Сүрөт береги булактан алында>>>>>
АҢГЕМЕ
... Чоң жыйын эртең болору шардана салынды. Чарчап-чаалыккан бекзаадалар куш жаздыктарга жөлөндү. Чоң өргөөнүн айланасындагы кырка тизилген боз үйлөргө туш-туш бөлүндү меймандар. Ырчы, чоорчу, өнөрпозу калбады. Актаңдай, көктаңдай эшик ырчылар айтышты кечте.
Меймандар кечки сый дасторкондон ныксырай өйдө көтөрүлүп, сыртка бут шилтеп калышты. Ар уруунун баштыгына арналуу өз өзүнчө өргөөлөр тигилген. Бой жазар сый көрсөтмөк калды меймандарга.
Күндүзгү төө чечмейде оюнга чыккан шок жубандын кундуздай кара чачтары жан жерин жапканы болбосо, энеден туума жылаңач чыкпадыбы. Анардай кызарган эки бетин коюу кара чачы менен жаап алганычы. Кайсы уруу, кайсы журттан чыккан жубан экенин тааный албаган элдин оозун ачырды ал. Минтип багар-көгөрү жок жесир зайып гана чыгары дайын элге. “Бу шуркуя кайдан чыга калды?” – дешип, катын-калачтын бири калбай өз беттерин чымчып, үрккөн таранчыдан бетер үйлөрүн беттеп дыр коюшту.
Келин чечкиндүү экен. Ыктуу экен: тизе боюндай, түндүккө чен оюмдай чуңкурда кагылган казыктагы төөнүн буйласын чечип кетсе болобу. Аркасынан аласын такай айланчыктап тооруган эркектанадан өткөн шамдагайлыгын көрсөттү. Боюна жакындаган сайын соорусун улам чайкап ала качып, соорусун оңго чайкап, солго чайкап, сыңар тизелей калганы аркасынан ээрчиген эркектананы көп убарага салды. Төө чечмей тамашасы элди караан каткыртып, ортодогу экөөнү бирдей шаштырды. Электей эленген жубандын соорусунан баарынын көздөрү өттү. Өзүнүкүн эптей албас эркектана шылдыңга кабылды катуу.
– Ой бул катын көргөн немеби өзү?
– Кул болуп сатылып келген неме кайдагы катынды көрсүн?
– Эзели койнунда катын кучактабас куураган кул оюндун балекетин алабы бу?
– Ушу бир шуркуяча амалы жокпу мунун?
– Колдоюп турса колу менен тиги өзү киргизеби? Эптебейби!
Туш-туштан шылдың, күлкү, заар тилдер дуу-күү. Зайып буйланы шарт чечти да, жүзүн кундуздай кара чачына жашырган бойдон, элден оолак жакка жетеледи төөнү. Кул артынан ээрчиди, колунда бурдай туткан кийимин кымтыды өз боюна.
– Бетти сыйрып салган шайтан келин экен, – жерге түкүрүнгөнү болду.
– Төөгө артылган куржунда көөхар, алтын, бермет шуру толо дейт! – шыпшынганы болду.
– Ой эми жоо кеткен соң кылычыңды ташка чап дейт! Алдагы керекке жарабас кертмек башыңды ташка чап, – деп эркектана саналган бозала кулду айда-а бир шылдыңга алышты кыраан каткырык салгандар.
Төө чечмейге өз эркиндиги үчүн чыккан куруган кул. Ага уялганды, намысты ким коюптур.
– Төөнү чечтирбей алып калсаң, башың бош, – дешкен ага даа...
Төө чечмейди бир даары көрүп, бир даары көрбөй жүргөн бекзаадаларга күндүзү – кымыз, түнү – кыз... сонун эмеспи. Ордонун кызыгы, каадасы ушунда аларга. Бүйүрлөрү кызып, делебелери козголбой коймокпу күндүзгү төө чечмейге. Жатар аякка келгенде тоорушмай башталды. Ат туягын түлөтүп алыстан келген манаптардан чыкты кеп:
– Килем жыйар[1] кыз-кыркыныңар көрүнбөйт... – дешти алар биресе азилдеген, биресе мейманга келгенин колкоологондой.
