О’Шакир: Жаштык түрмөктөр (поэма)

  • 29.04.2024
  • 1333

(поэма)

(Поэманы Салия Ибраимовага, Азамат Омошко, Булутбек Имарга арнайм)

*     *     *

Булчуңга толуп билектер,
сүйүүгө алоо жүрөктөр.
Арзуусу  кимге – билдирбес
азгырар эле чүрөктөр.

Бар эле сулуу кумаржан
шыңга бой, көзү муң, арман.
Гитара черткен жигитке
кирпигин кадап муңайган.

Менсинип жүргөн текебер
меңи бар сулуу чекеден:
гитара чалган жигитке
көз ымдап улам кечеден...

Гитара черткен жигитте
кадыр бар эле бийикте.
Сүйкүм жан болчу кыздарга
сүйүүгө жүрөк ийитме.

Үйүлүп кыздар бүт ага,
үшкүрөр эле ич ара.
Сыбызгып мукам обондор
сыйкырчы болчу гитара. 
21.03.24

*     *     *

Жатакана жаңыртып шаңыбызды,
жарат эле ыр, күүлөр жайыбызды.
Жаштык деген жалгыз жол акырында
жолго салды ар башка баарыбызды.

Күүгө, ырга биз кайдан тоймок элек,
күйүп, сүйүп күндөрдү чойгон элек.
Жаштык деген жалгыз жол жалгыз тура,
жалындаган баарыбыз бойдок элек.

Жанды сүйүп ажарлуу эзилгенмин,
жалжал көзгө жашырып сезимдерди.
Жаштык деген жалгыз жол жалгыз үчүн
жаштык күндү сагынган кезим келди.

Жаштык деген жалгыз жол ар убакта,
баарыбызды туш-тушка ажыратма.
21.03.24

*     *     *

Бөлмөмдө китептер үйүлүп,
арбалган таасирге ар башка.
Туйлаган тулпардай түйүлүп,
камынгам дүйнөлүк таймашка.

Чыгам деп алдыга жарып топ,
Чыгыштын чидерин үзгөмүн.
Бактымды о анда аныктап,
Батышка багытым түздөдүм.

Азырчы? Алдыга ашты ким?
Батыштын, Чыгыштын бири жок.
Дымактуу, менсинме жаштыгың
кур кыял турбайбы кири жок!  
22.03.24

*     *     *

Шамал элек токтоналбас куюндуу,
көйрөң элек кара чачтуу, уюлдуу.
А бүгүнчү? Туш-туш кетип тобубуз –
катарыбыз чачыбыздай суюлду.

Жолдон артка билбейт элек кайтышты,
жол тандоодон билбейт элек коркушту.
А бүгүнчү? Кыйма-чийме сапардай –
жүзүбүзгө майда чыйыр жол түштү. 
24.03.24

*     *     *

Барган элек жыйымга күзүндөгү.
Шаар  четинде шагында мөлтүрөгөн
ширин болчу башкача жүзүмдөрү.

Жатакана. Коңшу бир кара келин
тамшанып жеп мен үзгөн жүзүмдөрдү
талгак үчүн суранчу “ала келиң”.

Күндө четте жолумду карар эле,
көөдөнүмө солкулдап башын жөлөп,
көз жаш, муңун көлдөтүп алар эле.

Жароокер ал көп азап чеккен эле.
“Жаным, сени бактылуу кылам” деген
жаншериги соттолуп кеткен эле.

Жаштык кечин ал мага арнайт эле.
Жаны сыздап чиедей балдарына
жаңылыштуу жазмышын каргайт эле.

Капары жок ал бойдок кездеримде:
калды бирге жаштыгым муң-зарлашым
кара тору келиндин көздөрүндө.

Жаштыкты биз сүйүүгө арнаганбыз.
Жайнап өскөн талаада, мөлтүрөгөн
жүзүмдөрдүн ширесин тандаганбыз.

