Куранды жана башка диний мазмундагы китептерди жаттоого көнүл бурулгандыгы, ошондой эле  окуучуларды кандайдыр бир маселелерди талаштырууга, б.а. талашты уюштурууну да үйрөтүшкөндүгү белгилүү. Татар агартуучусу З.Бигиев: окутуучулардын шакирттеринин окуганын түшүнгөн же түшүнбөгөнү менен иши да жок. Эң башкысы ал талаштарга жигердүү катышса, бул анын окууда жетишкендигинин негизги көрсөткүчү катары эсептелген. Эгер шакирт талаштарга чечкиндүүлүк менен алынын жетишинче айтышып, ал тургай устатын да сүйлөй албаганга чейин жеткирсе, анда аны эң эле жогорку жетишкендик катары карашкан”.[17]

Бирок мындай талашып-тартышуулардын балдарга оң таасири тийгизерээрин да белгилей кетүү керек. Анткени, бүгүнкү күндө жаштардын арасында уюштурулган ар кандай темадагы диспуттар, беттешүүлөр, илимий конференциялардын тарбиялык мааниси, кругозорду өстүрүүдөгү ролу зор экендиги талашсыз. Эл ичиндеги  “устатынан шакирти өтөт”, “талаштан тактык жаралат” ж.б. накыл сөздөр бекеринен айтылбаса керек. Анткени, ой жүгүртүүсү жогору, сөзмөр, чечен адамдар гана талашып тартыша алат. Ошондуктан, мындай ыкма окуучулардын ой туюмун өстүрүүгө да өз таасирин тийгизген. Мындай талаштарга катышкандардын арасында билим деңгээли ар кандай адамдар катышкандыгы айтпаса да белгилүү.

Бул маселеге Казань окуу округунун татар, башкыр жана кыргыз мектептеринин инспектору В.В.Радловдун да өзгөчө баа (1872) берип: “шакирттердин акыл-эсинин өнүгүүсү бир тараптуу билим алганына карабастан, шаардык-приходдук мектептердин мугалимдерине караганда бир топ жогору тураарын”,  жазгандыгын далил катары айта кетсек болот.[18] Бирок жалпысынан, албетте эски мектеп-медреселер талапка жооп бере алган эмес.

Ш.Марджани окуу иштериндеги эски тартипти кескин сындап, бухара окутуу тартибин татар окуу жайларына таратууну жана жаштарды Бухарага билим алууга жиберүүнү токтотуу керек, деген тыянак чыгарган. Башка агартуучулар да билим берүүнүн схоластикалык системасына каршы чыгышып, анын маңызсыздыгын жана жашоодон өтө алыстыгын сындап чыгышкан. Алардын бири – К.Насыри эски татар мектептеринде талаш жүргүзүүгө даярдаган логиканы сындап, турмушта бир эле логика эмес, этика, юриспруденция, география, геометрия жана астрономия, ошондой эле кол өнөрчүлүк, өнөр жай жана башкаруу боюнча да билим алуу зарылчылыгын баса белгилеген. Алардын негизин математика жана табият таануу илимдери берээрин, бирок медреселердин бүтүрүүчүлөрүнүн алар боюнча эч кандай түшүнүгү жоктугун айтып, турмушта көбүрөөк кереги тие турган сабактарды окутууга чакырган. Казань университетинин илимий чөйрөсү менен байланышта иштеген Каюм Насыри татар адабий тилин иштеп чыгууга киришет. Анткени, ал учурда татар адабиятында араб жана түрк тили басымдуулук кылган. Ал биринчилерден болуп, татар тилинде тарых, география, геометрия, арифметика, гигиена, физика ж.б. илимий тармактар боюнча 40ка жакын китептерди басып чыгарып, тараткан. Мындан тышкары, Насыри алгачкы татар грамматикасынын автору катары да эсептелет. Эгер Марджани медреселерде динден тышкары илимдерди окутууну талап кылса, Насыри элге жеткиликтүү кылып, китептерди бастырган. Татар адабий тилинин түзүлүшү биринчи кезекте, европа маданиятынын элдин калың катмарына тарашына жол ачкан. Аны эски мектеп-медреселердин окутуучуларынын бир катары, молдолор “орус тыңчысы”, “сатылган миссионер” ж.б. деп аташып, каршы чыккандар менен  катар эле колдоочулары да арбын болгон.

Агартуу идеяларын ишке ашырууда, эски ыкмадагы мектептердин окутуучулары – молдо-ишандар катуу каршылык көрсөтүшкөн. Илим-билимдин негизин окуткан жаңы сабактарды киргизүү сунуштарын элдин караңгылыгынан пайдаланып, исламга каршы чыгуу аракети катары көрсөтүүгө аракеттенишкен. Алар агартуучуларга карата ар кандай каршылыктарды көрсөтүп, ал турсун аларды жок кылуу максатында, падышалык бийликке жардам сурап кайрылган учурлары да болгон. Алсак, 1908-жылы 20-июлда Россия өкмөтүнүн Ички иштер министри Столыпиндин наамына төмөндөгүдөй маанидеги сураныч келип түшкөн.

“...Акыркы жылдарда биздин татарлардын арасында “мугалимдер”, б.а. революционерлердин өзгөчө коому пайда болду. Алар Россиянын татар кыштактарында тамыр жайып, балдарды окутуу менен катар акча жыйнашат. Динге кызмат кылабыз дегени менен, татар коомчулугун өкмөткө каршы үндөп, аларды куралдандырууда. Бул мугалимдер Казандагы “медресе и-Мухаммедиеден” тарбияланып чыгууда. Ал акыркы жылдары медресе деп аталганы менен, революциянын очогу болуп калды. Андан чыккан мугалимдер Кудайга жана исламга кызмат кылам дешкени менен татарларды жолунан адаштырууда”. Молдолор алардын аткарып жаткан алгылыктуу иштери тууралуу айтышпастан, революциялык иштерин гана баса белгилешкен. Анын себеби, өкмөт аларды куугунтуктаарына көзү жетип, мындай жол менен күрөшүү натыйжалуу жыйынтык берээрин түшүнүшкөн.

Россиянын Ички иштер министрлиги жана полиция департаменти өтүнүч жашыруун экендигине карабастан, Казань, Оренбург, Симбирск жана Уфа губернияларына “мугалимдердин зыян келтирүүчү агартуу иштерин” ачууга карата чара көрүүгө губернаторлорго көрсөтмө берилип, натыйжада бир катар мугалимдер куугунтукталып, медреселерде тинтүүлөр жүргүзүлгөн. Троицк шаарынан Оренбург губернаторунун атына жазылган дагы бир катта, мурдагы ыкма менен окуп жаткан учурда эч кандай жаңы идеялар таасирин тийгизе албагандыгын жазышып жана кийинки мугалимдердин көз караштарын жана алардын тарбиялоо багытынын тууралыгын текшерүүнү тапшырууну суранышып, жаңы усулда окуткан молдолордун жана жаңы ыкмада жазылган китептердин тизмеси жазылган тиркемени кошо беришкен.[19]

Эгер Волга боюнда Х.Файзханов, К.Насыри ж.б. сыяктуу агартуучулар мектеп-медреселерди жаңыртууну гана көздөбөстөн, аны ишке ашырууга белсенип келген адамдар болсо, Россиянын курамындагы мусулман элдерине жадидчилик кыймылын тараткан жана анын саясий жетекчилиги крым мырзасы Исмаил Гаспринский тарабынан ишке ашкан.[20]

Крымтатар улуу агартуучусу Исмаил-бей мырза Мустафа-оглу Гаспринский 1851-жылы 8-мартта Крымда Авджыкой кыштагында орус офицери Мустафа Али-оглу Гаспринскийдин үй-бүлөсүндө туулган. Крым согушу (1853–1856) учурунда Гаспринскийдин үй-бүлөсү Бахчисарай шаарына көчүп келишкен. Алгач  ал мусулман мектебинен окуп, 1861-жылы  Симферополь гимназиясына кабыл алынган. 1864-жылдан Москвадагы аскердик гимназиядан окуусун уланткан.  Ал жерде көпчүлүк жаштардай эле дин сабагын, орус жана француз тилдерин, сүрөт, тарых, география, алгебра жана геометрияны өздөштүргөн. 1868-жылы документтерин кайрадан Симферополь гимназиясына тапшырат. Аны ийгиликтүү бүтүрүп, 1870-жылдан орус тили мугалими болуп иштеп калат. Эки жылдан кийин “мыкты өтөгөн кызматы” үчүн Одесса окуу округунун кызматкери тарабынан алкыш алууга татыган.