– Ал жагы эсте болбой койчубу, – деди мындайда улага кызматында кандими болуп бүткөн эшик аганын көздөрү күлмүңдөп. – Айттырбас ишти кечеңдеткен айып өзүбүздө, – демиш болуп артына жорголоду.
– О кокуй, кырк үйгө килем жыйчуларыбыз толукталды беле?.. – шаштысы кеткен эшик ага эстен чыгып кеткен кемтикти эми толуктамак болду.
– Камсанабаңыз, таксыр. Ал жагын айтканыңыздай кылабыз, – ордонун акалакчысы дароо көңүлүн жайгарды.
– Ошент... Тездет!
Ордо акалакчылары кырк үйгө жетер жубандардын бирин эсепке албай калышкан экен.
– О каран күн, ал шуркуя бүгүн төө чечмейге чыгып, өз башын бошотуп кетпедиби! – деди эсин эми жыйып чыйпылыктаган казыначы.
– Анын жарасы жеңил, – деди калыбы калбаат ордо акалакчыларынын дагы бири.
– Томаяктардын жылдыздуу бир кызы табылбай калчудай чебелектейсиз, жарыктык.
Томаяктын босогосун тарсылдатты камчы. Түн оокумда уйкулуу көздөрүн ушалаган Кулуке менен Айнаш ордуларынан секирип турушту.
– Бул ким кокуй?!
– Ким болмок эле, чык!
Эрди-катын элтейип жарыша чуркады сыртка.
– Кызыңарды ойготкула! – ордонун жигити ороңдоп шаштырды, – ылдамдасын!
– Кайда бармак эле? – Айнаш ордунан тегеренди эс-мас.
– Ал сен берер суроо эмес! – Айнашты кекеткен тиги камчы кеседи төбөгө. Ачуусу буркулдайт.
– Э Кудай, жети түн караңгыда кызымды кайда алып кетериңди суроого акыбыз жокпу?.. – Айнаш чыйрала түштү.
Балапанын жырткычтын оозунан талашар куштай үрпөйдү.
– Эмне жалдырап турасың? – Кулукени камчы менен төбөдөн ары тартып алды экинчи жигит.
Артка кетенчиктеген Кулукенин колуна жарымы сынык бакан урунду. Жаалы кайнап бакырып, түндүк көтөрөр баканды найзадай сунуп качырар болду.
– Силерден келгенди көрдүм! – аянар түрү жок Кулукени көмөлөтө бир коюп, тепкиге алып жатып калышты туш-туштан. Айнаш карап турмакпы, артына шашып он төрт жашар кызы Зейнепти жүк түбүнө жашырмак болду. Лүкүлдөгөн жигиттердин бири анын артынан кошо аттады босогону.
Уйкудан умачтай ачылган көздөрү балбал Зейнеп түшүндөбү, өңүндөбү – эмне жаңжал болуп жатканына баамы жетпей чыңырды.
– Кызыңарды жеп албайбыз. Бийдин үйүндө килем жыйып кайра келет, – деди Айнашты ийинден алып булккан немеси.
– Сөөгү ката элек кызым жүк түбүндө калат кокуй! Кызым килем жыйар жашка жете элек... – Зыркырап, сыздап чамынган Айнаштын кулагы килем сөзүн укканда, жаны чыкчудай чаңырып, күрсүйгөн бутка кулап жабышты. Сүйрөлүп жабышкан шордууну капшытка жабыштыра тепти бут.
Сыртта коңшу-колоң үрпөйдү. Чурулдап-чуркураган болушту. Бүтүн журт жыйылып келсе да ордонун бөрк ал десе баш алган жигиттеринин ачуусун көргөндө, баары тил-ооздон калып, жака мыкчып селейишти. Ташбабалардай катты баары ооз кымтып.