Ал экөөбүз айланып, тегеренген
ал жер азыр шаар болду – Кара-Жыгач,
жүзүм талаа жок болуп тебеленген. 
 25.03.24

*     *     *

Күнү- түнү укканым пластинка,
арызданып коңшулар кулак тунса,
ага болбой озондоп ырдайт элем,
ой-кыялым – опера, классика.

Жатакана жээгинде дарыянын
жаттап далай романсты, арияны...
коңшуларым театр артисттери –
жаштыгымдай силер да сагынарым...

Өнөр десе эзилип эт-жүрөгү,
кыялына эңсеген жетти көбү.
Ажарына арбаган сулуу кыздай,
адабият азгырып кетти мени... 
25.03.24

*     *     *

Жаштык арбап жүрүп куру үмүткө:
гитарада кол ойноткон жигитке
кирпик кадап, кылыктанып каш кагар
кыздарыбыз тийип кетти башкага.

Шаңдуу бир кез ыр коштогон кечелер,
шаттуу күлкү биз каттаган көчөлөр
азыр башка – бак-шак, гүлү соолуган,
калаабыз – ыш: бак-дарагы ооруган.

Гитарачы курбубуздан дайын жок
“тентип кеткен” деп тарады айың кеп.
Жаштыгыбыз өттү, житти белгисиз.
Жашамал кез баарыбызга келди суз.  
26.03.24

*     *     *

Союз тарап: бүгүн жок, кечээ көргөн,
Тиришумдук кезикчү көчөлөрдөн.

Эл дүрбөгөн замана кыстаганда,
башаламан шаарыбыз – кыштак анда.

Жайма базар каптаган шаарыбызды,
жакырчылык жакалап баарыбызды.

Ал өткөн доор алмашып адеп, уят...
Арзан болчу, ит бекер адабият.

Китеп саткан базардан калбайт элем,
Бош убактым китепке арнайт элем.

Коммунисттер окутпай тыйып келген,
канча тарых тамырын кыйып келген...

Тыйуу салган китептер табылганда –
сүйүнчүмүн чындыкка кабылганга.

Калк чочулап, калк башын ийип келген
калп тарыхты жок кылып, чийип көнгөм.

Комсомолдук ишеним, сезимдерди
кош деп айтар ошондо кезим келди.

Көп суроолор жаралган күмөнсүгөн,
көктөп жаңы тамырлар үрөн сымал.

Букинистен раритет издечүмүн,
кыйшыгымды китептен түздөчүмүн.

Өз тобумда келишпей көзкараштар,
өзөгүмдү өрттөгөн көп талаштар.

Талашыбыз Азамат Алтай эле,
тарыхыбыз о анда тай-тай эле...

Душман санап көптөрү Азаматты,
ду-ду кептер көп эле жаманатты.

Эңсеп келген улуттун азаттыгын
АКШда өткөргөн азап күнүн...

...мекендештин тарыхын билбегендер
мени туш-туш өтүшчү тилдегенге.

Пикир үчүн далили бекем деген
сезим жеңип достуктан кечем деген...

Кызыл чеке талашка жетер элек,
кызаңдашып урушуп кетер элек.

Арта берип тымызын кастыгыбыз,
көбү менен үзүлдү достугубуз.

Кабылганда баалуулук талашына,
жаштык дымак жол тосчу жарашууга.

Жалпы баарын китептен билгенсиген
жаш, курч элем текебер, менменсиген.

Биз ошентип ак-кара тааныганбыз,
тааным үчүн жан-дилди таарыганбыз... 
27.03.24

*     *     *

Жаз болчу. Нөшөр жамгыр.
Көк-жашыл түстөр арбын.
Көп болгон көрелегим.
(Жумушка жөнөгөмүн)
Карпа-күрп урунуп жан,
кабылдык бурулуштан.
Арадан жылдар өткөн,
ал турмуш куруп кеткен.
... Ажары арбайт эле,
артынан калбайт элем.
Кат жазып сунайын деп,
бералбай убайым жеп:
сүйөм деп батынбадым,
жетпеди катым дагы...

...күйөөгө чыкты дешти,
күйөөсү мыкты дешти.
Ооз ачпай кезегинде –
өрттөндүм өзөгүмдө.
Өзүмдү айыптадым.
Ал дартым айыкпады.

Асмандан куюлуп жаан,
кабылдык бурулуштан.
Кадалып каректери –
капилет жан өрттөдү.
Үн-сөзсүз кучактады,
үн-сөзсүз бышактады.
Тиштенип эриндерин,
тиктеди келин мени.
Ордунан шарт бурулду,
ооз ачпай шарт жүгүрдү.

Ооз ачпай кезегинде –
өрттөнгөм өзөгүмдө.

...күйөөгө чыкты дешкен,
күйөөсү мыкты дешкен...  
28.03.24

*     *     *

Кеч үйлөндүм. Бойдокмун.
Өзүм жууйм шым, көйнөктү.
Жеке турмуш – бойдоктук
жеңил го деп ойлопмун.

Жарды таптым сүйгөн бир,
жалгыз жүрбөй үйлөндүм.
Бойдок кездей чачылбай
мүлк күткөнгө үйрөндүм.

Тун наристем төрөлдү,
тай-тай басып торолду.
Жашасак да батирде
жашоо шаңга оролду.

Сүйкүм болду тун балам,
жалаягын булгаган.
Тили чыгып булдурап,
ойноок жаны тынбаган.

Экинчиси төрөлдү,
жалаяктар көбөйдү.
Желбиреген ар түрдүү
желек желпип короомду.

Батирибиз дүбүрөп,
оюнчуктун түрү көп.
Күндө тосуп алдыман
эки балам жүгүрөт.

Оюн куруп жарышчу,
таштачумун бар ишти.
Эки балам мени да
бала кылып  салышчу.

Жаркып өмүр нуру шат,
жаштык кезең шыр учат.
Эми мени балдарым
токтолгун деп урушат.  
 31.03.24

*     *     *

Жаштык өзү орду толгус жоготуу.
жалын кезди далай бекер коротуу.

Жашыбызда менменсинчү текебер
жан жолдоштор кемип барат чекеден.

Шашма мүнөз жүргөн көбү желпинип,
жок болушту жол кырсыктан мертинип.

Катарыңда жүргөн кээси жок болуп
кетет экен кырсык чалып, ток тебип.

Миллионду таап жүрүп сапырган
мигрант досум учуп өлгөн чатырдан.

Эх бир кезде шаң-күлкүлүү курбулар,
эрте келчү силер беле муң кылар?..

Улам кемип тирүү жүргөн кай жандар,
унулутуп барат өлгөн кайрандар! 
02.04.24

*     *     *

Эстутумум эзет кээде кур жанды:
эчен жандар кемип өзүм курбалдуу –
Жаракасы туш-тушуна ажырар
жаштык деле чоподой морт турбайбы.

Урунарга тооп таппаган кез болду.
Күйдүк, сүйдүк моймолжуган көздөрдү.
Жатып эми темир тордун артында
жаштык доорго кылчайуучу кез келди.

Баары көздөн чууруйт кино тасмадай.
Абак мени сырттан бөлүп таштаган.
Боштондукка жетер күнүм белгилүү,
а жаштыгым  - кол жетпеген аскадай.

Жетер оңой жакын эле эчен зоо,
жетемин деш эми бизге кечең го.
Жан-тениңде кан кайнаган оргуштап,
жаштык өзү зор мүмкүндүк экен го!  
03.04.24

*     *     *

Күткөнү сулуу маралдай,
мурутун сылап, таранган
ж​​​​игиттер бүгүн чоң ата
сакалын кырып агарган.

Көтөрчү жигит маанайын
керилген кыздар жаа моюн
байбиче бүгүн карасаң,
жашырып аппак саамайын.  
10.04.24

*     *     *

Калышпаган солкулдаган ышкындан,
каадаланып жигиттерге ышкырган
карабаган сулуу эле менсинип.
Караан жалгыз. Кемпир бүгүн үшкүргөн. 
11.04.24

*     *     *

Далыга таптап дос деген,
жаныңдан калбай коштогон
эртеби, кечпи – кез келди
катардан көбүн жоктогон.

