(Ысык-Көлдү коргоо демилгесин көтөргөндөрдүн бири Айбек Сарыгулга арнайм)
Канча кылым, канча доорлор асмандан
кайсыл зыян Ысык-Көлгө так салган?
Тепчип күн-түн нурун чачып саймалап
изи барбы Айдын, Күндүн сакталган?
Күн, Ай, Жылдыз күнү-түнү чеккилеп,
Көл бетине өз сүрөтүн тепкилеп
түшүрсө да из калтырбайт,так салбайт.
Адам гана Көлгө азап чектирет!
Далай кылым Күн менен Ай асмандан
эмне зыян кылды Көлгө так салган?
Адамдарчы? О зыянкеч жырткычтар,
таманыңда Көл кор болду тапталган!
Адам изи Көл жээгине каттаган-
зыяның көп какыр-чикир таштаган.
Жабырлатып Ысык-Көлдүн кумун да
жадакалса заара кылат жаш балаң!
Ооруп,сыздап а Көл ыйлап солкулдаар-
киргил көбүк, заара жыттуу толкундар!
Эс алгандар жээкте кумда капарсыз
арак, пиво кагыштырып олтурган!!!
Тынымы жок толкун кургур шарпылдап,
тынчсызданган сенде кайдан жан тынмак?
Жээкке шилеп түртсөң какыр-чикирди
улам чыгат түпкүрүңдөн калкылдап!!!
Ысык-Көлүм, шедеврлер сыйгыс даа
полотносуң Айга, Күнгө,Жылдызга.
Аттиң бирок: ачкөздүгү ашынган
акча тапчу обьект болдуң кыргызга!
Ай, Күн, Жылдыз күнү-түнү чеккилеп,
Көл бетине өз сүрөтүн тепчилеп
түшүрсө да из калтырбайт,так салбайт.
Адам гана Көлгө азап чектирет!
Ысык-Көлүм, көрүп далай кылымды,
Айга, Күнгө, жылдыздарга жылынды.
Көрдү бекен бирок мындай кордукту?!
Эч тыйалбай олтурамын ыйымды...
07.03.24.