Күч деген күч. Томаяктардын чакан журту табияттын бороон чапкын төрт мезгилиндеги катаал күндөргө ач-жылаңач чыдагандай: ордонун күчүнө, сесине да чыдап көнүшкөн. Чыдабай көрүшсүнчү, жонтерилери сыйрылып өлбөйбү. Чыдоого, көтөрүүгө көнүп бүткөн шордуулар камчы кесеген ордонун көпкөлөңдөрүнө Зейнепти колдон жулдуруп, жер сабап отуруп калышты. “Бий, билгенин кылат” – деп шалдайышты. Баарынын жеткен күчү каргап-шилөө экен. Карганып, шиленип, “алсыз акыретке коёт” кебин күбүрөнүп, ызырынган ооздорун өздөрү жаап, өз ызасын өзү басты ар кимиси.
Төө чечмейге чыккан шуркуячы?.. Шуркуя эмес эле ал. Шуркуя кылышкан аны ордонун катынпоздору. Аны да балтыр эти каталекте килем жыйганга дешип, колдон жулуп алып келишкен. Эли чабылып, жери басылып, журту өрттөнүп улуп-уңшуган айылдын секелек кызы эле. Сүйрүсүнө сүт, сөөгүнө эт толо элек чагындагы Эркегүлдү чыркыратып ыйлатып, ээрге арта салып, ордого олжолоп алып келишкен. Эркин тебелеп, килем жыйма жубандардын тобуна кошушкан. “Күндүзү – кымыз, түнү – кыз” каткырыгына кабылган бечара акыры кексе болуп бүттү. Көрүнгөн эркектин койнуна түртө салгандардын кордугунан көөнү калды далай.
Килем жыйар жубандар топтолгон үйдөгү нөкөрлөрдүн бири Кулубай – дудук десе дудук эмес, сокур десе сокур эмес момун эле бир. Кырк үйдө килем жыйначу жубандардын жайы, кышы түйшүгү ошого артылган. Кул болуп келген үчүн азан чакырып аталган ысымынан чакырышпай, Кулубай дешчү баары.
Жайдыр, кыштыр отун-суу ташып, коломтодо от тамызган милдет артылган ага. Жалгыз өнөрү – чопо чоор сыздатмай. Шыбыр-күбүр кепке кулак түрбөс, көргөнүн быдылдаган бабыр эмес эле ал...
Кымгуут түшкөн ордодо не болорун алдын ала билип бүткөн Эркегүл көз ымдады кулга. Кул да шып жетип келди. Сыябан ээн учур болчу.
– Башыңдын азаттыгын каалайсыңбы? – деп шыбырады Эркегүл.
– Каалабагандачы, – суроолуу тигилди кул.
– Мен төө чечмейге чыгам. Нарга жүктөлгөн байге менен кошо өз башымдын боштондугун сурадым... Шартыма көнүштү.
Кул сөз төркүнүнө түшүнбөдү. Аңкайды. Оозун кымтыды. Жалтак көздөрү жер тиктеди. Суроо кайтарбаганын көргөн Эркегүл кулду колдон алып силкти:
– Башыңдын боштондугун калаасаң, оюнга чык мени менен!
Төө чечмейдин эреже-шартынан кабары жок кул не айтаарын билбей шөмтүрөдү. Акылы тетик Эркегүл ордодо оозу бек бул нөкөрдү бекер тандаган эмес... Экөөнүн көз атышмайлары бар эле мурдатан. Сырдуу тиктешер эле бул экөө. Нече жылдан бери не дудук эмес, не сокур эмес бул нөкөр ага ишеним артар өнөк көрүнгөн качан эле. Мөртү жеткенде экөө эркиндикке бошонор буйда эми келгенин кулдун кулагына куйду. Кулубайдын жүндөрү тирилип, жүзүнө нур тепти. Денесинде боштондук сезим дүрт жанды. Экөө төө чечмейдин мүшкүлүн шыбырашты. Сөз беришти, шертке турмак болушту...
* * *
– Кудай куткарбас кулдуктан сен куткардың, эркем, – өмүрү дудуктай үн катпас Кулубайга тил бүттү. Эркегүлдүн саамай чачын тарап, кучагында балкыды.
– Сен болбосоң кул бойдон өтүп, кул бойдон соолумак өмүр. Азаптан куткардың.
– Жок, – Эркегүл бул кепке көнбөдү. – Сен менин куткаруучум...
Кашкарды беттеген бул экөө күндүзү бадал-черге, токойго жашынып, түнү сапар улап, жол арбытып келишет. Экөө күнү да, түнү да бирине бири сырын, арманын айтып бүтпөдү. Кисесине кыстарган чоорун сыбызгытса да Кулубайдын даргөйүн эзген муңу, даты, сыры төгүлөт. Аны тыңшап жоодураган Эркегүлдүн көздөрүнөн дайрадай оргуштап, муң-зар, күйүт, касирет төгүлөт.
– Мен эми колуңа өткөн кулмун. Махабат кулуна айландым минтип, – Кулубай жаншеригин кучагына кысты.
– Жок, – Эркегүл буга да көнбөдү. – Кул сөзүн оозубузга албайлычы. Чымчыкка да капас жашоосун каалабайм. Менин жүрөгүм капас эмес сага. Сен мага бек бол, мен сага бекмин. Сага бекинемин, сага корголоймун. Сенин ысмың Бекбол мындан тарта.
– А сен менин эрке гүлүмсүң. Ай – жалгыз. Күн – жалгыз. Түнү төбөмдөн төгүлгөн жарыгымсың. Күнү төбөмдөн төгүлгөн нурсуң, мээримсиң! – Бекбол жүрөгүнө кысты Эркегүлүн.
– Кара жер – жалгыз. Асман – жалгыз. Эки аягымдан таяр кара жердей балбаным сенсиң, каркыбарым! – Эркегүл кучагына Асман, Жерди кыскандай Бекболго кучагын жайды.
– Бул өмүрдө бирибизге бирибиз караанбыз, эшпиз, жөлөк-таянычпыз...
Эки жан куюлушкан аваз күүдөй чертилди. Жүрөк кылдар бири бирин коштоду. Үндөрү шаңшып, жүрөк кылдары аваз күүгө айланды.
– Сен мага кантип ишендиң? – кылыктана сурады Эркегүл.
– Көздөрүңө ишендим. Көздөрүң боштондукка чакырды. Өзүңдү да, мени да куткарар шарпаны көздөрүңдөн туйдум. Өзүм кулдуктан кутулбасам да, ушул көздөр боштондукка чыкса дедим, – нур жанган көздөрдү өпкүлөдү.
– А мен сенин артымдан калбай ээрчип келер жан экениңди эбак туйгамын.
– Кантип?..
– Чоордо сыбызгыткан көкүрөк көйүңдөн.
Сыябанда сен чалган күйүттүү аваз үнүн менчелик тыңшаган жан болгон эмес.
– Билем, жаным... Билем баарын! Сен тыңшаган үчүн жүрөгүмдү аңтарып күү чалып келбедимби. Уккан кулак болбосо, жүрөктөн күү толгонобу? Күйүтүмдү күү менен чалып келбедимби, эркем! – көзүнөн жаш кылгырды Бекболдун. – Касирет-зарымды чоор жеткирер дебедимби...
– Сенин чооруң жүрөгүмө тилмечтей жеткирип келбедиби баарын... – Эркегүл буркурап жиберди. Бекболдун колундагы чопо чоорду ала коюп, жансыз булбулду чопулдатып өпкүлөдү. Бооруна басты. – Экөөбүзгө жүрөк данакери ушул болду. Мага даа үйрөт, мен сага күү чертип беремин. Түгөнгүс кайрыктарымды тыншайсың...