Гаспринский Галиция, Венгрия, Австрия жана Германия аркылуу Франция, Испанияга чейин жеткен. Кийин Алжир, Тунис, Египет жана Греция аркылуу Түркияга келип, бир жылга жакын убакыт жашап, өлкөнүн калкынын тарыхы, турмушу жана салттары жөнүндөгү макалаларды жазган жана аларды Санкт-Петербург, Москва жана Одессанын гезит-журналдарында жарыялаган. 1876-жылы ал Бахчысарай шаарына кайтып келип, кайрадан шаардык окуу жайлардын биринде окутуучу болуп калат. 1878-жылы шаар башчысынын жардамчысы, 1879-жылы шайлоодо шаар башчысы болуп шайланып, 1884-жылга чейин иштеген. Бул жылдары Бахчысарай шаарынын коомдук-экономикалык турмушунун өсүп-өнүгүшүнө бир кыйла салымын кошкон. Ал элге билим берүү тармагына да көңүл буруп, жергиликтүү бюджеттин эсебинен шаардагы бардык улуттар үчүн төрт класстык окуу жайларды ачып, окуу китептерин алдырып берген. 1883-жылы апрель айында Гаспринский Ички иштер министри граф Д.А.Толстойдон Думанын курамын христиан жана христиан эместерден теңме-тең түзүүгө уруксат алууга жетишкен (мурда ал көрсөткүч 3:1 болгон).[21]

И.Гаспринский Түркстан аймагына жаңы усулдагы мектептерди пропагандалоо максатында эки ирет (1893- жана 1906-жылдары) келип кеткен жана аймактын тарыхы, маданияты, билим берүү ж.б. жөнүндө көптөгөн баалуу эмгектерди жараткан. Ал “Туркестан улемасы” (“Түркстан окумуштуулары”. – Бахчисарай, 1900) көлөмдүү тарыхый чыгармасынын кириш сөзүндө: “Европада илим жана агартуу иштери али түйүлдүк абалында турган мезгилде, Түркстанда илим өз алдынча өнүгүп жаткан” , деп белгилеп, Бируни, Фараби, Ибн Сина, Улугбек, Алишер Навои ж.б. сыяктуу түркстандык акындардын, ойчулдардын, окумуштуулардын жашоо-турмушунан, иш-аракеттеринен далилдүү фактыларды мисалга келтирип, алардын орто кылымдардагы илимге тийгизген орчундуу таасирин көрсөтүп кеткен. Бул эмгекте ал аймактын 80 окумуштуу-ойчулдарына кыскача токтолот.

И.Гаспринскийдин “Ташкенттен Бахчисарайга саякат” аттуу эмгегинде “Бухарадан эмнени көрдүм?” деген негизги бөлүгүндө бул аймакка келгендеги калктын социомаданий турмушунан алган таасирлерин баяндаган. “Тарих жадид Түркстан” деген эмгегинде болсо, Түркстан аймагындагы орус-англия атаандаштыгы, орус аскерлеринин Ташкент, Бухара жана Хиваны басып алуу максатындагы жүрүштөрү, генерал-губернатор Кауфмандын иш аракеттери, айрым түркстан урууларынын Россиянын курамына өз эрки менен кирүүгө умтулушкандыгын чагылдырган. Анын “Түркстан улемасы”, “Тарих жадид Түркстан”, “Арслан кыз”, “Бахчысарайдан Ташкентке саякат” деген илимий жана адабий эмгектери агартуучунун аймактын материалдык жана маданиятынын тарыхын мыкты билгендигинен кабар берет жана анын өзү да аймактын илим-билиминин, маданиятынын андан ары өнүгүүсүнө өбөлгө түзгөн. Бул жөнүндө Түркстанда жарык көрүп турган басма сөз беттеринде анын реформаторлук жана агартуу иштерине ыраазылык билдирген макалалар байма-бай жарык көрүп турган.[22]

Ал өзү негиздеген, мусулмандардын арасында кеңири белгилүү болгон “Тержиман” гезитине мусулман аялдарынын турмушу, алардын билим алуу маселелерин биринчилерден болуп көтөрүп чыккан. И.Гаспринскийдин “Кадынлар”, “Арслан кыз”, “Аялдар өлкөсү же “амазонкалар” деген повесттери анын “Аялдар дүйнөсү” деген журналында жарыяланган. Ал эми  “Чыгыштын жана Батыштын аялдары”, “Мусулман аялдарынын абалына карата” ж.б. макалаларында аялдардын билим алууга, коомдук турмушка катышууга эркектер менен тең катар эле укуктуу экендигин көрсөткөн.  “Тержиман” гезитине кошумча катары, аялдар үчүн 1906–1910-жылдары чыгарган “Алем-и-Нисван” (“Аялдар дүйнөсү”) журналы Крымда эле эмес, Түркстан, Индия, Египет ж.б. өлкөлөрдө да белгилүү болгон. И.Гаспринский: “Жакшы аял жана эне кылып тарбиялоо үчүн кыздарды эркек балдар менен тең катар окутуу керек”,[23] деп жазган. Ал “эгер эркектер билим алса, өзү үчүн пайдаланат, ал эми аял билим алса, ал жок дегенде эле беш-алты балага билим берүү менен тарбиялайт”, деп эсептеп, агартуучу, гуманист катары жаңыча билим берүүнү гана жактабастан, аялдардын билим алууга, үй бүлөдө жана жашоодо тең укуктуулугу үчүн күрөшкөндөрдүн алдыңкы сабында турган.

И.Гаспринский  иштеп чыккан мектептерди реформалоонун негиздери улуттук-конфессиялык,  ал турсун орус-тузем мектептеринен да бир топ жогору турган. Чет элдик жана Россиядагы педагогикалык иштер менен жакындан тааныш болгондуктан, өзгөчө бир ыкманы – билим берүүдө революция жараткан, үн чыгарып окуган, б.а. ар бир тамганын өз добушу болгон ыкмага негизделген методикасын (ыкма) иштеп чыккан. Жаңы ыкманы пайдаланган крым-татар улуттук мектеби 1884-жылы Бахчысарай шаарында агартуучу тарабынан ачылган. Ал ошол эле жылдын январь айында элдин бул жаңы саамалыкка ишенбөөчүлүк менен карашкандыгын жана он чакты гана балдарды чогулткандыгын жазат. “Бирок экзаменден кийин, деп уланткан, б.а. алты айдан соң ата-энеси ай сайын 1 сом төлөп бере турган милдеттенме менен! мектепке 30 бала кирген. Жылдык экзаменде балдар татарча ишенимдүү түрдө жазып жана окушуп, дин боюнча билимин жана арифметиканын төрт амалын, ал эми айрым балдар болсо орус тилинен да сабаттуулугун көрсөтүштү. Жаңы ыкма жана жаңы окуу тартиби эл арасында ишенимди жаратты”.[24]

Бул ыкманы таратуу максатында жаңы окуу китептерин жана методикалык адабияттарды даярдай баштаган. Ал өз басмаканасынан “Ходжа-и-Субьян” деген биринчи светтик окуу китебин, “Тарих Ислям” – ыйык тарых; “Течвид” – курандын сүрөөлөрүн туура окууга үйрөтө турган; “Сарф” – эне тилинин грамматикасы ж.б. бир нече жолу басып чыгарган. И.Гаспринскийдин жаңы усулун Крымда эле эмес, Волга боюндагы татарлар, Казакстан, Башкирия, Түркмөнстан, Тажикстан, Өзбекстан, Кыргызстан, Азербайжан, Cибирь жана Түркияда да пайдаланышкан.[25]

Көпчүлүк мусулмандар жаңы ыкмада билим берүүгө, орус тилин окутууга, ал турсун өз эне тилинде билим берүүгө каршы чыгышкан. Ал эми падышачылык бийлик жана православие миссионерлери жаңыча билим берүү татарларды орусташтыруу саясатына кедергисин тийгизет, деген мааниде чочулашкан. Буга белгилүү миссионер Н.И.Ильминскийдин Победоносцевге жазган катын мисал келтире кетсек болот, анда: “татарлар арасында жаңыча мектептерди ачуу, татар интеллигенциясын мусулман араб-стамбул-француз маданиятын жана цивилизациясын (орус эмес) жактаган куу жана эпчил жактоочуларын тарбиялап даярдайт”, деп белгилеген.[26]

Агартуудагы алгачкы реформаторлордун бири Ш.Марджанинин медресеси замандаштарынын эскерүүсү боюнча, ошол мезгилдеги эң алдыңкы окуу жайлардын бири болгон. Ал схоластикалык талаштардын ордуна, окуучулардын өз алдынча чындыкты издөөгө жана логикалык ой жүгүртүүгө, акыл-жөндөмүн өстүрүүгө аракеттенген. Муну менен эле чектелип калбастан, тарых, география, астрономия, математика жана адабият боюнча да маалыматтарды берген.

Көнүл бура турган жагдай, жогоруда айтылып кеткендей, ошол мезгилде ар кайсы медреселерде окушкан шакирттер арасында талкуулар жана диспуттар өткөрүлгөн, ошондуктан шакирттер башка медреселерде эмне окутса, ошондой эле билим алууга тырышкан. Ал эми Ш.Марджанинин мектебинде окутулган сабактар шакирттер арасындагы талашып, тартышууларга жардамы тийген эмес. Кийин ал татар конфессиялык мектептердин калыптанып калган салттарын бузууга мүмкүнчүлүгү келбегендигин, кыялын ишке ашыра албай калгандыгын өтө өкүнүү менен жазган. Мындай катуу каршылыктарга карабастан, Ш.Марджанинин окутуу иштеринде реформа жүргүзүү идеялары элге катуу таасир тийгизген. Анын иштерин Петербург университетинин чыгыш факультетинин окутуучусу Хусаин Файзханов колдоп, татар эли үчүн европалык үлгүдөгү мектептерди ачуу идеясын көтөрүп чыккан.