Элестейт кээси көзүңө,
ысымы келбейт эсиңе. 
11.04.24

*     *     *

Кечелер калды ыр курар.
Интернет доору келгенде
издешпей эски курбулар...

Жаңылык түрдүү коштолду:
мурдагы достор чачырап,
Фейсбуктан таптык досторду.

Шаштырма десек жаштыгың,
о андан өткөн шаштырма
Интернет доордон качты ким?

Алмашты далай баалуулук.
Жашамал курак келгенде
жаштыкка калдык зар уруп.

Баягы күү, шаң кечелер
Интернет менен алмашты.
Ээн калды биздин көчөлөр...
13.04.24

*     *     *

Куугандан көрө моданы,
үйрөнсөк эмне сооданы.
Көрөсөн боло албаппыз,
көбөйтүп малды тоодогу.

Үйрөнбөй базар шартына,
үрпөйдүк заман шарпына.
Каныксак эмне жаш кезден
капитализм салтына.

Комсомол болдук корустон,
корунуп, коркуп орустан.
Батышты канча жек көрдүк...
темир тор, кансыз согуштан...

Жашоону жакыр эп көрүп,
байлыкты өстүк жек көрүп.
Мүңкүрөп өттү биздин муун
мүлк, менчик күтпөй чектелип.

Либерал десе жериппиз,
кул, маңкурт болуп келиппиз.
Оолукса Совет өлкөсү
ооз менен баарын жеңиппиз.

Айрыбас чындык, жалганды
ал дооран эми армандуу...  
15.04.24

*     *     *

Сүрмө топ адабий топ элек,
катташып турчубуз жоролоп.
“Махабат ырлардан оку” деп,
маанайлар, ыр-күүлөр оболоп.

Ээн жерден бейубак көрүшкөн,
эмне сыр болбосун бөлүшкөн,
татына тармал чач сулууну
тартынып турчумун өбүштөн.

Махабат саптарга арбалган
ырларым укчу ал тандалган.
А бирок ооз аччу эмесмин:
“...бул саптар өзүңө арналган”.

Негедир сүр басып, аптыгып,
“эртең бир билдирем...кат сунуп”
дечүмүн эрк жетпей ар сапар
таарынтып алам деп саксынып.

Жазган кат колуна жетпеди,
билбеймин эмне күч чектеди?
Ал кийин жар болду башкага.
(...өтүмсүз өзүмдү жектедим).  
15.04.24

*     *     *

Ноябрь.Кеч күз болучу.
Бозтери. Аппак тоо учу.
Улуттук майрам  - ат ойну,
кыз куумай жигит тооручу.

Салбуурун салып мүнүшкөр,
карышкыр, бүркүт урушкан.
Жаңырып "Манас” жомогу,
төкмөлөр айтыш курушкан.

Оболоп шаң-күү асманда,
айтылып элдик дастандар...
Элмирбек, Рысбай, Азамат,
Шайырбек... далай жаштар бар.

Тизгинин чайнап күлүктөр,
бүйүрлөр кызып дүбүрттөн:
кызыды майрам талаада,
кыз куумай болдук жигиттер.

Туристтер жүргөн жер кесип,
"...улуттук оюн, кел !" - дешип:
француз, немис, жапону...
кыз куумай болдук мелдешип.

Аттанды кыздар, келиндер.
Жигиттер чыктык теминген.
Оюндун шартын аткарчу
кыз-жигит жуп-жуп бөлүнгөн.

Күлүктү минсе куш жандуу,
оюнга далай түшкөнбү...
а мага сүйкүм ажары
француз келин туш келди.

Аргымак чайнап ооздугун,
ашырды айым кооздугун.
Көз кысты жалжал " кеттик " деп,
күүлөдүм мен да : "Озгунуң!"

Алдыда сызып өнөгүм,
айымдан калбай жөнөдүм.
Чобурун мага мингизген
чоочун ат ээсин сөгөмүн...

Артынан куудум. Жетпедим.
Артылып бетин өппөдүм!
Конокту белден тарталбай,
"кош эми жаштык, эх! " дедим.