Кош күү жаңырды, кош күү чертилди нур төгүлгөн талаада. Кул-кутан, бей-бечара, жетим-жесирлердин муңу сыбызгыды жер бетинде.
– Чооруңдан эмне укканымды туйдуң бекен?..
– Туйбасам, көз ымдаганыңда жаныңа барат белем?.. – Суроого суроо узатты Бекбол. – Мурда да чакыргансың. Обол, жаныңа барууга батынбадым. Жалгыз эмес элең. Керегеде кулак түргөндөр алыс кеткенде барар күндү күткөнмүн. Шойком көздөрүң канча азгырса да, жаныңа жакындасам, шек туюнуп калчулар айланаңдан үзүлбөдү. Сыр жашырган көздөрүң төө чечерге камынганга дейре, жүрөгүмдү туйлатып жүрдү. Мен сени жетелеп качуу үчүн күйүтүмдү күү менен туюнар деп, сыябандын түбүндө чоорумду канча сыбызгытпадым... Акыры баарын туйдуң. Мен сени түн жамынып уурдап качуунун амалын далай ойлондум. Бирок ал амалым экөөбүздү шорго кабылтарынан корктум. Жөө-жалаң кайда качмакпыз?.. Бир белди ашмактырбыз, арттан куугун жетип келмек.
– Зайыптан амал качып кутулбасын билет белең? – Эркегүл наздуу, кылыктуу шыңк этти.
– Жок, мындай амал башыма келсе, сени эбак азгырбайт белем.
– Азгыргансың, чоор үнүн сыбызгытып...
– Акыры амал сенден чыкты. Эркектердин акылы жерге кирсин. Ордо акылмандарынын да оюна келбес амалды таптың. Сенин амалыңдын алдында алдаяр бийлердин акылдары шоона эшпеди.
Бекбол аныгын айтты. Даанасы ушул: сыябан босогосун аттаган эшик ага колунда бүктөлгөн камчысын кончуна сойлотуп, кырк жубанды сыдыра тиктеди. Үндөбөгөн суук түрү шойком. Баарын сүрдөттү абал. Не үн каткан, не кыбыр эткен жан жок, чымындын канаты дирилдесе угулар жым басты. Эшик аганын ач көзү жүк жыяр жубандардын ар бирин тепчий тиктегени – кооп алдында угузар кабарды туюнтту.
– Араңардан кимиң төө чечмейге чыгасың?.. – мыйыгында шылдыңдоо, басмырлоо бул. Ырсайып күлүп, төбөдөн тиктеди жубандарды. Төө чечмейди уккан баары көздөрүн жапырт ала качышты наадандан...
“Уят, абийир кай тарабында? – деди Эркегүлдүн дили. – Дырдай жылаңач чечинип төө чечкенби? Жаки ошол жылаңач денени сук арта кылгыра тиктеп олтурган бекзаадалардабы уят менен абийир?..”
Өзүндөй бейбак шоркелдейлердин гүл өмүрүн соолуткан бий ордосунда жыйылган эл жакшыларындабы абийир?.. Жаки жылаңач чыккан жубандардабы?.. Биринин денеси жылаңач, биринин абийири жылаңач эмеспи?.. Тактагы өкүмдар мал, мүлк, дөөлөт, дүйнөнү чылк жыйыптыр, а напсиси, руху неге жылаңач?.. Жылаңач ач элдин, бей-бечара томаяктардын кул болуп келген килем жыяр кыздарынын жылаңач денесиндеби уят? Жаки бийлик ордосунда чогулган эл жакшыларындабы?.. Эл каймактарында уят, абийир болсо, энеден туума жылаңач денесин төө чечмейге чыгып көрсөткөн жубанды ким чыгармак эл алдына?.. Төө чечмей салтын эл чыгарды бекен жаки, бийлик билермандары бекен?..
Эркегүлдүн эрки бул суроолордун бирине да жооп таппады. “Салттуу элдин салты эместир бул!” – жүрөгү шыбырады. “Ордо чөйрөсүнүн оюнудур мүмкүн?.. Оюн болсо, оюнга чыгайын!” – ою ушуга токтоду. Зили кайнады ичинен. Эрки чыңалды чытырап.
Эшик ага улага жакта карышкырдын азуусунан калчылдаган улактай бүшүркөп отурган он беш жашар секелекке көпкө кадалды. Муруттарын сылап, башкаларын да сынай караган көздөрү чочулоону күчөттү. Кончундагы камчынын сууруп, жубандарды айландыра тиктеди. Кайра эле улагада бүрүшкөн он беш жашар ажарлуу Сейдени айланчыктады көздөрү. Ийнине камчынын учун сайды анын. Сейденин денеси дирт эте серпилди.
– Сен жарайсың.
– Жо-чу-жо-жү! – кекеч немедей энтикти кыз. – Ба-би-бып... – Ордунан атып туруп, төр жакка качты. Эркегүлдүн ийнине келип корголоду; ошол эле калкалап калчудай.
– Эчтекке көрө элек жаш кызга тийбегиле! – Эркегүл жалбара тиктеди эшик агага.
– Сен кимсиң ортодо арачы түшөр? – мыскылдуу жылмайган неме өктөм зиркилдеди. – Бул кызды куткарар болсоң өзүң чык!
– Болуптур, таксыр... арга барбы... – бошоң айтылгансыды Эркегүлдүн жообу.
Суроону чала уктубу дегендей жырткыч көздөрүн кылайткан тиги дагы такыды:
– Төө чечмей милдетин алам дегениңби?..
– Баарынын көзү Эркегүлдүн оозуна кадалды. Эрдин кырча тиштенген Эркегүл заарын ичине тутту чымыркана. Сүлкүлдөп үнсүз титиреп ыйлаган Сейдени маңдайдан сылады:
– Сиңдим, ыйлаба. Ыйлаба секетиң болоюн. Мен чыгам дедим го... – Эркегүлдүн чечкиндүү жообу баарын селейтти. Оор жүктөн баары бошоно түшкөндөй, жыйрылган бойлор жазылды.
– Сөзүң бышыкпы? – чекий сурады.
– Бышык! – токтолбой кайтарылды жооп.
Эшик ага чыгып баратып казыначы менен сүзүшүп калчудай бет маңдай кезиге бурк этти:
– Казынаңды камдай бер төө чечмейге.
– Кимиси чыгар болду?..
Аркасына кайра кайрылган эшик ага камчынын учун Эркегүлгө мылтыктай мээлеп көрсөттү. Казыначы ичкериге башпакты:
– Меймандарга кесе сунар кыздар чыксын.
Бул кызматка кичүүлүк кылып дайыма Сейде курдуу секелектер жеңил, элпек шып тура калышар эле. Жыландан корккон балапандай титиреген Сейде былк этпеди ордунан. Бышактап көз жашын эми баскан кургур Эркегүлдүн жанынан алыс узагысы жок. Анын шишиген көздөрүн көргөн Эркегүл өзү ордунан шыр туруп, кесе сунар кыздар менен чогуу чоң ак өргөөнү беттей басты. “Ариетссиз, арсыз бекзаадалардан тартынат белем?” – деди эрки. Оюн уялаган дагы бир амалы – ак өргөөнүн босогосун аттоо шылтоосу өзү табылбадыбы! Дуңку катылган амалына өкүмдардын өз оозунан алтын баштын боштондугун суроо. Көп күбөнүн көзүнчө Төрөкул бийдин өз оозунан кайткыс убаданы алуу. Убаданы бышыктап алса, бул журтта жашоо ниети жок. “Желкемдин чуңкуру көрсүн ушул эл жакшыларынын ордосун!” – күрүчтөй тиштери кычырады.
Бийлик ордосунда сакталган бир нарк дайын ага. Ал нарк – өкүмдар сөзү – атылган ок. Сөз артка кайтса, бийдин бетине чиркөө. Сөздөн сөлтүк болмогу бар. Сөздөн тутулат ар качан. Өкүмдар убададан тайганы – тактан тайганы.
Меймандардын алдына тартылган кожо нарын[2] желип, бөдөнө сүтү[3] сунулар кезмет келди. Аяктар дасторконду кыдырата бир айланып сунулду. Баары калбай шимишти. Эркегүлдүн колунан сунулбай келген суусундукпу бул, нечен курдай өз колу менен сунулуп, бекзаадалардын суусунун кандырып келген бунун сыры ага маалым.
Бөдөнөдөн сүт саап алган кишини ким көрүптүр, бөдөнөнүн эмчегин шимиген балапан да туула элек. Динди ооздон түшүрбөстөр тергеп айтар кул татпас суусундук ко бир. Тек, шариятты оозго алып көнгөн мусулман пенделери ойлоп тапкан амал. Мал сүтүнөн тамызып, адалдап койгон эле арак ал.
Бул мерте Төрөкул бийге бөдөнө сүтүн өз колу менен аякка берекелүү толтуруп, өз колу менен ийилип сунган Эркегүл бийдин көзүнөн көзүн албады. Азгыра тиктеп жоодурап, кылыктанган окшоду. Сыртынан наздуу көрүнүп, ичинен сөзүн бышыктады. Аякты түбүнө дейре магдырап шимип жибергенине баам салып отурду. Бийдин чекеси нымшып, жылт-жылт мөлтүрөдү көздөрү. Ийилип дагы сунду. Бий экөөнүн көздөрү чагылышты. Аякты аяр сунган Эркегүл үн катты:
– Амири бийик алдаярыбыз... Сизде өтүнүчүм бар... – отургандар аяр, назик, шыңгыр доош үнгө арбалгандай: жапырт кылчайып, ооз тиктеп калышты. – Төрүңүздөгү бул сыйлуу бекзаадалардын көңүлдөрүн курсант кылууга ыкрар кылгайсыз...
Баары тымтырс, дем тартпай, ооздору ачылды. Сынай тиктеп селейишти. Бийдин колунан аяк ыргыды. Мөлтүр тунук бөдөнө сүтү алдына жаба төгүлдү. Сийип алган немече шаштысы кеткен бий ийниндеги илип отурган кемселинин бир бучкагын этегине өзү кымтылады ыңгайсыздана. Меймандар шыбыраша калышты баштарын бирине бир ыктап. Кимдин оозунан шыбыр кеп укканын баамдоого буйласы жетпеди. Шаштысын алды жубандын соболу...
– Кулагым кепте, – оозунан аргасыз чыккан кыстоо эле бул.
– Төө чечмей салт дешет элде... Чынбы?..
Баары нестейди. Кыт-кыт күлгөн болушту. Арсалактап каткырар болгон кээси тымтырстыкта тайсалдап, ооздорун басып, бырс-бырс жарылып алышты. Ачык күлө алышпады.
Төрдөгү бий да, отургандар да жапырт үн катышты:
– Салт илгертен келген.
– Ордонун зоогу.
– Салт эмей эмине...
– Ошол салттык оюнга чыгар болгон өз башымдын боштондугун улуу амириңиздин алдында... ушул кут төрүңүздө... суранып турганым... Эртең болор...
– Чече алсаң бошсуң! – шаша жооп айтып, эрте кутулмак болду этегин силкинген бий.
– Куржундун кунун сурабайын, таксыр... Артыман куугун ээрчибесе болгону... – “Бул кепти силер да уктуңарбы?” дегенсиген Эркегүлдүн көздөрү бекзаадаларды сыдыра тиктеди.
– Куржунсуз төө болчу беле, салт бузулат.
– Куру куржун эзели болгон эмес төө чечмейде.
– Жүксүз төө – кутсуздук, дөөлөтсүздүк.
– Казынасыз бий беле биздин алдаяр?..
Чуру-чуу үндөрдү бийдин бир ооз кеби басты:
– Куржунга жакут, маржан, алтын, көөхар, бермет шуруларын меймандардын алдында шыкайбыз... Буйласы чийе байланган төөнү чече алсаң, өз башыңдын боштондугу да менден тартуу. Артыңдан куугун салынбайт! – кесе айтты кебин.
– Өкүмдар эки айтпайт! – казыначы чаңырды, – бу кандай бейбак неме?!
– Чүш-шү! – бий казыначыны шарт тыйды. – Башыңдын боштугу өз ыктыярыңда.
Ак өргөөдөгү бүтүм ушул.
Эртеси төөнүн чийе байланган буйласына чымырканган колдору чап жабышты. Аркасында аласын такап тоорумуш эткен кулга да керек боштондук. Буйласын чече алса, эки шордуу өз тагдырларын өздөрү чечкени. Абийири жылаңач бекзаадалардын алдында энеден туума эки жылаңачтын мүдөөсү – өз баштарынын боштондугу. Ал боштондук – казыкта чиеленген тагдыр...
Төөнүн буйласын тырмагы канаган куштай тырмалады. Артынан жете келген тайганды калтар түлкү булаңдаган куйругу менен жазгыргандай: өз соорусун оңго, солго куйруктай чайкап жазгырды элди. Калтар түлкүнү такымдата кууп жеткен тайганды куйрук алдайт. Булаңдаган куйрук кайда серпилсе, тайган көзү куйрукту ээрчийт. Төө чечмейди тиктеген көздөр Эркегүлдүн жылаңач соорусун ээрчип, сооруда болду көңүл-назардын баары.
Буйланы чечкен Эркегүл кулду кошо жетелеп, артына кылчайбады.
– Ылдам мин! – чоорчусун шаштырды.
Чөккөн төөгө шып секирип жөнөй беришти.
Желип-жорткон төөдөн көздөрүн албай жарданган эл төө үстүндө сербеңдеп бараткан экөөнү тиктеп кала беришти аңкайып. Бекзаадалар баары бийдин убадасына күбө. Ордонун жигиттерин бийдин башты бош чайкап, эрдин кырча тиштеген ишараты былк эттирбеди. Бийдин айт-уйт айдагына көнгөн жигиттер ат жалына секирип минип калышты эле, кожоюндун букмасалын туюп, аттан кайра күбүлүп түшүп, көчүктөрүн жерге басышты заматта.
Ордонун аксакал, көксакал билермандары да мындай күтүүсүздүккө күйүп-түтөп, ооз ачып отуруп калышты бири бирин тиктеп.
“Чоорчунун боштондугун убада кылган эмесмин” деп айтып ийер болуп оозун камдап келаткан бий коко тикенди аяр чайнаган төөдөй эриндерин кекшеп отуруп калды. Ооздон алдырган түлкүдөй омсоңдоду. Ооз ачайын дейт, элдеги “катын менен айтышкан катыгын алат” кеби эсине келип, жаагы жап болду. “Ушу бир катын менен эл алдында акыйнек айтышамбы?” – өзүн өзү тыйды. Жигиттерин тыйгандан мурда өзүн өзү басуу оор болду. Шуркуянын амалы жеңип кетти аны...
Январ, 2024.
УКМК, №32-камера
(Повесть фэнтезиден үзүндү)
[1] Килем жыйар – султандардын гаремин жымсалдап түшүндүрөр сөз.
[2] Кожо нарын – үстүнө чучук, казы, карта, жал үйө тууралган бешбармак.
[3] Бөдөнө сүтү – арактын жымсалданган аталышы.
Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996 700 532 585 жана Оптима банк-4169585341612561.