Анын долбоору боюнча, чет тилдери, география, медицина жана табият таануу сабактары орус тилинде, ал эми калгандары түркий (татар) тилинде окутулат. Медресе 10 класс (жылдык) болуп, баштапкы класстарда окуучулар түрк (татар), перс, орус тилдерин жана буга кошумча география, геометрия, каллиграфия жана окуу эрежелерин окушат... Андан кийин класстар эки топко бөлүнүп, биринчи тобу дин кызматкерлерин даярдоого багыт алып, теология менен катар эле адабият, табият таануу, математика, астрономия жана медицина (фельдшердик даярдык) окутулат. Экинчи топ болсо, динден тышкары (светтик) багытта болуп, сабактар гимназиялардын программалары менен окутулуп, анын бүтүрүүчүлөрү университетке окууга укук алышат.[27]

Х.Файзхановдун оюнча окуучулар медресенин фондусунун, медреселер болсо казнадан, нике кыюудан, кайыр-садагалардын жана журналдарды чыгаруудан түшкөн каражаттын эсебинен  жашаш керек эле. Тилекке каршы, долбоордун автору дүйнөдөн кайтып кеткен жана анын ишке ашырылышына албетте, бийлик жана дин өкүлдөрү катуу каршылык көрсөтүшкөн. Буга карабастан, долбоор өз мезгилинде прогрессивдүү мүнөзгө ээ болуп, агартуу маселелеринде өз орду болгон.

Окумуштуу Х.Файзханов Ч.Валиханов менен жакшы тааныш болгондуктан, андан “Манас” эпосунун тизмесинин (бир бөлүгү болсо керек – автор) стилистикасы менен таанышкан учурда, анын казактыкы эмес экендигин түшүнгөн. ХIХ кылымдын 60-жылдарында батыш изилдөөчүлөрү казак жана кыргыздардын этникалык айырмачылыктарын  ажырата албаган учурда бул маанилүү тыянагы менен Кыргызстанды изилдөөчүлөрдүн пионери катары кароого өбөлгө түзөт.[28]

Жаңы усулдагы мектептердин ачылышы менен жогорудагыдай долбоорлор ишке ашырыла баштаган. Мурда 3–4 жылдан кийин гана окуганга араң жараса, тамга-добуштук ыкма менен бир жылдын ичинде китеп окууга жарап калышкан. Жаңы усулчулар муну менен гана чектелип калышпастан, жалпы билим берүүчү сабактарды татар тилинде, анын ичинде орус тилин окутууну да киргизишкен.

Балдарды окутуу менен катар эле мугалимдер калк арасында маданий-агартуу иштерин да жүргүзүшкөн. Белгилүү татар жазуучусу З.Башири (1888-1962) эскерүүлөрүндө, Акъегет жаңы усулдагы мектебинин мугалимдеринин жүргүзгөн иш-чаралары жөнүндө жазган. Анда ар бир жума сайын мектептерде кечелер уюштурулуп, анын катышуучулары адабий көркөм чыгармалар менен таанышып, коомдук турмуштун, нравалык жана гигиенанын ар түрдүү маселелери боюнча доклад жана лекцияларды угушуп, кызыккандар суроо-жооп иретинде пикир алышкан. “Бул мектепте мен төрт жыл окудум жана ал менин аң-сезимимдин калыптанышында чоң роль ойноду, дүйнөтаанымымды кеңейтти, жашоону билүүгө жардам берди, адабият жана журналистика дүйнөсүнө алып кирди”, деп белгилеген.[29]

Жаңы типтеги мектептер үчүн уюштуруу борбору болгон эмес, ошондуктан мектептерде бирдей окуу пландары жана окуу куралдары жок эле. Сабактарды окутуу көпчүлүк учурда мугалимдин өзүнөн жана анын кандай окуу китептери болгондугуна байланыштуу болгон. Бирок жалпысынан, өз алдынча китептер эмес, динден тышкары сабактар, орус тили жана дин сабагы окутулган.

Муну төмөндөгү Уфадагы бир жаңы усулдагы алты жылдык мектептин окуу планынан көрсөк болот:[30]

сабактар

жумалык саат

%

Табигый жана коомдук илимдер

58

35,6

Орус тили

23

14,1

Араб тили

24

14,7

Түрк тили

8

4,9

Дин сабагы

46

28,8

 

Жаңы усулдагы мектептен билим алган балдар кыска убакыттын ичинде сабатсыздыгы жоюлуп, көпчүлүгү кеңсе жумуштарында иштешип, башкаруучу, эсепчи ж.б. сыяктуу иштер менен камсыз боло башташкан. Алар коомдук-саясий иштерге активдүү катышып, эл арасында кадыр-барктуу болушкан. “Мухаммадия”, “Касымия” (Казань), “Галия”, “Усмания” (Уфа), “Хусаиния” (Оренбург) ж.б. жаңы усулдагы мектептерден көптөгөн коомдук жана маданият ишмерлери чыгышкан. Б.Х.Юлдашбаевдин маалыматтары боюнча, “Галия” медресесин (1906–1916) алгачкы 10 жыл ичинде 1000ге жакын адам бүтүрүп чыгып, алардын 17си жазуучу жана журналист болушкан. Алардын ичинен М.Гафури, Ш.Бабич, З.Ярмеки, И.Башмаков, Х.Туфан ж.б. белгилүү акын-жазуучулар чыгышкан. Бул медреседен билим алып чыккан казак, кыргыз, өзбек, түркмөн ж.б. улуттардын өкүлдөрүнүн ичинен да көптөгөн коомдук-саясий ишмерлер, агартуучулар, адабиятчылар чыккан. Алардын ичинен  37си молдо болуп, калгандары негизинен агартуучулар катары белгилүү болушкан.[31] 

Бул кыймылга каршы кадимчилер тарабынан да, бийлик тарабынан да кысым көрсөтүүлөр болгон. Кадимчилер жадидчилерди динден чыгып кеткендер, Куранды тануучулар деп чыгышса, бийлик болсо, алардын кыймылын бийликке каршы чыгуу аракеттери менен байланыштырып,1870-жылдан кийин уруксаты жок ачылган татар мектептерин жабуу жөнүндө чечим кабыл алышкан.

 Бирок, мындай каршылык көрсөтүүлөргө карабастан, 1905–1907-жылдардагы революциядан кийин, Казань губерниясындагы татар мектептеринин 90%ке жакыны жаңы усулдагы мектеп болгон. Эгер 1895-жылы Казань губерниясында 647 мектеп-медресе болсо (окуучулардын саны – 33 907), 1902-жылы алардын саны 756, 1912-жылы 1088ге (окуучулардын саны – 83 000) жеткен.[32]

Жаңы усулдагы мектеп, медреселердин көбөйүүсүнө татар буржуазиясынын өкүлдөрү да колдоо көрсөтүшкөн. Анткени, соода жана өнөр жайларда да иштей турган билимдүү адамдар керек болгон. Мисалы, ири татар соодагери Ахмед-бай Хусаинов өзүн окуган жаштарга үлгү катары көрсөтүп, төмөндөгүдөй пикирин билдирет: «бул башым менен 20 миллиондой каражатты  айландырам, Лондон жана Париждеги кеңселеримди башкарам… Бирок бул башымды 12 жыл ичинде араңдан зорго кол коюуга жана сандарды эсептөөгө үйрөтүштү. Буга менин башым эмес, эски калпалардын баштары (эски усулдагы мектептердин окутуучулары) күнөөлүү. Мына силер жаңыча окуп жатасыңар… Эртерээк билим алгыла, ал эми мугалимдер силер тезирээк окуткула. Окуу менен жазууну эле эмес, эсепти да үйрөнгүлө. Биздин фирманын кеңсесине билимдүү адамдар эң керек».  А.Хусаинов татар улуттук буржуазиясынын өкүлү катары чыгып, өз товарларын өткөрүү үчүн рынок түзүп, башка улуттардын буржуазиясы менен конкуренцияда жеңүүчү катары чыгуу керек болгон. Бул максатта А.Хусаинов өз каражатына Оренбургда жаңы усулдагы ири медресе курдурат. Ал кийин «Медресе и-Хусаиния» деп аталып калган. Медресе өз мезгилинде агартуучуларды (муаллим) даярдоодо зор роль ойногон жана жыл сайын ондогон мугалимдерди даярдап чыгарып турган. «Медресе-и-Хусаиниянын» үлгүсүндө Уфа шаарында «Медресе-и-Галия», Казанда «Медресе-и-Мухаммедия», Троицкиде «Медресе-и-Расулия» ачылган. Алардын бүтүрүүчүлөрүнүн дээрлик бардыгы мугалим болуп иштешкен, ошону менен бирге алардын ичинен молдолор да чыккан.[33]

Түркстан аймагында болуп өткөн Анжиян көтөрүлүшүнөн кийин чочулаган падышачылык бийлик татар агартуучуларына  каршы ачыктан ачык куугунтуктоо иштерин баштаган. Ар бир татар агартуучусун, жазуучуларды, ал турсун ар бир сабаттуу адамды көзөмөлдөй башташкан. Бул процессти профессор Р.Нафигов мындайча сүрөттөгөн: «1898-жылкы Анжиян көтөрүлүшүнөн чочулаган цензура Поволжье татарларынын да мамлекетке каршы иш аракеттеринен шек санашып, алар менен жадиддик кыймыл жана жаш түрктөр менен байланышы жокпу жана алар Түркия же башка чет элдик мусулман борборлорунан демилге алып жатышкан эмеспи, деген сыяктуу суроолорго жооп издей башташкан».[34]

