О’Шакир: Кыргыздын ийгилик сыры

  • 03.04.2024
  • 977

(аңгеме)

(Жарандык коомдун активдүү өкүлү, коомдук ишмер Клара Сооронкуловага арнайм)

2045-жыл. Чайканада тажик, өзбек, казак кобурашып отурушат.

Өзбек: Кыргыз эмне мынча кечикти?

Тажик: Сен ага саат экиде чогулабыз дедиң беле? Саат үч болду, келгени кана?

Казак: Алардын кечигип келме адаты бар дайым.

Өзбек: Той-топур, башкасы болобу, кечиккенин коюшпайт ко алар.

Тажик: Мен да билем алар кандай күттүрөрүн. Кыялданып келаткандыр да жолдо.

Казак: Бирок кыргыздардын кыялданган мүнөзүн кудай бизге бербептир да.

Өзбек: Ооба десең. Алар демократиялуу өлкө курабыз деген кыялдарына жетти акыры. Кыялданып жүрүп адам эркиндигин, адам укугун бекем орнотушту.

Тажик: Асман шаарын да курушту! Кыргыздар бир жакка кечигип барганы эле болбосо, чоң окуяларга келгенде өтө ыкчам алар.

Казак: Андайга келгенде кыргыз баурлар карап турбай, ыкчам өтө.

Тажик: Эсиңердеби?.. Баягы тажик-кыргыз чегарасында байма-бай жаңжал чыкчуда, бизди маалыматтык согуштан өтө тез жеңишкен.

Өзбек: Чын. Дүйнөлүк прессаларга маалыматтарды тез которуп, тез жеткирип, а силер артта калып... Тажикстан агрессия көрсөткөн тарап болуп таанылгансыңар эл аралык коомчулукка...

Казак: Э-эй, кыргыздар ошондо дүйнөнүн булуң-бурчуна маалыматты тез жайылткан.

Тажик: Аларда эркин журналистика бар үчүн дүйнөлүк тилдерде сайрагандары көп экен...

Казак: Ковид оорусу дүйнөнү каптаганда да кыргыздар чагылгандай тездик менен жарандык коому расмий бийликтен мурда ыкчамдык көрсөткөнүчү: миңдеген адамдарды өлүмдөн сактап калышкан.

Тажик: Биз менен болгон чегара чатагында аарынын уюугундай тездикте өз армиясын жалпы эл кандай колдоду – заматта акча чогултуп, армиясын жабдык менен камсыздашкан.

Өзбек: Э-эй, тездик жагынан кыргыздар кечиктирилгис чараларды табышат! Башкасынан да өмүрү соода кылып көрбөгөн кыргыздар тээ 90-жылдары каатчылыкта соода тармагын ушунча тез өнүктүргөнүчү... Соода кылбаган кыргыз калган эмес.

Казак: Аларда жеке базарлар жайнап кеткен. Борбор Азия боюнча “Дордой” базарына каттабаган тажик, өзбек, казак барбы?

Тажик: Себеби алар Америка менен эң биринчи келишим кылып, Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болуп киришкен.

Өзбек: Туптуура! СССР ыдырап жок болгондо, 15 республиканын ичинен Кыргызстан гана эң биринчи озунуп, Дүйнөлүк соода уюмуна кошулган үчүн экономикалык фундаменти туура курулган.

Казак: Аларда ошон үчүн жеке менчик тармактары бизден мурда ирденген.

Өзбек: Көчөлөрүндө соода күркөлөрү жайнап кеткеничи. Күркөсү жоктор көчө боюнда семичке, тамеки, насыбай, самын сатып, базар экономикасына шар кирип кетишти. Жеке ишкер, бизнесмендери кийин козу карындай жайнады го.

Казак: Аны айтасың, Борбор Азия калктары хандык бийликке баш ийип бергенибизде, шишеңди урайы-ын...кыргыздар канча президентти көчүккө тепти?..

Өзбек: Бул жагынан алар кечикпейт. Өтө тез, өтө ыкчам. Саясый өзгөрүүлөрдү жасап ийишет заматта. Улуттук валютаны да баарыбыздан мурда чыгарышканычы!..

Тажик: Алардын алдыга озуп кеткени – чечим кабыл алууда биздей кашаң эмес. Бизди карагыла, хандык бийлик атадан балага мурасталып...

Өзбек: И-и тигине!.. Калпагы көрүндү кыргыздын. Келатат. О-ой бир шашып койбойт ко, чиркин. Жай баракат басышты караң!

Казак: Бир жакка шашкандай түрү жок десең. Камаарап да койбойт.

Тажик: Өнүккөн өлкөнүн жараны ушинтип камаарабай калат тура. Ток пейил болуп...

Казак: Ушу камаарабас кыргыздай, бизге да жакшы заман келер...

Баары менен боор кысышып амандашкан кыргыз сөрүгө көчүк басат.

Өзбек: Ашка караң.

Тажик: Сиз алың.

Казак: Кана, кимиң баштайсың?

Кыргыз: Эй, палоо эбак муздап калыптыр го.

Тажик: Кечиксең... муздайт да.

Кыргыз: Мындайда “урушта туруш жок” дейт биздикилер. Ура бербепсиңер да.

Өзбек: Биз муну аш дейбиз, урушту кеп кылбаң аа...

Кыргыз: Алдыңда аш болобу, таш болобу... уруш керек эй, карап отурбай! “урушта туруш жок” бекер кеп эмес бизде. Принцип!

Казак: Улам-улам мамлекеттик төңкөрүш кылганыңар – ошол принциптенби?

Тажик: Бирдеңке болсо эле булар таш алып чуркайт.

Өзбек: Йе тууганым, ушул үчөөбүзгө тез өнүгүүнүн сырын үйрөтчү. Сени чайканага чакырганыбыз ошол. Өнүгүүнүн сырын бөлүшөлүчү...

Кыргыз: Болгону – урушта туруш жок.

Өзбек: Тамаша кылбаң эми...

Казак: Чын эле тамашасы жок айтчы. Боордош кошуналарыңдан сыр жашырбачы.

Кыргыз: Эмнеге жашырат элем. Биз деле силерди тез өнүксө дейбиз. Борбор Азия өлкөлөрү канчалык тез өнүксө, демократия артыкчылыктарына жетсе, дүйнөлүк чоң державалар да биз менен эсептешүүгө туура келет.

Тажик: Сырыңды жашырып атасың...

Кыргыз: Силер мени көпкө күттүңөрбү?.. Ии! Алдыңардагы аш муздап калыптырбы?.. Ии... муздатып карап отурдуңар. Туурабы?

- Туура! – үчөө үч жактан коштойт.

- И-и... туура болсо “урушта туруш жок” деп жей бербейт белеңер... Ырыскыны суутпай. Ашты ысыгында урса, кандай даамдуу... А биз ысыгында урмакпыз.

Казак: Сөздү башка жакка бурбай, ийгилик сырын айтчы тез! Биз силердей тез өнүгүү жолу барбы?

Кыргыз: Силерден жашыра турган эч сырым жок, туугандар! Биздин болгон сырыбыз - элдик бийлик орнотконубуз. Принциптерибиз – “урушта туруш жок!”, “Темирди кызуусунда сок!” Болду. Президенттерди хан болуу дымагынан дароо ажыратабыз! Силер да биздей бийлик тизгинин кагып, камоодон коркпосоңор – хандык бийликтен эбак кутулмаксыңар! Элдик бийлик курмайын эч кандай ийгиликке жетпейсиңер, - деген экен тентек кыргыз.

   02.01.24

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз