О'Шакир: Регистр: Өмүрлүк жарга

  • 17.10.2024
  • 1489

Күтүүсүз маанай

1-муң
Мээримиң заарга айланды.
Катыңды кантсем?.. Айрамбы?!

Денемди көргөн пендеден
дем күтүп келдим эмне мен?..

Мээримиң, заарың аралаш -
мен жалгыз белем кара баш?!

Жан-теним майда таарылды...
Жаптырмак белең жаагымды?!.
16.03.24.

2-муң
Соңку катың салып мага кайгы-муң,
мурункудан берки баарын айрыдым.

Эми менден эч кабар-кат күтпөгүн -
көңүл кирим тазаланып бүтмөйүн.

Заар сөздөрүң көкүрөктө зилдеген
мага мынча оор тиерин билбегем...
17.03.24.

3-муң
Ушунча да жан кайгы оромокпу?
Ушаланган кат мени тоголотту...

Мүңкүрөттү кат мени ушаланган...
Эмне эңсеп?.. Эмнеге кусалангам?

Ачуу сөздөр - курч миздүү кат-кат тура,
айбалтадай жаткыра чапмак тура!!!

Жаратымды таңайын. Дарылайын!
Жан ууктурган терс ойдон арылайын.
18.03.24.

Регистр: Өмүрлүк жарга

"Дайыма жакшы нерсе ойлоо керек,
аялы арестанттын"
(Назым Хихмет)

Ачуу, заар сөз неге жаздың - туямын.
Жанга баары баткан үчүн бу дагын...

Зор азапты кайыл болуп тартканым -
ишенимдин баарын сага арткамын.

Сынба, жаным! Көрсөт элге өрнөгүң!
Сыноолорду менсиз, жалгыз жөндөгүн!

Билем: менсиз жаның сыздап кайыштың.
...рухий жолго биз таштаган арыш бул.

Ыйлабагын, эсте: жалгыз эмессиң,
тилектештер берет акыл-кеңешти.

Рухий күрөш жолун издеп күндө мен,
жолум таптым - ырайымсыз түрмөдөн.

Тунган азыр, мөлтүрөгөн булакмын.
Жайбы, тынчпы - абалымды сурап бил...

Жандүйнөмдү чаңдатса да башкалар,
жантуйгум бол, аяп көздөн жаш чаяр.

Бул оор күндөр башым өйдө таячу,
жалгыз сенсиң мен майышсам аячу.

Суранбагын: "Болду, жаагың жапкын! деп.
Суу жүрөктөй, дудук болуп жаткым жок.

Жанын таарып жүрсө заман акыны,
"жаагыңды жап" деген болбос катыны.

Эч унутпа, эркем,  мени тыйганың -
эркиндикке кыянаттык кылганың!!!

Эң башкы бир түшүнүп ал себепти:
элге дагы, бийликке да керекмин.

Жаншеригим, жароокерим, унутпа!
Жар-түгөйлөр көп акынды куруткан!

Кошоматчы, дудук кылган эрлерин!
Корстон болуп чалар сурнай, кернейин.

"Куйма-кулак", "РухЭш" ишин токтотпо!
Окурманга О'Шакирди жоктотпо!

Курмандыксыз эч улуу иш бүтпөгөн.
Курмандыктар - рух айбатты күчтөгөн.

Жароокерим, билем жаның кыйналат.
Зор күч, кайрат дал ошентип жыйналат.

Кара жанын ар бир пенде багалат.
Экөөбүздүн мурас - рухий аманат.

Оңой эмес коом агартуу көздөгөн.
...эл да сөздөн ишке өтөр кез келер.

О ошондо бул көз жаштын баарысы
оор болсо да - өткөөл доордун тарыхы.

Жыгылсам да тоскоолдукка жолугуп,
турам өйдө. Жолум улайм. Жол - улук.

Унутпагын, мен баш ийбейм тыйууга!
Тирүү жанды барбайм антип кыйууга!

Тирүүлүк бул, тирүүлүк бул, тирүүлүк!
Коом агартам, билегимди түрүнүп.

Катарыма башкаларды чакырам!
Калк караңгы  - кыйын үчүн акыбал!

Эч унутпа, өзгөрүүгө себепмин!
Элге дагы, бийликке да керекмин!

Майыштырар коркунуч жок жолумда,
сынар тагдыр сенин гана колуңда...

Сен экөөбүз айлансак кош канатка -
мен жиндини Кудай албайт абакта!
18.03.24.

Сырдуу түш

Түшүмө Назгүл кирет апам болуп.
Түшүмө апам кирет Назгүл болуп.
"Экөөнүн кимиси?.." - деп жатам жоруп.

Түшүмдөн апам кетпей айланганы -
түйшүккө чыдайт ушул келиним деп,
түгөйүм Назгүлгө же айланганбы?

Ич кийим, жылуу, жумшак байпак алып,
Назгүлдүн өзү болуп апам кээде
түшүмө кирчү болду кайталанып...
12.03.24.

8-Март
Бакыт тилеп кыялында эркектен -
башы чыкпас кыз-келин көп келтектен!

 Кууп жеткен соң сулууларды жигиттер -
куламагы о тез экен бийиктен.

Бойдок кезде эр-азамат шекилдүү
бозуландар мырзалыгын кетирди.

Көрүнгөндөр султан болуп кезинде,
көр пендеге айланышты эзилме.

Көрүнсө да тектүү, нарктуу баатырдай,
көп мырзалар желге учкан каакымдай.

Тапсак дагы бактыбызды аялдан
тагдырлары бирок кулдай, малайдай.

Туруксуз эр үй-бүлөлүк никеде -
Туу, Мекенди коргойбу бек...тикеден?!

Аялзаты - курмандыкка жаралган,
азап, шорду тартып эски замандан.

Алсыздыгы - күч топтолуп жүрөктө,
ал кор экен күч жок үчүн билекте.

Согуш, майдан зар какшатып Энени,
соолуп көз жаш, азап тура жегени.

Кайсы доордо кандуу согуш токтоду -
кайтпас уулун, кайтпас эрин жоктоду?!

Бешик термеп, басып санаа, убайым
бейпилдикти тилейт кургур ылайым.

Адамзаттын санын улам толуктап,
акыбети - боздойт экен солуктап.

Омурткасы сыздап тууса наристе,
о анысы оён чыгат кан ичме.

Өзөгүндө тилеп аруу максатты,
өксүйт экен төрөп алып акмакты.

Ак бешикке бөлөсө да аруулап,
ал наристе эртең канкор - жан уулап...

Сен Аялзат дагы канча шорлойсуң?
Сен өзүңдү өзүң качан коргойсуң?
5-6-март. 2024.

Комментарий калтырыңыз