Россия бийлиги бул кыймылга каршы аракеттерди ачык жасай баштаган. Бийлик тарабынан атайын Кеңеш чакырылып, анын күн тартибинде: “татар-мусулман таасирине каршы туруу” деген маселе каралган. Бийликти айрыкча жадиддик кыймыл тынчсыздандырып, аларга каршы күрөштө консервативдүү патриархалдык-конфессиялык духтагы кадимчилерди пайдаланышкан.[35]

Татар, башкыр  агартуучуларын, адабиятчыларын жана ойчулдарын  куугунтуктоо иштери ушинтип башталган. Бир эле убакта бул тизмеге жаңы усулдагы медресе жана мектептерди бүтүргөн кыргыз, казак  шакирттери да кошулган. «Башка жактан келген мугалимдердин жергиликтүү кыргыздарга таасири ушунчалык чоң, деп билдирген падышалык күзөт бөлүмүнүн төбөлү, айрым кыргыздар кышында Уфага жөнөшүп, татарлар тарабынан ошол эле «Галия» медресесине окууга алынып, ал жактан үйлөрүнө жетишинче үгүттөлүп кайтышат».[36]

Россиянын башка аймактарындай эле кыргыз жергесиндеги татар, башкыр агартуучуларынын иштерин падышалык күзөт бөлүмү дайыма көзөмөлдөп турган. 1913-жылы Түркстан райондук күзөт бөлүмүнүн начальниги Казань башкармалыгына билдирүүсүндө “жыл сайын жайында медреселердин тарбиялануучулары жана мугалим-татарлар кыргыз балдарды окутуу үчүн келип турушат... Мындан тышкары, бул мугалимдер Казандагы басмаканалардан чыккан зыяндуу багыттагы китепчелерди кыргыздардын арасында таратышат”.[37]

Элдин кат-сабатын ачуу үчүн келген мугалимдердин саны 1913-жылды алганда эле кыркка жакындаган. Документтерде эки адамдын аты аталат: Харис, Гады Давыдов. Бул маалыматтарды билдирүү менен бийликтегилер «татар мугалимдерден кыргыздарга балдарды окутууга кимдердин келгендигин жана кыргыздардан (казактардан да болсо керек-автор) татар окуу жайларына окууга кимдер кеткендигин»[38] билип берүүсүн суранышкан. Казандан келген жоопто: ушул эле максатта Жети-Суу ж.б. областтарга Мавлют Латыпов, Хасан Узбеков, Гатаулла Ахмаров келишкендигин жана аларга карата саясий терс маалыматтар болбогондугун, ал эми жогоруда аталган Харис жана Гады Давыдовдун Казань башкармалыгында иштери каралбагандыгы, бирок жандарм башкармалыгынын начальниги «алардын биринчиси – Харис Файзи (Файзуллин) – беш жыл мурда жабылып калган мурдагы прогрессивдүү багыттагы «Ахбар» деген Казань шаарында чыгуучу гезиттин редактору болушу мүмкүн деген божомолу айтылган. Андан ары «Файзи көз карашы боюнча панисламист жана накта улутчул татар экендиги, анын бир нече китеп, алардын ичинде татар грамматикасы боюнча окуу китебин чыгаргандагы жана учурда «Санкт-Петербург камсыздандыруу коомунун” агентурасын уюштуруп жаткандыгын жана анын Азияда жашаган бир тууганынын да коомдун агенти экендиги» документте белгиленген.[39]

Дагы бир архивдик документте Токмок шаарындагы «Экбалия» медресесинин мугалими Нурали Маминден революциялык маанидеги адабияттар табылгандыгы үчүн күнөөлөнгөндүгү белгиленген.[40]

Мындай куугунтуктоолорго карабастан, көрүнүктүү татар, башкыр педагогдору Г.Рафики, С.Габдельманов, Н.Мулла-Газин, З.Вагапов, К.Мифтаков, Н.Мамин ж.б. кыргыз жергесинде эмгектенишип, жаштарды тарбиялоого эбегейсиз зор салым кошушкан жана аларды Марджани, Насыри, Тукай, Абай жана ошондой эле орус классиктеринин чыгармалары менен тааныштырууда да көрүнүктүү роль ойношкон. Көптөгөн агартуучулар совет бийлиги орногондон кийин да советтик мектептерде педагогдук ишмердүүлүгүн улантышып, аймактын миңдеген жаштарына билим беришкен.

1840-жылы Казань муфтияты тарабынан Верный шаарына Мухтурулла Баширов жиберилген. Ал 1850-жылы Караколго келип жашап калган. 1878-жылы анын жетекчилиги менен элдик каражаттын эсебинен Каракол шаарында татар мечитинин курулушу башталып, 1887-жылы аяктаган. Мечиттин алдында медресе ачышып, анда шаардыктардын балдары билим ала баштаган. Мечитке Казандан ХIХ кылымдын 90-жылдары үй бүлөсү менен көчүп келген Мужабиров Шакир молдо болот. Кийин медресе жаңы усулда окутуучу мектеп болуп калган. Шакир молдонун – Иманали Эркебаев, Абдылда Арыстанов, Ыбырай Абдрахманов, Иса Чокморов сыяктуу көптөгөн шакирттери кийин аймактагы белгилүү агартуучулардан болушкан.[41]

Изилдөөчү А.П.Ярков окугандардын болжолдуу санын берген: мектепте (медреседе) 31 өзбек, 20 дунган, 10 татар окуган. Окуучулар Мужабировду Шакир-дамбылда деп сүймөнчүк менен аташкан.[42] Айта кетчү нерсе, А.П.Ярковдун эмгегинде андан билим алган кыргыздар жөнүндө сөз болгон эмес, анткени жогоруда айтылгандай, бир топ кыргыз жаштары да Шакир молдодон окушкандыгы белгилүү.

Алардын бири – кыргыздын белгилүү агартуучусу, өмүрүн балдарды окутууга арнаган Алдаш молдо Жээнике уулу болгон. Ал Шакир молдонун мектебине кирип, диний билимден тышкары, математика, география, тарых, табият таануу сабактарын окуйт. Бул мектептен аны менен белгилүү фольклорчу, манас жыйноочу Ыбырайым Абдракманов да чогуу окуган.[43] Шакир дамбылданын медресесин бүткөндөн кийин Алдаш Молдо башка агартуучулардай эле элине кайтып, 1905-1906-жылдары  Жети-Өгүздүн Сары-Жон жайлоосунда “көчмө мектеп” уюштуруп, балдарды окутууга киришкен.[44]

Алдаш Молдонун жаңы усулдагы мектеби  жөнүндө анын уулу Абдулхай Алдашев мындай деп жазган: “Алдаш Молдо өзүнүн устаты Шакир дамбылданын жолун жолдоп, мектебинде жалаң гана диний дарстарды окутпастан, фан дарстарынан да сабак берген, маселен, эсепти төрт амалга чейин, географиянын үч бөлүгүн: жуграфия табигы (физикалык география), жуграфия ирьзи (экономгеография), жуграфия саяси (саясий география) деп өзү сабак берип турган”.[45]

Мындан тышкары, шаардагы И.Гаспринский, Улукбек атындагы мектептерден да көптөгөн жаштар билим алышкан. Белгилей кетчү нерсе, И.Гаспринскийдин ысмы Каракол шаарындагы мектепке анын көзү тирүү кезинде эле ыйгарылышы, улуу агартуучунун иштеринин алыскы аймактарга, алардын ичинде Кыргызстанга да чоң таасир тийгизгендигин көрсөтүп турат. Бул мектеп кийин Совет бийлиги орногондон кийин да иштерин уланткан. Андагы окутуучулар аттестациядан өткөндөн кийин дагы узак жылдар бою агартуу тармагында иштешип, улуу агартуучу Гаспринскийдин ысмы ыйгарылган мектептен көптөгөн бүтүрүүчүлөр чыккан. Буга 1925-жылдагы Каракол-Нарын округдук эл агартуу инспекциясынын отчетунда: Каракол-Нарын округунда 141 мектеп бар. Ал эми Каракол шаарында 13 мектеп иштейт. Алар: Некрасов, Чехов, Нарыман, Ленин, Толстой, Крупская, Гаспринский, Луначарский, Улукбек атындагы балдар үйү, кыздардын жатак-мектеби, уйгур жана дагы бир жаңы мектеп деп саналган.[46]

И.Гаспринский атындагы мектеп Каракол шаарындагы татар коомунун демилгеси менен ачылып, мектепке керектүү окуу куралдары, китептер, парта, доска ж.б. сатылып берилген. Мектеп темир тыныке менен жабылып,  беш бөлмөсү жана көлөмдүү далиси (кире бериши) жана жалпы 15 терезеси болгон. Мектептин короосунда чийки кыштан тургузулган, асты тактайланган, орус меши бар ашкана, анын жанында асты тактайланган кампа, кампанын жанында отун үчүн үстү калкаланган атайын жай тургузулган. Алардын баары бир катар салынып, чатыры жыгачтан курулган. Мындан сырткары, мал кармай турган үстү калкаланган топурактан тургузулган да жайы бар болгон.[47]

Татар коому 1921-жылга чейин бул мектептин чарба иштерин көзөмөлдөп, инвентарь китепчеси алардын колунда болгон. 1921-жылы Элге билим берүү бөлүмүнүн талабы менен бийликтин карамагына өткөн. Акт түзүлгөндө мектепке 1923-жылы Тукаев атындагы мектеп да кошулгандыгы жөнүндө маалыматтар бар.[48] Айтайын дегенибиз, демек шаарда Г.Токай атындагы да мектеп болгондугун белгилей кетсек болот. Бул фактылар Каракол шаарынын тургундары ошол мезгилдин алдыңкы адамдары менен байланышта болгондугун жана алардын иш аракеттери менен жакындан тааныш экендигинен кабар берет.

Ушул эле жылдагы Каракол уездинин эксперттик комиссиясынын шаардык мектептердин окутуучуларынын билимин, саясий көз караштарын текшерүү максатында жүргүзүлгөн иш чаранын жыйынтыгы жөнүндөгү токтомдон төмөндөгүдөй маалыматтар белгилүү болду. Курамы беш адамдан (төрагасы – Ушенко, мүчөлөрү: Б.Братчиков, О.С.Абрамов, Н.Кородев, Б.Рогальский) түзүлгөн комиссия шаардагы мугалимдерди аттестациялоодон өткөрүшкөн. Алардын 1923-жылы 3-ноябрда өткөргөн жыйналышынын токтомунда 20 мугалимдин он экиси мусулман мектептеринен билим алган болсо, калган сегизи Россиянын гимназияларынан билим алгандар болгондугу белгиленет. Бул мугалимдердин ичинен мусулман мектеп-медреселеринен билим алгандарын белгилей кетсек, алар: 1) Мужазиров Ахметсадык Фатихович – алты жылдык татар мектебин жана 1898-жылы Караколдогу Колпаков атындагы окуу жайын (?) бүтүргөн.  Эмгек стажы – 7 жыл (демек, 1917-жылдан баштап окутуучу болуп иштей баштаган); 2) Надыршин Салих Михатхович – 1898-жылы мусулман семинариясын бүтүргөн. Эмгек стажы – 24 жыл (1899-жылдан иштеген); 3) Рахимова Деляфруз Сабировна – жогорку башталгыч татар мектебин жана Оренбургдагы мугалимдер семинариясын бүтүргөн. Эмгек стажы – 6 жыл (1917-жылдан иштеген). 4) Джангирова Аимниса Аблайчураевна – 1920-жылы Каракол шаарындагы татар мектебин бүтүргөн. Эмгек стажы – 1 жыл; 5) Айтуганов Сыдык Якубович – Караколдогу алты жылдык татар мектебин жана Түрк мугалимдер институтунун (?) бир классын бүтүргөн. Стажы – 1 жыл; 6) Джангирова Мухамеддин Баритонович – шаардык мусулман мектебин жана Ташкент шаарындагы алты жылдык педагогикалык курсун бүтүргөн. Стажы – 2 жыл; 7) Ашимов Разык Касымович – 1912-жылы Караколдогу татар мектебин жана 1921-жылы бир жылдык кыргыз педагогикалык курсун бүтүргөн. Стажы – 1 жыл; 8) Нармухамедов Шия Мухамедович – 1919-жылы Караколдогу мусулман татар мектебин жана Ташкенттеги педагогикалык курсун бүтүргөн. Стажы – 3 жыл; 9) Кульбаев Сеид Молбеталиевич – татар мектебин жана педагогикалык курстарын бүтүргөн; 10) Алабаев Насырджи Ниазаханович – башталгыч мектептин төрт классын жана педагогикалык курстарды бүтүргөн.[49]

   Айта кетчү нерсе, жогорудагы архивдик маалыматтардан мугалимдердин көпчүлүгү  И.Гаспринский атындагы мусулман татар жана Улукбек атындагы өзбек мусулман мектептеринен билим алгандыгы көрүнүп турат. Азыркыча айтканда, аттестациялоодо төмөндөгүдөй маанидеги суроолор берилген: 1. Бирдиктүү эмгек мектеби дегенди кандай түшүнөсүз?

   2) мектепте куранды окутууга кандай карайсыз?

   3) саясий маанидеги: НЭП, интернационал, “Кошчу” союзу, комсомолдун жаштарды тарбиялоодогу ролу ж.б. суроолор берилип, мугалимдердин педагогикалык жана саясий даярдыгын текшеришкен. Алардын жоопторун анализдеген учурда, мугалимдердин көпчүлүгү балдарды бирдей программанын негизинде жана турмушка кереги тие турган предметтерди окутуу керектигин айтышкан. Экинчи суроого берилген жооптордо албетте, мезгил талабына жараша жаңы мектептерде куранды окутуунун кереги жоктугун белгилешкен. Бирок, бул жерде өмүрүн мектепке арнаган тажрыйбалуу педагог Надыршин Салихтин[50] жообу абдан кызык, анда ал: “динди окутууну мектепке киргизүүгө болбойт. Эгер ата-энелер балдарына куранды окутууну талап кылышса, аларга мектеп баланы жалпы өнүгүүсүнө зарыл болгон сабактарды окутат, ал эми бойго жеткен учурда динди окуп үйрөнүүсүнө жол берсе болот деп жооп берген. Ошону менен катар эле деп көрсөтүлөт токтомдо: “ал түрк тилинин начар өнүккөндүгүн, ошол себептүү ага перс, араб тилдериндеги жана курандагы сөздөрдү киргизип, адабий тил катары пайдаланууга туура келгендигин айтты, ал эми комсомолдун мектептеги ролун сураган мезгилде Надыршин анын социалисттик аң сезимди тарбиялоого зор мааниси бар экендигин так жана даана көрсөттү деп белгиленип, ага педагогикалык жана саясий жактан жакшы даярдалган дешип, үчүнчү категорияны ыйгарышкан.[51]

Бул маалыматтар мусулман мектебинен билим алган, кийин советтик мектепте эмгектенип жаткан педагог Салих Надыршин сыяктуулардын ишин берилип сүйгөндүгүн жана ошол эле учурда анын акыл-парасатынын жогорку деңгээлин көрсөтүп турат. С.Надыршиндин жоопторун уккан кызматкерлер анын маанисин түшүнбөгөндөй элес калтырат, анткени мындай жооптор ал учурда өтө кооптуу болгон. Ал эми бүгүнкү күнү анын сыр катылган сөздөрүн мүмкүн комиссиядагылар жакшы баамдай алышпай калса керек же ал мезгилде репрессиянын толкуну баштала элек деген да ой жаралат.

   Ушул эле курамдагы комиссиянын дагы бир токтомундагы маалыматтар боюнча, Мухамедалиев Мухамед Имин, Абдустураев Иман Тюр (стажы 15 жыл, мугалим жана мусулман мектептеринин инструктору болуп иштеген), И.Гаспринский атындагы мусулман мектебинин бүтүрүүчүсү Ташбаева Абдулла, Улукбек атындагы мусулман мектебин бүтүргөн Салимбаев Ибрагим, Жаксылыков Искак ж.б. да экспертизадан өтүшкөн. Аларды белгилеп жатканыбыз, мусулман мектебин бүтүргөндөрдүн ичинде татар, өзбек, кыргыз жана казак улутунун өкүлдөрү да болгон. Алардын ичинен Жаксылыков Искак Томск университетинин дарыгерлик факультетин 1900-жылы 9-ноябрда бүтүргөндүгү белгиленет. Комиссия врачтын  эмне себептен педагогикалык кесипте эмгектенип жаткандыгын сурашса, ал ден соолугуна байланыштуу тынчыраак жумушка өткөндүгүн айткан. Комиссия мүчөлөрү И.Жаксылыковдун саясий жана педагогдук даярдыгын карашып, аны мусулман мектебинин 2-категориядагы кызматкери деп таанышкан.[52] Демек, мугалимдердин арасында жогорку билимдүүлөрү да эмгектенген.