Күлүктөр турса топтошкон,
кашаң ат таапмын окшошкон.
Жарышта ошол кыз кууган -
жаштыгым менен коштошком... 
20.04.24

*     *     *

Кемелибиз келип турган кезинде
кемчилик жыш жаш курактын өзүндө:
дем, күч, кайрат болуп, толуп күрдөөлдүү
чар тарапка азгырылып жүргөндө,
өмүр кумдай бөксөрүптүр эшилип,
өткөн, кеткен өкүт улам кошулуп.

Кездер болду таасирлерди ээрчиген,
таасирлерден шык, жөндөмүм өрчүгөн.
О ошондон көңүл курсант, маашыр жан,
өз чыйрымды таап алгансып баасынгам.
Туурап, ээрчип башкалардын өрнөгүн
жепирейген курупмун рух коргонун.

Өткөнүмдө эр ортону элүүдөн,
кеч эмес эч; сепил түптөй берүү да.
Ал зор сепил бабалардан таберик,
мурас улоо, жаңы рухий дан эгип.
Кылымдардын жетпей келген кулачы,
ал зор сепил – биз, жаңы муун улачу.

Ал сепилдин тарых, мурас жерпайы,
элдик нарк, салт, накыл ырас жерпайы.
Ал жерпайдын жашырылып түбүндө
асыл баалуу улутнаама үйүлгөн.
Бааланбаган биздин жаштык курактай,
бааланбаган биздин элдик булак бар...

Кудум менин жаштыгымдай жан ачуу,
улут жолун, улут шорун карачы!
Улутпуз биз кырчын жаштай адашкан,
шаңыраңдап шаң-күүсү да жарашкан.
Ар кимдин бар өздүк “Жаштык түрмөгү”,
дал ошондой улут өмүр сүрмөгү...

Менин “жаштык түрмөгүмдөй” улуттун
басып өткөн жолу далай буюкту...
Улут деле көйрөң, жеңил желпинип,
улут деле жашайт экен менсинип.
Удургуган жаштыкта жыш чаташуу,
улуттардын андан да көп катасы.  
 21.04.24

*     *     *

Учкул кыял, махабатка орогон
жаштык доорду кубанычка бөлөгөн –
токсонунчу жылдар Союз урады,
деспотизм, жалган үгүт жөлөгөн.

Тарых келди ташкындаган дайрадай,
талкаланды империя жайма-жай.
Өрөпкүдүк Эгемендик алдык деп,
өлкө курар болдук жаңы кайрадан.

Алабарман, алаңгезер жаштыктай
коммунисттер делөөрүгөн мастыктай  -
демократ болуп чыга калышты.
Эгемендик тийди олжо – баштыктай.

Баалуулуктар, түшүнүктөр алмашты,
коммунисттер так талашып кармашты.
Тай-тай басып кетет десек Өлкөбүз,
Такка улам эски муундар жармашты.

Биз жаш болдук. Өлкөбүз да жаш болду.
Жаш Өлкөгө коммунисттер баш болду!
Бийлик тобун алмаштырбай жаңы муун
коммунисттер курду эски таш жолду.

Кремлге кылчактаган эскилер
жаңы жолго салсын кайдан?! Тепки жээр.
Жаш өлкөбүз тамыр жайып чырпыктай,
биз эңсеген эркиндикке жеткирер...

*     *     *

P.S

Жаштыктай өзүн өзү аңдабаган
улуттар бар өз жолун тандабаган.

Жаштыктай сапырылган, удургуган
элдер көп өлкө болуп курулбаган.

Жаш кыздай эрге мажбур тийип кеткен,
этнос көп башка калкка сиңип кеткен.

Жаш кезде кырсык тооруп куруткандай,
карт тарых жексен кылган улуттар бар.

Жаштык доор – жолу туман, азгырыктуу:
карт тарых оп жуткандай аз улутту.

Өткөрдүк романтика  кезибизди,
кез келди жыйар акыл-эсибизди.

Эми биз басып жаштык демибизди,
ээрчиме болбосо дейм элибизди!  
23.04.24

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз