
Боштондукта көп адамдар адатта
колдон келбейт чоң ийгилик жараткан.
Алп ойлорду аргымактай тизгиндеп,
а мен жеттим ийгиликке абактан!
Эркиндиктин жетпей асыл баркына,
эмгек анча өтөбөпмүн калкыма.
Тентек жаным жаратманга айланды
темир тордун камалган соң артына.
Зор турмушка анча терең сүзбөдүм,
азгырыктан колум, жолум үзбөдүм.
Азоо жаным агымдарга калкыбай,
абак жайдан нак өзүмдү издедим...
Азаттыкта жүргөнүмдө билбепмин,
далайларды түркөй санап тилдепмин.
Жаңылуулар өзүмдө да көп экен -
жандүйнөмө анча терең кирбепмин.
Устат мени тыйса болбой...Дайрадай
ташкындадым. Аккым келбей жайма-жай:
тоо суусундай оюн салып мөнкүдүм:
(...тыным билбей, жандүйнөмдө кайнагам).
Турмушумда келиптирмин ташкындап,
дарыяда аңтарылган таш, кум көп...
Азыр тунук платина суусундай
тыным алдым. Абак жайда шаштым жок.
Туш-тушунан суу кошулуп дайыма,
тынбай агып окторулган дарыя -
кандай көпкөк тереңдикти жаратат -
камалган соң платина жайына...
Буркан-шаркан тыным билбес дайрадай
бук жандүйнөм...(Арашандай кайнаган).
Жаным жай таап, тунган сымал токтолуп:
жараткансыйм мен өзүмдү кайрадан...
11.03.24.
Акыйкатка чыйыр
(Коом агартуудагы тилектеш досум Искендер Ормонго арнайм)
Темир тордо түшүнгөнүм оболу:
кайгы-шоруң - кубанычтан жогору.
Кубанычтын кыска билем өмүрү,
а кайгынын чеги терең, кеңири...
Кайгы сенин ким экениң таанытат.
Кубаныччы?.. Ал эмнени жарытат?
Кубаныч бул - жеңил мүнөз мүнөттөр.
Кайгың оордо - кайрат курчуйт жүрөктө.
Жан кайышып турган кезде кайгыдан -
эс ойгонот калпты чындан айрыган.
Кайгы гана козгоп жүрөк жараңды,
адам кылып турабы дейм адамды...
14.03.24.
Талант тагдыры
Акын эле алабарман, көңүлчөк,
тирлигинде жалкоочалыш, эринчек.
Тагдырына көп таарынган, кызганчак
таап алган бир анык кокуй келинчек.
Сулууларды сүйдү, чапты өпкөсүн,
жакчу ага ойношчулук, шок жосун.
Дили кирсиз баё болчу ишенчек,
ажыратчу эмес кургур кас, досун.
Ичпеймин деп өзү менен күрөштү,
бирок болбой жармач-достор илээшти.
"Тартып ийчи жүз граммды калтырбай,
талантсың!"- деп жондон таптап сүрөштү.
Бук жазылбай ичсе дагы күнүгө,
бутун сүйрөп жетип-жетпей үйүнө...
жетелешип жүрүп кайран таланттын
жетти акыр жармач-достор түбүнө!
13.03.24.
Гүлзардагы муң-зар
(Америкада жашаган мекендешим Кылыч Кыргызга арнайм)
Бук көңүлүм жазды
булбул үнү наздуу.
Өксүк, өкүт күндөр -
өттү көппү, азбы...
Жаздыгымда жадап,
жаткан жайым абак.
Сыртта булбул үнү
сыйрып жүрөк канап...
Жазгы таңда булбул,
жан сыздатат кургур.
Тереңдикке сүңгүп,
терезеде турдум.
Тилиң безеп булбул,
тилип жүрөк турдуң.
Аяганың бекен -
абакта деп кургур.
Жакын бизге гүлзар.
Жаңыргансыйт муң-зар...
14.03.24.