Караколдогу медресенин окутуучусу Салих Надыршиндин жергиликтүү элдин арасында кадыр-баркы жогору болгон.  Ал кыргыздын агартуучулары менен тыгыз байланышта болуп, пикир алышып турган. Алсак, белгилүү агартуучу жана санжырачы Талып Байболот уулу Надыршиндикине такай барып, аны менен пикирлешип жана Казандан чыккан жаңы гезит-журналдар менен таанышып турган.[53]

ХХ кылымдын баш ченинде Казандан жарык көргөн басма сөз менен кыргыздар да  тааныша баштаган жана өздөрү да чыгармаларын басма сөз беттеринде жарыялай башташкан. Алсак, Сыдык Карачев алгачкы чыгармасын татар коомдук-агартуу жана адабий-публицистикалык журналы “Шурага” (“Кеңеш”) жарыялаган. Журнал 1908–1917-жылдары Казань шаарында татар тилинде жарыкка чыгып турган. Аны алтын кен өнөр жайынын ээси, белгилүү татар акыны Закир Рамиев негиздеген, башкы редактору – белгилүү окумуштуу-журналист Риза Фахрутдинов болгон. “Шурага” ошол мезгилдеги көрүнүктүү татар жазуучулары: Г.Тукай, М.Гафури, Г.Ибрагимов, Ш.Камал, Ш.Бабич, З.Баширинин чыгармалары жарыяланып турган. Журнал агартуу кыймылына активдүү катышуучулардын турмушу жана элдин адабий-маданий турмушу менен байланышкан материалдарды жыйнап чогултууда зор роль ойногон.[54] Анда ошондой эле таанып-билүү материалдарына да айрыкча көңүл бурулган. Алсак, Ю.Баласагунинин “Кутадгу Билик” китеби жөнүндө, анын автору, китептин жазылуу убагы жана орду, оригиналдын шрифти жана анын В.В.Радлов тарабынан немец тилине которулгандыгы жөнүндө да маалыматтар берилген.[55]

“Шура” журналынын адабий бөлүгү “Хиэят, шигырь, латыйфэ вэ мэкальлар” (“Аңгемелер, ырлар, юмор жана макалдар”) деп аталып, татар, орус, араб, иран, кытай, япон, казак, өзбек, уйгур, чуваш макалдары, накыл сөздөрү жарыяланып турган.[56] Журналдын чыгып турган мезгилинде, б.а. 9 жыл аралыгында  анын 240 номери жарык көрүп, анда 4085 макала чыгып, алардын 1380и адабиятка арналган.[57]

Журналдын башкы редактору Риза Факретдинов “Шурага” Россиядагы бүткүл мусулман алдыңкы уул-кыздарынын ой-пикирлерин жана дүйнөлүк маданият менен илимдин эң алдыңкы ачылыштарын жарыялоого аракет кылган.

Журналда кыргыз жергеси, андагы калктын абалы ж.б. жөнүндө да макалалар жарык көрүп турган. Алсак, анын 1915-жылдагы бир санында өзбек агартуучусу, акын, жадидчи Чулпандын Ош шаары жөнүндөгү макаласы жарык көргөн. Ошол макаладан (кыргызчалаган С.Мамытов менен А.Маметбеков) үзүндү келтиребиз: “Фергана вилайетиндеги эң кичине шаарлардын бири – Ош шаарыдыр. Ош шаары 30 миңге жакын  калктуу шаар болуп, Кашкарга чейин ат менен үч күндүк жолдур. Кытайдын чоң жана эски тарыхый шаарлары менен белгилүү Кашгар вилаетинде Россиядан жана бүгүн Европадан келген мал ушул Ош жолу менен кетет. Ар күнү 50–60 атка жүктөлгөн караван Кашгар жолунда жүрүп турат...” Макалада маанилүү жагдай, бул Чулпандын билим берүү жаатын камтыгандыгы. Анда автор, Оштун Түркстандын башка шаарларына караганда артта калгандыгын айтып келип, ошону менен катар жаңы усулдагы эки  мектеп бар экендигин жана аларда 60 бала окуп жаткандыгын жазат. Мындан тышкары, бир орус-тузем мектеби иштегендигин, анда күндүзү 40ка чейин, кечинде (кечки курс) 30га чейин мусулман балдары окуган деп белгилеген. Ал китепкана да жок, бирок соңку күндөргө Ош жаштарынан Кадыржан Кабылжанов менен Жусупжан Юнусов мырзалардын китепкана ачууга арыз бергендиги жөнүндө белгилүү болду деп жазып, алардын иштерине ийгилик каалаган.[58]

“Шура” журналынын 1915-жылкы санына жарыяланган бул чакан макаланын автору Чулпандын Европа менен тааныштыгын, анын кругозорун көрсөтүп турат жана андагы жаңы усулдагы мектептер жөнүндөгү маалыматы бүгүнкү күндө ошол мезгилдин күбөсүнүн, болгондо да агартуучу тарабынан жазылгандыгы так маалымат катары олуттуу мааниге ээ.

Дагы бир татар жазуучусу Наврушан Белешов дарыгерлердин кеңеши менен Арслан-Бабдагы кыргыз үй бүлөсүндө бир айга чейин жашаган жана анын таасири менен макала жазып, “Шура” гезитинин 1915-жылы жарык көргөн сандарынын бирине жарыялаган.[59] Анда кыргыз жергесинин кооздугу, жаратылышынын көркү сүрөттөлүп, ошол эле учурда ал аймактагы кыргыз калкынын эмне менен алектенишкендиги, меймандостугу жөнүндө сөз болот. Ал жерде жашаган өзбектер тууралуу да кабарлар кездешет.

Н.Белешов кыргыз үй бүлөсүнө келгенде, анын ким экендигине карабастан, сый-урмат менен тосуп алгандыгын эскерет. Бул көрүнүш сырттан келгендер үчүн таң калыштуу болгону менен албетте, кыргыздар үчүн кадыресе эле болгон. Аны кабыл алган үй бүлө адеп анын мусулман же мусулман эместигин тактаган соң, арабча жазылган чыгарманы окуп берүүнү суранышкан. Анын сабаттуу мусулман экендигин билишкен соң, сый-урматын дагы күчөтүшкөнүн белгилеген. Автор аларга Балкандагы төрт мамлекеттин Түркия менен согуша баштагандыгын жана Түркиянын көптөгөн жерлерин жана бир нече шаарларын басып алгандыгын айтып берген учурда, алар бул кабарды али угуша электигин айтып ызаланышкандыгын жазган. Россиянын курамына кошулганга чейинки кыргыздардын турмушун да сүрөттөп, алар мурда табийгаттын эң кооз жерлеринде короо-короо малды эркин асырашкандыгын, бардык нерсе мол болгондугун, каалаган жерлеринде турушкандыгын, кийин болсо бул жерлерге хохолдор көчүп келе баштаган соң, кысылуулар башталган деп белгилешет. Азыр эми эзелкидей каалаган жерлеринде мал багууну ойлоого да болбойт. Себеби, бош жерлер эми аз калган. Мал кармоо үчүн аларга эми салык төлөө керек. Эрксиз кыргыздарга эми малдын санын жылдан жылга азайтууга туура келүүдө. Жылкылары, уйлары азык издеп, алыс эмес жердеги хохолдордун буудайына, сулуусуна кире берет. Хохолдор аларды тутуп алышса, жан башына эки сомдон дароо тоноп алат. Бербесең дароо протокол жазуу менен коркутушат. Бечара кыргыз онтолойт, сөгүнөт, бирок актыдагы акчаны бербеске бир да чарасы жок. Болбосо түрмөгө кетемин деп, эси чыгат...Кыргыздар да эми өздөрүнө жер кестирип алып, бекитип алуу керектигин да баары түшүнүштү деп жазып, алардын да бийликтин мыйзамдарына баш ийе баштагандыгын жана көз караштарынын өзгөрө баштагандыгын белгилейт.[60]

“Шура” газетасынын дагы бир 1913-жылдагы санында жарык көргөн Ахафулла Хайрулла уулунун Ош шаары жана Тахты-Сулайман жөнүндөгү макаласында Ош жергесинин кооздугу, чарбасы ж.б. баяндалат. Ал макалада  шаарда жайгашкан медреселер, мечиттер тууралуу да сөз болуп, автор төмөндөгүчө жазат: “... Шакирттери билим жана илим үйрөнүү үчүн Андижанга, Коконго жана Букарага барышат. Алардын усули-жадид мектеби бар эле. Татар мугалимдери куугунтукка алынган соң, улантуучу мугалимдер жок. Ошто кары жана жаш илимпоздордун, муфтий жана мударистерден жана ошондой эле жөнөкөй адамдарынын ичинен акылдуулары да бар. Бирок алар күндүн бир нуру, дарыянын бир тамчысы гана...”[61]

Албетте, мындай басма сөздүн жарыкка чыгып турушу, ага болгон элдин кызыгуусу падышачылык администрациянын көз жаздымында калган эмес. Анын таасиринен чочулаган бийлик өкүлдөрү газетаны көзөмөлгө алып турушкан. Маселен, “Шура” газетасында (“Вакттын” тиркемеси) дүйнө жүзүндөгү мусулмандарды мектепте билим берүү бириктирет деген ойлор таратылууда, анткени аларда бардык элдердин бирдей жашоосу иштелип чыгат деп белгиленген,  Жандармдык корпустун 1913-жылдын март айындагы “Кызыл” деген жашыруун тыңчысынын агентуралык мааламаттарында. Бул багытта бардык көрүнүктүү мусулмандар иштеп жатышат жана ошондуктан окутуунун бирдей программасына өзгөчө маани берилет. Бир кыйла маданияттуу эл деп эсептелген татар мугалимдерин кыргыз областтарына гана эмес, Афганстанга да жиберишкен. Балхаш көлүнүн жээгинде тоо-ташка сыйынган кыргыздар (язычниктер) чочконун этин жешет, молдо, мечиттери жок. Татарлар эми бул кеңири аймакты мусулмандаштырууга айрыкча көнүл бурушуп, ал жактарга окутуу жана үгүт насыят иштери менен татар мугалимдери жашыруун жиберилип турган. Начальниктер алардын кыргыз калкы менен достук мамилесине көнүл бурушпайт, ал эми приставдар болсо, бул жөнүндө билип турса да билмексен болушууда деп тынчсыздануу менен жазышкан. Бардык мусулман элдерин окутуу аркылуу жакындаштыруу идеясы Ибрагимовго таандык, ал эми Разы Фахретдинов менен Гаспринский болсо анын улантуучулары жана бүткүл Россияга таратуучулар катары эсептелет.[62]

Демек, басма сөздүн жадиддик реформаларды, идеяларды мусулман элдерине таратуудагы ролу зор болгон. Муну менен катар эле Россия империясынын карамагындагы мусулман элдеринин жашоо-турмушу, табияты, социалдык абалы менен да кабардар кылып туруучу, алардын арасындагы байланыш түзгөн орган экендигин белгилеп кетсек болот.

Кыргызстан аймагына келип отурукташып иштеген татар агартуучуларынын ичинен, айрыкча белгилүү мугалим, жазуучу Сабир Габделмановдун агартуучулук ишмердиги белгилөөгө арзыйт.

Габделманов Сабир (1879–1917) 1902-жылы Каракол шаарындагы жаңы усулда окутуучу мектепте мугалим болуп иштеген. Анын жарык көргөн  макалаларында Токмок шаарынын да аталышы кездешет. С.Габдельмановдун “Фөрьядлар” (“Кошок”) аттуу жыйнагы үчүн куугунтук башталган соң, Токмок шаарына көчүп келсе керек жана калган өмүрүн “Экбалия” (“Прогресс”) медресесинде окутуучу болуп иштеп өткөргөн. Ал 1914-жылы аскердик кызматка чакырылып, бирок ден соолугунун начарлыгынан бошотулган. Анын жакын досу Г.Сафиуллин С.Габделмановдун кургак учук менен ооругандыгын эскерет. Ал 38 жаш курагында дүйнөдөн кайткан. Сабир Габделмановдун үй бүлөсүнүн (жубайы, үч кызы) Токмокто калгандыгы белгилүү, бирок алардын кийинки тагдыры жөнүндө маалыматтар жок. Ал Каракол шаарындагы “Татар-кыргыз коомунун” да жигердүү мүчөлөрүн бири  болгон. “Галия” медресесинин бүтүрүүчүлөрү Исхак Канатов, Ишеналы Арабаев, Осмоналы Сыдыков менен тыгыз байланышта болгон. Ал ошондой эле Молдо Кылыч менен да тааныш болгон деп айтсак болот, анткени ал кыргыз акынынын меймандос айылына тез-тез барып тургандыгын жазган.[63]

Кочкордогу досу Канатка барган учурда жазылган “Тянь-Шань тавында бер кечек кэяхет” (“Тянь-Шань тоолорундагы чакан саякат”) аттуу эмгегинде, ал жерде кымыз ичип, дартынан дарылангандыгын жана аны менен гана чектелип калбастан, меймандос элдин каада-салттарын, тилин, маданиятын үйрөнүүгө аракет кылгандыгын жазган.[64]

Жети-Суу областындагы мусулман мектептери жөнүндөгү маалыматтарда, Пишпек уезди боюнча жаңы усулдагы эки мектеп: татар мечитинин алдындагы эркек балдар үчүн 1902-жылдан жана 1909-жылы ачылган кыздар үчүн мектептер иштеп жаткандыгы көрсөтүлгөн. Бул мектептерде, татар мечитинде Нижнесон волостуна караштуу Мамадыш уездиндеги Казань губерниясынын крестьяны, Казандагы (Казандагы эмес, Уфадагы – автор) “Галия” окуу жайынын курсун бүтүргөн молдо Ахмет Абдулладигин;  ошол эле окуу жайдын бүтүрүүчүсү, Казань губерниясынын Чистополь уездинин Кургалин волостунун тургуну Султан Черкасов; Уфа губерниясынын Бирс уездинин Овсянов волостунун тургуну, Уфа шаарындагы медресенин бүтүрүүчүсү Хосяндзян Баязитов; Уфа губерниясынын тургуну, Белебеев уездинин Зендяров волостунун тургуну, жогорудагы медреседен билим алган Ходжа-Галий Рафиков мугалим болуп иштешкендиги айтылган.[65]

Бул маалыматтардан окутуучулардын Казандагы “Мухамедие”, Уфадагы “Галие”, Оренбургдагы “Хусаиние”, Троицк шаарындагы “Расулие” медреселерин аяктагандыгынан кабардар болобуз.[66] Маселен, “Экбалия” медресесинин мударристери З.Вагапов, М.Смаков Троицкидеги “Расулие” жана Уфадагы “Галие” медресесинен, Нурали Мамин Казандагы “Мухамедие” медресесинен  билим алышкандыгын көрөбүз. Алардын кыргыз жаштарынын арасында кадыр-баркы жогору болгон.[67]

Жети-Суу областынын элдик окуу жайларынын инспекциясынын справкасындагы маалыматтар боюнча, Пишпектеги мектепте (медресе) молдолор дээрлик болгон эмес, мугалимдердин ичинде билимдүү татар жана башкырлар көп болгон, аны Казань мугалимдер мектебин аяктаган Фахрул Ислам Гадеевич Рашидов жетектеген, ошондой эле Уфа губерниясынын келген башкыр Мирсаид Рахимов, Токмок медресесин бүтүргөн Мирхайдар Диканов иштеген. Пржевальскидеге кыздар үчүн ачылган жаңы усулдагы мектепте аялдар да иштешкен, мисалы, Шакир молдонун кызы – Зубайда, күйөө баласы – Хади, Н.Мужавирова эмгектенишкен.[68] Кийинки табылган маалыматтар боюнча, Софья Фатиховна Надыршина ж.б. да мугалим болушкан.[69]

1915-жылы Уфадан Хаби Якубов жана Хаби Рахимов Кыргызстанга келишип, Пишпек, Токмок шаарларындагы медреселерде балдарды окутушкан, ал эми Якубов И.Гаспринский атындагы мектепти да башкарып турган. 1910-жылдан Тынай мектебинде Н.Салихов мугалим болуп иштеген.[70]

Жадидчилер агартуу менен гана чектелбестен, медреселерде музыкалык-театралдык ийримдерди да уюштура башташкан. Мисалы, Каракол шаарында жашаган 2-гильдиядагы соодагер Х.Абдулвалиевдин үйүндө спектаклдер коюлуп, кызы Нагима да (Ч.Айтматовдун энеси) анда биринчи ролдорун аткарган.[71]  Курамында татар, башкыр, өзбек, кыргыз ж.б. билимдүү жаштардан куралган чыгармачыл топ түзүлүп, С.Карачев тарабынан жазылган “Борч” (“Милдет”) деген ж.б. спектаклдерди коюшкан.[72] Бул тууралуу Роза Айтматова менен баарлашып калган учурда “эже, сиздин апаңыз Нагима Айтматова роль ойногону жөнүндө сөз кылган жок беле?”, деген соболума, төмөндөгүчө жооп кайтарды: “бир күнү чесноктун өзөгүн көрсөтүп, апам мага “ушуну күйгүзүп, кашты боёсо жакшынакай болуп калат”, деди. Мен болсо, аны кайдан билесиз десем, бир учурда агаларым драмкружок уюштуруп, ошондо мен да роль аткарып, кашы көзүмдү боёчу элем, деди эле”[73]. Бул албетте, жогоруда айтылгандарды тастыктаган дагы бир табылгыс факты болду.

Жыйынтыгында, Волга боюнда, Крымда пайда болгон жадидчилик кыймылы, акырындык менен Түркстанга тарай баштаган. Татар, башкыр агартуучулары менен байланыштар күчөп, алар Кыргызстан аймагына келишип, жаңы усулдагы мектеп-медреселерди ачышкан. Ал эми кыргыз жаштары өз кезегинде Уфа, Казань, Оренбург шаарларынан билим алып келе башташкан. Жадиддик маанайдагы газеталарда билим алууга үндөгөн макалалар менен катар эле Түркстан аймагындагы иш чаралар жөнүндө да байма-бай материалдар жарыяланып, алардын ичинде кыргыз элинин турмушун чагылдырган алгачкы материалдар чыга баштаган.

Агартуучулар совет бийлиги орногондон кийин да билим берүү жаатында эмгектенүүнү улантышып, далай жаштарга таалим-тарбия беришкен.

Аида Кубатова – тарых илимдеринин кандидаты, КР УИАнын Б.Жамгерчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институтунун илимий кызматкери.

Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996 700 532 585 жана ЭЛСОМ +996 558 080 860, МойО +996 0700532585 жана Оптима банк-4169585341612561.

[1] История Киргизской ССР. Т.2.- Фрунзе:“Кыргызстан”,1986. – С.101.

[2] Алимова Д.А. Джадидизм в Средней Азии. Пути обновления, реформы, борьба за независимость. – Ташкент: “Узбекистон”, 2000. – С.4.

[3] Абдрахманов Ю. 1916. Дневники. Письма к Сталину. Фрунзе: Кыргызстан, 1991. – С.220-221.

[4] Жадид арабчадан которгондо “жаңы” деген маанини түшүндүрөт.

[5] Абдуллин Я.Г. Джадидизм, его социальная природа и эволюция. – Казань: Казанский филиал АН СССР, 1988. – 104-б.

      [6]Вахидов Х. Просветительская идеология в Туркестане. – Ташкент:Узбекистан, 1979. – С. 69.

[7]Алимова Д.А. Джадидизм в Средней Азии. Пути обновления, реформы, борьба за независимость. – Ташкент: Узбекистон, 2000. – С. 8.

[8] Бехбудий М. Баёни хакикат//Улуг Туркистон. 1917. 12 июня.Алимова Д.А. Көрсөтүлгөн эмгек. 

[9] Бартольд В.В. Работы по истории и филологии тюркских и монгольских народов. История турецко-монгольских народов Средней Азии. – Москва: Издательская фирма «Восточная литература» РАН, 2002. – С.225.

[10] Кыргыз тарыхы. Энциклопедия. – Бишкек, 2003. 344-б.

[11]Кыргызстан – Россия (ХVШ-ХIХ вв.). Бишкек, 1998. – 73-б. Россия Федерациясынын Омск областынын мамлекеттик архиви. Ф.1, оп.1, д.253. л. 261.

[12] Ошол эле эмгекте. Казак Респ.-нын БМА. Ф.и. 338, оп. 1, д.350, л.21.

[13] Абдуллин Я.Г. Татарская просветительская мысль (социальная природа и основные проблемы). – Казань: Татарское книжное издательство, 1976. – 38-бет.

[14]Benniqsen A Quelquejau Ch Les mouvements nationaux chez les musulmans in Russia (Ie Sultanqalievisme en Tatarstan) – Paris: MSMLX, 1960. – 36-37-бб. – караңыз, Абдуллин Я. Аталган эмгекте.

[15] Культяси Ш. Hэйяте жэдидэ. – Казань, 1896. – 5-б. Караңыз: Абдуллин Я. Көрсөтүлгөн эмгекте.

[16] Бигиев З.Мавереннахрга саякат. – Казань, 1908. – 33-б.

[17] Ошол эле жерде. – 106-107-беттер.

[18] Горохов В.М. Реакционная политика царизма в отношении татар Поволжья. – Казань, 1941. – 203-б.

[19] Аршаруни А., Габидуллин Х. Очерки панисламизма и пантюркизма в России. – М.: Безбожник, 1931. – С.20-21.Ист. рев. Архив. М., ФДП, д.№234. – Т.2.- 1908 г., лл.199-202.

[20] Аршаруни А., Габидуллин Х. Аталган эмгек. – 12-бет.

[21] Машкевич А.А. Философские идеи деизма в мировоззрении Исмаила Гаспринского. Афтореферат дисс. на соискание ученой степени докт. филос.наук. – Бишкек, 2004. – С.8.

[22] Машкевич А.А. Философские идеи деизма в мировоззрении Исмаила Гаспринского. Афтореферат дисс. на соискание ученой степени докт. филос.наук. – Бишкек, 2004. – 26-б.

[23] Институт Восточных рукописей АН Уз.Респ. рукопись Гафарова С. – С.261/ Машкевич А.А...

[24] Ганкевич В.Ю. Биобиблиография. Исмаил-бей Мустафа-оглу Гаспринский. – Симферополь, 1995. – 20-б.

[25]Ганкевич В.Ю. Ошол эле эмгекте. – 21-б.

[26] Письма К.И.Ильминского к обер-прокурору Святейшего синода К.П.Победосцову. – Казань, 1898.

[27] Файзханов Х. Хатлар. “Шура”, 1916. №17. – С.401-402.

[28] Ярков А.П. Көрсөтүлгөн эмгек. – 73-б.

[29] Башири З. Замандашларим белен очрашулар. – Казань, 1968. – С.20.

[30] Горохов В.М. Реакционная политика царизма в отношении татар Поволжья. – Казань, 1941. – С.205.

[31] Мамытов С.А. Кыргызско-татарские литературные связи второй половины ХIХ-начало ХХ вв. – Бишкек, 1999. 71-б.

[32] Нафигов Р.И. Формирование и развитие передовой татарской общественно-политической мысли. Казань, 1964. – С.36.

[33]Сабитов Н. Мектебы и медресе у казахов (историко-педагогический очерк). – Алма-Ата, 1950. – С. 27.

[34] Нафигов Р.И. Формирование и развитие передовой татарской общественно-политической мысли (Очерк истории 1895-1917 гг.). – Казань, 1964. – С. 31-32.

[35] Улунян А. “Центрально-азиатская игра” российской бюрократии (конец ХIХ – начало ХХ в.) АВПРИ, ф.180, оп.517/2, д.4226, л.60. Чарыков – МИД. 20 января/2 февраля 1910. //журнал Историческое пространство. Проблемы истории стран СНГ. №1-4. – М., 2008. – С.103.

[36] Чукубаев А. Классовая борьба и общественная мысль Киргизии (1900-1917). – Фрунзе: Кыргызстан, 1967.- С.67.

[37] Татарстан БМА, ф.1, оп.1,д.861, л.2. караңыз. Мамытов С.А. Көрсөтүлгөн эмгек. – 153-б.

[38] Татарстан БМА, ф.1, оп.1,д.861, л.2. караңыз. Мамытов С.А. Көрсөтүлгөн эмгек. – 153-б.

[39] Татарстан БМА, ф.1, оп.1, д.861, л.2. караңыз. Мамытов С.А. Көрсөтүлгөн эмгек. – 153-б.

[40] Ошол эле жерде. ф.1, оп.1, д.2391.

[41]Татары в истории Киргизии: прошлое и современность. Материалы Международной научно-практической конференции г.Бишкек, 6 июня 2009 г. -  Бишкек, 2010. – С.100.

[42] Ярков А.П. Татары и башкиры в Кыргызстане: историко-культурный портрет. – Часть 1. – Бишкек, 1996. – 35-б.

[43]КР УИАнын кол жазмалар фонду, инв №(300) 98.

[44]КР УИАнын кол жазмалар фонду, инв №754.- 5-8-б.

[45] Алдашев А. Алдаш Молдо. – Ала-Тоо, 1989, №8.

[46] Каракол шаардык архиви, ф.8, оп.1, д.2, л. 184-189.

[47] Каракол шаардык архиви, ф.8, оп. 2, д.9, 8-б.

[48] Ошол эле жерде. – 8-б.

[49] Каракол шаардык архиви, ф.8, д.42, 21-23-б.

[50] Надыршин Салих (1879-жылы Казань губерниясынын Чистопол уездинин Жаңы Амзи айылында туулган, өлгөн жылы жана жери белгисиз) – Кыргызстандагы алгачкы агартуучулардын бири. 1898-жылы Казандагы медресени бүтүргөндөн кийин Тамбов жана Саратов губернияларында мугалим болуп иштеген. 1905-жылдан Кыргызстандын Каракол шаарында татар жаңы усул мектебинде, андан кийин орус-жергиликтүү мектебинде мугалим, Совет бийлиги орногондон кийин И.Гаспринский атындагы мектептин директору болуп эмгектенген. Ал татар тилинен башка кыргыз, орус, араб тилдерин жакшы билген.

[51] Каракол шаардык архиви, ф.8, д.42, 21-23-б.

[52] Каракол шаардык архиви, ф.8, д.42, 15-б.

[53] Ысык-Көл облусу. Энциклопедия. – Бишкек, 1995. – 582-б.

[54] Гайнуллин М. Татарская литература и публицистика. – Казань: Таткнигоиздат, 1983. – С.71. В книге “Татары в истории Киргизии: прошлое и современность”. – Бишкек, 2010. – С.108

[55] Гайнуллин М. Татарская литература и публицистика. – Казань: Таткнигоиздат, 1983. – С.74.

[56] Гайнуллин М. Ошол эле эмгекте. – 76-б.

[57] Марданов Р.Ф. Вопросы литературы в журнале “Шура”. – Казань, 1999.

[58] Ала-Тоо журналынын атайын чыгарылышы. – Бишкек, 2000.- 59-61-б.

[59] Ошол эле жерде. – 62-б.

 

[60] “Шура” журналы. 1915-ж. – Ала Тоо журналынын атайын чыгарылышы. – Бишкек, 2000.- 71-б.

[61] “Шура” журналы. 1913-ж. №15. – Ала Тоо журналынын атайын чыгарылышы. – Бишкек, 2000.- 73-74-б.

[62] ЦГА РУз. Ф. 491, оп.1. д.1026, л.95.

[63] Мамытов С.А. Кыргызско-татарские литературные связи второй половины ХIХ- начало ХХ вв.. Бишкек, 1999. – 117-б.

[64] Ошол эле жерде.

[65] Аршаруни А., Габидуллин Х. Очерки панисламизма пантюркизма в России. – М., .... – 136-б.

[66] Аршаруни А. Габидуллин Х. Ошол эле эмгек. – 14-б.

[67] Чукубаев А. Классовая борьба и общественная мысль Киргизии (1900-1917). – Фрунзе: Кыргызстан, 1967. – 67-б.

[68] Ярков А.П. Көрсөтүлгөн эмгек. – 56-б.

[69] Ысык-Көл областтык архиви.

[70] Ярков А.П. Көрсөтүлгөн эмгек. – 57-б.

[71] Ярков А.П. Татары и башкиры в Кыргызстане: историко-культурный портрет. – Бишкек, 1996. – С.79.

[72] Ошол эле жерде.

[73] Роза Айтматова менен интервью. 2020-жыл. 28-октябрь. “Эсимде” талкуу аянтчасы уюштурган “Манкурттун түштөрү” долбоорунун иш чарасында жолугушуу.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз